Алмазбек Атамбаев:

"Руслан капкачан өлтүрүлгөн"
Түштүк жергесин түрө кыдырып, үгүт иштерин үзгүлтүккө учуратпаган талапкер Алмазбек Атамбаев "Азаттык" үналгысынын кабарчысы Алишер Токсонбаев менен болгон маегинде, төбө чачты тик тургузган маалыматтарды угузду. Алмазбек Шаршеновичтин айтымында, былтыркы жылдан бери табылбай жаткан СДПК фракциясынын депутаты Руслан Шаботоев эбак эле киши колдуу болуп өлтүрүлгөн экен. "Мен атайын оперативдүү иликтөө жасатып билгенмин, мисалы Шаботоев Руслан капкачан өлтүрүлгөн. Ким өлтүргөнүн да билебиз, жөн гана бийлик жаап жатат"-дейт, ажолукка аттанган БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев. Талапкердин мындай билдирүүсүнө депутат Руслан Шаботоевди "издемиш" болуп жаткан ички иштер министрлиги жооп кайтарбагандан кийин, ал маалыматты азырынча ачык калтыралы. Укук коргоо огандары унчукпаса да, Русландын бир тууган карындашы Сымбат бул боюнча өз оюн айтып койсо болмок. Дегинкиси, депутаттын киши колдуу болгону тууралуу ушактарды мурун эле угуп жүргөнбүз. Алмаз Шаршенович бул маалымат менен гана токтолбостон, жакында мандатынан баш тарткан Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтиярды да "өтүп кетти" деп билдирген. Демек, былтыркы жылдын күзүндө удаасы менен жоголгон депутат Руслан Шаботоев менен депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтиярдын бар экендиктеринен түңүлө берсек болчудай.
Мурунку бийлик учурунда агасы Сатыбалды Жээнбековдон айрылса, азыркы бийлик тушунда уулу Бахтиярдан айрылса, Жусуп аке саясаттан кетпегенде эмне кылмак эле? Бирок, алардын түбүнө дал ушул "сасык саясат" жеткенден кийин, ушундай саясат менен болгон күрөшүүсүн уланта берсе деле болмок. Айтор, Алмазбек Шаршенович ачыкка чыгарган маалыматтар, азыркы оорлошкон саясий кырдаалыбызды ого бетер күчөтөөрүн ойго алып койгонубуз оң. Эгерде жогоруда айтылган маалыматтар чын болуп чыкса, анда, алдыдагы президенттик шайлоо ар кандай нааразычылык акциялары менен коштолоорун азыртан ачыкка чыгара берсек болчудай.
Баса, өз партиялаштарынын өкүнүчтүү абалын ачыкка чыгарган Алмазбек мырзанын өзүнүн өмүрү да коркунучта экен. Үй-бүлөсүн алыскы өлкөгө жөнөтүп жиберген талапкер, "Чындыгында мен деле башымды канжыгага сайып туруп чыктым да. Азыр деле 23-июлга жетемби-жетпеймби ким билет?"-деп, кандайдыр бир кол салууларды боолжоп жатканын жалпыга жарыя кылган. Атаң гөрү, ажолукка ат салышкан талапкер ушинтип айтып жатса, "мөөнөтсүз шайлоонун" мөөнөтүнө жетээрин кайдан билебиз? Өткөндө депутат айым Галина Куликова айтыптыр, "азыркы саясатчылардын көпчүлүгү көзү ачыктарга катташып калган" деп. Айла жок биз дагы ошолорго барат окшойбуз.
Чагылган Чарык уулу

Атамбаевге акча салган апалар
Ортосай айылынын тургуну 90дон ашкан Асанбаева Сакы эне өз пенсиясын Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо фондуна ыктыярдуу өткөрүп берди. "Мен биздин Алмазбек үчүн пенсиямдан акча бергенимдин себеби - ал биздин өлкөнүн башчысы болсо дейм. Ал президент болсо Кыргызстанда тынчтык, береке болот", деп айтты борбордук штабдын басма сөз кызматынын берген суроосуна Сакы эне.
74 жаштагы Алыбаева Шаар апа да Алмазбек Атамбаевди колдоорун билдирип, төмөнкүлөрдү айтты: "Пенсиямдан 500 сом берип жатам, ал жакшы ишке - Алмазбек Атамбаевди колдогонго жумшалса. Ал өлкөнү оңооруна ишенем. Ал бекеринен Москвада окуган эмес, мамлекет кандай болуш керек экенин, элдин турмушун оңогонду, нан кантип табыларын билет. Ал бийликке келсе, пара алганды токтотот, адилеттик орнотот. Атамбаевге окшогондор көп болсо, жашообуз жакшы болот эле".
Апалар Атамбаевдин фондуна салым кошуу демилгесин неберелери колдоп, банкка ("АзияУниверсалБанк"-"АУБ") аларды жеткизип келгенин айтып, ыраазылыгын
билдиришти.
СДПК партиясынын маалымат кызматы


Азыркы бийликке акча эле керек
- Ооганстанга жакын, коопсуздугу күч болуп турган Кыргызстан мурдун чүйрүп, антитеррордук күчтөрдөн дагы акча талап кылганыбыз биздин өлкөгө жакшы аброй алып келген жок. Эл аралык коомчулук Ооганстанда террорчулукка карщы операцияларды жүргүзүп жаткан соң, Кыргызстан ага артын салбашы керек эле. Азыркы бийликке акча эле керек болгону, баары бир аягында чечимин өзгөртүп, базаны калтырат, деген ойлор башында эле элде бар эле. Мен үчүн эң эле шылдың болуучулар -"Акжолчу" депутаттар, өкмөттүк маалымат каражаттары февралда "база кетсин!" деп кыйкырып чыгышты эле. Эми кайра Ак үй эмне десе ошону айтып отурганы өтө шылдың боло турган, уят иш болуп атат.

"Азаттык" үналгысы

Кытайлар активдешет
- 2005-жылы мен Шинжанда (Кытайдын Кыргызстан менен чек арасындагы Уйгур Автономдук районунда) болгондо, айрым өкмөттүк органдардын жетекчилери менен сүйлөштүм. Ошондо алардан абдан кызыктуу нерселерди уктум. Алар мага "Кыргызстандагы 2005-жылдагы элдик төңкөрүш Кытайдын кызыкчылыктарына абдан оор кесепет келтирди, ошондуктан Кытайда саясий деңгээлде мындай окуялардын коңшулаш жумурияттарда кайталанышына жол бербөөсү жөнүндө чечим кабыл алынды, буга конкреттүү акча бөлүнүп, конкреттүү структура түзүлүп жатат"- деп айтышты. Бул албетте бейрасмий баарлашууда болгон сөз. Бирок Кыргызстан буга чейинки жылдары башкалардан эркинирээк болгондуктан, мындай нерселер дароо көзгө урунат. Азыр эми Кытай Орусияга атаандашып, Борбор Азияга көп миллиарддаган насыя бөлөм деп жатат. Башкача айтканда, гео-саясий таасир үчүн күрөш жүрүп жатат. Менимче, Кытайдын Борбор Азиядагы таасири, бул жумурияттардын ишине кийлигишүүсү өсө берет. Буга чейин аймакта Кытайдын ири инвестициялары жок болчу. Азыр мындай долбоорлор улам көбөйүп жатат. Кыргызстанда темир жол долбоору өтсө, алардын инвестициясына коркунуч келген учурда кытайлардын туруму дагы активдешет.
"Азаттык" үналгысы