Арман дүйнө

Өрнөктүү өмүр
Мындан туура бир жыл мурун, 12-июнь күнү Кыргыз Эл артисти, Кыргыз Республикасынын искусство жана маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жаштар сыйлыгынын жана Муратбек Рыскулов, Чыңгыз Айтматов, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктардын ээси, таланттуу режиссер Алмаз Сарлыкбеков мезгилсиз оо дүйнөгө сапар тарткан.

Оо, Алмаз дос, аккан дос!
Оо дүйнө кетип ордуң бош.
Агайын-тууган томсоруп,
Топурак салдык кош колдоп.
Ажал улук турбайбы,
Айрылып сендей уулунан,
Ала-Тооң турат жок-жоктоп.

"Өлдү, бүттү дегендерге кошулбайм, өлүп бирок,өлбөй турган өмүр бар"-деп акын Эсенгул Ибраев агабыз жазгандай, эң жакшысы чыгармачылык адамдардын көзү өткөндөн кийин экинчи өмүрү уланат турбайбы. Театр өнөрү деген чөйрөдө, дегеле, кыргыз маданиятында Алмаз Сарлыкбеков деген ысым аттын кашкасындай дапдаана жаркырап турат. А. Сарлыкбеков кыргыз искусствосу менен маданиятына нар көтөргүс эмгектерди жараткан. Ал жаш кезинен Ленинград, Москвада он жылдан ашык орустун Кнебель сыяктуу белгилүү сынчы, театр таануучуларынан билим алып, өз чыгармачылыгынын пайдубалын ошол жактан түптөгөн. Бекем түптөлгөн чеп кебелбей түбөлүктүү тураары анык демекчи, Алмаз жараткан спектаклдер ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнүн түпкүрүнөн түбөлүккө түнөк таап, Москва, Тбилиси, Алма-Ата шаарларындагы көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуулары күнү бүгүнкүдөй көз алдыма элестеп турат. Алмаз кыргыз элине бир жаралган сүрөткер, ал бүткүл союздук театралдык сыйлык А.Д. Попов атындагы күмүш медалына татыган алгачкы адамдардан эле.
Алмазга биринчи жолу жолугуп, таанышкан күн алигиче эсимде. 1981-жылдын октябрь айы болчу. Анда мен 25 жашта, ал 29 жаштагы керилген жигит, тагдырдын буйругун карабайсыңбы, экөөбүз бир күндө жолдомо алып, Алмаз Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрына башкы режиссер, мен Нарын облустук Эл чыгармачылык борборуна директор болуп дайындалдык. Ошол күндөн баштап экөөбүздүн чыгармачылык жолубуз бирге өттү. Үй-бүлөөлүк да жакын карым-катнашта болдук. Алмазды мен досум гана эмес, театр, искусство жаатында көзүмдү ачып берген улуу устатым катары көрчүмүн.
Анын өз ишине чын дилинен берилип, ар бир койгон чыгармасын өтө жогорку чеберчиликте иштеп чыккан, мыкты режиссерлук таланты ал жараткан ар бир спектаклде даана көрүнүп турчу. Айтматовду койсо, Айматовду, Шекспирди койсо, Шекспирди, Достоевскийди койсо Достоевскийдин бүт чыгармаларын казып окуп чыгаар эле. Мен ага "Эрте жаздагы турналарды" же, "Король Лирди" койсоң, ошол авторлордун бүт китептерин окубай эле, өзүңө керектүүсүн окубайсыңбы?" дегенимде, ал "Ар бир автордун өмүр жолун, чыгармачылык ой - санаасын, философиясын бүт изилдеп, окуп чыкканда гана татыктуу чыгарма жаралат" деп койчу. Нарынга барганда биринчи сахнага алып чыккан спетакли Султан Раевдин "Күн кармаган бала" аттуу чыгармасы болду. Дал ошол спектаклдин жогорку деңгээлде сахналаштырылышы-Султан Раевди драматург катары элге таанылышына өтө чоң көмөк көрсөткөн десек туура болор. Чын-чынына келгенде, Раевди Раев кылган Алмаз эле.
Кыргызстандын тарыхында областтык театрлардан СССРдин Эл артистигин алган эщ алгачкы адам бул-Нарын театрынан К.Медетбеков болгон. Бул Алмаздын жана ошол жылдардагы Нарын шаарынын биринчи катчысы Жуман Акималиевдин түздөн - түз эмгеги экендигин эч ким тана албайт.
