"Ачык саясаттын" архивинен. 30-январь 2009 - жыл №7 (43)

УНУТУЛГАН УБАДА, АЛДАНГАН ЭЛ, КОРКУНУЧТУУ КЕЛЕЧЕК,
ЖЕ ПРЕЗИДЕНТ БАКИЕВКЕ АЧЫК КАТ
Менин колумда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бакиев Курманбек Салиевичтин шайлоо алдындагы программасы турат. Бул - расмий документ. Буга Бакиевтин колу коюлуп, № 1220 буюртма менен 20.06.2005 - жылы "Учкун" басмаканасынан 200 000 нускада басылып, элге таратылган.

Президенттике талапкер Бакиев мындан 3.5 жыл мурда кандай убадаларды берип бийликке келгенин өзү да, эл да унутуп калгандай. Ошондуктан, "Жүз уккандан - бир көргөн" демекчи, келгиле, бул документти өз көзүбүз менен көрүп, окуп чыгып, акыл калчап, баабызды берели. Мындан ары элге жалган убадаларды берип бийликке келип, тескери саясат жүргүзүп, жоопкерчилигин унутуп, элдин эрки менен эсептешпей койгон рэкет-бийликтин пайда болушуна бөгөт коюуга биринчи кадамды жасайлы. Президент Бакиев да берген убадаларынын канчасынын өтөсүнө чыгып, канчасын "теңирден тескери" жасаганын көрүп алсын.
Ошол эле убакта, ушул макаланы Курманбек Бакиевге багытталган ачык кат деп эсептейм. Менин Кыргызстандын жараны катарында мындай кат менен Президентке кайрылууга укугум бар. Ошондуктан, Президент мырза, төрт жыл мурда сиз элден президенттик кызматты сурап жатканыңызда берген убадаларыңызды кантип аткарып же эмне үчүн аткарбай, же таптакыр тескери аткарып жатканыңызды шайлоочуларыңызга түшүндүрүп берүүңүздү талап кылам. Төмөндө сиздин талапкерлик программаңыздагы төл сөзүңүздү толук бойдон келтирдим. Эл сиздин берген убадаларыңызга б.а. милдеттенмеңизге ишенип, сизди мамлекеттин эң чоң кызмат ордуна шайлаган. Президенттик кызматка киришерде Конституциянын 45-беренесине ылайык "эл ишенип жүктөгөн милдетти аткарууга ыйык ата-журттун алдында ант берем" деп касам ичкенсиз. Ошол эл ишенип жүктөгөн милдеттер өзүңүздүн талапкерлик программаңызда жазылган. Андыктан, элдин алдында өз милдеттенмеңиздин ар бир пунктун кандай аткарып жаткандыгыңыз тууралуу отчет берүүгө милдеттүүсүз. Эгерде, сиз президенттик тактыга элди алдоо жолу менен келип, жеке кызыкчылыгыңыз үчүн журт башчылык кызматты кыянаттык менен пайдаланып, убадаларыңызды - антыңызды аткарбай же теңирден тескери иш кылган болсоңуз, анда сизди ант уруп, элдин наалатына калып, "саясый аферист" атыгасыз. Ошону менен бирге Конституциянын 45-беренесин одоно бузган болосуз. Дагы кошумчалай кете турган нерсе - сиз 2007-жылы бурмаланган референдум аркылуу чексиз бийлик укуктарын алдыңыз. Аныңызды "өлкөнү ийгиликтүү башкаруу үчүн керек" - деп түшүндүргөнсүз. Бирок, бул Конституцияда Президенттин бир дагы жоопкерчилиги көрсөтүлбөстөн, жалаң сиздин укуктарыңыз жазылган. Келиңиз, жоопкерчиликтен качпай, эл алдыңда ак сүйлөп, жазуу жүзүндө берген убадаларыңызды кандай аткарганыңыз жөнүндө жооп бериңиз. Жооп бергенден корксоңуз же уялсаңыз - өз арызыңыз менен кызматтан кетиңиз. Логика ушундай.

Кайрылуу (Негизги максат)
Кымбаттуу мекендештер!
Элдик революция силердин эркиңерди, эркиндикке, татыктуу жашоого жана жакшы келечекке умтулууңарды көрсөттү. Биздин алдыбызда тарыхий сыноо турат - чечилбей келген социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү, өлкөнү коррупциядан тазалоо, бийлике элдин ишенимин кайтаруу. Биздин максат - өлкөнүн жарандары үчүн жогорку деңгээлдеги жашоону камсыз кылуу, коомду демократизациялоо, эффективдүү экономикасы бар кубаттуу мамлекет түзүү. Биз бул сыноолордон ийгиликтүү өтөбүз.

