Акунов аксакал "акжолчуларга" нааразы
Коммунисттер фракциясынын депутаты Бейшенбек Акунов аксакал парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабековго "Эл баатыры" наамын ыйгарууга сунуш келтирген "акжолчуларга" аябай нааразы экенин билдирди. Эсиңиздерге сала кетсек, өткөн жумада "акжолчу" депутат айым Гүлнара Дербишова Кумтөр боюнча түзүлгөн жаңы келишимге сиңирген эмгеги үчүн депутат Исабековго "Эл баатыры" наамын берүү сунушун келтирген эле. Аксакал депутат "акжолчулардын" мындай аракетин аша чапкандык катары баалап, "Эл баатырдыгына" көргөзүлгөн адамдын артыкчылык белгисин мындай кой, Ардак грамотасын ала электигин айтып өттү. Эмгеги сиңген менен сиңбегендерге "Эл баатыры" наамын бере берсек, "Эл агартуунун отличниктеринен" ашып кетээрин "эл өкүлдөрү" эстерине түйүп койсо.


Азамат Калман "Лицага" барды
Мурунку өкмөт башчыбыз Феликс Куловдун экс-пресс катчысы Азамат Калман "Лица" гезитинин башкы редакторлук кызматына бекиди. "Ар-намыс" партиясынан алыс кете албаган Азамат Калман, жаңыланган "Лицада" аналитикалык макалалар көп болоорун жана жаңы рубрикалар ачылаарын азыртан кабарлап койду. Гезиттин көлөмүн көтөрөм деген Азамат мырза, " бул газета буга чейин көз карандысыз массалык маалымат каражаты болуп келген жана мында ары дагы ошол багытта кала берет"-деп, жаңыланган газетанын алдыдагы багытын ачыкка чыгарды. Жаңы барган башкы редактор гезитте эксклюзивдер көп болоорун эскерткенине караганда, "экстердин" компроматтык материалдары көп экенин азыртан баамдай берсек болот. Буга чейин "Кыргыз руху" гезитинин башкы директору болуп, болжолу эки айдан ашык иштеген Азаматтын алдыдагы кадамы кандай болоорун убакыт көргөзөт дечи. Андыктан азырынча Азаматка ак жол каалап коёлу.


"Крышаң" болсо "крыса" бол
7-майда убактылуу камакка алынган "Азия Курулуш" жабык типтеги акционердик коомунун төрайымы Адина Турдубаевага азыркы күндө "болгону" 15 кылмыш иши козголгон. Жабырлануучулардын жалпы чыгашасы 1000 000 долларга жакындап барыптыр. Атаңгөрү, Адина айым ушунча каражатты кайда качырды экен? "Семейное лото" көрсөтүүсүнүн демөөрчүсүнө арызданган адамдар ушуну менен эле аяктап калган жок. Азыркы тапта Адинага акчасын алдаткан 9 адамдын арызы каралууда экен. Демек, Адинаны айыбы менен жабырлануучулардын жалпы суммасы дагы өзгөрөт десек болот. "Жакшы жерден там алып берем" деп, далайлардын акчасын алып, кийин аларды тамга эмес, ташка отургузган Адина айым азыркы тапта Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайында отурат. Такталбаган маалыматтарга таянсак, Адинанын "крышасы" Акүйдүн жетинчи кабатында отурат дешет. "Крышаң болсо крыса бол" деп, кыргыздар бекеринен айтпаса керек.




Тилдин мамлекеттик зоболосу бийиктейт
Кыргызстан менен Түркия Президенттеринин ырасмий кездешүүсү жана сүйлөшүүлөрү кыргыз-түрк тилдеринде жүргүзүлдү. Бул, албетте, жакшы жышана. Бирок, бул жакшы жөрөлгө мындан ары да уланабы же шайлоо алдындагы кадамбы? - бул суроолорду Президенттин Басмасөз кызматынын башчысы Алмас Турдумаматовго узаттык.

