Шайлоо - 2009

"Кой терисин жамынган карышкырлар" кимдер?
Мыктылардын мыктылары президенттик кызматка талапкердигин коюшуп,элди үмүт менен карап турушат. Али да тууганчылык, жердешчилик жалпылап айтканда трайбалисттик дарттан кутула элек шайлоочулар, күн карама шайлоочулар, акча дегенде атасын да унутушкан шайлоочулар, деги ар кандай шайлоочуларыбыз бар. Ошол шайлоочуларды аймак боюнча Бишкекти кошуп сегизге бөлүп, аналитикалык ой жүгүртүп көрөлүк дедик.

Бишкек шаары
Интеллигенциянын уюткусу, саясатчылардын каймактары, ар түркүн улуттар жашаган Бишкекте баары бир кыргыз эли басымдуулук кылат. Бирок, Бишкекте жашагандардын көпчүлүгү жалкоо келишет. Элет жеринде жашагандай активдүүлүк жокко эсе. Шайлоого деле кош көңүл карашат. Ичтеринен бийликти боктоп алганы менен шайлоо учурунда шайлоо участогуна баргандан эринишет. Бишкекте Курманбек Бакиевди, Алмаз Атамбаевди, Темир Сариевди жактагандар да толтура. Ал гана эмес, Мотуевди жактаган КВНчилер да бар. "Кой терисин жамынган карышкырлар" да Бишкекте. Өздөрү билмексен болуп, оппозицияны колдомуш этишип, "кой терисин жамынып" тымызын бийлик үчүн иштегендер да бар. Бийликтин кызматын кылып, кызмат үчүн бийликке иштемиш болуп, оппозициялык партияларга жан тарткандар да бар. "Эки тоонун чөбүн оттойм" деп ачка калган кийиктей эки жакка тең иштеп курсагын кампайтып алгандар бар. Айылдан ар бир баскан изиң билинип калат. Бишкектен кошунаң дагы сенин эмне кылып жүргөнүң менен иши жок. Оомалуу төкмөлүү дүйнө дегендей, Бишкектен ишенимдүү электорат күтүүгө болбойт. Кыргызстандын шайлоочуларынын төрттөн бири Бишкекте. Эгерде Бишкек көңүлдөнүп шайлоого катышып берсе, президенттин тагдырын чечип коймок. Болжол менен Бишкекти төрткө бөлсөк. Биринчиси, Бишкекке башынан көчүп келген жергиликтүү бишкектиктер, көбүнчө интеллигенттер, жумушчулар. Экинчиси, башка улуттун өкүлдөрү. Үчүнчү, Бишкекке жакынкы 10-20 жылда көчүп келгендер. Жаңы конуштарда орун алышып, Бишкектин бөтөнчө активдүү бөлүгү ушулар. Булар өздөрүнүн жердештигине жана башка мамилесине карата баардык талапкерлерди колдошот. Бийлик тарабынан инфраструктураларды өркүндөтөбүз деген убадалар берилип, ал жакты көбүрөөк колдоп кетиши мүмкүн. Булардын арасынан Мотуевге окшогондорду да колдой тургандар табылат. Бирок бийликке каршы турган активдүү калктын өзөгү да ушул жакта. Ошондуктан, Т.Сариев өңдүү оппозиция лидерлери да кур калышпайт. Төртүнчү бөлүгү, жакынкы убакта Бишкекке келип, же борборго мейман, командировкага келгендер, студенттер. Студенттерди болсо кудайга коелу. Себеби, кыстоо болбосо эле аң-сезимдүү калк эмеспи, бийликти көрөйүн деген көздөрү жок. Ал эми калгандары болсо "пропискасы" жок шайлоого катыша албайт.



Баткен облусу
Баткен облусу бийликке өтө көз каранды. Себеби, облус болуп деле оңолуп кеткен жок. Борбордон алыс. "Бир бетиң өпсөм, бир бетиң калат" дегендей бир бетинде тажиктер менен, бир бетинде өзбектер менен чек ара маселеси турат. Көп проблемаларга бөлөнгөн Баткен, күчтүү бийликтин болушун самайт. Саясатка аралашканы Чүйдү көздөй көчүп келишкен. Жерин иштеткен момун дыйкандарын Нур уулу Досбол, Шадиев сыяктуу жердештери К.Бакиевди колдоого үгүттөшөт. Экинчи орунга экс-талапкер Исмаил Исаков илинмек. Ал министр катары баткендиктерге сиңирген эмгектери бар. Калгандары аз сандагы добуш алышат. Сыртка кеткендердин "жел" добуштарын өткөрүп жибергенге ыңгайлуу плацдарм.

Жалал-Абад облусу
"Бөртүк кочкор болсо да, өз короомдон болсун" деген кеп жалалабаддыктарга ылайык. Сузак, Жалал-Абад шаары менен өз адамына жан тартат. Ал эми Базар-Коргон аймагы атамекенчилердин атаманы колдогон талапкерди, Аксы Топчуке менен Азикенин талапкерин колдосо, Токтогул Жеңишбек Назаралиевге назарын салат. Бийлик Баткенде колдоно турган "опыттарды" так ушул Жалал-Абадда колдонот. К.Бакиевге негизги тирөөч болуп бере турган аймак.

