Менчик талаш

Орто-Сай базарындагы "бардак"
Мындан бир жума мурда, тактап айтканда 17-18-ноябрда, Бишкек шаарындагы Орто - Сай базарына келгендер кызыктуу көрүнүшкө күбө болушту. Эки күн катары менен өздөрүн базардын ээси катары эсептеген эки топ тирешип, ара чолодо Г.Мониева аттуу келин денесинен жаракат алып, Ж.Исаева, Д.Келдибаева деген бакайчылардын (контролер) үстүнөн тергөө органдарына арыз таштап отурат.

Г.Мониеванын айтуусуна караганда, бул ишти уюштуруучулардын башында Бишкек мэриясынын муниципалдык базарлардын дирекциясынын директору Р.Белеков, анын орун басары М.Касымбаев, администратору Т.Асанов, юристи О.Жамансариевге окшогон солкулдаган жигиттер турат экен.
Р.Белеков баштаган топ кимдер менен "салгылашып", кимдерди Орто - Сай базарынан кууп чыгуунун амалын издөөдө?
2009-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарынын райондор аралык административдик жана экономикалык иштер боюнча соту "Пайщиктер менен керек-жарак кооператорлорунун укугун коргоо" коомдук уюмунун доо арызын караган. Бул ишке жоопкер катары Бишкек шаарынын мэриясы, үчүнчү тарап катары муниципалдык базарлардын дирекциясы, Мамлекеттик мүлк министрлиги жана Мамкаттоонун Бишкек шаардык башкармасы тартылган.
Пайщиктердин коомдук уюму сотко Бишкек мэриясынын 1996-жылдын 26-февралында чыгарылган "Бишкек шаарындагы колхоз базарларындагы мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүү тууралуу" №106- токтомун жана Орто - Сай соода-рыноктук комплексин КУМИнин менчигине каттоону жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган.
Сот (судья Карасартов Б.Б.) өзүнүн чечими менен коомдук уюмдун өтүнүчүн толук канааттандырган. Чечимге ылайык 50 соода оруну бар эт павильонун, 20 орундуу сүт павильонун, 40 соода орундуу жабык столдорун, 40 соода орундуу ачык столдорун, 20 соода орундуу кооператив навесин, 15 соода орундуу ларекторду, 20 орундуу "Пельменная" кафесин бириктирген 800,3 чарчы метр келген Орто - Сай соода-рыноктук комплекси кайрадан пайщиктердин менчигине өткөрүлгөн, башкача айтканда, мэриянын 106-токтому менен соода комплексин КУМИнин (мэриянын деп окуңуз) менчигине каттоо жокко чыгарылган.
2009-жылдын 5-ноябрындагы токтому менен Жогорку сот райондор аралык соттун чечимин өзгөртүүсүз күчүндө калтырган.
Соттун аныктаганына караганда Бишкек шаарындагы базарларды муниципалдык менчикке өткөргөн №106 токтомдогу шаардын ошол кездеги (1996-жыл) мэри Борис Силаевдин колу кимдир бирөөлөр тарабынан жасалмаланган. Натыйжада, Кыргыз керек-жарак коомдору менен башка менчик ээлерине тиешелүү мүлктөр мыйзамсыз түрдө Бишкек мэриясынын карамагына өтүп кеткен. "Ала кушту атынан атасак" 14 жылга чукул убакыттан бери мэрия башка бирөөлөрдүн менчигин тартып алып, ага ээлик кылып, андан түшкөн кирешени каалагандай пайдаланууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун А.Мухамеджанов башында турган соттук коллегиясы мындай мамлекеттик рэкетке чекит койгондугуна, 5-ноябрдагы токтом токтоосуз күчүнө киргендигине карабастан Р.Белеков башында турган муниципалдык базарлардын дирекциясынын жоон топ кызматкерлеринин өкүм зордугун, тоңмоюндугун, мыйзамды, б.а. сот актыларын көзгө илбей, Орто - Сай базарында өзүм билемдигин кандайча түшүнүүгө болот?
Алгачкы саны жарыкка даярдалып жаткан "Алиби" гезитинин редакциясына келип, аларга карата адилетсиздик дагы да улантылып жатканын ыза болуу менен баяндаган соода-рыноктук комплекстин ноюбаган жамаатынын айткандарына ишенбей коюуга мүмкүнбү?
Жогорку соттун токтомуна ылайык 5-ноябрдан баштап базар ээси - анын мурдагы эмгек жамааты экендигинде эч кандай талаш жок. Андай болсо, муниципалдык базарлардын дирекциясы кайсы ыйгарым укугунун негизинде базарда соода кылып отургандардан акча чогултканы аз келгенсип, соода комплексинин кызматкерлерин жакалап, уруп-сабап, алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылууда?
Угушубузга караганда, Бишкек шаарынын административдик жана экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту мэриянын жаңы ачылган жагдайлар боюнча арызын кабыл алып, жакын арада кароого даярданып жаткан имиш. Бул, албетте, арыз берген тараптын укугу, берилген арыз менен андагы талаптар мыйзам чегинде болсо аларды карап, адилет чечим чыгаруу - соттун милдети.
Бирок, милдетти бийликтин буйругуна же акча капчыгына байлаган судьялар арабызда аз эмес. Ошондуктан, "Алиби" гезитине жарыяланган ар бир иштин жүрүшүн, жыйынтыгын окурмандарга, караламан калкка жеткирип турууну журналисттик дагы, атуулдук дагы негизги парзыбыз катары эсептейбиз.
Орто - Сай соода-рыноктук комплексине байланыштуу мыйзам бузуулар Кыргыз керек-жарак коомдору системасындагы алгачкы карлыгачтар экендигин, алдыда эчендеген ири таймашуулар жаткандыгын эске алуу менен ушул чакан макалада көтөрүлгөн маселелерди чечүү жагын Бишкек шаарынын административдик жана экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун төрайымы К.Качкыналиева менен Октябрь районунун прокурору Г.Суталиновадан өтүнүп кетмекчибиз.
Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ




