Дүйнө айдыңында
Швейцария
Дүйнөнүн супер оор салмактагы бокс боюнча чемпиону, англиялык Дэвид Хэй жакында WBC версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону Виталий Кличко менен Кевин Джонсондун беттешин алдын-ала анализдеп өттү. Анын баамында Виталий Кличко атаандашын жеңет. Ошондой эле, Дэвид Хэй жакын арада Виталий же Владимир Кличко менен ринг үстүндө беттешкиси келгенин жашырган жок. Андан сырткары, Хэй эки бир туугандын ар бирин баамдап чыкты. Ал "Владимирге караганда Виталийдин соккулары катуу, рингде өзүн жеңил алып, оор абалдардан жеңил чыгып кеткенди билет" деди. Ошондуктан, ал Виталий Кличко менен беттешти эңсейт. Анткени "мен оорчулуктан коркпойм" деди. Эске салсак, Дэвид Хэй жакында Германияда орус мушкер Николай Валуевдин эбин таап, чемпион аталган. Ал эми дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Эвандер Холлифилд дагы Виталий Кличко менен беттешкенди каалап жатканын жашырбай келет.


"Челси" менен башкача сүйлөшмөкмүн…
Апта башында Англиянын футбол боюнча премьер-лигасында турнирдик таблицаны жетектеп келаткан "Челси" менен "Арсенал" командасы футбол талаасында кезигишти. Оюндун жыйынтыгында "Арсеналдын" күйөрмандары баштарын жерге салып кетүүгө аргасыз болду. Анткени, "Арсенал" командасы атаандашына 0:3 эсебинде уттуруп, керектүү упайлардан кол жууп калды. Ал эми "Челси" командасы турнирдик таблица боюнча биринчи орунду ээлеп, лидерлик позициясын колдон чыгарган жок. Ага карабай, оюндун аякташы менен "Челсинин" машыктыруучусу Карло Анчелотти негедир өзүнүн шакирттерин сындап алганга да жетишти. Анын ою боюнча, "бул оюнду биз утканыбыз менен эмнегедир менин шакирттерим көп учурда топко ээлик кыла алышпай, олдоксон оюнду көрсөтүштү. Эгерде "Челси" бул оюнду уттуруп жибергенде шакирттерим менен башкача сүйлөшмөкмүн. Аларды эсептик такта сактап калды" дейт.


"Барселона" "Реалга" багынган жок
Ошондой эле кызыктуу оюн Испаниянын пример-лигасында орун алууда. Көптөн бери бири-бирине азууларын көрсөтүп келаткан Каталониялык "Барселона" менен Мадриддик "Реал" борбордук беттеште оюн көрсөтүшүп, күйөрмандардын нервдерин бир топ эле жукартып коюшту. Оюн жыйынтыгы 1:0 эсебинде "Барселонанын" пайдасына чечилди. Эң кызыгы - оюн аяктаар маалы келип калганда "Барселонанын" машыктыруучусу Хосе Гвардиола оюн талаага шведдик форвард Златан Ибрагимовичти чыгарууну туура көргөн. Ал мындан жаңылышпаптыр. Анткени, Ибрагимович оюнга чыкканынан 3 мүнөт өтпөй чечүүчү голду киргизгенге жетишкен. Ошентип, көптөн берки атаандаштардын тирешинен "Барселона" жеңүүчү болуп чыгып, Испаниянын турнирдик таблицасын жетектеди.


Давыденко - эл аралык турнирдин жеңүүчүсү
Лондондо өткөн эл аралык теннис турнирин орусиялык Николай Давыденко жеңип алды. Финалдык беттеште ал АТР версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону жана рейтингдик таблицаны жетектеген швейцариялык Роджер Федерерди жеңген. Ошентип, бул жеңиши менен Николай Давыденко рейтингдик таблица боюнча 6 орунга илинди.

