Коопсуздук үчүнбү, же...

Өзбекстандагы кырдаалга Кыргызстан күнөөлүүбү?
Өзбекстандын чек арасына жакын жайгашкан Кыргызстандын райондорунда куралдуу кагылышуу болуп өткөнүнө көп убакыт өтсө да, чек ара аймактарында чыңалган абал күчүндө кала берди. Өзбекстан куралдуу экстремистер Кыргызстандан келип жаткандыгынан, өз коопсуздугун коргоо үчүн чек араларда терең аңгектерди казууга жана дубалдарды курууга аргасыз экендигине шылтоо жасоодо.
Албетте, бул куру актануунун артында Өзбекстандын коргонуу ыкмасы дүйнөлүк саясатта жосунсуз жорук катары бааланат. Эгерде коңшу өлкөнүн бийлик бутактары аныктагандай, Анжиян аймагына куралдуу басып кирүүдөн коргонууга бул ыкманы тандап алышса, анда "эки-үч бандиттик группадан" коргонуунун ишенимдүү жолун таба албаган Өзбекстан республикасы кыйроо абалына кептелген сыяктанат. Ошондой эле диний экстремизм тууралуу "өз жомокторуна" ишенип алгандай түрү бар. Бирок, бул региондогу "терракт серияларына" саресеп салган адамдар булардын куру актануу экенин түшүнүшөт. Мында, Өзбекстан жашыруун күчтөргө каршы күрөшкө жамынып, Кыргызстан менен чек ара кызматташтыгы тууралуу эки жактуу келишимди бузгандыгын жаап-жашырууга багытталып жатпасын? Ошол эле учурда бул аракеттерди жасоого Кыргызстан "аргасыз абалга жеткиргендиги" үчүн күнөөлөнүп жүрбөсүн?
Ырас, азыркы учурда Өзбекстан 2000-жылдагы Тажикстан менен чектешкен чек араларды миналаштыргандай аракетке өтө элек. Мунун баарын убакыт өзү көргөзөт, бирок "бир тууган" бул коңшубуз мындай аракеттерди жасабайт деп эч ким кепилдик да бере албайт эмеспи.
Эске сала кетели. Үстүбүздөгү жылдын 26-майында Анжиян облусу менен Кыргызстандын чегинде Өзбекстандын куралдуу күчтөрү менен белгисиз экстеремисттердин кагылышуусу болуп өткөн.
Официалдуу эмес маалыматтарда Анжиян шаарында бир канча жардыруулар болуп өткөн, ал эми Кыргызстандын чек арасына жакын Ханабадда он чакты "боевиктер" ички иштер бөлүмүнүн имаратына кол салышкан.
Дагы официалдуу эмес маалыматта бул салгылашууда 14 адамдан кем эмес жоготуу болгон. Кыргызстандын ИИМинин маалыматында "Кыргызстандын өткөрүү пунктунан коңшу өлкөнүн аймагынан кандын тактары көрүнүп тургандыгы" белгиленген.
Өзбекстандын башкы прокурору 26-майдагы окуя боюнча төмөнкүдөй билдирүү жасаган: "адегенде бандиттик группадан экөө-үчөө Ханабаддагы милициянын блок-постуна кол салып, бир милиционер жарадар болгон. Бирок алар катуу каршылыкка дуушар болуп, андан кийин белгисиз эркек Анжиянда өзүн-өзү жардырып жиберген". (Ушул жерде прокуратура да аны "террорист-смертник" деп атоодон тайсалдап отурат). Бул окуяга Ислам Каримов официалдуу түрдө башкача баа берет да, мунун артында "чет элдик спонсор" бар, кылмышты ишке ашыргандар "Өзбекстандын ислам кыймылынын" мүчөлөрү - деп баалаган.
Региондун жашоочулары Кыргызстандан өтүп келген "эки-үч бандиттин" кылмыштуу иши экенине ишенишпейт. Андай бандиттер мобилдик байланышты өчүрүп, брондолгон техниканы катардан чыгарып, түрдүү жардырууларды ишке ашырышы күмөндүү. Кантсе да, 26-майдагы "кол салууларга" мурдатан даярдык көрүлгөнү анык, мүмкүн чек ара боюнча эки жактуу келишимди жокко чыгарууга жана 60ка жакын чек арадагы талаш жерлерди өз билгениндей ээлеп алууга шылтоо болуп калып жүрбөсүн? - деген ой пайда болот.
