Дастанга кат

Азат САМАТОВ:
"Дастан Исламович, мен сизге таң калам, неужели сизге никак не доходит?"
Сиз баягы эле мезолит эпохасындай эски идеяларыңыз менен улам эле чыга бересизби? Сиздин макалаңызды окуп, дагы жооп жазам, бирок мүмкүн сизге эмес, сизди дагы эле кумир тутуп жүргөндөр үчүн, себеби сиз уже неисправимый машине сыяктуу өзгөрбөйт окшойсуз. Сиздин макалада (маегиңизде ) диагнозу туура коюлганы менен, анын себебин жана дарылоосун туура эмес назначать эткен врачтын ишиндей эле кээ бир жерлериңиз туура да, бирок көп жериңиз туура эмес. Сиз коомго адашууларды көргөзүпсүз да өзүңүздүн адашууңузду билбей жатасыз. Орустар айткандай мужественнный болуп, катаңызды мойнуңузга алсаңыз жакшы болор эле.

Алтынчы катаңыз: Жылына 4 млн. аял арабтарга дене кулчулукка сатылып жатат дегениңиз. Бул бетпактык жалаа, буга кандай далилиңиз бар? Экинчиден ал бузулган катындар эмне үчүн сатылып жатат? Эмне үчүн дунган кыздар сатылбайт, эмне үчүн даргин, түрк кыздар сатылбайт, ким ал жакка аларды алып барып жатат? Өткөндө бир бузуку акын, бузуку поэманын автору дал ушул сиз айткан сөздү айтып, арабтарды күнөөлөйт. Анан биз ал эжекеге: "Эй эжеке, силер эмес беле, сүйүү ырларын жаза берип ошол кыздардын көчүктөрүн курттаткан, эми көчүгү курттап бул жердин аңгилери аздык кылып дүйнөнү кыдырып жүрүшөт силердин продукция, арабтардын бул жерде кайсы күнөөсү бар? ", дедик. Анын сыңарындай себепти, маселенин төрүн карап сүйлөсөңүз, Дастан Исламович. Алар кантип биздин кыздардан кутуларын билбей убара болуп жатышат, анан өзүбүздүн проблеманы аларга шылтай салмайыбыз жакшы эмес. Сиз бул жерде биздин кыздарды базарларда, сауналарда, бир түндүк "мейманканаларда", көчөлөрдө, парктарда эмне кылып жатканын эмне айтпайсыз? Ыплас товар кайдан чыгып жатканын айтпайсызбы, же арабтар келип биздин кыздарды бузуп берип жатабы? Сиз госсекретарь болуп турганда эмне үчүн сауналар, сойку базарлар менен күрөшпөдүңүз?
Жетинчи катаңыз: Сиздин кыргыздар өзүн өзү оңоп кете алат деген идеяңыз. Кыргызды оңдош үчүн гениалдуу идеология керек, а гениалдуу идеологияны табыш үчүн гениалдуу баштар керек, ошол гениалдуу идеяларды аткарыш үчүн жакшы ыймандуу адамдар керек, ошол адамдар өздөрү үлгү болуп ошол идеяларды ишке ашырыш керек. А сиз болсо жандаганыңыз көзү ачыктар, бывший коммунисттер, кудайдан жөө качкан атеисттер. Ишенген идеологияңыз неолит, мезозой доорундагы кыргыз идеологиясы. Ал идеологияңыз болсо таштарга чийилген түшүнүксүз сызыктар, текелердин сүрөттөрү, койсоңузчу козлиный эпопеяңызды! Мурдагы кыргыз, мурдагы убакта мүмкүн оңдоп кетмектир, а бирок орусташкан, батышташкан, дагы башкачаланган, өзүнүн алапайын таппай жаткан, өз балдарына акылы жетпей жаткан кыргыз кантип өзүн өзү оңойт? Кыргызды оңош үчүн, деги эле башка элдерди оңош үчүн бир эле жол бар, ал дин жолу. Биринчи кезекте адам болуш керек, андан кийин баары өз ордуна келет, тил да, патриоттук да, башкасы да. Ыйман жок болгондон кийин баарын саттык, мээлерди пропивать эттик, анан алкоголикке арактан башка эмне керек? Алкоголик жерин, тилин турмак өзүнүн кызын, баласын энесин карабай калат, атүгүл өзүнүн кейпин да билбей калат. Арактан сиз толкать этип жүргөн Теңиризм сактаса түндүк элдерди сактайт элего, алардын баары Петька, Васька болуп кеттиго! Алар деле бир убакта биздей эле эл болгон, мүмкүн алар биздин эле бир уруулар болгон.
Сегизинчи катаңыз: Сиз жаратылыш бизди сактайт, бизди тарбиялайт деп көп айтасыз. Ой жарыктык, жаратылыш деген топурактар, таштар, суулар, мындайча айтканда молекулалар, алар кайсы акылы менен бизди тарбиялайт, кокуй? Же алар ата энени кантип сыйлаш керегин үйрөтөбү, же алар ууруну кантип жазалаш керегин үйрөтөбү? Же кантип үйлөнүш керегин, кантип балдарды тарбиялаш керегин үйрөтөбү? Чагылган чарт этип кетсе коркуп кетип, кайсы күнөөнү кыла салдым экен, деп калдастаган караңгы орустун мүжүгүндөй, өзүңүз бир натыйжа чыгарсаңыз: чагылганга мындай иш жакпайт окшойт, деген тыянагыңызды жаратылышка жазгыңыз барго? Кантип эле акылы жок атомдор чогула калып эле түрлүү түрлүү кооз гүлдөргө, өсүмдүктөргө, эң татаал айбанаттарга айланып кетсин. Сиз дагы эле дарвинизмде жүрөсүзбү? Кантип эле акылсыз жаратылыш эң татаал түзүлүштөгү адамды жаратып койсун. Жаратуучунун акылы, жөндөмү, таланты, кудурети болушу керек да!
