Абдувахабды сабаган саясат
5-июнь күнү "Ачык саясат" гезитинин башкы редакторунун орун басары, белгилүү журналист Абдувахаб Мониевди Бишкек шаарынын Токтогул-Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар тепкилеп кетишкен. Азыркы күндө мээси чайкалып, ооруканада дарыланып жаткан Абдувахабдын айтымында, аны ал жерге бирге окуган классташ баласы чакырган. Кайдан-жайдан пайда болгону белгсисиз төрт бала, аны ай-койго келбей эле төпөштөп кетишкен. Бети-башы канжалаган Абдувахаб алыс эмес жердеги милициянын бөлүмчөсүнө кайрылган. Абдувахабды телефон аркылуу чакырып чыккан классташ баласы акыркы күндөрү редакциянын алдынан кетпей жүргөндүгүн өзүбүздүн журналисттер айтты. Ал жигит биздин редакция кызматкерлеринен Абдувахабдын телефон номерин эки күн бою ала албай, эшик алдында Абдувахабды аңдып жүрүптүр. Акыры кабарчыбыз Машакбай Рахманкуловдон Абдувахабдын номерин алгандан кийин, ошол замат жок болуп кеткен.
Абдувахабды тепкилеп кеткендер анын эч нерсесине тийбегендигин эске алсак, анда жөнөкөй хулиганчылык жөнүндө сөз болбошу керек. Демек, кол салгандар атайын бирөөлөрдүн дайындаган тапшырмасын аткарды десек болчудай. Төпөштөгөн төрт бала Абдувахабдын акчасына, соткасына, сумкасына асылбаса, анда эмнеге тепкиге алышты? Классташ баласы эмнеге ал жакка чакырды? Өзү келсе болбойт беле? Абдувахабдын сабалышында саясий себептер болгону көрүнүп эле турат. Абдувахабдын акыркы кездердеги жазган макалаларын окуган адам, айныбай эле түшүнсө керек, балакеттин башы кайда жатканын. Эмне үчүн биз кесиптешибиздин келтек жегенин саясий себептерге байланыштырып жатабыз? Анткени, акыркы күндөрү Абдувахаб жазган макалалар боюнча редакциябызга телефон чалуулар оголе көп болгон. Бирилери "ал маалыматты кайдан алыптыр" деп сураса, дагы бирөөлөрү "сотко беребиз" деп коркутушкан. Абдувахабдын "Ачык саясаттагы" саясий бейнелери азыркы бийликте отурган "лөктөргө" арналгандыктан, бул кол салууга бийликтин кол кабышы бар экенине шектенип отурабыз. Мындан бир аз мурун эки журналистибиз прокуратура кызматкерлеринен эскертүү алса, аз гана убакыт мурун башкы редакторубуз Бабырбекке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өз кабинетинде эскертүү беришкен. Демек, Мониевдин токмоктолушу, "Ачык саясат" гезитине болгон саясий кысымдын уландысы десек болот.
Рыскелди МОМБЕКОВ





  Бийликтин ишин ...искейин

Элитанын артынан эл ойгонот
Түптө быйыл да бир уйдун мүйүзү сынды. Былтыр да сындырышкан. Ал эми Түпкө окшогон Кыргызстанда миңдей айыл бар. "Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт" дечи беле. Кыргызстандын чыгышы Түптөгү эки жолу кайталанган мүйүз сындыруу батыштагы Лейлектин Катыраң менен Козу-Багланында, түштүктөгү Алайдын Үч-Дөбөсү менен Жошолусунда, Ат-Башынын Ак-Музу менен Казыбегинде , тигил жагы Таластын Талды-Булагы, этеги Шекер, Көк-Сайында миңдеген адамдардын зээнин кейитип, жан дүйнөсүн зыркыратып жатат.
Бийлик болсо "кезектеги жеңишке жеттик" дегенсип, кудуңдап жаткандыр. Ал турмак Түп менен Балыкчынын акими ишинен жогорулап, кара көз айнек кийип эл ичинде жашырынып, жакшы иштеп койгон милийса менен "чекист сөрөйлөрдүн" чиндерине сиркедей болгон бирден жылдыз кошулуп калышы да ажеп эмес. Андай нерсе Ак үйдөгү адаттагы көрүнүш экенин ажобуз өзү айтпады беле - "жаңы салык Кодексин жазган авторлор эң сонун иштеди, ошолорго орден-медаль, наамдардан берели" деп бөжөңдөгөндөрдү Бакиев "кое тургулачы, ой, иш башталсынчы" деп өзү тизгин тартып коюптур го. Ошол сыңары "оппозицияны ойрон кылган кызыл шапке, көк шапкелердин "ярыйларын" сыйлыкка, чинге көрсөтүп, эң болбоду дегенде тапанча тартуулап жиберишкендир. Ак үйдө кийинки кезде ошондой "балиттехнология" ойлоп табыша койгон тура - кийин кыйшаңдаса "тапанчаңдан киши өлтүрүлүптүр" дешке эң жакшы шылтоо эмеспи).
