Жаңы тасма

Эрнест Абдыжапаров, Кыргызстан мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, продюссер, кинорежиссер:
"Уурунун махабаты"
- учур илдетин чагылдырат
Жакындан бери кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров тарткан "Уурунун махабаты" аттуу толук метраждуу кино тасма борбор калаанын "Ала-Тоо" кинотеартрында жана Синематика кинотеатрларынын биргелешкен түйүндөрүндө көрсөтүлө баштады.
"Уурунун махабаты" жөнүндөгү тарых таржымалы мындайча башталат. Ууру-кески, каракчылар тобунун анабашчысы төрт тарабы келишкен, сулуу кызды сүйүп калат. Ал кыздын жүрөгүн өзүнө карата багындыруу үчүн кыздын жана анын сүйгөн жигитинин жүрөктөрүн жаралап, кыянаттыкка барат. Толук метраждуу бул тасмада башынан аягына чейин тасма каармандарынын каардуу ушул доордогу бүтпөгөн күрөштөрү, кубанычынан азабы көп ар түркүн тагдырлар, кримдүйнөдө жашаган адамдардын коомго болгон көз караштары, сүйүүнүн айтып бүткүс баяндары камтылат.
"Уурунун махабаты" тасмасынын автору, коюуучу-режиссеру Эрнест Абдыжапаровду жана ушул тасмада баш каармандардын бири Барчын кыздын образын жараткан Элина Абай кызын кепке тарттык.
Элина Абай кызы: Ушул тасмага тартылуу мен үчүн көптөгөн кыйынчылыктар менен кошо жан дүйнө кубанычын тартуулады. Кыш айынын алгачкы күндөрүндө 3-декабрда тасмадагы сценарий боюнча сууга түштүк. Тасманы тартканга чейин өзгөчө тапшырма берилип, мен машина айдаганды үйрөндүм. Мен өзүм Улуттук Университеттин экономикалык факультетинин 2 курсун аяктап жатам. Мен алгач 15 жашымда жарыяны окуп, кастингге катышып, "Айыл өкмөтү" тасмасынын эпизоддоруна катышууга мүмкүнчүлүк алып, ырдап бийлеген жерлерине катыштым. Андан кийин "Боз салкын" тасмасында Мураттын эрке карындашынын образын жараттым. Ошондо Эрнест байке мага:"Мен үч жылдан кийин жазган киносценарийде башкы каарманды сен ойнойсуң" деп айткан эле. Ал айтканына турду. Ушул эмгегин жазып бүтүп, тасма жаратаарыбызда баш каармандын ролун мага берди.
- Эрнест мырза, ушул жаңы тасманы көрүүчүлөргө сунуш кылып жатып эмнелерге өзгөчө көңүл буруп жатасыздар?
- Биздин бул жаңы тасмабызды көрүүчүлөр жакшы кабыл алып жатышкандыгын алардын тасмадан кийинки кайдыгер калбаган жүздөрүнөн улам баамдап жатабыз. Каалоочулардын саны улам көбөйүп жаткандыктан улам көрсөтүлө турган сеанстардын санын көбөйтүүгө туура келип жатат. Анан көрүүчүлөр залында атайын тапшырма менен кызматкерлерибиз иштеп жатышат. Тасма көрүү үчүн келген адамдардын көтөрө кирген баштык-сумкаларына назар салып, видеокамера көтөрө кирген адамдардын карасанатай ойлоруна бөгөт коюшат. Анткени тасманы баштан аяк тартып алышып, тасманы пираттык жол менен эл арасына таратып жиберүүнү каалагандар көп эмеспи. Мындан мурун дагы ак эмгегибизди уурдатып жиберип, кинотасмаларыбыз өз бааларын татыктуу ала албай калышкандыгы окурман журтуна маалым. Биз ошол катачылыктарды кайталабас үчүн азыр абдан сак иштеп жатабыз. Эгерде тасманын жүрүшүндө арам ойлуу замандаштарыбызды кармап ала турган болсок, автордук укуктарыбызды коргоп, эң бир катуу жазаларды колдонобуз. Кинопрокатка таратуу мөөнөтү бүткөндө, биз кыргызчага которуп элет жерлеринде көрсөтөбүз жана DVDлерге жаздырып сатыкка коебуз.
- Ушул тасманы тартып жатканда кимдир бирөөлөрдүн жардамына, кеп-кеңештерине таяндыңызбы?
- Албетте, криминалдык жашоо шартты, чөйрөнү чагылдырган бул тасманы тартууда тиешелүү адамдардан зарыл учурларда кеп-кеңештерди алып турбасак, бул тасманы тарта алмак дагы эмеспиз. Биздин тасма коммерциялык болгондуктан, биз тасманы прокатка берүүдө бизнесмен ишкер адамдар менен иштешебиз. Ишкер адамдар, бизнес коому криминалдык чөйрөнүн көптөгөн элементтерине тез-тез кабылып турушат эмеспи. Биз тасманы тартууда бул жагын биринчи кезекте эске алып, алардын талап-деңгээлдерине шайкеш келээр сценарийлерди жарата алдык. Криминалдык дүйнөдө дагы белгиленген эрежелер, мыйзам ченемдүү көрүнүштөр бар. Ошондуктан мен укук коргоочулардан жана кримдүйнө менен байланышы бар адамдардан кеңештерди алып турдум.
