Адилеттиктин туусу жыгылбасын
"Адилеттүүлүктүн туусу дайыма желбиреп турбаган коомдун түбүндө чоң мандем бар", - деген экен кезинде кытай акылманы Конфуций. Эки жарым миң жылдай мурда айтылган бул сөз бүгүн да өз күчүнөн тайый элек. Анткени дал ошол адилеттүүлүктүн туусу эмес, көлөкөсүнө зар болгондор биздин турмушубузда, тилекке каршы, арбын кездешип жатат. Буга далил издеп, алыска ат арытуунун зарылдыгы жок. Канча мезгилден бери ошо адилеттүүлүк, акыйкаттуулук, мыйзамдуулук деген нерселерге тирек боло турган адамдардын өздөрүнөн жапа чегип, моралдык басынууларга дуушарланып, мыйзамдуу түрдө сатып алган имараттын, же аны сатып алууга кеткен акчамдын кайра колума тийбей убара тарттырып келе жатышы эле эң сонун далил.
Эмесе, сөз башынан болсун. Мен Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз айылынын участкалык ооруканасында санитаркалык жумушта жыйырма жылдан ашуун үзгүлтүксүз эмгектенип, 1992-жылы татыктуу эс алууга чыккам. Абышкам Малик көп жылдар бою Жети-Өгүз мамлекеттик чарбасында иштеген. Ал да 1994-жылдан бери карылыгы боюнча пенсияда. Ал экөөбүз жети баланы тарбиялап, эрезеге жеткирдик. Үйлөнтүп, жайланттык, кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр неберелерибизди жетелеп, алардын кылык-жоруктарына маашырланып, былдыраган тилдерине эбедейибиз эзилип турган чак. Абышка-кемпир үчүн мындан өткөн бакыт болбосо керек.
Ооба, ата-эне балдары үчүн, алардын жаркын келечеги, бактысы үчүн жашайт эмеспи. Айрыкча - кыргыздар. Мамлекетибиз эгемендик алганы колунан келген адамдарга көп мүмкүнчүлүктөр ачылды. Колунда барлар, ыңгайын тапкандар заңгыраган базарларды, дүкөндөрдү, башка ар кандай ишканаларды ачып, өздөрүнүн, бала-бакыраларынын жашоо-турмуштарын жакшыртууга багыт алышты. Биз да балдарыбыздын бир орчундуу керегине жарап калаар деген аздек ниетте көп жылдардан бери чүмчүлөп, кээде мал-сал сата коюп дегендей, тырбалаңдап тыйын-тыпыр чогултуп жүргөн элек. Оңдой берди болуп, 2007-жылы Жети-Өгүз айылындагы "Чайкана" сатылып жаткандыгын угуп калдым. Ал мурдагы райондук керек-жарак союзуна караштуу болуп келип, кийин, тактап айтканда, 1999-жылдын 18-декабрында "Жети-Өгүз" коопсервиси болуп кайра түзүлгөн кооперативдин карамагындагы имарат экен. Көптөн бери кароосуз калгандыктан, үстү түшүп, көп жерлери бузулуп, айрым материалдары тонолуп кеткенин көрдүк. Анын ремонтуна эле оңбогондой каражат жумшалмак. Бирок, ошого карабастан балдарым, туугандарым менен акылдашып, кеңешип көрүп, ошол имаратты сатып алып, кайрадан жасалгалап туруп, биргелешип иштетүүнү чечтик.
Керек-жарак союзунун Ысык-Көл областтык Башкармалыгынын 1999-жылдын 14-майында кабыл алган Токтомунун экинчи бөлүмүндө аталган башкармалыкка тиешелүү болгон уюмдарды, ишканаларды, объекттерди атайын түзүлгөн комиссия тарабынан баалоо жолу менен сатуу каралган. Бул токтомдун негизинде ошол учурда сатыкка коюлуп жаткан чайкана 2002-жылдын 27-майында 70000 (жетимиш миң) сомго бааланып, Ысык-Көл областтык кооперативдердин ошол кездеги жетекчиси М. Исаев тарабынан бекитилген экен.