Тогузунчу катаңыз: Кан бийлигинен нарк күчтүү деген туура эмес түшүнүк берипсиз, бул жерде: кан кандай зөөкүр болсо да, эл өз наркын жоготпойт десе туура болотко. Бирок эл салты, наркы, адаты элдик бийликти камсыз кылып турган дегениңиз такыр туура эмес. Кандык бийлик болгондо дайыма бийлик кандардын колунда эле болгон, кан жакшы болсо, эл жакшы жашаган, жаман болсо чыдаган, а салтты, адатты кандар деле сактап келген, анын бийликке кандай тиешеси бар? Бийлерди эл шайлаган, элдик курултайлар болгон дегениңиз жөө фантазия. Биз 1 сьезд РСДРП, 2сьезд РСДРП, 1интернационал, 2 интернационал ж.б. ларды качан болгонун кандай маселелер көтөрүлгөнүн жакшы билебиз. А бирок 1 курултай, 2 курултайлар качан, кантип өткөнүн сиз билбесеңиз эл билбейтко! Бийлерди, болуштарды эл орустар келгенден баштап эле шайлаган, хандык мурас менен эле өтүп келген.
Теңдик боюнча, эч качан адамдар бири бирине тең боло албайт, себеби ар бир адам өзүнүн өзгөчөлүгү, деңгээли бар. Кан менен карапайым эл каэрде тең болчу эле? Датка менен кул кайда тең болчу эле? Бокмурун менен Манас каэрде тең эле? Жыйындарга жөнөкөй эл катышчу эмес, бирин серин эле өтө акылдуу, керекке жараганы болбосо, кандар, байлар өздөрү эле чеччү бүт маселелерди. Эки эчкисин жөндөп бага албаган карапайым кедейдин бийликке кандай жөнү бар? Азыркы үйүндө ичерге чайы жок, мээсинин баарын ичип салган, оюнда арактан башка эч нерсе жок, жүз грамм аракка же жүз сомго добушун саткан шоркелдейлер кантип бийлик жүргүзгөнгө жардам бермек эле? Эл эмес өзүн башкара албаган, балдарын, аялдарын башкара албаган жөнөкөй адамдар кантип бийликке катышат деп жүрөсүз?
Кантип кыргыз феодал, кулчулук "ыплас" доорунан өткөн эмес? Ал силердин, коммунисттердин көз карашы боюнча ыплас доор, керек болсо ошол учурда ыйман көбүрөөк болгон, кандар, байлар эл жөнүндө көбүрөөк ойлонгон. Дастан Исламович, сиз билип алыңыз биздин кандар, байлар орустардын помещиктериндей болгон эмес, бай кедейлер бири бирине карап жашаган. Бизде эч качан эзүү болгон эмес, ошондуктан бизде Разинщина, Пугачевщиналар болгон эмес. Орустардын помещиктери крепостнойлорду итке обуштурчу, каалаган убагында сатып жиберчү, тайгандарынын күчүктөрүн крепостной аялдарга эмгиздирчү, бул жагынан адашпаңыз. Бизди европеецтер менен бир стандартка коюп, шаблон менен эле ура бербеңиз. Тилекке каршы азыр көптөгөн биздин интеллигенттер ушул нерсени билбейт. Азыркы капитализм доорундай бири бирин алдап жуткан ошол доордо азыраак болгон.Байлар кандар өз койлорун өздөрү жайган дегиңиз барбы? Бай кедей деген болгон эмес дегиңиз барбы? Дастаке, табият өзү, атүгүл жаныбарларда да теңдик болбойт. Күчтүүсү алсызын башкарат. Күчтүүсү көбүрөөк укуктуу болот. Алмусактан бери абсолюттук теңдик болгон эмес. Искусственно атайылап элди теңесе, эл өспөй калат, интереси жок болуп калат. Социализм дал ошондой тең эместерди теңейм деп отуруп, тез арада жок болгон.
Үчүнчү адашууңузда берген маалыматтар, сиз болуп жаткан окуяларга туура эмес анализ жасаганыңызды билдирет. Кыргыздын биримдиги болгон дегениңиз, ал эч бир далили жок сиздин эмоцияңыз, тилекке каршы, кыргызды Кудай эле сактап келатат. Баатырларыбыз көп чыкпаганда качан эле жок болмокпуз. Баатырлар эле эл менен кеңешпей эле, кээде керек болсо жыйнап алып душманды кубалап чыкчу, эл кандарга жакшынакай эле моюн сунчу. Иракта, Афганистанда, Пакистанда болуп жаткан нерселердин артында ким турганын өзүңүз көрүп турасыз. Кудай сактасын бизди баскынчылардан, бирөөнүн башына түшкөн балээге мындай баа беришиңиз такыр адепке жатпайт деп ойлойм.
Сокур киши сокурларды жетелесе аңга кулатат дейт, Дастан Исламович өзүңүз көп нерсени түшүнбөйсүз. Сиз кыргыз элине эч кандай жол көргөзө албайсыз, бир жагынан сиз өзүңүз салтты деле сактабайсыз, аткарбайсыз, даже өңүңүз кыргызга окшошпойсуз. Сакалыңыз кайда? Нарктуу кыргыз сиздин куракта сакалчан болуш керек да, намаз окуп Кудайга сыйыныш керек да, анан сиз жөн эле кыргыз мындай болгон, тигиндей болгон деп божомолдой бергениңизден, кыргыздарды аша чаап гений кыла берегенден канча толк?