Элди мазактап, душмандарды ардактап…

"Ачык Саясат" жазды эле, Ала-Тоо аянтындагы элди чоочуткан "чоочун" эстеликтер алынды
Кыргыз бийлиги 1-июнда Ала-Тоо аянтын шашылыш түрдө ("алдыдагы шайлоого карата") оңдоп-түзөө, жаңылоо "саясатынын" бүткөзүп, анын бет ачаар аземин өткөзгөн. Бул салтанатка ажобуз Курманбек Бакиев өзү баш болуп катышкан. Ал эми аянттын башкы "жасалгалоочусу" шаар мэри Нариман Түлеев аянт укмуш өзгөрүлгөндүгөн Бакиев мырзага (аянтты аны менен бирдикте шашпай тегерете айланып чыгып,) өзү көрсөтүп чыккан эле. "Ушунча болуп, кыргыз тарыхынан мындай шумдукту көрбөгөн" ажобуздун, "сүйүнүчүнө да, таңкалуусуна да" УТРКнын түз эфиринен бүт эл күбө болуп көрүп турду.

Аянттын дал ортосуна орнотулган чоң фонтандын, (кечкисин) классикалык музыка жаңырыгында, (ал музыка кыргыздыкы да эмес, "кыргыздыкы кырылып калгансып", батыш мамлекетеринин Бетховен өңдүү дөө - шаарларынын музыкасы имиш) ар кандай түстө, күйүп-өчкөн жарыктын коштоосунда төрт, беш түрдө атылып тургандыгы көпчүлүктү кызыктыргандыгын айтса болот. Бул жөнүндө кийинчерээк сөз кылалы. Азыр көпчүлүктүн көңүл чордонундагы, элди чочуткан "чоочун " эстеликтер жөнүндө эки ооз кеп кылалы.
Аянттын күн чыгыш жана күн батыш жагына (баары биригип,) Манас эпосунун 18 каарманынын эстелиги орнотулган. Ал эстеликтердин көбү начар жасалгандыгы, талапка жооп бербестиги көзү бар кишинин бардыгына эле бажырайып көрүнүп турат. Көп өтпөй, дал ошол жерден иттин өлүгү "сасып" чыгып, бүтүндөй кыргыз элинин кыжырын келтирди. Себеп дегенде, ал эстеликтердин арасына улутубуздун эзелки душмандары Нескара, Жолой, Шыпшайдар жана Мадыкан дөөнүн эстеликтери татыктуу орунду ээлеп, "татынакай" болуп туруп калган. Бирок,12-июнь түнү жана 13-июнь күнү Бишкек мэриясынын алдындагы Курулуш жана оңдоо башкармалыгынын кызматкерлери аларды алууга мажбур болушту. Алардын айтымында, Нескаранын айкели реконструкцияланат имиш. Элдин кыжыры келип жатса, кайра элдин жинин келтирип реконструкциялоо иштерин жасоонун кереги бар беле? Же мэрия элдин пикирин "чемичке чаккандай чагып салабыз"- деп жатышыбы? Манас баатырдын түбүнө жеткен душмандардын айкелдери кыргыз жерине таптакыр коюлбашы керектигин Бакиев менен Түлеев мырза билбей калыштыбы? Же азыр демократия деп эле элди мазактаган, душмандарыбызды ардактаган "акмак саясатты" иш жүзүнө ашыра беришеби? Манас эпосундагы айкелдерди Сүрөт Академиясынын айкелчилери жасаган. "Ал уста, сөрөйлөрүбүз" кандайдыр бир деңгээлде жоопко тартылабы? Кайсы "акылдуу" бул шумдукка жол берген? (Суроолор көп. Жооптору деле бар. Бирок, чындыкты айтуу азыркы кырдаалда бир топ оор болуп калганын эске алышыбыз керек. Ошентсе да, биз болгонун болгондой айтууга милдеттүүбүз.) Албетте, буга шаар мэри "мээсин аябай иштетип", жол берип койгон. Нариман мырзанын мындай элге жакпаган саясаты, кыргыз тарыхына кара тамгалар менен өчпөс болуп жазылып калды. Ал такты жууш үчүн Нариман мырза, кайрадан Курманбек мырзаны ал жерге ээрчитип келип, экөө тең УТРКнын түз эфиринде, жалпы элден кечирим суроосу кажет. Ал да өтө эле аздык кылат. Экөө тең кызматтан кетиши менен толук жазасынын элүү пайызын гана ала алат. Курманбек мырза, шаар мэринин мындай "кыргыз душмандарына" жан таркан саясатын колдоп, ага жол берип койгондугун кандайча түшүнсө болот? Же "боло берет турмушта, особенно кыргызда" - деп түшүнүп коөлубу? Жок! Антип коюш такыр, "бовойт".