1. Мамлекеттик түзүлүштү өркүндөтүү
- бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды жана функцияларды теңдештирүү б.а. балансына жетишүү.
- сот системасын реформалоо, сотторду шайлоо принцибине өтүү.
- саясий, экономикалык, социалдык маселелерди чечүүдө саясий партиялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун ролун жогорулатуу.
- натыйжалуу кадр саясатын жүргүзүү, патриот-профессионалдарды бийлик кызматынын бардык бутактарына тартуу. Жаштардын мамлекетти башкарууга келишине шарт түзүү.
2. Экономиканын атаандаштык мүмкүнчүлүгүн көтөрүү
- ата мекендик ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү.
- арзан кредиттер менен камсыз кылуу.
- ишкерлердин салыгын жеңилдетүү.
- кичи жана орто ишкерлерди колдоо.
- жаңы ири ишканаларды куруу.

3. Экономикадагы артыкчылык берилүүчү багыттар
- гидроэнергетика.
- тоо-кен өнөр жайы.
- айыл-чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы.
Бул тармактарды өнүктүрүүгө эл аралык талаптарга жооп берген бардык шарттарды түзүү.

4. Социалдык маселелерди натыйжалуу чечүү
- жумушсуздукту кыскартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү.
- калктын ар түрдүү катмарындагы социалдык өнүгүүдөгү теңсиздикти азайтуу - коомдо кирешеси жашоосуна жетпеген адамдар болбошу керек.
- башка өлкөлөргө кетип жаткан калктын миграциясын азайтуу.
- турак-жайлар менен камсыз кылууну жакшыртуу, арзан ипотекалык кредит берүү.
- билим беруу жана медициналык кызмат көрсөтүүдө бардык жарандар үчүн бирдей шарт түзүү.

5. Жеке жана мамлекеттик менчиктин кепилдиги
- менчиктин бардык формаларынын коопсуздугун камсыз кылуу.
- мамлекеттик менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу колдонуу - айрыкча жер байлыгын жана экономиканын стратегиялык тармактарын.

6. Тышкы экономикалык кызматташуу
- тыштан келген жардамдарды натыйжалуу пайдалануу.
- кошуна жана алыскы өлкөлөр менен экономикалык кызматташууну жакшыртуу.

7. Мамлекеттик идеология жана элдин рухун көтөрүү
- эл сыйлаган баалуулуктарды калыбына келтирүү.
- жаштарды заманбап көз карашта тарбиялоого көңүл буруу.

8. Билим-бул күч
- улуттун билим деңгээлин өстүрүү, коомдо билимдүү адамдарга муктаждыкты пайда кылуу.
- коомдо кесипкөй жумушчулардын жана инженерлердин баркын жогорулатуу.
- өндүрүштө жаңы технологияларды киргизүү мамлекеттик маанилүү маселе болот.

9. Коррупция менен күрөшүү, мамлекеттин коопсуздугу жана укук тартиби
- коррупция менен күрөшүү, мамлекеттик башкаруу органдарын коррупцияланган чиновниктерден тазалоо.
- укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу.
- аскер күчтөрүн жакшыртуу, курамын жогорку даярдыктагы жоокер жана офицерлер менен калыптоо.

