Шайлоонун шайтан оюндары

Ысык аптапта… жылжыган жагымсыз жыт тумчуктурат
Бийлик менен оппозиция…
Кырчылдашкан кыл чайнашка кызуу даярдык көрүлүүдө. Быйылкы жыл башка жылдардан өзгөчөлөнөт. Оппозиция тараптан соккон жыт аптап бийликти думуктурса, бийлик тараптан жылжыган жагымсыз ысык аптап адамды тумчуктурат. Күн менен түндүн, өмүр менен өлүмдүн күрөшүндөй оппозиция менен бийликтин ортосунда айыгышкан кармаш күн санап күч алууда.
Башка мамлекеттерде шайлоо канчалык таза деңгээлде өтөөрүнө так маалымат бере албасам да, биздин өлкөдө бул саясий кампанияда бийлик административдик ресурстарды гана колдонуу менен шайлоодо утуп чыгууга аракетин эмитен баштагандыгын алдын-ала белгилеп өтсөк болот.
Бул пикир бекеринен эмес. Редакцияга түшкөн каттарга, түрдүү иштер менен келген адамдардын пикирине таянсак, оппозициялык партиялар жергиликтүү башкаруу бийлиги тарабынан куугунтукка жана кысымга алынса, "Ак жол" партиясынын офистерин "салтанаттуу" ачып, аздыр-көптүр каражаттар президенттин партиясы үчүн пайдаланылып жатканына өкүнүшүүдө. Ошентип, шайлоонун шайтан оюну башталганда эле мамлекет "эң ыйык"-деп эсептелген Конституциянын партиялар боюнча мыйзамы одоно бузулуп жатышына эл өзү күбө болууда.
Мындан тышкары, жер-жерлерде кысым жасоо менен "Ак жол" партиясы катарын көбөйтүп жатканы тууралуу да маалыматтар бар. Демек, алар илгерки "Алга Кыргызстан" партиясынын иш ыкмаларын дээрлик кайрадан пайдаланууда. Эгерде мурда "Алга Кыргызстан" ЖоКенин талапкерлигине таймашты медициналык тейлөөгө ири суммадагы каражаттарды сарптаса, "Акжол" партиясы балдар бакчаларына шейшеп, жаздык кап "тартуулайт", "ит жеминдей" ушуга ыраазы болуп тургула, дагынкысы дагы болоор"-деп "туба элек уйдун уузуна тойгузам"-деп убада берип жаткан учуру.
Тансак да, танбасак да элдин көзү көрөгөч эмеспи. Административдик ресурстардын кеңири колдонулуп жатканына, мамлекет башчысы муну билмексенге салып, бирок ага түздөн-түз "Ак жол" партиясынын "көшөгөсүнүн" далдаасында аракет жүргүзүлүп жатканын жашыруу мүмкүн эмес. Өткөн ЖоКеге шайлоодогу партиялардын мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматтарда "жаңы туулган" "акжолчулардын" мүмкүнчүлүгүнүн жогору экендигин бийликтин "арзымат" гезиттери алдын ала "эсептеп", бул президенттин партиясынын "рейтинги" күн санап өскөнүн жарыялашкан.
Эң өкүнүчтүүсү, бул каңкуунун артында эмне бар экенин партиялар кеч түшүнүштү. Натыйжада, бийлик "акжолчуларды" "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай", ошол рейтингде көргөзүлгөн пайыз менен парламентте көп орунга ээ болгон. Адаттагы бул көрүнүштүн формасы да, ыкмасы да өзгөртүлгөн жок. Адаттагыдай эле мамлекет башчыбыз К.Бакиев үчүн 1 миллион 200 миң адам "кол тамгасын коюп" берип отурат.
Албетте, жер жайнаган мамлекеттик чиновниктер, алардын "дүжүрлөрү", жер-жерлерге жөнөтүлгөн "десанттары" көргөзгөн "кызматтын" алгачкы жыйынтыгы бюджеттик мекеме-ишканаларда иштегендерди мажбурлоонун натыйжасы деп түшүнсөк болот. Кол тамга ачык чогултулганда, алар иш ордунан ажырап калбоого жана бийликтин "каарына" калбоого аргасыздык экендиги деле бизге белгилүү. А шайлоодо алардын көбү ажого каршы добуш берээри бийликтин өзүнө дагы белгилүү. Эң кур дегенде ушул чындыкты бийлик сыртынан болбосо да, ичинен мойнуна алууга эрки жетээр бекен?
