Дүйнө-өмүр

Кек
Орусияда бир канча жыл иштеп келген Розага апасы ыраазы. Мына ордо шаардан эки бөлмө квартира алып, "Хундай" машинесин зыргытып айдайт. Азыр тиги "Дордой" базарында өзүнүн контейнери бар. Жүрөгүн өйүгөн бир нерсеси дагы жакында чечилгени турат окшойт. Ал - кызынын күйөөгө тийгени жатканы болучу.

- Ия, кызым деги канчага келдиң? Эмне кааласаң-баарын орундаттың. Билимиң бар... Сенден жамандар деле бирөөнү колтуктап жүрбөйбү, ботом! - деп кээде оюн-чынга салып айтып калчу. Андайда Розанын кабагы негедир бүркөлө түшүп, эрдин кесе тиштеп унчукпай тултуюп койчу. Апасы кызынын кыялын билет да, сезимине тие турган эң бир катуу, оор сөздү айтып алганын билип "кап, унчукпай эле койбой, Кудай буюрган күнү болот эле да баары" деп өзүн-өзү тилдеп алчу андайда. Антсе да, Күлүмкан өз кызын анчалык жакшы билчү эмес. Баягы, өз колунда жүргөндөй эле сезе берчү.
***
Роза апасы ойлогондой, эч нерсени билбеген-көрбөгөн байкуш эмес болучу. Орусияга жаңы барганда, ырасында эле алгач кыйналып жүрдү. Сенин бул жакта алган жогорку билимиңди эч ким уруп да койбойт экен. "Талаа жери-кең жер, улуу-кичүү тең жер" дешет да, улуусу деле кичүүдөй, кичүүсү деле улуудай болуп теңтуш боло беришет экен. Жаңы барганда жүрөгүн түшүргөн бир нерсе - бул жакка келген кыз-келиндердин баарын, бирин койбой сыртынан эле бирден "зайнит" кылып алышканы болду. Чын эле курсагы салаңдаган, буржуйган бирөө анын жанынан айланчыктап чыкпай калганын көрүп, үрөйү учту.
Эми, өз эл-жеринен алыс жерде жүргөндөрдү ошол жакта иштеп келгендер жакшы түшүнсө керек. Айылдагы беш бөлмөлүү үй, огород толгон бак, короо-сарай... деги кенен-чонон жашоо каякта экен? Андайлар - айылда эле калып калган! Бул жакта бири-бири менен эптешип, жарнакташып жашоо... Баарында бир эле максат - акча тыйын таап айылга салып туруу. Андыктан, дайыма үнөм менен жашаш керек. Он-жыйырмадан болуп төөнүн көзүндөй бөлмөдө тыгылып жашоого баары көнүп бүтүшкөн. Бардык жактан өздөрүн чектегени менен, жүрөк маселесине келгенде баары алсыздык кылышат ов! Роза да ошондой кырдаалга тушукту. Кошуна жашаган алиги буржуйган адам канчалык жандабасын, ошолор менен эле жүргөн Асылбек деген жигитке көзү түшүп, көңүлү бурулуп калбаспы. Асылбек Розадан беш-алты жаш кичүү болчу. Эч кимден арам санабаган анын энөө көздөрүнө чөгүп кеткиси келчү Розанын. Башта "эже-эже" деп кайрылчу Асылбек акыры Розанын көздөрүнөн өз сүйүүсүн тапты. Акыры, бири-бирин эңсеген эки жүрөк табышты...
***
Алгач, экөө элден жалтанып жүрүштү, антсе да, улам кийин экөөнүн ортосундагы мамиле билинип эле калбаспы. Баягы, "шибегени капка катса да болбойт" дегендей. Акыры, Розанын курсагы бөрсөйүп билинип калганда, Асылбек менен олуттуу сүйлөшүүгө туура келди.
- Асылбек, эми эмне кылабыз?.. -деди курсагын сылап.
- Эмне кылсаң - өзүң бил! - деп бурк этти Асылбек.
- Эмне-е?! - деп катуу чочуп кетти Роза. Ал деги эле Асылбектен мындай жоопту күткөн эмес.
- А мен - төрөйм! - деди Роза кайрадан.
- А мен сага - эмне кылсаң өзүң бил дебедимби, - деди Асылбек. - Эми экөөбүздүн жолубуз эки башка.
- Койчу, Асылбек, бул экөөбүздүн балабыз да...
- Жок. менден колуңду үз.
- Ортобуздагы сүйүүчү?
- Кайсы сүйүү?! Ха-ха-ха! Мындайлар талаа жеринде боло берет... Мен анда канча баланын атасы болмокмун. Ха-ха-ха, боорум ай!
Ыкшып күлүп аткан Асылбекти жек көрө карап турду Роза. Эшикке чуркап чыгып, бетин басып буркурап жиберди.
Жаңы эле сырттан короого кирип келе жаткан баягы күржүйгөн Тагир Розаны мыскылдай карап өтүп кетти. Анын эртеси эле болгон жүгүн алып башка батирге көчтү Роза.
Айы-күнүнө жетип төрөбөскө чарасы жок эле. "Срогу өтүп кетиптир" деп аборт кылышпай коюшкан догдурлар. Кыйналып жатканда "скорый" чакырып, кайсыдыр бир төрөтканада көз жарды. Балканактай эркек баласын ошол жерге таштап кете берген Роза. Андан кийин бир нече жыл иштеди. Акыры, акча жыйнап, Кыргызстанына келе берген.