- Киного тартыла турган актердук курам менен иштөөдө кыйынчылыктар болгон жокпу?
- Жок, тескерисинче ушунчалык таланттуу актерлор менен каражат тартыштыгын билбей, каалаганыңдай изденип, ар кандай жанрдагы тасмаларды тарта албай жаткандыгыма кейийм. Балдар-кыздардын бардыгы оюңдагыдай, таланттуу, адамдык сапаттары бийик инсандар. Тасмага тартыла турган терс каармандардын бирин көпкө чейин издөөгө туура келди. Киев шаарына кинофестивалга барып, ошол жерден издеген адамымды таап, сунушумду айттым. Бирок анын сураган гонорарын төлөөгө биздин бюджетибиз чак келген жок. Анан кийин ал каарманыбызды жарата турган адамды Бишкектин көчөлөрүнүн биринен жолуктуруп калып, кастингге ээрчитип бардым. Кудай жалгап, бардык текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өткөндөн кийин анын кесибине кызыктым. Көрсө, ал базарда касапчы болуп иштейт экен. Тасмада ачып берген образына таптакыр карама-каршы келген эң бир сонун адам. Ал чыныгы жолдош, күйүмдүү ата жана камкор өмүрлүк жолдош. "Уурунун сүйүүсү" тасмасын тартып бүтүп, презентациясын өткөрүп жатсак, фуршет үчүн 10 кило эт көтөрө келиптир. Ошондо бул фильмде терс каармандын образын жаратуу үчүн абдан кыйналып, жүрөгү ооругандыгын айтып жатпайбы.
- Тасма эмне үчүн кыргыз тилинде тартылган эмес?
- Мен "Боз салкын" жана "Айыл өкмөтү" аттуу тасмаларымды кыргыз тилинде чыгаргандан кийин, 20дан ашуун мамлекеттерде болуп ар кандай фестивалдарга катышып келдик. Анан ал тасмаларды орус тилине которуу үчүн 80 миң АКШ доллары керек болчу. Андай каражатты табууга мүмкүнчүлүгүбүз жетпей тургандыктан тасма башка мамлекеттерде көрсөтүлүп жатканда микрофон менен өзүм котормочу болуп, которуп берип турууга аргасыз болгом. Анан ушул "Уурунун сүйүүсү" тасмасын тартаарыбызда дароо эле орус тилинде тарта турганыбызды айттым. Анткени орус тилинен кыргыз тилине которуу жеңилдик кылат. Азыр тасманы прокатка берип, каражат топтоп ушул тасманы тартууда иштеген топко, актерлорго айлык маяналарын, гонорарларын берүүм керек. Андан кийин Казакстан, Россия мамлекеттериндеги кесиптештерим менен сүйлөшүп, ушул тасманын эртеңки келечегине кам көрүшүм керек.
- Мындай сценарийдин жаралып калышына, мезгил талабы себеп болдубу?
- Биринчиден турмушту көрүп-билип жүрүп жаралган тасма болду. Экинчиден, бул сценарийдин жаралышына Канат менен Заринанын сүйүү окуясы түрткү болду. "Уурунун сүйүүсү" азыркы коомдун жүрөк өйүгөн жарааттарын чагылдырат.
- Азыркы учурда кинотасма өнөрү менен алектенген чыгармачыл топтор жайнап кеткенсийт. Атаандаштык күч алуудабы?
- Эми тээ Союз мезгилинде 16 союздук республика болгондон кийин киночулардын арасында атаандаштык күчтүү өнүккөн эле. Ал убакта бардык режиссерлор, актерлор бир казанда кайнап, бири-бирине аба жетпей жаткансып, атаандашып турушчу. Азыр болсо кино тасма менен алек болгон ар бир чыгармачыл адам өз очогу менен алек. Башкача айтканда, өз киндигин өздөрү кесип, чама чаркына жараша иш кылып жатат. Менин оюмча катуу атаандаштык деле жок. Бирок айланаңдагы чыгармачыл адамдардын деңгээли гүлдөп жатса, сен дагы жаңы чектерге умтулууга аракет жасайсың. Ошентесе деле мен өзүм эңсеген чыгармачылыктын туу чокусуна жете элекмин. Мени дагы алдыда чоң-чоң изденүүлөр, сыноолор, табылга ийгиликтер күтүп жаткандыгы анык.
- Алдыдагы эң маанилүү, кечиктирилгис максатыңыз кандай?
- Азыр менин алдымдагы жооптуу максаттардын бири "Уурунун сүйүүсү" тасмасын сатып, чыгармачыл топ менен эсептешишим керек. Андан тышкары бул тасманы пленкаларга өткөрүп ар кандай фестивалдарга даярдашым керек.
Ушул тасманын келечеги кең болооруна мен ишенем. Эч качан өзүм жараткан тасмалардын тагдырларын бири бири менен байланыштырбайм жана салыштырбайм. Бул тасма менин өз учурунда көз жарган перзентимдей эле сезилет. Бул тасмада чоң-чоң маанилүү табылгалар жана ачылуулар бар. Биздин жашоо шартыбызда, коомубузда болуп жаткан өзгөрүүлөргө, келечегибизде боло турган өнүгүүлөрдө тасмадагы табылгалар жөлөк болооруна ишенем.
- Рахмат! Жаңы тасма ийгилик алып келсин!
Раиса Дүйшөнбекова