Аза күтүп үшкүрөт кыргыз эли
Бүт дүйнөлүк жоготуу
(Чыңгыз Айтматовго)
Күттүк элек, күттүк элек сагынып,
Теңиримден тиленип да, жалынып.
Келсе экен деп элдин куту сакайып,
Биздин санаа өзүң жакка агылып.

Келбей калды биз тилеген ак тилек,
Сокпой калды ааламда кең, алп жүрөк.
Жүрөк сыздап, жан дүнүйөм зыркырап,
Ыйлайм, ыйлайм жер жаңырта чыркырап.

Сендей адам кылымдарда бир келет,
Дал өзүңдөй келерин да ким билет.
Кыргыз деген касиеттүү калкыңа,
Теңир сүйүп берген эле бир белек.

Бүт дүйнөгө элдин атын таанытып,
Көзү болуп жүрүүчү эле кыргыздын.
Бүт ааламга рухумду көтөрүп,
Сөзү болуп сүйлөөчү эле кыргыздын.

Асман-жердин тирегиндей көрчү элек,
Кыргыз элдин тилегиндей көрчү элек.
Алып жүргөн айкөлдүгүн, акылын,
Алп Манастын жүрөгүндөй көрчү элек.

Адамдыктын сүрөөсүндөй көрчү элек,
Ар бир үйдүн бүлөөсүндөй көрчү элек.
Аруулуктан жакшылыкка нар алып,
Асылдыктан кубат алып өнчү элек.

Аалам уулу, улуу адам кулады,
Жарык жылдыз өлбөстүккө зуулады.
Бүт дүйнөлүк орду толгус жоготуу,
Өтпөй турган адам болбойт турбайбы,
Айла канча анын артын сурайлы.



Гүлсайра МОМУНОВА,
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов сыйлыгынын лауреаты
Ак чолпондой балбылдап
Суук кабар чагылгандай тийди эми,
Жүрөктөрдү устарадай тилди эми.
Ала-Тоодон чыгып катуу үшкүрүк,
Кыргыз туусу башын төмөн ийди эми.

Канаты анын учкул эле, мыкты эле,
Ала-Тоодон көккө эргип чыкты эле.
Америка, Европаны чабыттап,
Азиянын асманында сызды эле.

Ал туулган арстан эле намыска,
Ага берди бүткүл дүйнө калыс баа.
Биздин Чыңгыз!-деп айтчубуз
мактанып,
Көктө сызып баратканда алыска.

Тамшандырып, таңкалтырып канчаны,
Атагы анын ай-ааламга таркады.
Ал болуучу улуулардын улуусу,
Ал болуучу залкарлардын залкары.

Бар болсо да тирүүлүктөн тайгылмак,
Атагы улам бийик өсүп ай-жылдап.
Чыңгыз турат асманында кыргыздын,
Ак чолпондой нурун чачып балбылдап.

Сооронбай ЖУСУЕВ,
Кыргыз Республикасынын
Баатыры




Чексиз жашоо ээси болду алп талант
(Чыңгыз Айтматовдун зыйнатына)
Теңирден улутка бак келди, чындык,
Абадай жер шарына жетти кыргыз.
Ааламга кыргыз жерин эли менен,
көтөрүп, бир көргөзүп кетти Чыңгыз!

Бүт элдер чоң өсүшкө барган чакта,
Таланттан түштү өчпөс кадам ташка.
Таанытты кыргыз көркүн, салт-санаасын,
Рухун, нарк-насилин адамзатка.

Сездирди көркөмдүккө канык жолду,
Так айтып, мыйзамдуу акыл, калыс ойду.
Адамдын Сүйүү - Күнү, Ай, Жылдызы
экенин жүрөктөргө салып койду.

Дархандар доор менен иргелээри,
Накталар дайын, элге бир келээри.
Адам эмес, ал айбанат жандүйнөсүн
аңтарган чебер, жандын инженери.

Чыңгыз Күндөй, тарайт элге нур жашы,
Бүт "Чыңгыз" дейт, жаш-карынын курдашы.
Таланттардын тээ байыртан бер жакка,
Кыргыздагы канынын ал тунмасы.

Сейректик бир касиет, таралышы,
Тарыхка эли менен бара алышы.
Сестенткен даңкы бүткүл дүйнө элин,
Семетей, Күлчородой жаралышы.

Жаралган ал керемет кыргыз үчүн,
Жаралган адамзатта жылдыз үчүн.
Геочек болбой калды жер шарында,
Бүгүнкү, эртеңки да Чыңгыз үчүн.

Ат коюп улам кылым жаңысына,
Алынып "Адам" аттуу баарысына.
Турмушту, тагдырды да жашообузду,
Айлантты ал адабият тарыхына.

Доор, жылды жүгөндөдү ал жылгызбай,
Кыраандарга кыртышы бар кыргыздай.
Тигил дүйнө - Аалам, ал бир өлбөстүк,
Сейрек гана пенде барат Чыңгыздай.

Иргеп тапты ааламдык сөз теңизин,
Бала күндөн аркалады эл ишин.
Дүйнөлүк жазмага ал түзүп кетти,
"Кыргыз" деген адабият деңизин.

Чыңгыз - От, күйүп турат эл көзүндө,
Чыңгыз - Кут, ар бир адам өргөөсүндө.
"Айтматов" аттуу адабий океан,
Кыргыздын ажайып кооз жергесинде.

Чыке - өзгөчө жол, ат башын бура элек,
Ал имарат, эч ким андай кура элек.
Адабият асманында жаркырайт,
"Чыңгыз" аттуу өзгөчө бир планет.

Байрак көктө, тебеленип жатпас туу,
"Чыңгыз" деген миң өнөрдөн санжаптуу.
Аттап-тондоп, салтанаттап, аземдеп,
Дүйнө элдери өлбөстүккө атказды.

Алп талант, даңктуу, ооматтуу, куттуу кары,
Кыргыздын бир бөлүгү учту нары.
Түбөлүктүүлүктүн бир чексиздиги,
Чыңгыздын жашай берчү кут турагы!

Өмүрбек ДӨЛӨЕВ,
акын, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер