Энелер сыйдан калып…

Петровка чатагы, же энелердин арманы…
Жалпы кыргыз элинин намысын козгогон Петровкадагы чуулгандуу чыр - чатактар Чубактын кунундай эле чубалжып уланып барат. Айтсак, ал жерде чыккан чатактын "авторлору" - деп, ак жеринен айыпталып жатышкан "Жашылдар" партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев, "Болуш" бирикмесинин жетекчиси Сапар Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскуловдор эки айдан бери темир тордо мыйзамсыз камалып жатканын жалпы эл жакшы билет. 17- июнь күнү алардын туугандары камакта жаткандарды бошотууну талап кылышып, кайрадан нааразычылык акциясына чыгышканын өткөн саныбызда жазган элек. Ошондон эки күндөн кийин Сапар Аргынбаевдин карындашы Нургүл Аргынбаева жана апасы Уулболсун апа менен Уран Рыскуловдун энеси Жийде апа редакциябызга кайрылып, арыз армандарын айтып кетишкен эле.

Нургүл Аргынбаева:

"Кубанычбек Сыйданов өзү биз менен жакын тууган"
- Биз 17-июнь күнү туугандарыбызды бошотууну талап кылып, Беловодскийдин борбор аянтында нааразычылык акциясына чыкканбыз. Бул жолу улгайып калышкан апаларыбыз да, "бийликтегилердин деле биздей апалары болсо керек. Бир аз сыйлап, өтүнүчүбүздү канааттандыраар "- деген аруу тилекте биз менен кошулуп чыгышкан. Бирок, ал тилегибиз орундалган жок. Прокурор Азамат Молдобаев баш болгон бийлик кызматкерлери бизди го мейли, картаң энелерибизди көзгө илбей, ошол жерде колдорун болушунча канталатып кайрып - толгоп, "салгыла бул иттерди машинеге"- деген орой сөздөрдү айтышып, баарыбызды машинеге "тыгып" камоочу жайга камап салды. Ал жерден апам Уулболсундун кан басымы жогорулап, тез жардам чакырдык. Кыйналып жаткан улгайып калган апамды да аяп, жакшыраак мамиле жасап койгонго жарашкан жок. Күнөөбүз, ошол мыйзамсыз, уруксатсыз митингге чыгып, коомдук тартипти бузуп жаткан имишпиз. Чындыгында биз нааразычылык акциясына чыгаарыбыз тууралуу тиешелүү жерлерге билдирүүнү 4 -июнда жөнөткөнбүз. "Аянтка чыксаңар уруксат, бирок бүт чыгымдарды мойнуңарга аласыңар. Мисалы, таштандыларды жыйноо, милициялардын чыгымдары дегендей…"- деп шарт коюлган жоопту алганбыз. Ал билдирүү апаларыбыздын колунда турганына карашпай, камакта алты сааттан ашык жаттык. Алар бизге адамча кайрылып, адамча айтпастан, "азыр силерди камап салабыз, кеткиле"-деп одоно мамиле кылышып, ар бирибизди бештен милиция кармап келди. Кечке маал өздөрү тараптын адвокаттарын бизге "жалдап" соттук териштирүү иштерин жүргүзүшүп, жыйынтыгында Сапар байкемден кийинки байкеме, мага, менин апама жана Эркин Булекбаевдин инисине миң сомдон айып салышты. Ал эми Уран Рыскуловдун апасына жана таежеме эскертүү беришти. Биринчисинде мага он беш күн "арест" беришкен, бирок, "мынча катуу кетпейли" дештиби, айтор кайра ал "өкүмүнөн" айнып калышты.
- Ал айып акчаны төлөгөнү жатасыздырбы же..?
- Жок, ал айыпка салынган акачаларды эч качан төлөбөйбүз. Анткени алардын кылган жосундары мыйзамсыз. Бизди экинчи митингге чыкпасын дешип коркутууга аракет кылып жатышат. Биз беттегенибизди бербейбиз, бизди алар ушинтип эле коркутуп койсок, коркуп калат деп ойлоп жатышса керек. Антип ойлошсо, жаңылышат. Алардын бул кылгандары Петровка элинин кыжырын кайнатып жатат. Мындай иш чаралар алдыда дагы улана берет. Талап аткарылмайынча Петровка тынчыбасын алар эсине алып коюшса жакшы болмок.
- Эмне себептен сиздер нааразычылык акциясына аз адам болуп чыктыңыздар же сиздерди колдогондор азайып кеттиби?
- Колдогондор көп эле. Бирок, биринчиден биздин туугандарыбыз өздөрү жалпы көтөрүлүп чыгышы керек эле да. Тилекке каршы, туугандарыбыздын көбү чыкпай жатышат. Мунун себеби биз райондун жаңы акими Кубанычбек Сыйданов менен жакын тууган болобуз. Ошондуктан көбү ал тарапка (акчага кызыгышып) ооп кетишкен. Булекбаедин жана Рыскуловдун туугандары да чыкпай жатышат. Аларды Сыйданов жакшы коркутуп койсо керек. Акыркы кезде алардын активдүүлүгү тёмөндөп кетти.
- Ал эми камакта жаткандардын ден соолуктары кандай, алар менен жолугууга мүмкүнчүлүк болуп жатабы?
- Жок, жолугууга мүмкүнчүлүк таптакыр беришкен жок. Мындан бир жарым ай мурда көрүшкөнбүз, ошо бойдон көрүшө элекпиз. Жада калса, биз алып барган тамактардын төрттөн үч бөлүгүн өздөрү алып коюп, калган бир бөлүгүн эле беришет экен. Бул жөнүндө кечээ жакында эле биз алардан телефон аркылуу уктук. Алардын бул кылгандары эч кандай мыйзамга да, адамгерчиликке да жатпайт деп эсептейбиз. Бизди колдогондор көп экенине ишенебиз.. "Ак ийилет, бирок сынбайт"- дегендей биздин байкелердин актыгы бир күнү болбосо, бир күнү далилденет деген үмүттөбүз.

