Исмаил Исаков
жана сот тууралуу
Саат 10го карата, 7-декабрь - дүйшөмбү, жумуш күнү экендигине карабастан эски аэропорт тараптагы Бишкек гарнизондук аскер сотунун алдына казганактап эл көп чогулду. Бул күнү Кыргызстандын мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун "кылмыш иши" боюнча "өкүм" угузулмак. Тилекке каршыбы, же И.Исаковдун багынанбы, айтор көп адамдар күткөн ишке ал күнү чекит коюлган жок.


Гарнизондук аскер сотундагылардын билдиргенине ишенсек, судья С.Т Абиев ооруп калып, жумушка чыкпаптыр.
Чындыгында эле ошондойбу? Мен эмне үчүн кылмыш иши менен өкүм деген сөздөрдү тырмакчага алып жазып жатам?
Бүгүнкү күндө Исмаил Исаковдун үстүнөн козголгон кылмыш иши бар экенин бүтүндөй Кыргызстан билет. Борбор Азия өлкөлөрүнөн көптөгөн адамдар, дүйнөнүн аң-сезимдүү, акыл-эстүү адамдары да биздин өлкөгө кулак түрүп тургандыгы талашсыз.
Кыргызстанда болсо "Бакиев бийлигинин жүргүзгөн саясаты эл кызыкчылыгына карама-каршы келет"- дегендерди четинен сабап, камап, соттоп жатышат. Мисал керекпи?
Алыс барбай ысыгы тарай элек жаңы мисалга кайрылалы. Оштук журналист Кубанычбек Жолдошев кимдердин жолун кесип өтүптүр? Кечээ күнү сабап кеткендери аз келгенсип, бүгүн анын чөнтөк телефонуна СМС ыргытып, опузалап, коркутуп жатышканын Бишкек пресс - клубундагы Екатеринадан угуп отурам.
"Милицияга кайрылбайбы" -десем, алар "биз издебейбиз"-деп коюшуптур.
Милиция издебесе (Бакыт Сеитов окуйт го деп жазып жатам), прокуратуранын иши жок болсо, деги биз кайсы коомдо жашап жатабыз? Бакиевдер мени жаман көрөбү, жакшы көрөбү, өздөрүнүн иши дечи, бирок мамлекеттик бийликти түп-тамырынан толугу менен өз колдоруна алгандан кийин ошол мамлекеттин жарандарынын коопсуздугун кошо моюндашсын да. Болбосо, биздин өлкөдө мышык ыйлагыдай абал түзүлүп жатпайбы: президенттикти улуусу алсын, күч бийликтерине өкүмдарлыкты экинчиси жүргүзсүн, материалдык байлыктарды баласына өткөрүп берели, Жалал - Абадды губерния кылып бөлөлү да Акматына тапшыралы, ГКНБны Мараты алсын, тышкы саясатты дагы бир Мараты жүргүзсүн, дагы... дагы.
Калган кыргыздардын Бакиевдердикиндей "баштары иштебесе" өз шору өзүнө да. Таяк жесин, камалсын ашык сөз сүйлөсө соттолсун, же жалганбы?
Жалган дегендер түшүндүрүп берсинчи мага: Эркин Булекбаев, Сапар Аргынбаев, Уран Рыскуловдор эмне негиз менен 9 айдан бери СИЗОдо "сот акыйкатчылыгын" күтүп отурушкандыгын.
Балыкчыдагы 14 бейкүнөө адам 5 айдан бери "шайлоо туура эмес жүрүүдө" деп айткандыгы үчүн отурушканы калппы?
Биз кайдан келдик, кайда баратабыз? Жаркын келечеккеби? Эгер жаркын келечегибиз ушул болсо, аны Бакиевдерге берели да, бүтүндөй кыргыздар уруу - урууга бөлүнүп, кокту-колотторубузга эле кетпейлиби?
Эмне үчүн 7-декабрда Исмаил Исаковдун соту болбой калды?
Судья С.Т Абиев кандайча "ооруп калгандыгын" айрымдар айткандай, баарыбыз эле желкебиз менен сезип турабыз.
И.Исаковду эмне кылышты Бакиевдердин кимиси чечиш керек эле? Канча айткан менен генерал Исаков дагы түз жердеги "шишка" эмес да, Карабаев деген бир прокурордун шилтөөсү менен 8 жылга кесип, генералдык чинин алып, үй-мүлкүн конфискациялап салгыдай.
Исмаилге генералдыкты ошол Карабаев бериптирби, же Исаков мамлекеттин он сомун жеп жаткан жеринен кармаптырбы?
Эгер генерал И.Исаковдун иши саясий заказ болбосо эчак эле аягына чыкмак. Актап жибергенден Бакиев бийлиги чок баскандай чочуп отурат. Генералды камакка алуу андан да опурталдуу сезилүүдө. Данияр Үсөновдун кыргыз элине "жаңы жылдык белеги" далайлардын жанын ачытып, канын кайнатып турган кез. Ага генералдын иши кошул-ташыл болсо кыргыздар койдой маңыроолонуп тура береби? Таң. Аларга түшүнүп болбой баратат.
Андан көрө алайлыктардын кайрылуусун окугулачы. Тоолуктар эмне дептир?


