Шайлоо шайтан оюнсуз өтпөйт

Оппозициянын оозун Ошту каратышабы?
Кыргыз-славян университетинде КВН өтүп, бир команда экинчисине суроо берип жатпайбы -"Кандайча айткан туура болот: аш-ляН-фу же аш-ляМ-фу? "Н" тамгасы мененби же "М" тамгасы мененби?" Анда берки команданын жубарымбектери жооп берип жатканы - "түзүлгөн азыркы жаңы жагдайларга байланыштуу "ош-лям-фу" деп айткан эле туура болот" деп. Анын сыңарындай, "президенттик шайлоого Бириккен Элдик Кыймылдан бир эле талапкер менен чыгып, бийликти ээрден шыпырып түшөбүз" деген оппозициянын оозун бийлик Ошко каратып коет окшойт. Минтип айтканга, КВНчи студенттер айтмакчы, түзүлгөн жаңы жагдайлар себеп болуп жатат.
Андай жаңы жагдайды оппозициясы да, бийлиги да жарышып жасап жатпайбы.
Алгач оппозициянын жаратып жаткан жаңы жагдайлары, анын ичиндеги топ-тобу менен топурап кошулуп алган суурлар ийинди кенен казалбай жаткандыгы туурасында сөз кылалы.

Акаевдик бийлик алмашылгандан кийин Ф.Кулов менен К.Бакиевдин "арабаны чогуу тарталы" деген тандеми кандай мандем менен аяктаганын эл билет. "Темир" генерал "жыгач" экени ноябрдагы митингиде ал элге кошулалбай койгонунан эле билинген. Ал эми апрелдеги митингде болсо "Бирдиктүү фронт" түзүмүш этип, "бийликти тынчтык жол менен өткөрүп алабыз" дегеничи. "Ак үйдү автомат менен коргойм" деп жаткан адам бийликти тынчтык жол менен "ме" деп эле өткөрүп бере койбосун Ф.Кулов беш колундай эле билген, бул ишти ал атайы эле уюштурган" деп генералдын санаалаштары кийин айтып жатышпайбы. Ошондогу митингчилерди бийлик күч менен таратып, кырчындай жаштарды түрмөгө камаганда кой баштаган эчкилер короодогу даярдалган эшиктенби же тешиктенби- секирип чыгып кеткенин оппозициянын лидерлери кайра өздөрү шардана кылышты. Оппозициянын ойрон боло баштаганынын бул биринчи жаракасы эле.
Оппозиция ичиндеги кезектеги жарака Алмаз Атамбаев бийлик менен элдин ортосуна көпүрө болом деп өкмөт башчы боло койгондо жаралды десе болот. Азыркы учурда Азимбек Бекназаров жалгыз моюнга алып, басма сөздө айтып-жазып жүргөндөй, ошондо Алмаз Атамбаев оппозицияны эмес, тескерисинче оппозиция Алмаз Атамбаевди сатты, "сени колдойбуз" деп коюп, колдобой жалгыз таштап койгон экен. Ошондо Атамбаевдин артынан бийликке бир нече өкүлдөр барганда, балким "Ак жол" партиясы түзүлбөй, түзүлсө да азыркыдай парламентте тайраңдамак эмес, өлкөдө азыркыдай криминалдашкан-үй-бүлөлүк топтор түзүлмөк эмес дешип эми бармак тиштеген болуп жүрүшөт.
Оппозициянын ичиндегилер ийинди кенен казалбай жаткандыгынын дагы бир себеби деп топураган суурлардын арасында суурга окшошуп жүргөн момолой чычкандар да бар экендиги. Ошол момолой чычкандардын жардамы менен Ак үй бийлиги 2006-жылы 8- ноябрдагы жана 2006-жылдын 30- декабрында кабыл алынган Конституцияларды жокко чыгарып салды. Суурлар менен кышкы ийинге кошо кирип жүргөн момолой чычкандар ийиндин эки-үч жеринен тешик жасап берди эле, бийлик ал тешик аркылуу суурлардын ийинине суу куюп жиберди да, натыйжада Жогорку Кеңеш таратылды. Бул оппозициянын ойрон боло баштагандыгынын дагы бир жаракасы.
Оппозициянын гана эмес, миллион чамалаш элдин, шайлоочулардын оозун Ошту караткан окуя "Ак жол" деген жасалма партияны бир күндө түзө салып, парламенттик шайлоодо "Ата Мекендин" миллиондогон добушун ачыктан ачык эле "Ак жолго" жазып коюу болду. Оппозиция элден алган өз добуштарын коргоп калалбай, анда бир жарака кетти, элдин оппозицияга ишеничи өчө түштү.
Ошентип оппозициянын күн артынан күн, ай артынан ай өткөн сайын ички биримдиги бекемделбей, бийликке биргелешип каршы күрөшүү концепциясы жок жүргөн маалында парламенттеги азчылыкты түзгөн СДПКнын мүчөсү А.Жээнбековдун Конституциялык сотко "президенттик шайлоонун мөөнөтүн тактап бергиле" деген арызы бийликтин чырагына май, оппозициянын очогуна суу сепкендей болду. Президенттик шайлоонун мөөнөтү белгилүү болгондон кийин оппозиция ич ара келишпестиктерин убактылуу жымсалдай алды. "Оппозициянын эки кочкору эмес, он кочкору болсо да баштарын бир казанда кайнатабыз" дегенди далилдешип Бириккен Элдик Кыймыл түзүшкөндө соолуп бараткан элдин ишеничи бир аз жандана түшкөн. Анан ошонун деми менен 27-марттагы жалпы элдик нааразылык акция бүткүл Кыргызстандын аймагында активдүү өтүп, бийликти бетине суу сепкендей сестентет деген тилек анчалык ишке ашпай калды. Бирок оппозиция дагы деле Ф.Куловдун "Бириккен фронтунан" үйрөнгөн "Бийликти тынчтык жол менен өткөрүп алабыз" деген адатына салдыбы-айтор "20-апрелге чейин аткарасың, болбосо бүткүл Кыргызстан боюнча саясий акцияларды баштайбыз" деп бийликке 5 талап койду эле - Ак үй ал талаптарын деле чиркей чакканчалык көргөн жок.
