Актоо эмес, тактоо же реплика ордуна

Аманкулов акталды, айыптуу ким тактайлы…
Муз козголду…
Гезитибиздин №45, 46 сандарында жарыяланган "Аким М.Аманкуловдун амалы, Ак-Батадагы коррупциянын каналы" макаласы окурмандардын да, бийлик бутактарынын арасында да катуу резонансты пайда кылды. Натыйжада, Ак-Батадагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү 2008-жылдын 19-сентябрындагы №186-п токтомго мурдагы аким М.Аманкулов кол койбогондугун жана ага катышы жоктугун тастыктаган, бул токтомго Свердлов райондук администрациясынын башчысынын азыркы биринчи орун басары В.Красильников кол койгонун өзү мойнуна алып отурат.
Токтомду кабыл алууда коомдук турак-жай комиссиясынын кеңешмеси өткөрүлүп, ага Бишкек шаардык кызматынын өкүлү жана жаңы конуштун 5 айыл башчыларынын катышуусу менен жер тилкесин бөлүштүрүү, бекитип берүү жана кайра бекитүү маселелери каралгандыгы көргөзүлөт. Жер тилкесин бекитүү жана кайра бекитүү турак-жай курулган жерге жүргүзүлгөндүгүн жана бул КРнын Жер тууралуу мыйзамына туура келерин белгилейт. Тилекке каршы, ал кайсы беренелерге таянаарын көрсөтпөй отурат. Ошол эле учурда 19.09.2008-ж. №186-п токтомун кабыл алууда Свердлов райондук администрациясынын мурдагы акими М.Аманкуловдун катыштыгы жок экендигин жана жогорудагы маалыматтардын негизинде М.Аманкулов тууралуу айыптоолорду төгүнгө чыгарууну өтүнгөн №08-667 санындагы кат 2009-жылдын 22-июнунда келип түшкөн.
Албетте, М.Аманкуловго коюлган айыптоолор үчүн гезитке күнөө коюу мүмкүн эмес, анткени алынган маалыматтар кайсы документациялардан алынганы так көргөзүлгөн. Ал эми 186-п санындагы токтомго Свердлов райондук администрациясынын акиминин ордуна, ага акимдин азыркы учурдагы 1-орун басары В.Красильниковдун катышы бар экени анык.
Ырас, дээрлик маанилүү документацияларга аким жокто, анын орун басарлары маселени чечип, кол тамгасын койгонго укуктуу. Ошондой болсо да, "көйгөйлүү маселелер көтөрүлгөндө" "жоопкерчиликти мойнуна алган" түр көрсөтүп, өзүнүн кадыр-баркын көтөрүүгө кырдаалды пайдаланып калгандар да болот эмеспи. Свердлов райондук администрациясынан В.Красильников ушул максатты көздөдүбү же жокпу, муну аныктоо милдетибизге кирбейт.
Макалада фактылар боюнча тиешелүү документациялар сакталуу турат. Демек, М.Аманкулов редакциябызга "күйүп" келгени жана В.Красильниковдун жообу чындыктын учугу кайда экенин, "кимдер чокту кимдин колу менен шилеп" жатканын ачып берээр учур алдыда экенинен кабар бергенсийт. "Бороон кабарчысы босогобузга" кирип келди. Кептин учугу бизде эмес, ишти күч жана укук органдары адилет текшергенине байланыштуу болоорун белгилейбиз.
Бул актоо эмес, тактоо. Коррупция каналынын башында М.Аманкуловдун жок экендигин акимдин азыркы 1-орун басары В.Красильников тастыктап, ошол эле учурда чечимге өзү кол койгонун тана албас. Демек, мындай канча "калпыс чечимге" кол койгонун В.Красильников өзү билет, дагы бир "кудай билет"?
М.Аманкуловдун бул иште "амалы" бар экендиги Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук администрациясынын 2009-жылдын 22-июнундагы №08-667 каты аркылуу төгүндөлдү, бирок Ак-Батада коррупция каналынын күч алышына себепкер кимдер экенин бийлик бутактары эми ачыкка чыгарууга тийиш.
Акыры чындык чыга турган күндөр али алдыда…
Бизге дем берген бир гана нерсе, "сындын арты - чыр" экенин билсек да, карапайым калктын таламын колдоп чыкканыбызда…
Кайталайбыз, катарлап чыккан макалабыздан кийин бири актыгына күйүп келсе, бири күнөөсүн кыйыр түрдө болсо да моюнга алып, тоңгон муз козголду…
Буга да, кудайга шүгүр! - деп туралы.