Ар бир жаран бут кийим тандоо укугуна кандай ээ болсо, президент тандоого да ошондой эле укукка ээ. Адамдар ошондой эле кайсы курултайга барар-барбасын да өздөрү тандасын. Күйөөсү бозо ичкичтердин курултайына баргысы келсе, аялы балким абысын отурушка баргысы келээр. Кыргыз бийлиги адамдардын ушундай конституциялык укуктарын ачыктан ачык тебелөөгө өттү. Эми карап тургула-ушул жол менен кете берсек, эртең балким "бул гезитти оку, тигини окуба, КТРди көр же көрбө" деши турган иш. Себеби кошуна Казакстанда ошентип башташпадыбы: "Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин батышта жарык көргөн китебин ким сатып алып окуса кылмыш жообуна тартылат" деп прокуратура ачык эле жарыя кылды. "Нур -Отан" партиясынын жолу менен бараткан "Ак жол" аны деле жасап жибериши толук ыктымал. Ушул тартипти эптеп киргизип алсак, анан "тигил чогулушка катышыпсың го, эмне үчүн тигил гезитти окудуң, эмне үчүн бул партияга кирбей, тигил партияга кирдиң" деген шылтоолор менен моюнга күнөө илиниши толук мүмкүн. Ушул сыяктуу жалган жалаа менен түрмөдө отурушкан Жекшенкулов, Булекбаев, Аргынбаевдердин катарын сен экөөбүз тез эле арбытып жиберебиз.
Бакиев бийлигинин алган "жаңы багыты" ушинтип жүрүп отурса демократиянын аралчасы аталган Кыргызстан аз эле мезгил ичинде каерге барып такалаарын элита эмес, эл да сезип калды. "Таза шайлоо өткөрөлү" деп оппозиция эмес, биринчи кезекте бийлик коңгуроо кагыш керек эле. Бизде болсо баары тескерисинче. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Балтика боюндагы республикаларды эске албаганда, калган бардык республикалар Россия баш болуп реформаланган, доордун азыркы талаптарына окшош болумуш эткен авторитардык режимди демократиялык режимге "үйлөнтө" салышып, аргындашкан жаңы системаны жарыша түзүүгө киришүүдө. Аты - жалпы элдик шайлоо, заты - жалпы элди алдоо. Конституцияда бийликтин булагы-эл-деп жазылып, бийлик элге кызмат кылыш керек дейбиз. Иш жүзүндө бийликтин булагы - арам, алдоо, коркутуу, мыйзам бузуу менен топтолгон акча жана аны менен чырмалышкан коррупция. Коомдо мыйзамдын үстөмдүгү жогору болуш керек дейбиз, иш жүзүндө бийликтин үстөмдүгү Ала Тоонун ой-кырында "анжиян полькасын" бийлеп жүрөт.
Белгилүү төкмө Элмирбек Иманалиев Чыңгыз Айтматов каза болгондо ырдагандай, "эл сүйбөгөн бийликтин жоголгонун көргөмүн, эл сыйлаган өнөрдүн жоголгонун көрбөдүм" демекчи, бул бийлик ушундай иштөө турпатында, ушундай өнүгүү багытында анча алыска баралбасы белгилүү болуп калды. "Элитанын артынан эл ойгонот, жамгырдын артынан жер ойгонот" демекчи, элди бийлик болобу, "Ак жол" болобу же алардын областтардагы, райондордогу, айылдардагы "активисттери" канчалык "жаңы багытка" салайын деп аракет кылып жатканы менен басмырланган, добушун уурдаткан, мыйзамсыздыктын запкысын тарткан эл баары бир өз укугу үчүн күрөшөөрү турган иш. Бул күрөштө азырынча элита гана ойгонуп, ошол элита элдир-селдир уктап жаткан, "Ак жолдун" камчысынан коркуп жаткан элди анча ойгото албай жаткандай. Эл ичи эбак ойгонуп калганына төмөнкү бир мисал айкын күбө.
...Таластын бийик тоолуу Талды-Булак айылында Бишкектен барган чоңдор жергиликтүү чоңдор менен биргеликте шайлоо алдындагы профилактикалык чогулуш өтүп, элдин кулагына аябай "лапша" илишиптир. Чогулуш аягына чыгып баратканда "Жашоо-турмушуңарга эмне тоскоолдук болуп жатса айткыла, колдон келген жардамды беребиз. Эл бузар бакырчаак оппозиция өкүлдөрү келсе аларды укпагыла" маанисинде акыл айтып калышат. Анда чогулуш башталгандан аягына чейин алдыңкы катарда унчукпай угуп отурган кексе карыя Таштанкул кол көтөрүп, "элдин жакшы жашап кетишине эки гана нерсе тоскоолдук келтирип жатпайбы" дейт. "Айтыңыз, аксакал элдин көзүнчө. Алар кимдер?"-дейт жандана түшкөн аким. "Анын биринчиси - колорада коңузу, балам. Картошкабыздын тамтыгын чыгарып жиберет экен.Бирок анын айласын таптык, 3-4 жолу дарыласак эле жок болуп калат экен. Бирок экинчисинин айласын таппай жатабыз" деп бир азга токтоп калат . Чыдай албай кеткен чоңдор "Ал ким?" дейт. Анда карыя "экинчи тоскоол болуп жаткан нерсе бул - өкмөт" дептир. Элита эле эмес, эл ичинде саясаттан алыс сары тиштүү абышкаларга чейин ушинтип айтып жаткандан кийин- биздин коомдун азыркы абалы, элге айыл өкмөттөн тарта чоң өкмөткө чейин кандай жардам берип жаткандыгынын ахыбалын бул абышкадан артык кимибиз таамай айта алмак элек.
Машакбай РАХМАНКУЛОВ