- Бул шайлоо алдындагы кадам - деп айтууга болбойт. Жазда мамлекет башчысы өзүнүн "Жаңылануу багытында" нукура маданий саясатты жүзөгө ашырууга, атап айтканда, кыргыздын улуттук өз алдынчалыгын сактоого, маданиятын жана тилин өркүндөтүүгө басым жасарын жарыялаган. Ошол багыттын ишке аша башташы десек туура болот. Мындай жөрөлгө, албетте, уланат. Азыр мамлекеттүүлүгүбүз али түптөлүү жана калыптануу жолунда турбайбы. Бул өзү кыйла мезгилди жана түйшүктү талап кылган процесс экен. Бара-бара биздин тил бардык эл аралык, жогорку деңгээлдеги иш чараларда кадыресе колдонулат деп ишенем.
- Кыргыз тили кирди-чыкты, тиричилик деңгээлинен аша албайт деген көз караш айтыла калып жүрөт. Сиз бул ойго макулсузбу?
- Кыргыз тилинин кадырын жана кудурет-күчүн кемитүүгө болбойт. Ал бардык чөйрөдө кызмат өтөй алат, ага кудурети жетет. Бирок, мындай орчундуу ишти "революциялык" жол менен, арыдан-бери жасап жиберүү мүмкүн эмес. Тарыхый, объективдүү, саясый жана экономикалык жагдайларды эске алуу кажет эмеспи.
Менимче, кыргыз тили өз ордун, позициясын ээлеп келатат. Бирок, ошол эле кезде биз өлкөбүздү дүйнөгө чыгара турган орус тилин жерип же билбей коюуга акыбыз жок. Аны менен катар англис, кытай тилдерин билүү - азыркы учкул замандын талабы. Мамлекет башчысы көп тил билүү менен кыргыз улуту глобалдык дүйнөдө татыктуу ордун ээлеши керек деп белгилеп келе жатпайбы. Өз эне тилин, дагы башка дүйнөлүк тилдерде эркин сүйлөшө билген уул-кыздарыбыз эртең эле мамлекеттин жүгүн көтөрүшөрүнөн мен шек санабайм.

"Ачык саясат" пресс




Артыкбаев депутаттыктан кетти
СДПК фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында өз мандатын тапшырып, депутаттык ишмердигин токтото тургандыгын билдирди. Шайлоочуларына ыраазычылыгын билдирген Осмонбек мырза мындан ары өзүнүн буга чейин жүргүзүп келген ишкердүүлүгү менен алектенет экен. Аңгырап калган Артыкбаевдин ордуна СДПКнын тизмеси боюнча кезекте турган Асель Кодураңова бармай болду. Осмонбек Артыкбаев СДПКнын курамындагы мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган экинчи депутат. Буга чейин кочкорлук депутат Рахатбек Ирсалиев мандатынан баш тартып, бизнес тармагына кеткендигин билдирген. Ойдо жок жерден "ойт" берген Осмонбектин айтымында, анын кетишинде эч кандай саясат болбоптур. Чоң саясат болгонун, анын инисине козголгон кылмыш иши тастыктап тургансыйт. "Неман фарм" ишканасына болгон текшерүүлөр Осмонбекке оңой тийбесе керек. "Кысып" койсо "сызып" кеткен "эркек" депутаттардан көрө, аял болсо дагы Галина Куликова мыкты экен.


Канабаттагы капсалаң кайдан чыккан?
25-майдын түнүндө биздин Жалал-Абад облусу менен жанаша жайгашкан Өзбекстандын Канабат шаарындагы милиция бөлүмчөсүнө белгисиз адамдар кол салышкан. Сакалчан боевиктердин бирөөсү жанкечтиликке барып, граната менен өзүн жардырып жиберген дешет. Өзбекстандын көз карандысыз "Uznews.net" кызматы Анжиян менен Канабаттагы окуяларда 16 киши набыт кеткенин кабарласа, жергиликтүү бийлик бир милиция кызматкеринин өмүрү кыйылганын айтууда. Өзбекстандын башкы прокуратурасы кол салган сакалчандарды Кыргызстандын аймагынан келген деген билдирүүсүн таркатты. Биздин расмий бийлик муну четке кагууда. Азыркы учурда өзбек-кыргыз чек аралары жабылып турат. Саясат талдоочу Кадыр Маликовдун айтымында, Канабаттагы капсалаңды уюштургандар кошуна Ооганстан тараптан киришкен. Айтор, азыркы учурда ал жактагы абал дагы деле кооптуу бойдон турат.


Чет элдеги чекеге атылган ок
Орусиянын Ханты-Мансы автономиялык облусунун Сургут шаарынын милиция кызматкери өз кабинетинде Кыргызстандын 20 жаштагы атуулун атып өлтүргөн. Сургут шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысынин милдетин аткаруучу Самохвалов Андрейдин айтымында, ушул жылдын 14-февралында кыргызстандык Ажыкулова аттуу аялды белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишкен. Ал боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү адам катары анын агасы камакка алынган. Жергиликтүү милиция кызматкерине сурак берип жаткан кыргызстандык атуул өз чөнтөгүнөн отвертканы сууруп чыгып, милиция кызматкерин коркутканга барган. Өз өмүрүнөн корккон милиция кызматкери табелдик тапанчасын алып чыгып, мекендешибиздин мээсин чыгара аткан. Ошентип, орус милиция кызматкеринен ок жеген кыргызстандык жигит ошол замат оо дүйнөгө кете берген. Кыргыз жигитинин кырчындай өмүрүн кыйган орус милиция кызматкерине, учурда кылмыш иши козголгон имиш. Элчиликтен эч кандай маалымат болбогонун эсиңерге түйүп алгыла.