 "Күйгөндөн айтам бир сабак"

Кадыр-баркка канткенде кайрылып бара алабыз…
Качан болсо да, калкыбыз карыяларды кастарлап, алардын калыс сөзү элдин биримдигин бекемдеп, ыркы кеткендерди ынтымакка келтирип турган. Кыргыздардын 70-жылдарга чейинки аралыкта сотко чуркаганы же даттанганы сейрек болоор эле. "Баш сынса бөрк ичинде, кол сынса, жең ичинде" болуп, бейчеки жасаган иши үчүн аксакалдардын астында кызыл өңүн бозортуп, жооп берип туруу ар бир адам үчүн абийирин жоготуп алгандай таасир калтыра турган. Бүтүндөй айыл ичин кадырлуу бир аксакал эле тескеп, тартипке салып койчу. Акыл-эске кирген адамдар эмес, ошол кездеги тестиер биз деле саламыбызды айтып, алардын берген ар бир суроосуна түз, так жооп бергенге милдеттүү элек.
Айыл аксакалдары бир дөңсөөгө чогулуп, өздөрүнчө отуруп, бирди жарымы тогуз кумалак ойносо, калгандары нарктуу сөзгө киришип, ойноок балдар барып калсак, элибиздин санжырасын айтышып, чежиресин чечип беришчү. Биздин чыдамыбыз чегине жеткенде, "барып, ойногула!" - дешип жөнөтүп койчу. Ал эми бирди-жарым чатак иштерди талдоо керек болсо, күнөөлөнгөн жана даттанган адамдардан башкалар карыялар жыйынына катыштырылуучу эмес. Ошентип, бул эки тараптын талаш-тартышы эмнеден башталганын эки адам, жыйындагы карыялар гана билишип, ал жөнүндө сөз айтууга тыюу салынган эрежелери болоор эле. Демек, жооп алуу мүмкүн болбогондуктан, ал жөнүндө эч ким карыялардан батынып сурай алчу эмес. Карыялардын жаштар менен аралашып, калжың сөз айтышып, "стакан кагышканын" ал учурда ким көрүптүр? Жаш өзгөчөлүгүнө жараша инстанция да сакталган эле. "Уят, абийир, ар-намыс" биринчи коюлуп, аксакалдарыбыз каада-салтты катуу кармаган. Сырттан келген адам болсо, адегенде ага даам сыздырып, андан кийин келген себебин сураган. Алгач ден соолугун, айыл-апанын аман-эсендигин, көргөн-билген тааныштарынын дайынын, мал-жандын аман-соосун, андан кийин гана келген себебин тактап сураар эле. Бул бекем тартип болчу. Аксакалдар карыялык касиетин да таза кар- машчу.
Аттиң! Азыркы учурда "аксакалдарыбыз" элибиздин ушул ыйык касиетин сактай алыштыбы?
Жок, жок, дагы бир ирет жок. Азыркы күндө аксакалдарыбыз арактан бура тартпай, жаш балдар менен калжаңдап, баштарын калчылдатып, стакан кагышып, сакалынан ылдый шилекейин агызып, "секетпайларды" созолонтуп калганына канчабыз күбө болуп келебиз.
Карылык калыстыгынан тайып, "дүжүр чалга" айланагандар калкыбызга кайсы акыл-насаатын айтмак. Алардын таз кейпин көргөн адамдарга, анын сөзү таасирдүү болобу?
Кээде айылдарга кыдырып калам. Көпчүлүк учурда "кастарлуу карыяларыбыздын" калктын тагдыры же келечегин сураган учуру сейрек, андан көрө Бишкекте картөшкөнүн, төө буурчактын, тамак-аштын, кийим-кеченин баасын, мал базарда малдын наркын сурашат. Ошондон улам, карыбыздан жашыбызга чейин "акчанын кулуна айланганыбызды ойлоп", зээним кейийт. "Дүжүр чалдардан" "дүжүр балдар", ажаан аялдар гана жаралаарын ойлоп, үрөйүм учат.
Биз качан "дүжүрлүктөн" арылабыз? Биз качан эзелки ата-бабаларыбыздай наркыбызды, баркыбызды сактаган нукура аксакал болобуз, боло алабыз? Ошол кадыр-баркка канткенде кайрылып бара алабыз, кутмандуу карыларым! Үн каткыла!..

Эртабылды Аттокуров