Сатып алуу боюнча тиешелүү арыз жазып, аталган коопсервистин башкармалыгына кайрылдым. Башкармалыктын төрайымы Фатима Канетова менин оюма каршы болгон жок. "Жети-Өгүз" коопсервисинин жалпы чогулушунда аталган чайкананы сатуу жөнүндөгү 2007-жылдын 30-августунда № 1-чи атайын токтом кабыл алынды. Анда: "Жети-Өгүз айылындагы чайкананын имараты авариялык абалда турат. Калың түшкөн кардын салмагынан төбөсү түшүп калган. Муну оңдоп-түзөп, баштапкы калыбына келтирүүгө коопсервистин каражаттык мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан коопсервистин Башкармалыгы бул имаратты өз балансынан чыгарып, Жети-Өгүз айылынын тургуну Жаңыл Рахимовага сатат" - деп белгиленген. Ошол токтомдун негизинде чайкананын баштапкы баасы кайрадан каралып, учурдагы инфляцияга байланыштуу 150000 (жүз элүү миң) сомго бааланган. Мындай баага мен деле каршы болгон жокмун. Жетпей калган акча каражатын балдарым, жакын туугандарым чогултуп беришти.
Жакшы тилек - жарым ырыс эмеспи. Ошентип, коопсервисттин башкармалыгы менен юридикалык толук документтердин негизинде сатуу-сатып алуу келишимин түзүп, 2007-жылдын 30-сентябрында аталган башкармалыктын кассасына 150000 сом төгүп бердим. Бул боюнча кириш ордерин колума алдым. Өткөрүп алуу - өткөрүп берүүгө тиешелүү келишим түзүлгөн. Эми калган документтерин толуктап, ремонт иштерин жүргүзүүгө кам ура баштадык. Балдарым декилдеп чуркап, колдорунда бар материалдарын чогултууга киришти. Айыл жерлеринде жумушсуздук күч алып, барган сайын жакырланган үй-бүлөлөр арбып бара жаткан учурда, бул кароосуз калган чайкананы жасап-түзөп иштетүү балдарым, туугандарым үчүн бир нече ыңгайлуу жумуш орундарын камсыз кылмак. Бул жагдай аларга чоң дем бергендей шыктандырып, ишке белсене киришишти. Абышкам экөөбүз баш-көз болуп дегендей, кеп-кеңештерибизди берип алардын катарында жүрдүк.
Ушул жерден бала кезимде уккан бир икаяны келтире кетким келет. Илгери бир койчу жигит болгон экен. Жайдыр-кыштыр кийгени таар чапан, бутунда чарык. Кышы ызгаарга кайыгып, жайы аптапка сызгырылып тапканы кара кекиртегинен ашпайт. Же анысы кериле тойгузсачы. Ошол жигит бир күнү байдын баласынын бутунан капкара, келишкен булгаары өтүк көрүп калат. Дүйнөдө ушундай керемет нерсенин бар экенине бир ишенип, бир ишенбей дел болот. Отурса оюнан, уктаса түшүнөн кетпейт. Ошондой өтүктүү болсом деп самайт. Ал үчүн өтүк бакыт деген нерсенин туу чокусундай сезилет. Байдан алган жарыбаган эмгек акысынын жарымын бекем коңулга катып, күндө бир маал гана шам-шум этип жүрөт. Ачкалыктан көзү караңгылап жыгылганы канча, бечаранын. Бирок көздөгөнүнөн кайтпайт. Ошентип, беш-алты жыл бою кезээрип чогулткан пулуна соодагерден көздөн учкан өтүктү сатып алат. Кийип чыккан күнү байдын баласынын көзү түшүп, ошол замат чечтирип алат. Муну көргөн чириген бай мыйыгынан жылмайып, көрмөксөн болуп коет. Мына, адилетсиздиктин жеткен чеги.
Балким, бет алган ишибиз күтүлбөгөн тоскоолдукка учурабай, оңунан жүрүп кеткенде бул икая эсиме түшөт беле, түшпөйт беле, ким билсин. Койчу жигитти мүңкүрөткөн адилетсиздик ошол караңгы заман менен бирге жок болуп кетпептир. Канча кылымдарды карытып отуруп, биздин күнгө жетиптир, каран калгыр. Көрсө заманың оош-кыйыш болуп турган чакта адилетсиздик, акыйкатсыздык деген нерселер да өз жүзүн көрсөтө коюп, бөөдө жеринен адамды убайымга салып, ичкениңди ириң, жегениңди желим кылып коёт тура. Муну азыр өз башымдан өткөрүп жатканымдан улам айтып жатам. Кеп нугун эми ушуга бурайын.
