Эки тоонун чөбүн эңсеп…

Ара жолдогу ачакей саясат
Ушул жуманын башында, дүйшөмбү, 22-июнь күнү Кыргызстан жана АКШ мамлекеттеринин ортосунда атагынан чатагы көп, эл аралык "Манас" аэропортунда жайгашкан, "Ганси" авиабазасына байланышкан жаңы келишим кабыл алынып, жалтыраган жашыл акчаны көргөндө жантыгынан жата калган кыргыз бийлигинин бүгүн бирди айтып, эртең башканы айткан оомо, эки жүздүү тышкы саясаты дүйнө коомчулугунун алдында даана ачыкка чыгып ашкереленип отурат.

Тагыраак айтканда, Кыргызстанда эле эмес, дүйнө элинин назарында, аптанын эң эле маанилүү жаңылыгына айланган 22-июнь күнкү АКШ бийлиги менен Кыргызстандын ортосундагы Афганистанга "Жүк ташуучу транзиттик борборду" түзүү жөнүндөгү жаңы макулдашуу боюнча, 18-август күнү өлкөбүздүн аймагынан чыгып кетмекчи болгон, америкалыктар баш болгон НАТОнун бириккен күчтөрү дагы бир канча мөөнөткө Кыргызстанда калмай болду. Эки өлкө ортосунда коомчулукка ачык айтылбай, "тымызын" макулдашылган бул чечим, ансыз деле араң турган өлкөбүздүн эл аралык беделине болуп көрбөгөндөй сокку ургандыгы айтпаса да түшүнүктүү болсо керек. Себеби, мындан төрт жарым гана ай мурда, өлкө башчыбыз Курманбек Бакиев "Ганси" авибазасын жакын арада Кыргызстандан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алгандыгын, Жалал-Абаддагы же Кочкордогу эл менен жолугушуу учурунда эмес, Москванын чок ортосунда дүйнө элине жар салганы барыбыздын эсибизде. Эми минтип океңдердин оозун ачырган, америкалыктардын айбатынан жалтанган кыргыз бийлиги АКШ менен жаңы келишимге барып отурат. Орусия ушул жылдын башында "Гансини" өз кызыкчылыгына кирген Орто Азия аймагынан "жок кылуу" үчүн кыкеңдерге жакшы эле "сынып" бергендей болгон. Кыргызстандыктардын мындай кызматы үчүн илгерки мекендештерибиз бизге 2 миллиард доллар карызга, 150 миллион доллар каржылык жардам иретинде акча бөлүп бермекчи болушкан. Кычыраган мындай кызыл акчаларды көргөндө эл өкүлдөрү деген аты эле болбосо, бийликтин "кол баласына" айланган "акжолчулар" басымдуулук кылган кыргыз парламенти, ушул жылдын апрель айында ажосунун бул чечимин алеки заматта мыйзамдаштырып, денонсациялап жибергенге да үлгүрүшкөн. Ошондогу Бакиевдин Москва шаарындагы базаны кетирүү тууралуу чечими кыргыз эли үчүн да, дүйнө эли үчүн да канчалык күтүүсүздүк болсо, 22-июнь күнкү америкалыктар менен түзүлгөн жогорудагы жаңы келишим да ошондой эле күтүүсүз болду окшойт. Анткени, 19-июнь күнү Тышкы иштер министрибиз Кадырбек Сарбаев Кыргызстан америкалыктарга жүк ташуучу транзиттик аймак бөлүп бериши мүмкүн деген дипломатиялык божомолунан башка, бул келишим жөнүндө эч кандай маалымат коомчулукка белгисиз эле. Ал эми 22-июнь күнү макулдашылган жогорудагы келишим ошол күндүн эртеси гана белгилүү болуп отурат. Андан дагы элибиздин эртеңкиси менен түздөн-түз байланышкан мындай өзгөчө маанилүү маалыматты кыргызстандыктар жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынан же кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн эмес, орусиялык баш болгон чет элдик маалымат каражаттарынан кабардар болуп отурушат. Мындай көрүнүш эмнегедир кыргыз бийлиги эл аралык дагы, өлкөбүздүн ички дагы мыйзам нормаларын уруп ойнобой, өлкө тагдырын чечүүчү өзгөчө маанилүү мындай иштерди эл менен, "эл шайлаган" эл өкүлдөрү менен кеңешип-кептешпей, өз билгендерин жасаган өзүм билемдиктери чектен ашып бараткандыгынан кабар берүүдө.
Дегеле авиабазага байланышкан сүйлөшүүлөр, кайрадан жандануу мүмкүнчүлүгү буга чейин ар кайсы маалымат каражаттарында, эртеңкини эмитен билип жиберүүчү кээ бир көзү ачык эксперттердин божомолдорунда анда-санда айтыла калып жүрсө, май айында Кыргызстанга келип-кеткен түрк президенти Абдуллах Гүлдүн расмий иш сапары, афган президенти Хамид Карзай менен кыргыз президентинин Орусияда болгон сүйлөшүүлөрү, эки-үч айдан кийин кетмекчи болгон авиабазанын учактарын күйүүчү май менен камсыз кылууга тендердин жарыяланышы, АКШ президенти Барак Обаманын өлкө башчыбызга болгон ачык каты, жогорудагы жоромолдорго ашыкча ишеним арттырып, америкалыктар баш болгон "НАТОчуларды" Кыргызстандан кетирүү маселеси али толук быша электиги аныкталып калган.
