Актануубу же даттануубу?

Оппозиционер алсыз болсо, элди доого жыгат

Илгертен эле элибизде "Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат", "Кыз ... энесин коркутат" өңдүү макал-лакаптар айтылып келе жатканын билебиз. Кылымдарды карыткан мындай макал-лакаптар бүгүнкү күндө деле өз актуалдуулугун жоготпой келет, болгону, азыраак өзгөртүп койсо болду. Мисалы, "Оппозиционер алсыз болсо, элди доого жыгат" деп. Буга - "Учур" гезитинин, 3-декабрдагы санында жарык көргөн Алмаз Атамбаевдин маеги төп келишип калчудай. "Мени саткандар оппозиция атынан макулдашып..." деген темасынан эле кимдир бирөөлөргө дооматын артканы көрүнүп турат. Аларды атынан атабай тергеп, жалпы жонунан жондотуп отурганы, бери болгондо - коркоктук.

Атамбаев мырзанын минтип бакылдап чыкканына анын партиялаштары, оппозицияда жүргөн азаматтар, жалпы эл ачык эле нааразычылыгын билдирип жатышат. Анын бири - Келечек жаштар клубунун мүчөсү Урмат Акунов.
- Урмат мырза, Атамбаевди саткандар кимдер экенин балким сиз билип жүрбөңүз?
"Учурдагы" маегинде кимдир бирөөлөргө кезенгени байкалат...
- Бул маегинде Алмаз мырза көптөгөн түшүнүксүз ойлорду айтыптыр. Аны саткандар ким экенин, аты-жөнүн толук атап -Текебаевби, Шерниязовбу, Бешимовбу же жалпы элби, ачык айтса болмок. Чынын айтуу керек, бул бийлик элге жакка жок, элдин баары оппозицияда турушат. Жалпы жонубуздан айтканга Алмаз мырзанын моралдык да, материалдык да укугу жок. Анын башынан эле көп нерселерди башаламан кылып чаташтырып келгенин билебиз го. Мурда эле, март айында , бийликке өткөндө да Байболовго, Сариевге, Бекназаровго шылтап "ушулар кол коюп, ушулар мени бара бер, иштеп бер дешкен" деп жүрбөдүбү. Эми мына, президенттикке шайлоо бүткөндөн кийин да өзүн апакай кылып көрсөтүп, дагы эле оппозицияда жүргөндөрдү жаманатты кылып жатпайбы.
Бир жагынан кээ бир саясатчыларга да түшүнбөй кетем. "Сени курмандык кылып койдук, кечирип кой, күнөөлүүбүз"-деп моюндарына алышат. Жок, андай эмес, эл милдетин албаш керек эле. Бул жерде элди жаңылдырып жатабыз, башын айлантып. Бүгүнкү күндө эл же оппозицияны түшүнбөй, же бийликти түшүнбөй кимге ишенээрин билбей туруп калышты. Алсак, апрель митингисинде ушул эле Атамбаев элге карата канчалаган маскаралаган кеп-сөздөрдү айтты эле. Элдин ичи кенен экен, баарын кечиришип, Атамбаевди жабыла болбосо да, жарым-жартылай колдоп беришти.
- Эми, аты аталбаган саткындарды кырк жыл күтүп анан кыңыр ишин билет окшойбуз...
- "Эртели-кеч чындыгы чыгат. Кыңыр иш кырк жылда билинет" деп Атамбаев айтканы менен ушу күндө өзү деле билет, ким аны саткандыгын, ким чыккынчы экенин. Күнөө Бекназаровдон же Бакыт Бешимовдон кеткенин ачык айтсын. Анткени өзү айтып атпайбы "Мен БЭКке баш ием, бирок штаб менен БЭК бириөбири менен макулдашып иштешкен эмес" деп. Бул жерде БЭКтин аксакалдарынын да коом алдында күнөөсү бар.
(уландысы 15-бетте)