Эл толкуса эмне болот?

"Таш бараң"
Эгемендүүлүктүн таңы аткан алгачкы жылдары Кыргызстандын коомдук турмушунун бардык чөйрөсүндө мыйзамсыздыктын сайраны гүлдөп, кылмышкерлер бийлик жана криминал чөйрөсү менен куда-сөөк боло баштаган. Карапайым элдин арыз-муңун укук коргоо органдары кулак сыртынан кетирип, бийлик башында тургандар эл мүлкүн эбегейсиз эле чөнтөккө шыкаган. Бийликтегилерден рэкетчилер кем калышкан эмес. Алар элдин мал-мүлкүн каалагандай тоноп, ишкерлерге салык салып, кыз-келиндерге ачыктан-ачык эле зордук-зомбулук көрсөткөн. Ошондой бир эргулга укук коргоо органдары, бийлик эч кандай чара көрбөй койгондо Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын эли эсирген ал рэкетти өздөрү кармап, айылдын ичиндеги карагайга байлап коюшкан. Айылдын аксакалынан тартып келиндердин күйөөлөрүнө чейин бир нече жыл андан запкы көрүп жүргөндүгүнүн бугун чыгарып, ал рэкетти орто кылымдык жаза менен таш бараңга алып өлтүрүшкөн. Укук коргоо органдары бир нече адамды кармап, кылмыш иш ачууга аракет кылганда айыл эли түп көтөрүлө райондук милиция менен прокуратураны курчап, "рэкетти мен да бир таш менен ургам, мени да камагыла" деп отурушуп, бир да адам жоопко тартылган эмес.
Ошол таш бараң бийликти бир сестентти. Элдин чыдамы кетсе энеңди Үч - Коргондон көрсөтүп коерун Ак үй, Көк үйү да, кызыл шапке, көк шапкеси да сезди. Ошол таш бараңдын сабагы документалдуу повесть болуп жазылып, китеп болуп басылып чыгыптыр. Китепти окуурдан мурда жазган кишинин пикирин да билип алгыла.

МОЛТОЙ тегин ТУМАН:
- "Таш бараңдын" жазылыш таржымалын бир аз айттык. Калганын өзүңүз улаңызчы.

