Оба-на…Обама Бакиевге кат жазды
Президенттик шайлоо күнү жакындаган сайын, кыргыз бийлигинин тышкы саясаты тыбырчылай баштады. Мындай жагымсыз абалдын пайда болоору, бизге мурунтан эле белгилүү болгон.
Анткени, АКШ менен Орусиянын Кыргызстанга болгон кызыкчылыктары акыркы айларда өзүнүн апогейине жетип калган. "Кыргызстандагы президенттик шайлоонун дүйнөдөгү эки ири державага эмне кереги бар?" - дешиңер мүмкүн. Мен айтаар элем, "бар болгондо да кандай" деп. Алдыдагы президенттик шайлоонун архиви каерден башталат? Байкаган болсоңор, кыргыз бийлигинин Орусияга болгон расмий сапарына барып такалат. Ал жерден ажобуз америкалыктардын аскердик базасын Кыргызстандан чыгаруу боюнча өкмөттүн токтому бар экенин жар салган. Ажобуз аны ал жактан айтпай эле, ушул жактан угузса болмок. Би-Би-Синин журналисттерине маек бергенде айтып жатпайбы, "жөн эле жерден дал келип калды" - деп. Эми ал дипломатиялык эреже дечи. Бирок, Орусия тарабынан кысым болгону көрүнүп эле турса керек. Кремль бийлиги Кыргызстанга насыя берүү маселесин чечкенден кийин, алдыдагы мөөнөтсүз президенттик шайлоонун маселеси тез эле чечилип калды. Демек, ажобуздун экинчи мөөнөткө калышы менен америкалыктардын аскердик базасынын чыгарылышы, Орусиянын насыя акчасына байланган десек болот.
Ажобузга алданган америкалыктар агезде кыргыз бийлигине кыр көргөзбөсө да, акырын "намёк" таштагандай болгон, "дагы сүйлөшөбүз го" кыязында. Ыңгайлуу учурду мээлеп турган Вашингтон бийлигине эми кезек келди окшойт. Айтор, база боюнча бачым аракеттерди көрө баштады. Алгач НАТО боюнча өнөктөшү Турциянын президенти Абдуллах Гүлдү Ала-Тоого жөнөтсө, көп өтпөй Афганистандын президенти Хамид Карзайга кат жаздыргандай болду. Ажобуз ага да макул болбой койдубу же Орусия тарабынан кандайдыр бир кысымдар болдубу, айтор, Барак Обама өз колу менен Бакиевге кайрылуу катын жазганга мажбур болду. Ал ортодо, Александр Князев аттуу саясат талдоочу база боюнча жаңы келишим даярдалып калганын жар салды. Анын айтканына ишенсек, Кыргызстан америкалыктардын базасын калтыруу үчүн 350 миллион доллар акча каражатын сурап жаткан имиш. Александрдын айткандарын Акүй төгүндөбөгөндөн кийин, жаңы сүйлөшүүлөр башталганын айта берсек болчудай. Базага байланышкан балекет сырларды Бакиевдин жалгыз чечип коюшу эч мүмкүн эмес. Анын ШКУ башчылары менен бирдикте чечкенге аракет жасайт. Дегеле, бул маселе июль айында боло турган Медведев менен Обаманын ортосундагы сүйлөшүү учурунда чечилсе керек. Алардын бул маселе боюнча тил табышаары турган иш дечи. Бирок, бизге кыйын болуп калбайбы? Кеп ошондо. Бийлигибиз "белимчи бийликке", парламентибиз "тоту куш парламентке" айланып калбайбы?




Жаңылык айтсаңар да, жаңылып айтпагылачы…
"Ачык саясат" гезитинин өткөн санынын чыкпай калышын, "чыдамы кеткен" кесиптештерибиз чоң чырга айлантып жиберишти. Айрым массалык маалымат каражаттары "апырткандай", чоң деле чыр болгон жок. Болгону гезит ээсинин башкы редакторду алмаштырганы себеп болду. Мурдагы башкы редактор Бабырбек Жээнбеков президенттикке талапкер Темир Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталгандыктан, Шайлоо Кодексинин талаптары боюнча ээлеген кызматын токтотууга аргасыз болгон.