***
...Кеч кирип калган. Айылдан келген апасы экөө телевизор көрүп жайланып отурушкан. Биринчи каналдан Орусиядагы гастарбайтерлер жөнүндөгү "передачаны" кызыгуу менен көрүп отурушту. Аңгыча эле сүйлөп аткан киши канчалаган балдар ташталып жаткандыгы, алар Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстандан келген челноктор экенин айтып кирди.
- Олда, өлүгүңө отурайындар, ай! Баласын көрүнгөн жерге ыргыткан бул кандай жубарымбектер, ыя?!-деп сүйлөнгөн апасынын сөзү Розанын башына урулган балтадай оор тийди. Ушу азыр апасынын алдына тизе бүгүп бар чындыгын айтып кечирим сурагысы келди. Анткени менен эмне өзгөрмөк эле? Апасы кечиргенде эмне кылмак эле?
Розанын жүрөгү катуу ооруп чыкты. Кан басымы да көтөрүлүп кетти белем, кулагы шуулдап эч нерсени да укпай баратты.
- Мен эс алайынчы, чарчадым,-деп акырын төшөгүнө жата кетти. Эч кимди көргүсү жок. Асылбектен кийин эркек аттуудан көңүлү калып бүткөн. Сыртынан жадырап-жайнап күлүп турганы менен жүрөгүнүн бир бурчунда муздай болуп катып турган ташты эми эритиш кыйын го-оо!
Күндөр эптеп өтүп атты. Ошондой күндөрдүн биринде Касымбек менен таанышып калды Роза. Кимгедир окшоштурду, эң жакын адамындай сезди аны. Көп өтпөй эле Касымбек турмушка чыгуусун өтүндү. "Балким, бешенеңе бир тартылып келген бактың чыгар, балам",-деп кеңеш берди апасы.
Эч кандай үлпөт-сүлпөтү жок эле баш кошушту алар. Жаңы жылдын алдында тели-теңтуш, туугандардын башын кошуп кафеге чакырып коёлу деп акылдашышты. Ал күн деле келип калды.
- Жакшы болбодубу, менин иним да Подмосковьеден келатыптыр,-деп сүйүнчүлөдү Касымбек. Роза аны элес алган деле эмес. Коноктор тегиз келип отурушкандан бир топ убакыт өтүп калганда, сырттан шашып-бушуп калдаңдаган Асылбек кирип келсе болобу! Розанын жаны чыгып кете жаздады. Жаңы эле бакытка умтулуп, келечек турмушка кадам таштап жатканда, мунун кайра келгени кандай?!
Ордунан копшолуп туруп бараткан Розанын колун Касымбек кармай калды.
- Ана, менин иним келди, Асылбек!деди Розага. Асылбек түз басып келип, агасы менен кучакташа учурашып, колундагы тутам гүлдү Розага берди. Экөөнүн каректери саамга чагылыша түштү. Асылбек чекесине далдап туруп бирөө аткандай Розаны дендароо карап туруп калды. Кызымтал Касымбек эч нерсени туйган жок. Асылбек столдордун бирине барып отурду, ал эми Розанын жан-дүйнөсүндө алай-дүлөй бороон жүрүп, өзүн бир нерсеге даярдап жаткандай болду.
ХХХ
- Роза, тур! Асылбекти машина коюп кетиптир!-деп энтиккен Касымбек Розаны жулкулдатып атты. А Розанын оозунан арак бурулдап, мас болуп жата берди. Ошо мас абалында жана, кечке маал болуп өткөн окуяны эстеп жатты.
... Касымбек иште болучу. Үйүнө эртерээк келген Роза өзүнчө чай ичип отурган. Эшик чырылдайт, ачса - Асылбек туруптур. Салам айтып, үйгө киргени жүрөт.
- Кирбейсиң!-деди Роза эшикти тосуп. - Азыр мен чыгам, сени менен сүйлөшө турган сөз бар!
Розанын көктүгүн билчү Асылбек. Унчукпады. Машинада унчукпай баратышты. Ээн көчөгө кайрылып, "түш" деди Роза.
- А эмнеге?-деген Асылбекти колу менен түртүп жиберди. "Түшсө-түшүп эле калайынчы, баягы болгон окуядан соң кектенип калган тура, теңелбейин. Эми агам Касымбек экөө бактылуу болушса болду",- деген ой менен машинеден түшүп, эшигин тарс жаап бир кадам шилтегенде эле, аркадан машиненин мурду менен "тарс" эте уруп өттү. Тээтиги жакка камгактай гана учуп кетти. Машинесин шарт буруп, Асылбектин өлүү-тирүүсүнө карабай, баса берген...
***
Касымбек Роза экөө инисин коюп келишти. "Машине уруп кетиптир, караңгы көчөдө, эч ким көрбөй калыптыр" деген каңшаар аралады, айылды. Асылбектен Орусияда калган баласынын өчүн алган Роза эми кенен дем ала эч нерсени билмексен...сүйүктүү жар, күйүмдүү эненин ролун аткарып кирди.

Нурбүбү БӨДӨШОВА