Алмаздын дагы бир адамгерчилик өзгөчөлүгү-шакирттерине качан болбосун, кайда болбосун, кандай гана маселеси болбосун колунан келишинче жардамын берип, чын-дилинен өз көмөгүн көрсөтөөр эле.
Алмаз өмүрүнүн акыркы жылдарында кыргыз теле-радио компаниясынын алдындагы жаштарды кесипке окутуп тарбиялоо Академиясында көркөм жетекчилик кызматта да үзүрлүү эмгектенди. Артка сереп салып көрсөк профессионал театрлар гана эмес, элдик театрларга да, чыгармачыл коллективдерге да өз көмөгүн көрсөтүп келиптир. Акыркы жолу экөөбүз Бишкектеги Швейцариялык бюронун финансалык колдоосунда "Өнөр ордо" коомдук бирикмесинин атайын долбоору менен Ак-Талаа районунун элдик театрына драматург Ч.Калыбекованын "Бото көз" аттуу спектаклин коюп берип келе жатып, "Жалил быйыл Нарын театрынын 70 жылдыгы экен. Мен, сен, Марат (Шарафудинов), Оштон Токтосунду (Ташматов) чакырып, баягы жаш кездегидей Нарын театрына жардам берип кетпейлиби, бизди чакырып жатышат, Академиялык театр деген статусту алып берүүгө да жардам берип жатам, наам алчулар да болуп жатат" деп калды. Көп узабай Нарынга келип, төртөөбүз өз жардамдарыбызды берген элек. Алмаз болсо, Нарында калып, айлап жүрүп, убагында өзү койгон спектаклдерин кайрадан жаңыртып иштеп чыгып, театрдын 70 жылдык мааракесине катышып кеткенге үлгүрдү. Чындык үчүн айтып коюшубуз керек Нарындыктар үчүн Алмаз ат көтөргүс эмгек жасады. Нарындагы ошол мааракеден келгенден кийин мага жолугуп "Жалил сен барсаң сен дагы Нарын шаарынын атуулу - деген наам алмак элең, биз Марат экөөбүзгө атуулдукту беришти" - деп барбалактады. Мен оюн-чынга салып, "эй, Алмаз мен Нарындык болсом, ал жерден мага атуулдуктун эмне кереги бар? Чүйлүктөр силер алсаңар болот, жарашат" - деп тамашаласам, "ай атаа, сенден сөз качып кутулбайт экенго"-деп күлүп, кабинетине кирип кеткен. Ошондон көп узабай өзү башкы режиссер болуп иштеген Кыргыз Улуттук Академиялык драм театрында Назым Хикметтин "Унутулган адам" спектаклин коюп, мына эртең элге тартуулайбыз деп жатканда, 12-июнь күнү мезгилсиз жарык дүйнө менен кош айтышып, түбөлүк уйкуга кете берди. Бүгүн кыргыз маданияты, өзгөчө театр тармагы Алмазды жоктоп, томсоруп турган убагы. Жакында кичи мекенинде Төлөктүк туугандарынын атынан айылдык маданият үйүнүн алдында эстелиги тургузулуп, Москва райондук Кеңешинин чечими менен Төлөк айылдык маданият үйүнө ысымы ыйгарылды. Чыгаан талант Алмаз Сарлыкбековдун атын түбөлүккө калтыруу боюнча Маданият жана маалымат министрлиги, дегеле, Кыргыз өкмөтү да тийиштүү иш-аракеттерди көрөт деген терең ишеничтебиз.
Жалил Сыдыков
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, обончу, акын.



Өмүр - өрнөк
сөзү, обону Ж. Сыдыковдуку
(Алмаз достун жаркын элесине)


Өмүрлөр жылга алмашып,
Өгөйлөйт тура жаш качып.
Өчөт ээ, барып нурдуу жүз,
Өзүңдө турчу назданып.

Кайырма:
Кайгы - муң үйдү баш багып,
Кадырлаш тууган, дос калып.
Калат ээ, курган алтын баш,
Бир кетмен чымды жазданып.
Капыстан ажал каш кагып,
Кыр - белге таштайт алпарып.
Кеп - сөзгө келбей бир күнү,
Кетет ээ, өмүр аттанып.

Канатым турат кайрылып,
Кадырлаш достон айрылып.
Шумдугуң түшкүр дүйнөдө,
Шум ажал тура ар улук.

Кайырма:
Кылтыйып боз чач баш багып,
Кырчын кез өттү даң салып.
Кылымга тете иш кылдың,
Кыргыз - деп ураан жар салып.