Кыргызстан кандуу өлкөгө айланды…
Президент Курманбек Бакиев бийликке келгенден тарта бир топ белдүү эр-азаматтар буйрутма өлтүрүүлөргө дуушар болду. Адам өлтүрүүнүн себептеринин дайны билинбей, жабылуу аяк жабылуу бойдон калууда. Күч органдары кылмыштын бетин так, даана ачып бере албастан, маркум Рысбек Акматбаевдин адамдары-"рысбекчилер жасоодо" деген шылтоону бетке кармашууда. Бети ачылды кылышып, кылмышка тиешеси жок адамдар камакка алынып, жазага тартылып жатканын кантип жашырууга болот?

Акыркы төрт жыл кандуу жылдардан болуп, Кыргызстан кандуу өлкөгө айланды. Бирок, мындай куугунтуктоолорго, адам өлтүрүүлөргө көңүл бурулбай жатканынан улам коркунучтуу кандуу жолдун артында бийликтин жыты буруксуп тургансыйт.
Революцияда Бакиевдин жанында кыйын күндөрдү башынан өткөргөн адамдар Бакиев бийликке келгенден кийин куугунтукталып, кордолуп, атылып, соттолуп жатканы өтө өкүнүчтүү.
Акыркы төрт жыл ичинде Кыргызстанда отуздан ашык буйрутма адам өлтүрүүлөр болуп, кылмышкерлер адамдарга чак түштө кол салып, изин суутуп кетишүүдө. Мындай кылмыштын артында ири суммадагы акча ойноп, ошондой эле алар белгилүү бир таасирдүү фигуранын кызыкчылыгы астында иштеп жатканы байкалат.
Баарынан кызыгы, азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатына нааразы болуп, эл алдына ачык оюн билдирген инсандардын дароо жок болуп, көздөрү тазаланышы. Азыркы бийликтин курмандыктары-саясатчылар, депутаттар, журналисттер, бизнесмендер. Аялдар жана эркектер, алардын балдары, туугандары, кокусунан кабылган күбөлөр.
Карап көрүңүз:
Үсөн Кудайбергенов - Куловдун жакын адамы, "Кыргызфильмдин" каскадерлор тобунун жетекчиси
Жыргалбек Сурабалдиев - депутат
Тынычбек Акматбаев - депутат
Раатбек Санатбаев - грек-рим күрөшү боюнча олимпиаданын эки жолку чемпиону
Руслан Шаботоев - депутат
Баяман Эркинбаев - депутат
Нурлан, Мирлан Коноевдер - Рысбек Акматбаевдин туугандары
Санжар Кадыралиев - депутат
Четин Сервет - бизнесмен
Абдалим Жунусов - Кара-Суу базарынын директору
Алишер Саипов - журналист
Исмаил Кочкаров - "Ата-журт" Карачай ассоциассиясынын лидери, Рысбек Акматбаевдин оң колу
Анвар Алиев - Наркобизнеске каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары
Уран Алиев - Түштүк региону боюнча ИИМдин кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы
Мелис Ниязалиев - милиция кызматкери
Бактияр Амиржанов - Жусупжан Жээнбековдун уулу
Сергей Слепченко - Президенттин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун директору
Санжарбек Абдиев - Адалим Жунусовдун айдоочусу
Президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов айдоочусу менен
Ал эми калгандары жапа чеккендер, корккондор, капысынан кабылган күбөлөр, куугунтукталгандар.

Өкмөт мүчөлөрү:
Алмаз Атамбаев - экс-премьер-министр
Азимбек Бекназаров - экс-Башкы прокурор
Равшан Жээнбеков - Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси
Аликбек Жекшенкулов - экс-Тышкы-иштер-министри
Исмаил Исаков - экс-Коргоо министри
Клара Кабилова - мурдагы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы
Ишенбай Кадырбеков - Мамлекеттик Курулуш-жана Архитектура комитетинин мурдагы башчысы

Депутаттар :
Айбек Алимжанов
Кубатбек Байболов
Жусупжан Жээнбеков
Бакыт Бешимов
Журналисттер :
Сыргак Абдылдаев - " Репортер-Бишкек" гезитинин кабарчысы, "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү
Юрий Александро в - журналист
Бабырбек Жээнбеков - "Алиби" гезитинин башкы редактору
Эдил Байсалов - укук коргоочу
Турат Бектенов - " Пирамида" телеканалынын кыргызча көрсөтүүсүнүн башкы редактору
Кайрат Биримкулов - журналист
Бахадир Кенжебаев - "ОшТВ" телерадиосунун башкы оператору Хабира Мажиева - "Жашылдар" партиясынын мүчөсү, журналист
Чолпон Орозобекова - "Де Факто" гезитинин башкы редактору
Алмаз Эргешбаев - под-полковник

Үй-бүлөдөн жапа чеккендер:
Александрова - журналист Юрий Александровтун жубайы
Беккул Жекшенкулов - А. Жекшенкуловдун уулу
Таалайбек Медеркулов - Балыкчы шаарынын мэри, Жекшенкуловдун бир тууган иниси
Эл, оппозиционерлер, достор, күбөлөр:
Бектемир Акунов - саясий ачкачылыкка катышкан оппозиционер
Эркин Булекбаев - "Жашылдар" партиясынын лидери
Шумкарбек Жумакеев - Таластык активисттерден
Азимкан Жунушалиев - Таластык активисттерден
Улукбек Осмонов - Таластык активисттерден
Сапар Аргынбаев - укук коргоочу
Уран Рыскулов - укук коргоочу
Лира Тантабаева - Таластык активисттерден
Өмүрбек Текебаев - " Ата-Мекен" партиясынын лидери

Мына булар акыркы төрт жыл ичинде жапа чеккендер, өлтүрүлгөндөр, куугунтукталгандар. Биз бул теманы мындан ары улантып, ар бир инсан тууралуу кенен маалыматтарды берип турабыз.
Назгүл МАМЫТОВА