Уулболсун Аргынбаева,

Сапар Аргынбаевдин апасы, 78 жашта

"Бийлик билермандары мендей болуп сыздап калышсын!"…
- Мен Сапардын энеси болом. Өзүм Баатыр Энемин. Сапар менин тун балам. Балам эки айдан бери ак жеринен камалып жатканына жүрөгүм ооруп, 17- июнь күнү биз мойнубузга "Сапар Аргынбаевге боштондук"- деп жазылган плакаттарды илип алып, 81 жаштагы эжем экөөбүз дагы нааразычылык акциясына чыкканбыз. Беловодскийдин борборундагы аянтка чыкканыбызга 3 - 4 эле мүнөт болгондо, артыбыздан бир машина милициясын ээрчитип алышып, прокурор Азамат Молдобаев менен "начандик" милиция Азамат Тентимишовдор келишип, "бул жерде эмне турасыңар?" -деп, андан ары сөзгө келишкен жок. Милицияларга буйрук беришти, алар биздин колубузду толгоп, автобуска дырылдатып сүйрөштү, колдорубуздун тытылганына, айрылганына карашкан жок. Эжемдин колу үч жеринен айрылып, кан шорголоду. Менин колум дагы эки, үч жеринен жарылып, али күнчө салмактанып ооруп жатат. Алып барып милицияканага камап салышты. Бизди фашисттерден бетер, алты милицияга кайтартып коюшканы эмне деген зөөкүрдүк. Ал жерден менин кан басымым көтөрүлүп, башым ооруп, өзүмдү абдан жаман сезип чыктым. Тез жардам менен ооруканага алып келишти. Дары беришип, ийне сайышкандан соң, бир аз оңоло түштүм. Мени менен кызым чогуу келген ооруканага. "Бул жерден деле жакшы карашпайт го"- деп мени үйгө алып келишкен. Кызым Нургүлдүн артынан коркунучтуу кылмышкерди издеп жүргөнсүп, беш милиция жетип келишип, кызынын чырылдап ыйлаганына карбай, кайра камак жайга алып кетишти. "Качып баратасың камайбыз" - дешип.
Чоңдор бизге мынча эмнеге кыянаттык кылышат. Баламдын күнөөсү жок экендигин көрүп турушуп, эч себепсиз камап коюшту. Же жолуктурушпайт. Бир жумада бир тамак киргизгенге уруксат беришет. Бирок, ошол тамакты да толук беришпей, ортодон алып коюшат экен. Бийликтеги билермандар бул мыйзамсыздыкты туура чечип берет деген үмүттөмүн. Аларды дагы мендей эле эне тууган да. Алардын дагы бала - чакалары бар да, ботом. Баламды бошотуп беришпесе, нааразычылык акцияларына кайра-кайра чыга берем. Үнүмдү угушпаса, ахыбалымды түшүнүшпөсө, алар дагы мендей болуп сыздап калышсын!.. Бул акмакчылыкты кылгандардын энелери мендей болуп азап тартсын, өздөрү баламдай болуп кыйналып, камакка түшүп калышсын!..

Жийде Рыскулова,

Уран Рыскуловдун апасы, 68 жашта:

"Бийликтегилер өлкөгө акыйкатсыздык орнотушту"
- Балам ак жеринен эки айдан бери камалып жатат. Күнөөсүн эч ким далилдей алган жок. Биздин бийликтегилер өлкөгө акыйкатсыздык орнотушту. 17- июнда биз балдарыбыздын бошотушун талап кылып, нааразычылык акциясына чыксак, кыргыз бийлиги карыларга, болгондо да энелерге кандай мамиле кылыш керектигин көрсөтүштү. Энелерди, карыларды сыйлай албаган чоңдор,элин жана эл ичинен чыккан эр азаматтарды сыйлайт - деп ким ишенет? Ошол күнү бизге милициясы, прокурору баш болуп, одоно мамиле кылышып, зордоп күч колдонушуп, милицияканага алып барышып, алты сааттан ашык камашты.
Коркунучтуу кылмышкерлерди камап алышкансып, биздин үстүбүздөн сот иштерин жүргүзүшүп, мага эскертүү беришти. Менден башкаларына миң сомдон айып салышты.
Камалган баламды бошотуп беришпесе, биздин нааразычылык акцияларыбыз токтобойт. Бийликтегилер мындай иштер менен кадыр күтпөстөн, тескерисинче кадырлары төмөндөп, эл ишеничинен ажырашат. Ким эле өз баласын жамандыкка кыйсын. Балдарыбызды каматканга буйрук чыгарган чоңдор деле, биздин ордубузда болсо, алар да биздин кадамдарга барышмак. Ушуну түшүнүшпөйбү?

Маектешкен,
Айбек Шамшыкеев