Бабырбек Субанович бул боюнча атайын билдирүү жасаган, ал билдирүү гезитибиздин 5-июндагы санына басып чыгарылган. Президенттикке талапкер Темир Сариевдин Талас областы боюнча шайлоо штабын жетектемей болгон Бабырбек Субанович өз кызмат ордуна гезитте орун басар болуп иштеген, белгилүү акын Анатай Өмүркановду бекитип кетет. Арадан апта айланбай, "Ачык саясат" гезитинин негиздөөчүсү жана директору Балтабаев Нурлан "Ачык саясат" гезитинин директорлук кызматына Момбеков Рыскелдини дайындаган буйругун чыгарат. "Ачык саясат" гезитинин жаңы директору Момбеков Рыскелди башкы редакторлук кызмат ордун өзүнө калтырып, гезиттин кезектеги санын чыгарууга киришет. Гезиттин кезектеги санын редакция жамааты жарым күндө даярдап, басмаканага басууга жөнөтүшөт. Гезиттин чыкпай калышына, гезитибизди басып чыгарган "ММКларды колдоо" борборунун басмаканасындагы келишимдин жаңыланбай калгандыгы себеп болгон. Ал болбогондо гезитибиздин өткөн саны үзгүлтүккө учурамак эмес.
Ал эми, айрым кесиптештерибиз айтып чыккан "апыртма" маалыматтарга кайрыла турган болсок, эч кандай "жабык төңкөрүш" болгон жок. Гезит жамаатына бир дагы жаңы жетекчи же жаңы журналисттер келген жок. Бардыгы эле баягы бойдон. Башкы редакторлордун алмашынан, баштагы багытыбыз алмашкан жок. Аны, алдыңыздагы гезитти барактасаңыз, байкаган болосуз. "Чыр чыкты" деген чыгармачыл кесиптештерибизге айтаарыбыз, чынында, "чымындын мурду дагы канаган жок". Чындыкты чыркыраткан, калыстыкты камаган азыркы бийликтин анык жүзүн, алыбыздын, акылыбыздын жетишинче ачып бергенге аракет кылабыз. Карапайым эл астындагы кадыры "кайтыш" болуп кеткен учурдагы бийликтин "убада саясаты" менен "убара саясатын" узун-туурасынан иликтеп, окурмандарыбыздын оозуна салып беребиз. Акырында айтаарыбыз, "Ачык саясат" гезитинин ак жүрөк журналисттери ар кандай ушактарга, "ар кандай тузактарга" маани бербей, баштагы багытынан артка кетпей, элге арнаган асыл эмгектерин арбыта бермекчи.
Редакция жамааты




Кыргыздар таң калууда, өзбектер аң казууда
Кошуна жайгашкан Өзбек мамлекети өз чек арасын чыңдоо багытында, Кыргызстан менен чектешкен жерлерге аң каздырып, зым тарттырып баштады. Ташкент бийлигинин мындай кадамы аша чапкандыкка жатат. Анткени, эки өлкөнүн ортосундагы чек ара тилкелери азыркы күнгө чейин делимитацияланып бүтө элек. Азыркы күндө аң каздырып жаткан Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда талашка түшкөн 60 аймак бар.
Ага карабай эле, чек ара тилкелерине тикенектүү зымдарды орнотуп, бульдозер менен тереңдиги 3 метр болгон аңдарды каздырып киришти. Өзбек тараптын "өзүм билемдик саясаты" жакшылыктын жышааны эмес дечи. Бирок, кошуналардын эмнеден кооптонуп жатканын кайдан билебиз? Алардын адилетсиз мындай кадамга барышына, 26-майдагы Анжыян менен Канабаддагы жардыруулар себеп болсо керек. Расмий Ташкент бийлиги ошондо айтып чыкпады беле, "кыргын салган террорчулар Кыргызстандын аймагынан келген"-деп. Эмнеси болсо да, эки өлкө ортосунда аңдын казылып жатканы, эки өлкөнүн мамилелери сууп баштаганынан кабар берет. Өзбек тараптын аң казмай саясатынан алгачкылардан болуп жалалабаддыктар жабыр тартты. Аталган облустун 100 гектар жерине суу жетпей калды. Ажобуздун жердештери суу өткөөрүп турууну өзбек тараптан суранса, алар моюн толгон коюшуптур. Мына сага! Суу башындагы кыргыздар суусуз калды. Өзбектер казган аңдан аттап өтсөң, "өтүңдү алып коёт". Арманыңды кимге айтасың?
Айрым саясат талдоочулардын айтымында, өзбек президенти менен кыргыз президенти Алмата шаарында өткөн Арал деңизи боюнча саммитте айтышып кеткен имиш. Менин жеке пикиримде, өзбек бийлигинин өзүм билемдик өчөшмө саясаты, кыргыз бийлигинин Камбар-Ата ГЭСтерин курууга болгон аракетине багытталса керек. Эсиңиздерге сала кетсек, өзбек президенти Абдугани Исламович Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушуна каршы экендигин бир нече жолу билдирген. Эки өлкөнүн ортосундагы аңдын казылышынан, эки мамлекет тең жабыр тартат.Өзгөчө, эки өлкөнүн ортосундагы соода катнаштарына катуу сокку урулат. Өзбекстандын жашылча-жемиштери көбүнесе биздин мамлекет аркылуу алыскы Орусияга тартылат. Андыктан, алар деле ойлонушу керек болчу. Аң казуунун артында чоң саясаттын бар экени билинип турат дечи. Бирок, казылган аңдын кайра көмүлөөрүнө ким ишенет?
Каримовдун мындай "калыссыз саясатына" алгачкылардан болуп Нарындыктар нааразы болуп чыгышты. Алар түз эле Каримовго кайрылуу жазып жиберишиптир. Ушунуңуз "бовойт да" кыязында. Биздин бийлик өкүлдөрүбүз билбей калганбы же алдыдагы шайлоого аябай даярданууга милдет алганбы, айтор, "өкүрүп" чыкчулары болгон жок. Кыязы, ажосуна ишенип отурушса керек. Бүгүнкү ШКУ жыйынында бул маселе козголобу, кайрадан кошуналар дос болобу, азырынча белгисиз.
Рыскелди МОМБЕКОВ