Биздин газетанын (№44) 9-июнундагы санына алгачкылардан болуп "Ала- Тоо" маңкурттуктун белгисиби?" - аттуу макала жарык көргөн эле. Мына ушул макаладан соң элдер бул маселеге өзгөчө көңүл бөлүшүп, алыс жерлерден бери "кыргыз душмандарынын" айкелдерин көрүүгө , жинденип, ашыгып, агылып келе башташкан. Мен мурда күнү "алынган айкел душмандардын" сүрөттөрүн тартып жүрүп, андай "ызырынган" адамдардын бир тобуна жолуктум. Токмоктон бери "көрөм"- деп ат арытып келген (жашы өтүп калган) бир адам, тим эле Нариман мырзаны жеп ийчүдөй болуп жүрдү. Кыскасы, бийлик шаарыбызды артык кылабыз деп, тыртык кылып, өздөрүнүн "бетон" болуп калган беттерине да кара көө сыйпап алышты. Бул жөнүндө маалымат алышкан башка мамлекеттер биздин бийликтин мындай "сасык" саясатына боорлору калбай каткырып жатышса керек. "Улугу ойчул болбосо, убара тарткан эл карып"- деген ушул турбайбы, замандаш! Эми бул жөнүндө ойлорун ортого салышкан элибиздин айрым аттуу- баштуу инсандарынын пикирлерине орун берели.
Урматуу окурман! Сиз да бул жөнүндө пикир айткыңыз келсе, 0773794424 номерине гана аты - жөнүңүздү толук жазып, СМС жөнөтүп коюңуз. Кыска-нуска жазылган жакшы, курч пикирлер гезит бетинен сөзсүз орун алат.





Эпос каармандарына коюлган айкелдерден чыр чыкты
Бишкектин борбордук аянтында "Манас" эпосундагы терс каармандарга коюлган айкелдер улуттук интеллигенциянын ичинде чоң нааразылык жаратты. Бир катар аттуу-баштуу маданият ишмерлери "Манастын" каармандарын билбеген эл башкарган элита өкүлдөрү бүтүн улуттун намысына тийген жорукка жол беришти деп сынга алышууда.

Кошой менен Жолой Бишкектин борбордук аянтындагы жаңыртылган фонтан менен кошо айлана-тегереги да жасалгаланып, аны президент К. Бакиев өзү жакында эле чоң салтанат менен барып ачкан. Борбордук аянттагы колонналарды бойлой кыркалекей "Манас" эпосундагы каармандардын айкелдери коюлган болчу. Алардын арасында Семетей, Сейтек, Бакай, Кошой сыяктуу кыргыздар кастарлаган каармандар менен катар Шыпшайдар, Незкара, Коңурбай сыяктуу терс каармандардын айкелдери да орун алган экен.
Эпостогу кыргыздын кас душмандарынын айкелин тааныган адамдар нааразы болуп, муну маңкуртчулуктун көрүнүшү катары сындап чыгышты. Нааразылыктын толкуну Президенттин секретариатына чейин жеткенде гана шаар бийлиги эпостогу терс каармандарга коюлган айкелдерди борбордук аянттан алып салды. Бирок от алып алган нааразылык токтобой, сыналгы, үналгыдан жаңырып, гезит беттерине чыгууда.
"-Бул биздин маданиятка чоң уят көрүнүш. Дүйнөдө мындай болгон эмес, болбойт дагы. Бул жанагы билбестиктин, маңкуртчулуктун кесепети", - деп билдирди "Азаттыкка" Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султанов.
Азыркы учурда "Манастагы" терс каармандарга айкелдердин борбордук аянтка туруп калышын ким тапшырып, кимдин уюштурганын териштирүү жүрүп жатат. Бишкек шаарынын бийлик өкүлдөрү айкелдердин композициясын түзүүгө акча таап беришкенин, андан башкасына тиешеси жок экенин билдирип, четке чыга беришти. Маданият министрлиги да өз кезегинде бул ишке кенедей да тиешеси болбогонун билдирди.
