Бардык бийлик Бакиевдерге!

Бийликти мурастоо башталдыбы?
Макаланын биринчи бөлүгүндө Россиянын федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Кыргызстандын энерго тармагындагы "барондордун" миллиондогон доллар акча каражаттарын кайсы банктар аркылуу жүгүртүп жаткандыгы, атайын түзүлгөн финансылык система аркылуу Кыргызстандын эң маанилүү стратегиялык энергосистемасын кайрымакка илип алгандыгы туурасында сөз болгон.

(башы өткөн санда)

Үсөн Кудайбергенов эмне үчүн өлтүрүлгөн?
Билдирүүнүн экинчи бөлүгү "Саясий-финансылык кырдаал" деп аталып, "Тоокен тармагынын тийгизген таасири" жана "Финансылык өзгөрүүлөр" деген эки параграфтан турат. Биринчи параграфта өкмөттүн тоо-кен тармагындагы саясаты анализделип, "Учурда мурда калыптанган финансылык каналдардан тышкары турган акча жүгүртүү каналдары жаралууда. Алардын таасири астында президентти (демек - К.Бакиевди жана анын үй-бүлөсүн) тейлеген финансылык топ иштеп жаткан схеманы өзгөртүүгө аракеттенүүдө. Бул багыттагы иштерге биздин тарап активдүү тартылууда. Мында биз сегиз багыттын негизин иштеп чыкканга тартылдык. Калган багыттар башка топтор тарабынан иштелүүдө" деп белгиленген. Ушул эле параграфта Кыргызстанда уранды чалгындоону жүргүзүп жаткан ишканалардын иши абдан кылдат анализделген. Мында 24 компаниянын ичинен 14 компаниянын кайсыл финансылык топторго таандык экенин абдан дыкат изилденген. Ушул жерден президентти тейлеген топ акча жүгүртүүнүн схемасын эмнеге өзгөртүп жатат? деген суроо пайда болот. Бул суроого жооп бериш үчүн президентти тейлеген финансылык топ өткөн жылдардагы окуяларга кандай ролду ойногондугун аныктоо керек. Демек, 2005-жылга кайрылууга туура келет.
Кыргыз революциясы болоор алдында Кыргызстанда орус жана казак акча ээлеринин жардамы менен абдан таасирдүү финансылык борбор пайда болгон. Бул финансылык борбордун өзөгүн "Азия Универмал Банк" түзгөн деген маалыматтар бар. Бул борбор аркылуу россиялык Борбордук банктын билдирүүсү боюнча, 2004-жылдын аягынан 2005-жылдын июлуна чейин болжол менен орус акча ээлеринин 170 млрд рубль суммасындагы акчасы жүгүртүлгөн. Казак акча ээлеринин жүгүрткөн акчаларынын суммалары так эмес, бирок "Жер үй" жана "Талды Булак сол жээк" кендеринин, Ысык-Көлдөгү пансионаттардын жана Каркыра жайлоосунун казактарга берилгенине караганда, казактардын акча суммасы абдан эле көп болгон. Баамдап көрсөңүз, бул акчалар биз жогоруда айтып кеткен "ДИСКОНТ" схемасы иштеп турган мезгилде жүгүртүлгөн. Мындан тышкары абдан ойлонто турган нерсе, ушул "ДИСКОНТ" системасынын Кыргызстандагы багытын иштеп чыккан В.Ушаков өз кезегинде 1987-жылдан баштап 1994-жылга чейин өлкөбүздүн түштүк облустарында экономикалык контр чалгындоону жетектеген. Ушул эле жылдары (1991-1993-ж.ж.) Жаныш Бакиев Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн улук оперуполномоченныйы, андан кийин ошол эле бөлүмдүн началнигинин орун басары болуп иштеген. Демек, март революциясынын акчаларын, ошондой эле Жалал-Абаддын банкынан дайынсыз жок болуп кеткен 23 миллион сомду мына ушул түйүндөн издеп көрүү керек го?