Талапкерлер тарабынан жыйналган кол тамгалардын жыйынтыгындагы БШК тарабынан жараксыз деп табылган пайыздар аркылуу эмитен шайлоонун жыйынтыгы алдын-ала чыгарылып коюлган десек болот. Элдин нааразылыгы күчөгөн азыркы шартта оппозицияга элдин басымдуу бөлүгү добуш берет. Менимче, шайлоодо атаандаштык үч талапкерлердин ортосунда өтүп, региондор боюнча айырмачылыктар мүнөздүү касиетке ээ болоору талашсыз. Шайлоонун шайтан оюндарында А.Атамбаевдин, К.Бакиевдин, Т.Сариевдин мүмкүнчүлүктөрү жогору болоору талашсыз. Бул талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрү да, калыс карасак барабар. Демек, БШК мыйзам чегинде иш жүргүзсө, биринчи турда эч кимиси жеңишке жетишүүсү дегеле мүмкүн эмес.
Азыркы күндө К. Бакиев эки фронтко салгылашууга чыгат.
Түштүк региондорунда Бакиев менен Атамбаевдин мүмкүнчүлүктөрү бирдей, бирок бири административдик ресурстарды колдонууга барса, Атамбаев үчүн Бекназаров, Текебаев, Тургуналиев, Исаковдор түштүктөгү кадыр - баркы менен зор кызмат кылат да, алар жетиштүү сандагы добуш алып беришет. Ал эми түндүктө Сариев да зор мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, түштүк регионунда алдырып койгон позициясын чыңдап алат. Ошентип, биринчи турда күчтөрдүн тең салмактуулугу шайлоодо талапкерлердин катуу тирешүүсү менен өтөт.
Оппозициялык күчтөр мүмкүнчүлүктү жеке амбициясы үчүн эмес, бийликти жеңүү үчүн күрөшсө, анда экинчи турда ат салышууга оппозициянын эки лидери тең чыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлөрү талашсыз. Демек, булар бири-бирин колдоп, бири-бирине бут тоспой, күрөштүн "джентельмендик" жол менен жүргүзүлүшү мааниге ээ.
Эгерде экинчи турга оппозициянын бир лидери менен К. Бакиев чыгып калса, дүйнөлүк практикага ылайык Атамбаев менен Сариев биригүүгө милдеттүү. Кокус жеке өзү утулушка дуушар болсо, аны татыктуу тосуп, кечээ талапкер катары атаандаш болгону менен, бир максатка биригиши зарыл. Мында Атамбаевдин курчтугу , Сариевдин сабырдуулугу биригип, электораттарды бир муштумга бириктирүүсү гана администрадивдик ресурстарды жеңип чыгууга мүмкүнчүлүктү түзөт.
Менимче, бийлик азыркы президент Бакиевге минимум 68-70 пайыз добуш менен "утуп чыгышы" үчүн күрөшөт да, Атамбаевди 18-20 пайыз, Сариевди 15-18пайызга ээ кылып, жыйынтыктоого камылга көрүп жатканын эстен чыгарбоо керек. Бул шайлоо аптаптуу болоору талашсыз, демек, оппозициянын эки лидери өз ара тирешпестен, күрөштү биргелешип, тилектештикте административдик ресурстарга каршы кармашка өтүүгө тийиш.




 "Уккан кулакта жазык жок"

"Капка шибегени ката албайсың". Чындыкты канча жашырсаң, ал баары бир элге белгилүү болуп калат, бирок биздеги бийлик бутактары жашырууга болбогон окуяны да мамлекеттик сыр катары айтууга тыюу салып келет. Айтууга болбогон мындай окуянын бири - Камбар-Ата ГЭСинин чуулгандуу "чыры", премьер-министр Игорь Чудиновдун Россияга иш сапарынын "сыры" капысынан бизге белгилүү болуп отурат.
Камбар-Ата ГЭСинин "чыры",
Чудиновдун иш сапарынын "сыры"
Элибиздин эсинде, мамлекет башчыбыз Курманбек Бакиев эң алгач Камбар-Ата ГЭСин башка өлкөлөрдүн жардамысыз эле өз күчүбүз менен курулаарын жар салган. ГЭСтин курулушунда иштегендердин эмгек акысы 10 миң сомдон кемибей турганы да белгиленген. Жыл айланбай, Кыргыз Республикасы ГЭСти жеке өзү курууга кудурети жетпеси ачык көрүнгөн. Ошентип, мамлекет башчыбыз Курманбек Бакиев Оруссияга сапар тартып, ГЭСти курууга 1,7 миллиард доллар карыз алууга аргасыз болгон.