Рейтингдик таблица:
1. Роджер Федерер (Швейцария)
2. Рафаэль Надаль (Испания)
3. Новак Джокович (Сербия)
4. Энди Мюррей (Улуу Британия)
5. Хуан Мартин дель Потро (Аргентина)
6. Николай Давыденко (Россия)
Мусулмандар
нааразы

Швейцариянын борбору Берн шаарында мусулмандар нааразычылык акцияларына чыгышты. Анын себеби, Швейцария референдум өткөрүп, анда "Мечиттердин чокусуна мунара койбоо" маселесин коюшкан. Референдумга келген элдин басымдуу бөлүгү мечиттерге мунара койбоо маселесин колдошуп, аны менен мусулман элдеринин нааразычылыгын пайда кылган. Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министри Мишлин Кельми-Рей бул маселе боюнча өзүнүн оюн "Биз референдумдун жыйынтыгына баш ийишибиз керек, биз мусулман элине эч качан жаманчылык каалабайбыз, басмырлабайбыз. Швейцария ар бир жаранын сыйлайт, мусулман эли Швейцариянын бир бөлүгү" деп билдирди. Белгилей кетсек, бул маселе боюнча референдум өткөрүүнү бийликте турган Оңчул-элдик Швейцария партиясы сунуштаган. Алар парламенттин басымдуу бөлүгүн ээлейт. Швейцарияда баш аягы 400 миң мусулман калкы жашайт.


Балканда али тынч эмес
Косоводо саясий кырдаал күндөн-күнгө оорлоп барат. Өткөн жумада парламенттин коргоо комитетинин төрагасы өлкөнүн премьер-министри Хашим Тачини "саясий кылмыштарга байланышы бар адам" - деп айыптаган болчу. Бирок, анда анын сөзүнө эч ким деле көңүл буруп, баа берген эмес. Эми апта башында өлкөнүн маалымат министрлигинин чоң даражадагы өкүлү Наим Блаца дагы Хашим Тачини "саясий кылмышкер" - деп атады. Анын айтымында "Хашим Тачи өзүнүн оппоненттерин саясий буйрук менен өлтүрткөн, аларды уурдап, кыйноого алган, шантаждык иштерди жүргүзгөн" деп билдирди. Ошондой эле, Блаца өзү дагы бул иштерге тиешеси бар экендигин билдирип, "мен жогортон түшкөн буйрук менен иштегем" деди. Эми, ал бардык далилдерди Еврокомиссияга жөнөтө тургандыгын айтууда. Ал эми премьер-министр Хашим Тачи ага таңууланган бардык айыптардан баш тартууда.


Революционердин уулу кармалды
Кубада Фидель Кастронун оң колу Хуан Алмейда Боскенин уулу Алмейда Гарсия полиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Ал Гаванада өткөн диктатурага каршылык көрсөтүү акциясында кармалган. Мындай жагдай Куба менен АКШнын ортосундагы кийинки убактарда жанданып калган карым-катнашты кайра солгундата турганы анык. Себеби, Алмейда Гарсиянын жубайы АКШнын жараны жана өзү дагы АКШнын жарандыгын алууга аракет кылып жүргөн. Эске салсак, Алмейда Гарсиянын атасы Алмейда Боске 1959-жылы Фидель Кастро менен бирге революцияга катышып, өмүрүнүн акырына чейин Фидель Кастронун жанында мамлекеттик кеңешчиси болгон.



Президент шайланды
Уругвайда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, анда оппозизиянын лидери сенатор Хосе Мухика жеңүүчү аталды. Ал эми анын атаандашы, өлкөнүн мурунку президенти (1990-1995) Луис Альберто Лакалье шайлоодо жеңилгендигин мойнуна алып, жаңы шайланган президентке ийгиликтерди каалады. Жаңы шайланган президент 74 жашта. Ал Бразилиянын президенти Лула да Силванын саясий моделин өлкөсү үчүн туура көрөт. Ошондой эле, Хосе Мухиканы Латын Америкасында аскердик блоктун түзүлүшүн жактаган адам катары билишет.