Бабырбек Жээнбеков
"Алиби"




Алай элинен
Кыргыз Республикасынын
президенти
К.С.Бакиевге

Кайрылуусу


2009-жылдын 30-мартында генерал-лейтенант И.Исаковго негизсиз коюлган кылмыш иш аяктап, ак жеринен айыпкер кылып "8 жыл күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратылып, үй-мүлкүн тартып алып, генералдык наамынан ажыратылсын"-деген мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчүн биз, Алай эли, өтө тынчсыздануу менен оор кабыл алдык. Биз, Алайлыктар, И.Исаковго карата козголгон кылмыш ишин биринчи күндөн тарта негизсиз, жалган жалаа деп эсептегенбиз жана сот жүрүшүндөгү маалыматтар менен кабардар болуп турдук. Бул акыркы чечим эмес экенин түшүнүп турсак да Алай эли мындай өкүмдү И.Исаковго берилсин деп суроонун өзү терең жаңылыштык, өзгөчө тапшырма аткаруучулук деп кабыл алабыз.
И.Исаковдун кызматтарда иштеп жүргөн мезгилде кызмат абалынан кыянат пайдаланып туура эмес иш жасаган деген сөздү уккан кыргыз жаранын кезиктирүү кыйын. И.Исаковдун кызматтык өмүр жолуна анын ичинде Армияда өтөгөн эмгек жолуна, саресеп салганда 8 жыл эмес 8 секунд да эркинен ажыратууга мүмкүн эмес. Анткени И.Исаков мурунку улуу держава аталган СССРдин бир топ жерлеринде, анын ичинде шериктеш социалисттик мамлекеттерде кызмат кылган. Элинин коопсуздугун коргоп, Мекен алдында кынтыксыз өз милдетин так аткаргандыгы үчүн генерал деген наамды эчак эле алган.
Алайдын сыймыктуу уулу болгону менен эмгегин, билимин жалпы кыргыз элине арнап, Ата журтуна ак кызмат кылган кыргыздын чыгаан эр азаматтарынын бири. Мындай ак эмгеги менен татыктуу болгон чыныгы генералдар кыргыз элинде саналуу гана.
Кыргызстан эгемендикти алган күндөн тарта эркин кыргыз мамлекетин түптөөдө, элибиздин эркиндигин, территориялык бүтүндүгүн сактоодо, коопсуздугун коргоодо, коомдук-саясий ишмер, тажрыйбалуу аскер адамы катары опол тоодой эмгек жасады.
Өзгөчө, кыргыз тарыхына жаңылык катары кирген 2005-жылдын 24-марттагы элдик революцияга активдүү катышып, лидерлердин алдыңкы катарында болгону талашсыз. Айрыкча Коргоо Министри болуп турганда эзели Кыргыз Армиясында болуп көрбөгөн жаңыланууну жасап, аскерлерге көргөн камкордугун катардагы жоокерден тартып жогорку даражадагы офицерлер да сыймыктануу менен айтып жүрүшөт. Мына ушундай сый-урматка татыктуу болуп, айтылган алкыштардын аягы тыйыла электе минтип жалган жалаа менен айыпталып жатышы акылга сыйбаган көрүнүш. Акыркы чекитти сот гана коёрун эске алуу менен адилеттүү өкүм чыгаарын күтөбүз, болбосо, ар кандай кадамдар менен Алай эли сыймыктуу уулу генерал-лейтенант И.Исаковду колдоп, коргоп алууга кудурети жетет.
Бардыгы 948 адам кол койгон