ГЭСтин турбогенераторуна бир учурда бир калыпта суу берип туруучу 3 суу "сейфин", премьер-министр Игорь Чудинов Россиядан алып келген "кадрлар" курушканы тууралуу сөз азыркы күндө тымызын айтылууда. ГЭС курулушунда мындай суу "сейфи" курулуучу жерлердин геоструктурасы ар тараптан изилденип, суунун басымына чыдоо чегинен тарта, сейсмологиялык чыдоо мүмкүнчүлүгүнө чейин эсептөөлөрдөн өткөрүлүшү зарыл болуучу. Мындай эсептөөлөр качан, ким тарабынан изилденгени белгисиз, бирок шалаакылыктанбы, же кайдыгерликтенби, биздин Камбар-Ата ГЭСи 1 жылда куруп бүткөрүлөт - деген бийликтин убадасына күтүлбөгөн кырсык өз түзөтүүсүн киргизип койду.
Камбар-Ата ГЭСинин курулушунун "жогорку темп" менен курулуп жатканда, аны дагы "тездетүү" максатында премьер-министр Игорь Чудинов июнь айынын 1-декадасында курулушчулар менен жолугушуу өткөрөт. Салтанаттуу жолугушуу өткөрүлүп жаткан учурда 3 суу "сейфи" тең жарылып, айтор, тоолор жылып, курулуштун аймагы урандыларга айланат. Такталбаган маалыматка таянсак, кырсыктан кийин ГЭС курулуучу аймакты түрдүү урандылардан тазалоо үчүн 1 жылга жакын убакыт талап кылынат - дешет айрым "эсепчилер".
Кырсыкты элге билдирбейбиз - деген менен, ал жакка "гум жардамдын" жөнөтүлүшү элибиздин шектенүүсүн гана пайда кылбастан, бийлик өзүнө болгон ишенимди кыйратып жаткандыгын баса белгилесек артыкпаш болбос. Дагы жакшы, кырсык болгон учурда ГЭС курган жумушчуларды премьер-министр И.Чудиновго жолугушууга "айдап" чыгып, натыйжада, жоготуу болбогондугун эмне үчүн элге ачык жарыялоодон бийлик коркту? Ошол эле кырсыктан кийин премьер-министр Оруссияга шашылыш учуп кетти? Баарынан кызыгы, эмне үчүн эң алгач Орусиянын мамлекет башчысына же Өкмөт башчысына жолукпастан, бул мамлекеттин энергетика министрине кирип, андан кийин Владимир Путиндин кабыл алуусунда болду?
Мында, Камбар-Ата ГЭСинин суу "сейфин" курган Орусиядан келген жумушчулар болсо, анын курулушунун ордун да орустар аныкташкан. Аларды бул ишке Россиядан "тартып келген" премьер-министр И.Чудинов экендигин эске алсак, анын иш сапарынын чыныгы "сыры" ачык көрүнүп отурбайбы? Эми буга күнөөлүүлөр аныкталып, жоопко тартылабы же И.Чудинов да Танаев сыяктуу өзүнө "баш маанек" таап, Кыргызстан менен кош айтышабы?
Шамалга учкан акча, сууга аккан каражат…
Аны көзөмөлгө алып, эмгекти туура уюштуруп, иштеги жоопкерчиликти жолго коюп, ар бир сомдун кайда жумшалганы ар тараптан текшерилип турса, мүмкүн, кырсыктын алды алынып, курулушка ыңгайлуу орун даярдалмак да, бу кырсык болмок эмес. Эми эмнеге шылтоо кылаарын макулдашууга барып жатпасын? - деген суроолор пайда болууда. Ушундун улам, премьер-министр И.Чудиновдун чукулунан Орусияга сапарынын сыры ушунда деген гана тыянак чыгарсак болот.
Эми Камбар-Ата ГЭСи мөөнөтүндө курулуп бүтөөрү арсар болуп калды. Илгери, союз учурунда көзгө көрүнөр бир ишти бүтүргөн соң, Кремлге "ак боз ат" минип баргандай сезээр эле. Азыр биздин Өкмөт башчыбыз өзүн Москвада кандай сезгени калкыбызга табышмак боюнча кала бермекчи.
Өкүнүчтүүсү, бул кырсыктын президенттик шайлоонун астында болгонунда. Иш ийгилик менен жүгүзүлгөндө, шайлоодо "мен ГЭСти кургузуп жатам" - деп мактанаар объектиси болбойт беле? Үмүттүн кыйраганы ушул да, кап, атти-и-иң! Эми буга актануунун бир гана жолун табуу керек болчу. Буга Орусия жардам береби же кайдыгерлик көргөзөбү? Бул кыргыз бийлигинин чечилбес маселесине айланды. Мамлекет башчыбыз да сыр бербейт, же бул окуя ага белгисизби? Шайлоо бүткөнчө, бул жашыруун сыр болуп кала береби? "Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт" дегендей, Чудиновдун ГЭС ишиндеги сырдуу "чырын" бийлигибиз дагы эле "сезбей", канча убак жашыраар экен?..
Бетти даярдаган
Эртабылды Аттокуров