Нарын облусу
Усубалиевдин убагында да, Акаевдин убагында да "бөрк ал десе, баш алгандар" нарындыктар болчу. Совет мезгилинде Совет Сакыбаев деген чабан жүз койдон 198 ден козу алып, жүзүнө 200 дөн алып берем-деп жулунганда, Акназаров араң токтоткон. Акаевдин убагында Акаевге 115 пайыз добуш беребиз-деп жулунган айыл өкмөттөрү болгон. Таң, 100 пайыз колдосо колдоор, ал эми калган 15 пайызды каяктан табаарын билбейм. Шайлоо алдында ал тарапка Акаев, Турдакун аксакалды кыдыртып койчу. Бирок, Акаевге каршы эң биринчи Кочкор эли көтөрүлүп чыкпады беле. Ат-Башыны Салымбеков, Садыбакасова сыяктуу мыкчыкерлери акчанын күчү менен оппозицияга каршы коет. Нарындын айланасы Кадырбековдун кадыры менен бийликке каршы чыгат. Жумгал менен Кочкордун саяк, сарбагыштарына жалгыз Жапаровдун алы жетпейт. Ошондуктан, баш көтөргөн балдарын бийлик Мотуевди кошуп туруп "сатып" алат.

Ош облусу
Ош облусу тоолуктар жана чөлдүктөр-деп бөлүнүшү мүмкүн. Тоолуктар Кокон хандарын да кааласа шапкедей алмаштырып жиберчү. Ошондуктан, тоолуктарда опол тоодой күч бар. Ош облусунда деле негизги ролду тоолуктар ойнойт. Ал эми тоолуктардын негизги талапкери Исмаил Исаков эле. Бешимовдун, Чотоновдун жана башка бийликке каршы инсандардын кадыр-баркы оппозицияга упай топтоого мүмкүндүк берет. Албетте, ал жерде деле бийлик бар, ошондуктан эл Курманбек Бакиевди колдобойт-деп айтууга болбойт.

Талас облусу
Бийликтин чекесине чыккан чыйкан болуп, айласын кетире турган аймак Талас. Улуу Октябрь революциясынын бешиги Петроград болсо, март төңкөрүшүнүн бешиги Жалал-Абад. Ал эми, эмки боло турган революциянын бешиги Талас болушу күтүлүүдө. Азыр Талас гана бийликке каршы күчтүн борборуна айланып, оппозициянын таянган кыймылдаткыч күчүнө айланышы мүмкүн. Талас тараптан канча аракет кылса да, бийлик упай топтой албайт. Оппозициянын алдыңкы сабындагы Т.Сариевди таластыктар катуу колдошот. Адилетсиз шайлоо өтсө эң биринчи Талас козголуп чыгат. Ошондуктан, бийлик болгон күчүн Таласка оодарып, ал эмес биринчи вице-премьер-министрликти таластыктарга "менчиктештирип", Д.Үсөнов, И.Айдаралиев, Ө.Бабанов сыяктуу Таластын капчыктууларын бооруна тартып алып жатат.

Чүй облусу
Ички миграциядан улам "местный" "чуйчаниндер" саны салыштырмалуу сырттан келген "чуйчаниндерге" караганда азайып баратат. Бул бөтөнчө Бишкектин айланасындагы айылдарда даана байкалат. Ошентсе да эки чүйлүк катары менен койгон соң, чүйлүктөрдүн да башы ооруп турган убагы. "Өйдө тартсам өгүз өлөт, ылдый тартсам араба сынат" дешип. Ал эми Кемин тарап болсо өзүнүн кемигин толтуруш үчүн, азыркы бийликке каршы чыгат. Чүй А.Атамбаев менен Т.Сариев таяна турган негизги аймак. Петровкадагы окуялар менен Шаботоевдин жоголуп кетиши, бийликтин шайын оодарат. Тазараак шайлоо өтсө бир ушул Чүйдө өтүшү мүмкүн. Себеби, чүйлүктөр өздөрү шайлоону катуу көзөмөлдүккө алышат.

Ысык-Көл облусу
Бийлик даярдаган "жумуртка чабуулу" жалпы көл элинин кыжырына тийди. Ошондуктан, ушул шайлоодо тайм-аут алуу максатында Тоң районунан үлгү алып бийликке каршы чыгышы күтүлөт. Жерин байлыктууларга алдырып жаткан элеттиктер К.Бакиевге каршы добуш беришет. Сезон убагында шайлоо болуп жаткандыктан көлдүктөрдүн соода кылып жаткандары шайлоого колун шилтеп басып келбей коюшу да мүмкүн. Ошондуктан, талапкерлер көлдөн жакшыраак иштеши керек. Көлдө үгүт жүргүзгөндүн эки жакшы жагы бар. Биринчиден, колдогон адамга кол топтоп кетсе, экинчиден - кол топтойм деген шылтоо менен жайкы ысыкта көлгө барып эс алып кетсе болот. Ошондуктан, көлгө үгүт жүргүзөм дегендер жүнүн жейт болуш керек.
Азизбек Эсенбаев