Дагы бир абдан ойлонто турган нерсе, "Азия Универсал Банкты" революция убагында Үсөн Кудайбергенов башында турган каскадерлор кайтарды беле? А мүмкүн ошол кезде революциянын финансылык очогу болгон банкты басып алууга башка топтор да аракет кылып жүрүшпөсүн? Ушундай топтор болгонбу? Албетте болгон. Бул топтор кимдин кызыкчылыгын көздөгөн? Буга жооп берүү үчүн кайрадан "ДИСКОНТ" схемасына такалабыз. Бул схема жалгыз гана ФСБнын контролунда турган. Демек, ФСБдан бул схеманын жок дегенде бир багытын тартып алууга умтулган күчтөр бар болгон. Биздеги маалыматтарга таянсак, аларга Россия Федерациясынын Тышкы чалгындоо кызматы (орусчасы-СВР), Россия Федерациясынын Башкы чалгындоо кызматы (орусчасы-ГРУ) жана Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын №2 оперативдүү-издөө бюросу (орусчасы-ОРБ-2) кирген. Бул үч тармактын ичинен мындай ишти аткаруу үчүн ОРБ-2 гана киришсе керек. Себеби ушул түзүм менен абдан тыгыз байланышта иштеген "Тоолук" ("Горец") деп аталган атайын отряддын айрым адамдары (мисалы, Мовлади Байсаров) ошол учурда Кыргызстанга келип-кеткен деген расмий эмес маалыматтар бар. Расмий булактарда бул отрядды 2004-жылы ФСБ түзгөн делгени менен, аныгында чечен акча ээлеринин кызыкчылыгында түзүлүп, Ахмад Кадыровду колдогон атайын топтордун жардамы менен иштеп, ОРБ-2 менен тыгыз байланышта болушкан. Кыргызстанда чечен топтору менен байланышы бар деп эсептелип жүргөн Ф.Куловдун бийликке келиши мүмкүн болгон учурда Үсөн Кудайбергенов каза болуп олтурат. Ошол мезгилде Үсөн Кудайбергенов "Азия Универсал Банкты" ОРБ-2нин адамдарынан ("Тоолуктардан") коргоп жүрбөсүн? Анда эле өзүнүн досу болуп эсептелип жүргөн Үсөн Кудайбергенов каза болгондо эч кандай олуттуу кадамдарга барбай (жок дегенде кылмышты иликтөөгө аракет кылбай) койгон Ф.Куловдун позициясы, жасаган саясий кадамдары абдан түшүнүктүү болуп калат. Ошол кезде К.Бакиев менен Ф.Куловдун ич ара тирешүүсүндө акча борборун көзөмөлгө алуу эң биринчи маселе болсо керек. Бул тиреште ФСБ демек, ушул ири акча борбору К.Бакиев кызыкчылыгын көздөгөн финансылык топту колдоп кеткендей туюлат. Ал эми расмий эмес маалыматтарда Кыргызстанга келип-кеткен деген Мовлади Байсаров 2006-жылы ФСБ тарабынан Москвада жок кылынган. Демек, ушул кезге чейин Президентибизди тейлеген финансылык топ акча маселесинде ФСБ түзгөн схема боюнча иштеп келген, азыркы учурда Бишкектеги ФСБнын адис адамы К.Бакиевдин тегерегиндеги финансылык топ бул схеманы өз алдынча өзгөртүп түзгөнгө аракет кылууда деп олуттуу адамдарга билдирип отурат.
Эң негизгиси, бул билдирүүдө иштеп жаткан схеманы өзгөртүүнүн демилгечиси катары Максим Бакиев аталууда. "Финансылык өзгөрүүлөр" деп аталган экинчи параграфта мына ушул өзгөртүлүп жаткан финансылык схеманын жалпы мүнөздөмөсү берилген. Президенттин институтунун өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги атайы ачылып, бул институтка Тышкы иштер министрлиги киргизилгени, президенттин алдындагы комиссиялардын ишмердигин камсыз кылуу жана президенттин институтунун органдарындагы кадрлардын эсебин алуу, ошондой эле улуттук коопсуздук, мамлекеттик финансы полиция, мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматтары К.Бакиевдин кол алдына жөндөн жөн эле өткөрүлбөсө керек.
Демек жакында ишке аша баштаган реформалар кыргыз эли үчүн иштейби же чет элдиктер үчүн иштейби-өзүңүз жыйынтык чыгарып алыңыз. Эмне үчүн Президентти тейлеген финансылык топ мындай кадамдарга барып жатат кийинки макалада ошону бир аз "мозговать" этели.

(уландысы кийинки санда)

Кален СУБАНОВ,
публицист