Мэриянын борбордук аянтты жасалгалаган куруучу адистеринин берген маалыматы боюнча бул иштин изи Көркөм өнөр академиясына барып такалууда. Айрым маалыматтар боюнча борбордук аянтта "Манастагы" каармандардын айкелдерин коюу аталган академиянын ректору, Кыргыз Республикасынын Баатыры, айкелчи Тургунбай Садыковдун түздөн түз жетекчилиги алдында аткарылганы айтылууда. Аталган айкелчи өзү бул окуянын чоо жайы жөнүндө эл-журтка түшүндүрмө бере элек, "Азаттыктын" кабарчылары издеп таба албай жатабыз.
Айкелдерди борбордук аянтка орнотууга катышкан куруучу адистер эпостогу терс каармандардын аттарын биринчи жолу угуп жатышканын, аларды тааныбай тургандыктарын айтышууда. Ошол эле учурда эпостогу терс каармандарды, балким, эл башкарган жетекчилер өздөрү да тааныбай калган болушу мүмкүн деген ой-пикирлер айтылууда. Бул окуя, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, "Манас таануу" окуу программасынын жана окуу китептеринин автору Советбек Байгазиевдин айтымында, "Манасты" окуп билүүдө оркойгон чоң кемчиликтин бетин ачты:
- Кыргыздардын дээрлик 90 пайызы Манастын атын гана билет, анын ички затын билбейт. Бир топтору "Манастын" айрым гана эпизоддорун билет, айрымдары окуу китеп аркылуу гана каармандардын аттарын билишет. Эми мунун себеби "Манас" эпосунун ар бир окуучуга, ар бир кыргыздын колунда боло тургандай, ар бир үй бүлөнүн китеп текчесинде тура тургандай жетиштүү санда чыкпагандыгы. Мисалы, 1958 - 60-жылдары чыккан төрт томдук азыр эч жерден табылбайт, ал азыр бибилиографиялык сейректикке айланган. 1970-80-жылдары Сагымбайдын варианты боюнча чыгарылган китептер он-он беш миң нускада гана чыккан. Алар мектепке арналып чыгарылган эмес, чоңдор үчүн гана чыккан, китепканаларга бирден-экиден түшкөн. Массалык окурмандын колуна жеткен эмес. Айрым гана үй-бүлөлөрдө болбосо, азыр толук чыгарылган "Манасты" табыш кыйын.
Борбордук аянттагы айкелдердин айланасында чыккан ызы-чуунун арасында бул көрүнүштү аша чапкан, чектен тыш окуя катары көрсөтүүгө каршы пикирдеги адамдар да болууда. Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери, педагог-илимпоз Сейит Жаанбаевдин айтымында, бул жерден чектен тыш эч нерсе жок, кеп тарыхта болгон реалдуу душмандар жөнүндө эмес, жомоктогу каармандар жөнүндө болуп жаткандыктан ызы-чуу чыгарбай, буга искусствонун көзү менен карап, жомокко жомоктой мамиле кылган оң:
- Алар менен Гитлердин согушун салыштырууга дегеле болбойт. Бул эпостун гана каармандары. Прагада, Сингапурда, Индонезияда деле турбайбы жомоктордун каармандары. Ошол эле орустарда жомоктордун каармандары өлбөс Кащейден баштап Баба Ягага чейин турбайбы.
Айкелдердин ызы-чуусу президенттик шайлоо алдында, президент К. Бакиев көчмөн цивилизациясы, улуттук мурас жөнүндө улуттук долбоорун эл-журтка жарыя кылып жатканда, Бишкек мэри Н. Түлеев "Жаңыланган борбор шаар" долбоорун коомчулукка алып чыгып атканда болуп жатат. Байкоочулардын баамында, айкелдерден чыккан чыр бийлик адамдарынын ортосунда макулдашылбаган, көз жаздымда калып кеткен иштин натыйжасы да болушу мүмкүн. Бийлик адамдары айкелдерден чыккан нааразылыкты кандай жооп менен жайгарат, эмки кеп ошондо турат.
Кубат Чекиров ,
"Азаттык"