"Азаттыктын" билдиргенине караганда, "Манас" аба майданындагы транзиттик базага байланыштуу АКШдан атайын делегация келип, кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кеткен. Коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан бул маселеге байланышкан мындай маанилүү делегациянын Кыргызстанга келип-кетиши эмне үчүн кыргыз коомчулугуна белгисиз бойдон калган? Айтор, жообу жок чексиз суроолор бул маселени башынан бери эле айланчыктап жүрөт. Эмнеси болсо да, "Ганси" авиабазасынын арты менен кыргыз бийлиги жашыл акчадан жакшылап жыйнап алууну көздөгөнү өзүнөн-өзү көрүнүп турат. Анын үстүнө президенттикке талпынып жаткан талапкерлердин бири, белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиевдин "Ушул жылдын май айында Кыргызстанга келип кеткен Абдуллах Гүл "Манас" аба майданындагы "Ганси" авиабазасынын сакталып калышы үчүн түрк бизнесмендери кыргыз экономикасына миллиарддаган долларларды инвестициялоого даяр экендигин билдирген" маалыматы көп нерседен кабар берип тургансыйт. Албетте, бул жерде АКШ бийлиги түрк бизнесмендери аркылуу "Ганси" авиабазасынын Кыргызстанда калуу укугун сатып алып жаткандыгы көпчүлүккө ачык эле байкалып калды. Себеби, түрк бизнесмендери Кыргыз экономикасына жыйырма жылдан бери мынчалык ири суммадагы каражатын чачууга моюндары жар бербей келсе, каяктагы америкалыктардын - каяктагы Кыргызстан деген мамлекетте жайгашкан базасы үчүн миллиард долларын инвестиция катары жумшоосу өтө чоң күмөн маселе.
Дегеле, Америка тарап "Ганси" үчүн кыргыз бийлиги менен соодалашып жаткандыгын жаап-жашырбай эле ачык эле айтып келет. Манастагы америкалыктардын авиабазасына командачы болуп жаңы дайындалган полковник Блэйн Холт АКШ буга чейин кыргыз экономикасына 60 миллион доллар жумшагандыгын, эгер база кала турган болсо, дагы 50 миллион доллар жумшоого даяр экендигин билдирсе, расмий Вашингтон ушул жылдын октябрь айында кабыл алынуучу АКШнын келерки жылкы бюджетинде Кыргызстанга болгон жардамдын эсебин 25 миллион доллардан 41,5 миллион долларга чейин көбөйтүүгө даяр экендигин билдирген.
Орусиялык белгилүү "Независимая газета" басылмасынын маалыматында президент Курманбек Бакиев келечектеги америкалык инвестицияларды өзүнүн шайлоо алдындагы кампаниясында активдүү түрдө колдонуп жаткандыгын баса белгилеген. Ошол эле басылманын Кыргыз Республикасынын президенттик администрациядагы ишенимдүү булактарынан алган маалыматтарына караганда, жогоруда сөз кылынган кыргыз-америка сүйлөшүүлөрүндө сөз АКШнын Кыргызстанга болгон каржылык жардамы жөнүндө гана эмес, ошондой эле Бакиевдин келерки айда өтүүчү президенттик шайлоодо колдоо көрсөтүүсү жөнүндө да болгон. Демек, президенттик шайлоонун алдында козголгон "Ганси" маселеси, оңбогондой олчойгон каражатты талап кылган шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу экендиги өзүнөн-өзү ачык көрүнүп турат.
Мындай учурда Орусиядан алынган 350 миллион доллар шайлоого даярданганга кетсе, америкалыктардан алынуучу каражаттар шайлоонун өзүнө жумшалабы?-деген мыйзам ченемдүү суроолор да туулбай койбойт.
Кандай болгон күндө да президент Бакиевдин өткөн дем алыш күндөрү Жалал-Абаддагы шайлоочулары менен болгон жолугушуусунда, Кыргызстан-кичинекей, байкуш мамлекет деген шылдыңдуу атынан арылгандыгын, кандай гана маселе болбосун өз алдынча, эч кимге көз карандысыз чечим кабыл алууга жарап калган чечкиндүү мамлекет катары дүйнө элине таанылгандыгын баса белгилеген жалындуу сөздөрү бир апта өтүп-өтпөй төгүндөлүп калышы эмнеден кабар берүүдө?
Кыргызстан президентибиздин айтканындай, дүйнөлүк ири державалар менен тең ата сүйлөшүү бактысына азырынча ээ боло элек. Америкалыктар өздөрү айтмакчы, Кыргызстандын бүгүнкү абалы чыйылдаган чычкандын образы экендигин, канчалык ачуу болсо дагы бул чындыкты моюнга алууга туура келет.
Кеп америкалыктардын авиабазасы Кыргызстанда калышы жакшыбы же кетиши жакшыбы деген маселеде эмес. Ал өзүнчө чоң маселе. Кеп дүйнөлүк тарыхта кансыз согушту башынан өткөргөн ири держава деген өзгөчө статуска ээ АКШ менен Орусиянын ортосунда эки жүздүү, эки сөздүү саясат жүргүзүп жаткан Кыргызстандын эртеңки тагдыры, элибиздин эртеңки келечеги жөнүндө болуп жатат. Мамлекеттин бүтүндүгү-кол тийгис деген улуу түшүнүк америкалыктар же орусиялыктар үчүн керектүү учурда суу кечпей калаарын ошол эле Ирактын, Югославиянын жана Грузиянын мисалдарында жакшы эле сабак алгандай болдук эле го. "Эки тоонун чөбүн эңсеген эчкидей" болуп, ара жолдо калбасак болду.
Ушундай кысталыш мезгилде ички саясатта кыйратпаса да, тышкы саясатта кылдат иш алпарган Акаевдин америкалыктардын да, орустардын да көңүлүн тапкан "Эки уйдун желинин бирдей эмген жоош музоонун" элесин берген тышкы саясаты аргасыз эске түшөт экен.

Эрнис БАЛБАКОВ