  ИИМ билдирет

Эл аралык баңгикурьер
Казакстан жана Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук кызматкерлери тарабынан коңшу республиканын Павлодар шаарында 34 кг. салмактагы апийим сактап жүргөн адам кармалды. Эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, колго түшүрүлгөн адам эл аралык наркотрафикти колго алган шылуун экен. Азырынча бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.


Мыйзамсыз куралдар
Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Жар-Кыштак, Таран-Базар, Жалгыз-Жаңгак, Кыз-Көл жана Садда айылдарынын жашоочуларынан 23-ноябрда мыйзамсыз ок атуучу куралдар табылды. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык милиция кызматкери тинтүү-иликтөө маалында "ИЖ-17", "ИЖ-21", "Иж-18" маркаларындагы ар түрдүү мыйзамсыз сакталган куралдарды тапкан. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө.


Уурунун арты кууш
Талас областтык ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун алдын алуу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас шаарында 22-ноябрда кечки саат алтылар чамасында болуп өткөн тоноочулук боюнча кылмышка шектүү делип Талас районунун жашоочусу, 21 жаштагы Ж.Н.И, 20 жаштагы К.Б кармалды. Кармалгандар күч колдонуу менен 28 жаштагы О.А нын 10 миң сомун жалпысынан 29 миң сом болгон 10 уюлдук телефонду тартып алышкан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.


Алдамчыдан абайла
Ысык-Көл областына караштуу Балыкчы шаарынан алдамчылык жол менен 100 000 сом жымырган жана автоунаанын ээси болгон адам кармалды.
24 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну "Восток-5" кичирайонунан чала тааныш адамга алдатып, 100 000 сом акчасын жана "Мицубиси-Сигма" маркасындагы автоунаасын тарттырып жибергени тууралуу арыз жазып милиция кызматкерлерине кайрылган. Балыкчы шаарынан 29 жаштагы, мурда тоноочулук менен соттолгон Б.М колго түштү.


Арам оокат аш болбойт
22-ноябрда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына караштуу кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана жол коопсуздугу кызматкерлери тарабынан Калыс-Ордо жаңы конушунун жашоочусу, 1986-жылы туулган И.Б тоноочулук иштери менен кармалды.
15-ноябрда Рыскулов көчөсү менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде 21 жаштагы Т.Токтаматованын чөнтөк телефонун, ошол эле күнү 21 жаштагы Ч.Казакованын, 18 жаштагы А.З нын чөнтөк телефондорун белгисиз шылуун тартып алган. Учурда бул тоноочулук иштерине жогорудагы И.Б нын катышы бар экени билинип, сурак берүүдө.


Жол боюнан табылган сөөк
15-ноябрда Бишкек-Торугарт жол боюндагы "Винсовхоз" айылынан 35 жаштагы Р.Юсуповдун сөөгү табылган. Р.Юсупов Винсовхоз айылынын жашоочусу. Анын туугандарынын айтымында ал таңкы саат бештер чамасында "Ауди" маркасындагы автоунаасы менен жанына 100 000 сом акча алып, мал базарынан мал сатып алууга кеткен. Оперкызматкерлер Юсуповдун автоунаасын Токмок шаарындагы токойдон табышкан. Учурда иликтөө-издөө иштери улантылууда.
Назгүл МАМЫТОВА
"Алиби"