10. Ата Мекендин жаратылыш байлыгына этият мамиле жасоо
- жаратылыштын кооздугун, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо.
- жаратылыш кокустуктарын алдын-алуунун комплекстүү чараларын кабыл алуу.
Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди аткарууга бардык күчүбүздү жумшап, Кыргызстанды гүлдөгөн мамлекетке айландырабыз.
Мына , Бакиевтин шайлоочуларга берген убадасы - милдеттенмеси. Окурман өзүң талдап көр. Бакиев революция жасаган элдин эрки менен эсептештиби? Чечилбей келген социалдык-экономикалык проблемаларды чечтиби? Өлкөнү коррупциядан тазаладыбы? Үй-бүлөлүк бийликти жойдубу? Кыргыз элинин улут катары ынтымагын жана биримдүүлүгүн бекемдедиби? Элдин бийликке болгон ишенимин арттырдыбы? Жарандарга жогорку деңгээлдеги жашоо шарт түздүбү? Оңдойм деген демократияны чын эле оңдодубу же ойрон кылдыбы? Кыргызстан кубаттуу мамлекетке айландыбы?
Берилген бул суроолорго элдин жообу го белгилүү, а Бакиев өзү эмне деп жооп берээр экен? Менимче, ал жооп бергендин ордуна куру убадаларынын узун тизмесин кайрадан даярдап, келээрки президенттик шайлоонун камын көрүп жатат. Ачык айтсам, экинчи мөөнөттүн мандатын алганга элдин добушунун анчейин деле кереги жок - ишенимдүү чиновниктери эле жазып беришет. Мындай "шайлоо сөрөйлөрдүн" технологиясын өткөн жылдары иштеп чыгып коюшкан. Бул технологияга бир гана нерсе керек. Элдин кайдыгер гана унчукпай отуруп бериши.
Урматтуу окурман, президенттикке талапкер Бакиевдин ошол кездеги убада-программасы менен төрт жылдан кийин кайра таанышкандан соң - аны ошол кезде колдоп, добуш берген адам катары менде таң калуу, жийиркенүү жана коркунуч сезимдери пайда болду. Таң калганым - биздин бийлик системабыз жана коомчулугубуз б.а. ЭЛ мамлекет башчыга ушундай жоопкерсиздикке баруусуна жол бергендигибиз. Жийиркенгеним - бийлик менен байлык адамдын жан дүйнөсүн ушунчалык деңгээлде ыплас кылып жибергени. Коркконум - азыр оппозициянын ачуу даамын чогуу татып, ишеним артып жүргөн адамдардын бирөөсү эртең бийликке келсе, бүгүнкүдөй ахвал кайталанбайбы дегеним.
Корутунду сөз катары айтаарым -эч нерсеге жооп бербеген, чексиз бийлиги бар Президенттин өз үй-бүлөсүнөн башка кимге кереги бар? Тескерисинче, өлкө үчүн мындай Президент коркунучтуу. Ал каалаганын сабайт, каяша айтканды камайт, оюндагы ойсоке опуттарын жасайт, элдин пикирин уруп ойнобойт, кыргыздын кылымдар бою кан төгүп сактап келген ыйык жерлерин эли менен кеңешпей туруп кошуналарга берет, бир ууч өзүнө жакын кадрларды бир тармакты талкалагандан кийин экинчисине орун которуу жана түшүнүксүз "кайрылуулар" менен элдин көңүлүн алаксыткысы келет. Кризистен чыгуунун чыныгы жолу - өлкөнүн бийлик системасынын бир кишиден көз карандылыгын жоюп, жаңы жана таза кишилерди бийликке алып келүү. Азыркы бийликтин казына бош калып, айласы түгөнгөндөгү жүргүзгөн саясатынын өзөгүн "САТ" деген принцип түзөт. Көрүп атасыңар, акыркы мамлекеттик стратегиялык менчиктерди сатыкка коюп, канча "шапке" аларын санап, шилекейин чууртуп турган кези.
Бүгүнкү бийлик жарандарга өлкөнүн территориясында эркин жүрүп, каалаган адамы менен каалаган жеринде жолугушууга тыйуу салууда. Себеби элдин, коомчулуктун биригишинен коркушат.
Бакиев (өзүңөр күбө болуп тургандай) берген убадаларын аткармак турсун теңирден тескери жасаганына карабай, азыркы кезде президенттик тактысынын мөөнөтүн дагы бир жолу узартууга даяр. Албетте, таза шайлоо болсо, кимди шайлаганды элдин эркине койсо, Бакиев өзүнүн туугандарынын жана бир ууч табакташ чиновниктеринин гана добушун алаары турган иш. Бирок маселенин өзөгү - Бакиев жана анын жанжөкөрлөрү элди кайдыгер жана коркок деп санап, аларды каалагандай алдаса, тебелесе боло берет экен - деген ишенимге келип алышканында. Шайлоо жарыяламыш болуп силердин добушуңарды каалагандай уурдап алып, жаңы мөөнөткө өзүнүн президент болгонун жарыялаарын бөркүңөрдөй көрө бергиле. Ошондуктан, маселе добушуңарды кимге бергенде эмес, кантип сактап калганда болуп турат. Бүгүнкү шартта бул активдүү жарандык позицияны талап кылат. Себеби, бийликтин колундагы репрессиялык машине баарын тепсегенге даяр. Жыйынтыктап айтканда, учурдун трагедиясы - Бакиев Кыргызстанда жаңы саясый кырдаал түздү. Анын маңызы - бийликти эл шайлаган адамга, саясий партияга бербейм - деген саясат. Бул диктатуралык багытка даңгыр жол. Эң негизгиси Эл ойлонушу, ойгонушу керек. Ар бир адам келечекте Бакиевдердин кулу болбой, өзүн эркин сезип, эркин Кыргызстанда жашаганды кааласа, бүгүн бул бийликке - ууруларга, жалганчыларга "мен каршымын" - деп ачык айтып чыкпаса эртең кеч болуп калат.
Ташполот Балтабаев
Медицина илимдеринин доктору,
ЖКнын экс - депутаты