- Таш бараң окуясы Бакайырда 1995-жылы болгон. Чынында окуя болбосо болот эле, эгерде милиция убагында маани бергенде. Буга союздун кулашы таасир бердиби, же жаш Кыргызстан там-туң баскан наристедей бутуна туралбай жаттыбы - айтор тартип сакчылары чекилик кетирип койгондой болду. Андан бери он жылдан көп убакыт өтүп кетсе деле менин оюмча өзгөрүүлөр аз болуп жатат. Азыр деле мамлекет башындагылар, тартип коргоочулар ушул сыяктуу кемчилик кетирип жатат деген ойдо болуп ушул чыгарма жазылып калды.
- Демек сиз тартип коргоо органдарына көбүрөөк сын айтып жазган окшобойсузбу?
- Мен муну адабий чыгарма катары жазууга аракет кылдым. Бирок канчалык деңгээлде адабий чыгарма болду - аны окурман өзү баа берет деп ойлойм.
- Повестте ошол убактагы тартип сакчыларына көбүрөөк сын айттыңызбы же...
- Повесттин соңундагы "Сөз аягында" гана бир аз жазып кеттим. Орган 5-6 баланы "силер уюштурдуңар" деп камап коюп, бирок эл көтөрүлүп барып бошотуп алганын. Чынында айылдан 200-300 адам ошол рэкеттен запкы жеди десем жаңылбайм.
- Ошондон бери коомдо өзгөрүү аз деп жатпайсызбы. Анда элге бир эле адам запкы жегизсе, азыр элге мыйзамдуу түрдө деп коюп запкы көрсөткөн күч алып, гүлдөп жатпайбы. Ушуга байланыштуу азыркы заманда дагы бир таш бараң чыгып кетет деп кооптонбойсузбу?
- Болот же болбойт деп көзү ачыктык кылган туура эмес го. Бирок менин көкүрөгүмдүн түпкүрүндө мындан да жаман иш болгону турат деген коркунуч бар. Мурда бир кишини бир айылдын эли өлтүргөн болсо, эми бүтүн кыргыз эли, сыртта жүргөндөр козголгону жатат, "кыргыз элинин намысы кайда?" деп. Коомдогу чыныгы абалды "Азаттык" радиосу, анан силердин "Ачык саясат" гана айтып жатпайбы. Элдин муң-зары, кыйынчылыгы толуп бараткандай да. Эл кокусунан толкуп кетсе, "көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот" демекчи, сел бир жүрүп кетсе токтотуш кыйын болот ко.
- Эл толкуп кетиши мүмкүн деп жатасыз. 95-жылы элдин мал-мүлкү, майда жандыктарын алып кеткени үчүн нааразы болушуптур. Азыр эл эмнеден улам толкушу мүмкүн дейсиз? Эл арасында жүрүп атасыз? Абалды өз көзүңүз менен көрүп-билип жүрөсүз дегендей...
- Менин оюм боюнча азыр бүт дүйнө жүзү, өнүккөн мамлекеттер глобалдашуу, Жер шарын сактап калуу деген чоң маселелер каралып жаткан убакта биздин кичинекей Кыргызстан ичибиздеги майда нерселерди чечалбай жатабыз. Айтайын дегеним - кичинекей Кыргызстанды четинен кертип-кесип сатып жатабыз. Бул эң кечиримсиз нерсе деп ойлойм. Бул тарыхта кала турган нерсе болуп калды. Бизде чындап эле жер сатуу болуп келиптир, 40 байталга кеткен жерибиз, же болбосо Кенес-Анархайды, Сохту, Шахимарданды, Ворухту алыңыз. Ошолор бизге сабак болбой эле, тескерисинче улантып келатабыз. Муну жөнөкөй адамдар эмес, эл башкарган адамдарыбыз жасап жатканына биздин алыбыз, үнүбүз жетпей жатат. Ошолордун баары толкуп кетип жатат. Бул китепте бирин-экин жандык, мал болсо, азыр мамлекеттен ажырап калгандай, улут жок болуп кеткендей болуп баратат. Коркунуч ошондо болуп баратат. Биздин уулубуз, урпагыбыз эмне болот? Маңкуртташып кетебизби деген ой, түндүктү казактар, кытайлар, түштүктү өзбектер, тажиктер бөлүп кетеби деп жаман оюмда сезип жатам.
- Кайра адабий чыгармачылыкка келсек. Буга чейин адабий жаатта иштедиңиз беле? Бул канчанчы чыгарма? Жазуу түйшүгү кандай экен?
- Бул менин биринчи чыгармам. Мурда ал турмак гезитке да эч нерсе жазган эмесмин. Ишим такыр башка чөйрө, адвокатмын. Ошондуктан бул чыгарма турган жеринен эле ыргып чыкты дегенден алысмын. Кандайдыр бир түрткү болуп, 3-4 жыл мурда башталган. Оюма таш бараң, өзүмдүн айылым келип, "аттиң, ошондо бул иш болбосо болот эле, кырчындай бир жаш өмүр, жигит кыйылып кетти" деп ага боор ооругам, көкүрөктө муң калып кеткендей болгон. Анан ошол муң толкуп чыкты окшойт. "Азыр бүт кыргыз толкуп кетсе эмне болот" деген коркунуч турубатат. Азыр баарыбыз президентти шайлоо алдында турабыз, чечүүчү мезгил деп жатабыз. Гезиттер болсо "баары бир азыркы бийлик болот, алар жеңет" деп жазыбатасыздар. "А эмне үчүн ошондой болот" деген кишилер аз болуп жатат да. "Андай кылбайбыз, ушул убакка чейин ушундай болуп келдиби, эми андай кылбайбыз, биз барабыз, шайлоочулар менен бирге участкалык комиссиялардын жанында турабыз, жакындан жардам беребиз, эл-журт, көтөрүлгүлө" деп элди көтөргөндөр аз болгондой болубатат. Баягы эле маанай : "Акыры ушундай болот да, акыры эле бийлик жеңет да, баягы минтип коет, тиги тигинтип коет" деген эле адамдар.
- Ырахмат маегиңизге. Балким мындан кийин Кыргызстандын 2005-жылдан кийинки жаңы тарыхы жөнүндө китеп жазаарсыз.
- Жазуучулук оңой кесип эмес экенин жакындан билдим. Түмөн түйшүк керек экен. Бирок китеп кандай чыкканын окурмандар өздөрү айтышаар.

Машакбай РАХМАНКУЛОВ