Жети метр бийиктиктеги дубалдардын же суу толтурулган аңгектердин сыры
Өзбекстандын официалдуу бийлиги калкты тынчтандырууда терракттын коркунучунун булагын коңшу өлкөлөргө таңуулап келет. Мисалы, Ханабад шаардык администрациясы Central Asia News агентчилигине берген маалыматында 26-майдагы жарылуу Өзбекстанда эмес, Кыргызстанда болуп өткөнүн, ошол себептен бул жарылуу боюнча "ызы-чуу көтөрүүнүн зарылдыгы жок экендигин" маалымдаса, Өзбекстандын башкы прокуратурасы алдын-ала "кыргыздын изине" түшүп, бандиттердин группасы "коңшу Кыргызстандан Анжиян облусуна өтүп келгенине" божомол жасаган.
Бишкек бул билдирүүнү төгүндөйт. Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков "бандиттердин группасынын Кыргызстандан өтүп баргандыгы тууралуу маалымат туура эместигин, ал чындыкка коошпостугун" билдирет.
Чек арадагы кырдаал курч мүнөзгө ээ болду. Анжиян окуясынан кийин Өзбекстан бүтүндөй чек араны жапкан. 28-майда Кыргызстан тарабы кадимки режимге өткөн. Бирок, 31-майда Ислам Каримов Анжиян облусуна келип, облустун чек арага жакын аймактарындагы элдин коңшу мамлекеттин рынокторуна барып соода кылып жаткандыгына нааразы болуп, жарандардын чек арадан эркин өтүүсүн минимумга чейин жеткирүү зарыл деп чечкен.
"Фергана РУ" маалыматында 10-июнда деле чек ара жабык бойдон калганын, кыргыз чек арачылары Өзбекстандан кайтып келип жаткан жарандарын өткөрүп жатканы белгиленет. А Өзбекстан чек арачылардын составын 9 эсе көбөйтөт. Ошону менен катар чек араны бойлой кеңдиги 6 метр, тереңдиги 4 метр аңгек казылып, ага суу толтурулмак. Бул иш Тажикстан менен чектешкен аймакта да ишке ашырылмак.
Тилекке каршы, Өзбекстан мындай аракети менен коңшу өлкөлөрдүн жана өз элинин кызыкчылыктарына каршы аракет жүргүзгөн болуп саналат. Чек аранын аймагында аңгектер жана дубалдар жана чек ара тилкеси үчүн кеңдиги 100 метр айыл чарбага жарактуу жерлер кетет. Калкты көчүрүүгө ири каражат сарпталат. Калктын жыштыгы жогору болгон бул аймакта ар бир метр жер эсептелүү экендигин Өзбекстандын бийлик бутактарынын ойлонбогону өкүнүчтүү.
"Азаттык" радиостанциясынын өзбек кызматынын маалыматына таянсак, бийиктиги 7 метр бетон дубалы Фергана облусунун Риштан районунда курулуп баштаган. Кылмыш жообуна тартылган ондогон, жүздөгөн адамдар бул курулушка иштетилүүдө, бул СССРдин учурундагы Гулагды элестетет.
Баткен облусундагы Марказ айылынын башчысы Абдыпасыл Маматалиев "чек арадагы казылган терең аңгектин узундугу 2 километрге созуларын" белгилесе, Кыргыз-Кыштак аймактык айылынын башчысы Калыкберди Шерматов коңшу өлкөлөрдүн элинин ортосундагы соода байланышына гана доо кетпестен, мурда куда-сөөк болгон үй-бүлөлөрдүн бири-бирине карым-катнашына катуу тоскоолдук түзүлгөнүн белгиледи.
Кыргызстан бул аракетке жооп берүүгө даярбы?
Кырдаалга саресеп салган адам ушул мезгилге чейин эки тараптын чек аралар боюнча макулдашуусун жокко чыгаруу үчүн жасалган тоскоолдук катары санай турган кырдаал түзүлгөнүнө ишенет. Чек ара боюнча эки тараптуу келишимде чек ара демаркация болгонго чейин эч бир тарап тосотторду орнотууга жана курулуш иштерин жүргүзүүгө укугу жок экендигине токтолот. Ушундан улам, Кыргызстандын чек ара кызматы "официалдуу Ташкент мурда кабыл алган келишимди одоно бузуп жаткандыгын" белгилейт.
Ошол эле учурда Uzmetronom басылмасынын бир маалыматында казылып жаткан аңгектер менен курулуп жаткан сепил "дубалдары" Өзбекстанда айтылып жүргөн "террористтер тууралуу гипотеза менен байланышпай турганын, тетирисинче, айрым бир финансылык группалардын контрабандалык агымдарына сокку берип, көзөмөлдүктү күчөтүүгө багытталганына" токтолушуп, актанууга жан далбас жасашууда. Алар Өзбекстандан Кытайга ташылган түстүү жана кара металлдар, пахта, күйүүчү май Кыргызстан аркылуу легалсыз түрдө өтүүдө деп эсептешет. Ал эми Кытайдан алынып келинген көп керектөөчү товарлар да ушул жол менен келет. Чек арадагы аңгектер жана дубалдар контрабандага урулган сокку болот, себеби "көмүскө экономиканын ээлери мурдагыдай чексиз монополияга ээ боло албай калат" - дейт бул басылма.