Анан БЭК президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер менен чыгабыз дегенде эл бир сүйүндү эле. Бирок оппозициянын ичиндеги ырк келишпөөчүлүктү "жалкоолор менен аңкоолор" гана сезбеши мүмкүн. Мына эми ал "сүйүнүчтүн" аягы - БЭКтен бир эмес, эки талапкер биринин жолун бири тороп..? Бийликке мындан башка эмне керек эле, эки азаматтын ортосуна чок таштап, от тутантуунун болгон аракетин көрүп жаткандыр.
Биздин оюбузча, эки талапкердин ортосунда болсо өздөрү аңдап-сезип жаткандай үч жол тургандай. Биринчиси, экөө бири-бирине "сенден мен кем эмесмин" деп керсейүүсүн убактылуу токтотуп, же БЭКтин, же "Ак шумкардын" желеги астында күрөшкө чыгуу. Экинчиси, ар кимиси бийлик менен жекеме-жеке күрөшүп, жеңилгенге чейин керсейүүсүн уланта берүү. Үчүнчүсү, ар кимиси бийлик менен тымызын сүйлөшүп алып, К.Бакиев жеңгенден кийин "тапшырмаңыз аткарылды" деп аны куттуктап, белек-бечкек менен баруу.
Ушул айтылгандардын бардыгы жана БЭКтин саясий кеңешинин ичинен сыртка чыкпаган кыл чайнашкан кырчылдашуулардын бизге билинип жаткан кызыл чекелерин көрүп туруп ойлойт экенсиң - бийлик чынында эле оппозициянын оозун эмитен эле Ошко каратып, ичинен иритип-чиритип койсо керек деп. Алдыдагы президенттик шайлоо парламенттик шайлоодогу саясий ыпластыктан да ого бетер ашып түшкөн, өркүндөтүлгөн ыпластыктын уландысы болот окшоп калды. Себеби азыр Кыргызстандын кай тарабына барбаңыз - Бакиев үчүн добуш бересиң, болбосо кийин бирди көрөсүң деп эле демиткен адам. Бакчанын тарбиячысынан тарта Ак үйдүн ашпозчусуна чейин, 1-класстын окуучусунан тарта Мамлекеттик катчыга чейин тизелери титирейт.
...Таластагы №3 "Солнышко" деген бакчага эки кызын эртең менен жетелеп барган салык инспекциясынын бир кызматкерине (атымды жазсаңыз мени жумуштан айдайт деп титирейт! Муну тоталитардык режим дебегенде эмне деп атайбыз?) кыздарынын тарбиячысы "Мобул жерге кол коесуз, болбосо кызыңызды албайбыз" деп талап кылыптыр. Талас районундагы Көпүрө-Базар айылындагы орто мектептин мугалимдери болсо окуучуларга "ата-энеңердин паспортунун сериясы менен номерлерин билгизбей жазып келгиле" деп үй тапшырма беришет экен. Демек президент үчүн добуш берүүчүлөрдүн аты-жөндөрү эмитен эле даярдалып жатат деп айта берсе болот. Мындай көрүнүш бир эле Талас шаары менен Көпүрө-Базар айылында болуп жатыптырбы? Жалал-Абад, Ош областтарында талапкер А.Атамбаевдин пайдасына кол топтоочулардын аракеттерине каршы административдик ресурстан алда канча коркунучтуу криминалдык ресурс ишке кирип, "кимде ким Атамбаевге кол койсо кылмышка тартыласың" деген ыкма колдонулуп жатканы коркунучтуу. Ал турмак таламандын так түшүндө эле "Ачык саясат" гезитинин редакциясына кримчөйрөнүн килтейген эки жигити жулунуп кирип, чогулушта отурган журналисттерди күйкө тийген таранчыдай таратып, башкы редактор Бабырбек Жээнбековдун мурдуна муштумдарын такап кетиштин өзү Кыргызстандагы азыркы бийлик тоталитардык түс алып калганынан кабар берет.
Мына ушундай кыйын кысталыш шарттарда, экинчи жагынан элдин добушун А.Айтикеев, К.Асылбеков, Т.Үмөталиева, М.Боромбаев, Н.Мотуев, Ж.Назаралиев, А.Уламаев, К.Эшенбаев, Ж.Сүйүналиев, Ю.Истанов, А.Абышев, Г.Эстебесова өңдүү эл жаңы таанып-тааный элек, күйөөсү же аялы, андан ашса тууган-уруктары эле добуш берчү "президент болсом" дегендер жыра тартууга көмөктөшө турган болуп жатканда оппозициядагы эки эрендин бири-бирине тың сынуусу, куйтулануусу элге жакпай, бирок бийликке сары майдай жагып турган чагы. Эрегишкен эки тараптан эстүүсү , тар көпүрөдө бет маңдай чыккандын кечиккени экинчисине жол бошотот дечү эле. Убакыт бар, көрөлү...
Машакбай РАХМАНКУЛОВ