Жакшынакай тилек, алга дегдеңдеткен максат менен колго алган келечектүү ишибиз күтпөгөн жерден тоскоолдукка учурады. Мен сатып алган чайкананы мыйзамдын негизинде өзүмө каттатып алмакчы болуп, тиешелүү мекемелерге кайрыла баштаганымды угуп, бир күнү өзүбүздүн айылдын тургуну Токон Иманакунов деген адам келип, "бул чайканага тийишпегиле, муну мен 2000-жылы эле сатып алгам" - деп оозубузду ачырып койду.
Бул маселенин чын-бышыгына жетүү үчүн кайра "Жети-Өгүз" коопсервисине кайрылдым. Адатта "укмуштуунун төөсү жорго" деп коюшат го. Анын сыңарындай, "Токон" дыйкан чарбасы менен бул коопсервис өзүнө тиешелүү кеңсени багы менен, ашкананы кампа имараты менен, үч кампа жайгашкан чарбалык короону сатуу боюнча 2000-жылдын 20-октябрында өз ара келишим түзүшкөн экен. Анын негизинде аталган объектилерди жалпысынан 200000 (эки жүз миң) сомго баалашкан. Бирок бул келишим мыйзамдаштырылган эмес. Демек, келишимде мыйзамдык күчү жок. Бул биринчиден. Экинчиден, жогору жакта айтылгандай, Ысык-Көл областтык кооперативдердин ошол кездеги жетекчиси М. Исаев тарабынан бул чайкананы сатууга 2002-жылы гана уруксат берилген, бул боюнча атайын токтом чыккан жана ошол токтомдун негизинде атайын чайкана имаратын баалоо комиссиясы түзүлүп, ал комиссия имаратты ар тараптан карап көрүп, 70000 сомго баалаган. Ал токтом азыркы учурда да толугу менен өз күчүндө турат. Демек, бул токтомго таяна турган болсок, 2000-жылы чайкананы сатууга Ф. Канетованын укугу жок болуп чыгат.
"Керкисинде да, кемигинде да бар" демекчи, бул жерде эки суроо туулат. Биринчиси, эмне үчүн Ф. Канетова чайкананын мурда сатылып кеткенин башында мага айткан жок? Экинчиси, Т. Иманакунов чындап эле сатып алган болсо, анда эмне үчүн жети жыл бою аны пайдаланбай, кароосуз таштап салды? Бул суроолорго 2007-жылдын 12-декабрындагы Жети-Өгүз райондук сот отурумунда жооп алууга мүмкүндүк болду. Б. К. Ишенбаев төрагалык кылган соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Т. Иманакунов "Жети-Өгүз" коопсервисине тиешелүү болгон, Жети-Өгүз айылындагы чайкана имаратын сатып алуу боюнча аталган коопсервистин жетекчилиги менен келишим түзгөн. Анын негизинде 2000-жылдын 20-октябрында коопсервистин жетекчиси Ф. Канетовага 20000 сом берген, бул акчаны алгандыгы тууралу Ф. Канетова тил кат жазып берген. Бул акча коопсервистин кассасына кириштелген эмес. Демек, бул берилген акча, Ф. Канетова менен Т. Иманакуновдун ортосунда алиги чайканага тиешеси жок өз ара алыш-бериши болушу да мүмкүн. Бирок, Т. Иманакунов келишим түзүлгөндөн алты жылдан кийин гана 20000 сом төлөгөндүгү жөнүндө № 5 кириш ордерин алган. Т. Иманакунов келишимде көрсөтүлгөн акчанын калганын төлөп, сатуу-сатып алуу келишимин, башка тиешелүү документтерин мыйзам чегинде каттатуу үчүн сураганда Ф. Канетова ар кандай шылтоолорду айтып, убакытты созуп, таптырбай жүргөндүгүн, мунун кесепетинен улам сатып алган имаратты каттата албай жүргөндүгүн белгилеген.
Айланайындар, алты жыл бою жол каратып зарыктырып жүргөн адамы акчаңды алып барып берейин дегенден кайсы пенде качсын. Демек, ушул негизде Т. Иманакуновдун айткандары - чайкананын акчасын төлөп берем- деп коопсервистин башчысы Ф. Канетованы ошол күндөн ушул күнгө чейин такыр таппай койдум-дегени карандай калп. Ф. Канетова катуурак кыйкырса үн жеткен он сегиз чакырым аралыктагы Каракол шаарында жашайт. Т. Иманакунов ал шаарда ар күнү болбосо да эки күндүн биринде болуп турат.
(Уландысы кийинки санда)

Жаңыл РАХИМОВА,
Жети-Өгүз айылы