Тилекке каршы, мыйзам иштебеген өлкөдө түрдүү аракеттер коррупциянын булагы болуп калаары шексиз. Ошол эле учурда "аңгектер менен дубалдар" тууралуу жомокторго кайрадан кайрылалы. Өзбекстандын башкы прокурорунун жана мамлекет башчысы И.Каримовдун Анжиян, Ханабад окуяларына ар башка ой жүгүртүүсү жана Uzmetronom басылмасынын маалыматтары менен дал келишпегени "чек ара маселесинин артында коркунучтуу синдром" катылганынан кабар бергенсийт.
Буга Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасынын так ортосунан орун алган Чек айылы опурталдуу кырдаалга дуушар болууда. Чек канал менен бөлүнгөнү менен бир канча өзбектердин турак-жайы Кыргызстанда орун алган. Бул аймакты "тазалоого" Өзбекстан чечим алса, аларды Өзбекстандын түпкүрүнө көчүрүү зарыл, же алар Кыргызстандын чек ара аймагынан алыска орун которуштуруусу талап кылынат. Бул жагдайды чыр-чатаксыз чечүүнүн жолун издөөнүн ордуна, коңшубуз Чектеги кыргыздарга куралдын күчү менен коркутуп, тинтүү жасаганга чейин барып отурат.
Кырдаалды курчуткан окуя 19-апрелде болуп өткөн. Кыргыз жарандыгын алгандарга куралдуу күч структурасы мыйзамсыз кысым көргөзүшкөн. Аларды үйлөрүнөн айдап чыгып, запас азык-түлүктөрдү, жер семирткичтерди жана күйүүчү майларды конфискациялоого чейин жеткен. Өзбек бийлиги муну убакыт өткөн соң "паспорттук режимдеги кезектеги текшерүү" катары маалымдашкан.
Июнь айынын башында Кыргыз Республикасынын президенти К.Бакиевге Чек айылынын эли өзбек чек арачылары тынч жашоого мүмкүнчүлүк бербей жаткандыгы боюнча кайрылышкан. Алар азыркы күндө "өз үлүш жерине өтүп, иштете албай калышкандыгын, чек арага жакын аймакта мал жайган балдардын да туулгандыгы тууралуу күбөлүктүгүн талап кылышаарын" айтышып нааразылык билдиришкен. "Өзбек чек арачылары талаага чыкканда керектөөчү тамак-аштарына чейин текшеришерин, ал эми өз эмгектери менен өстүргөн продукцияны үйүнө жеткирүү маселеси курч мүнөзгө ээ болуп" калганын даттанууда ачык көргөзүшкөн.
Каттын авторлору Кыргызстанга тиешелүү жерлерди кайра кайрып алуусу, же өлкөнүн түпкүрүнө көчүрүүнү, эгер башка тарапка которсо, алынбай калган түшүмү үчүн тиешелүү компенсация төлөөнү жана башка аймактан жер үлүшү менен камсыз кылууну талап кылышкан. Тилекке каршы, бийлик бул маселени чечүүнү ойлогон жок, ал гана эмес алардын "демонстрацияга чыгууга шылтоого жол бербейт" деген ишенимине муздак суу себилип отурат.
Президенттик шайлоонун алдында Өзбекстан менен чек ара талашы К.Бакиевге көп ыңгайсыздыкты түзөөрү шексиз, ага мындай "сүйрү приздердин" да кереги жок болчу. Убакыттан утуп, президенттик шайлоого кырдаал өтө курч мүнөзгө өтө электе, 2009-жылда өткөрүүгө шашылуунун сыры ушунда эле. Ошого карабастан К.Бакиев бул маселени чечүүсү зарыл. К.Бакиев өзүнүн жарандарынын укугун коргоого чечкиндүүлүктү көргөзө алар бекен?

Бул маселени тез арада чечүүсү зарыл. Анткени, чек аранын аймагындагы чыр-чатактар улам көп болууда. Ага айкын мисал, гезитибиздин өткөн санындагы У.Усмановдун күтүүсүз өлүмүнүн себептери жарыяланган. Анын сөөгү араң 11-июнда кайтарылып берилген. Демек, кыргыз бийлиги чукул арада бул маселени чечкиндүү чечиши зарыл.

Эртабылды Аттокуров