Эстутум

Арбагы ыйык кыраан Докем
Байыртан келаткан накыл сөз бар: "Таланттуу адамдардын таланты көп тарапта көрүнөт" дейт. Докем ошондой адам эле. Акындыктын жана көркөм кара сөздүн устаты; кара жаак жез таңдай чечен, коомдук жана саясый ишмер, "элим, жерим!"- деп жалпыга аттын кашкасындай таанымал, чыгаан жаран; чындыкты айтууга тыюу салынган доордо, саясатчы, илимпоз, көркөм өнөрчүлөрдүн дөө-шаа дегендеринин далайы апкаарып, руху жетпей, айталбай аткан тарыхый чындыкты даңазалаган кинорежиссер-ушунун баары Докемдин аалам-жөнүндө керемети эле.
Докем "Кайран эл" киноэпопеясы үчүн саясый куугунтуктун азабын көрдү. Эсимде, 1991-жылдын февраль-мартында "Кайран элди" коргоо комитетин Кыргызстан демократиялык кыймылынын демилгеси менен түзүп, бул киноэпопеяны көрүүгө уруксат алып, бир гана жолу опера театрында көрүп калдык. Бул чыгармасында Докем эмне деген тарыхый чындыкты тасмага түшүргөн? Кыргыз эли өз ыктыяры менен эч качан Орусия империясына кирген эмес- Кыргызстанды ал басып алып колонияга айланткан, биздин элибизди эчен жолу кырып, мыкаачылыкты, зордук-зомбулукту көрсөткөн. Докемди жерге коюу, аза күтүү жыйынында мен "Кайран элди" элге көп ирет көрсөтүп, мектеп, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын программаларына киргизип, кеңири талкуу жүргүзүү зарыл, бүгүнкү жана келечек муундар тарыхый чындыкты билсин!" деген сунуш айттым эле. Бул бийликке мунун кереги жок экен, эч нерсе кылган жок.
Бейиши болгур Докем адам укугу, юриспруденция тарапта да, эң мыкты билгичтигин көрсөткөн. 1996-жылдын 29-апрелинде Караколдогу сотто мени, Жумагазы Чоңаюуну коомдук коргоочусу катары жактап, укмуш сүйлөдү. Баарыбыз таң калдык, тан бердик. Ошондо менин адвокатым, атактуу Юрий Максимов: "Докенин сөзү- бул классика!" -деп баалады. Ооба, ошо күнү сотто чечкиндүү бийик деңгээлде жактоо боюнча эки адамдын сөзү унутулгус классикалык укмуш үлгү болгон- Докемдин жана Юрий Иннокентиевичтин. Буларды юридикалык окуу жайларда, келечек адвокат, прокурор, сотторго сабак катары пайдаланса болот эле.
Баса, Докемдин Аксыдагы алааматтагы Акаев-Бакиевдин буйругун, токтомун изилдеп, ачык жарыялап, бийликтин жүзүкара бетин ачуу боюнча аракети, 2002-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү да, баарыбыз үчүн тайманбастыктын, адилеттүүлүктүн, кажыбас кайраттын үлгүсү болуп калат.
Докемдин көөнөрбөс мурасын асыроо, үйрөнүү иретинде, анын жаркын чыгармачылык элесине таазим кылып, жаш кинорежиссерлордун Дооронбек Садырбаев атындагы борбору түзүлсө ырас болор эле. Бишкектин бир көчөсүнө анын ысмын ыйгаруу да зарыл.
Докемдин ыйык арбагы кыргыз атпайдын баарын колдоп жүрсүн!

Топчубек Тургуналиев,
Саясый куугунтукка каршы
комитеттин төрагасы




Жеңишбек НАЗАРАЛИЕВ:
"Мен элге жакырчылыктан алып чыгаруучу кайырмакты берем"
Жеңишбек Назаралиев өзгөчө идеялары
менен таңкалдырганын токтотпой келет.
Буга мисал катары, 100 миллиард доллар
капиталдык фонду бар Евразиялык борбор түзүү
жана чет өлкөлүк 10 миң топ-менеджерди мамлекетитик башкарууга тартуу жана жакында эле ММКларда жарык көргөн "Ар бир үйбүлөгө100 миң сом" берүүгө убада кылган идеяларын айтсак болот. Албетте, 100 миң сом миллиард эмес, бирок колго тийсе да жакшы. Булар эмне деген ураандар? Бул тууралуу биздин гезитке ТУРМУШТУН доктору өзү айтып берди.

- Жеңишбек Болсунбекович, бүгүн сиз сунуш кылып жаткан "Ар бир үй-бүлөгө 100 миң сом" деген аябагандай популисттик маанайда жана ишке ашпай тургандай туюлат экен. Сиз акчаны өз чөнтөгүңүздөн бересизби?
- Жок, өз чөнтөгүмөн эмес. Атайын резервдик фондтон берилет. Мүмкүн, долбоордун аталышы таңкаларлык угулушу мүмкүн, бирок, анын артында эсептелген, реалдуу жана аткарууга анчалык деле кыйын болбогон экономикалык долбоор турат. Мен бул идеяны Москвадагы финансист досторума айтсам, алар муну экономика тармагындагы ноу-хау аташты. Ошондой эле, өтө көп сандагы эли бар Орусия үчүн муну ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин өкүнүү менен билдиришти. Ал эми беш миллион эли бар Кыргызтан үчүн- бул эң керектүү нерсе.
- Бул долбоордун маңызы эмнеде? Эң негизгиси, резервдик фондко акча кайдан алынат?..
- Биздин өлкөнүн калкынын, тагыраак айтканда үй-бүлөлөрдүн санын эске алуу менен айт-канда бул долбоорду ишке киргизүүгө 1 миллиард 250 миллион доллар керек болот. Бул глобалдык экономиканын алкагында андай деле чоң акча эмес, Орусия бизге "Камбаратаны" курууга 2 миллиард доллар берүүдө. Мына, эл аралык валюта фонду кризисти жою үчүн Румынияга 24 млр доллар бөлдү. Азыртадан эле, менде аталган сумманы эң төмөнкү-үч пайызын жылдык үстөк менен алуу боюнча алдын-ала макулдашуулар бар. Дүйнөлүк коомчулуктан акча алуу, бул баарыдан мурда мамлекет башчысынын кадр-баркына жана жеке инсандык дараметине байланышкан маселе.
Ошондой эле, биз акчаны инвестиция түрүндө беребиз. Албетте, жөн эле берип койбойбуз.Эл кооперативдерге биригишет.Ондон кем эмес бир нече үйбүлө биригип, бизнес пландарды жазышат жана генералдык директорлорду шайлашат. Андан кийин атайын комиссия ал бизнес-пландарды ишке ашурууга канчалык мүмкүн экенин карап чыгышат.Эгер жактырылса, адамдарга 1 миллион сом каражат берилет. Мындан тышкары, эл өз турмушун, өз айылынын ,шаарынын жана өлкөсүнүн турмушун өздөрү башкарууга мүмкүнчүлүк алышат. Өз районуна кафе же наабайкана ачуу керекпи , тегирмен же кайра иштетүүчү комбинат куруу керекпи? Баарыдан мурда жергиликтүү элге белгилүү. Ал эми бул деген эл үчүн бийлик канча жылдан бери айтып, бирок бүгүн такыр эле ишке ашпаган жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун иштегени эмеспи . Албетте,бардык иштер көзөмөлгө алынат, экономикалык өнүгүү министрлиги тарабынан пландоо болуш керек. Мисалы, айыл-чарбасы жакшы өнүккөн жерде кайра иштетүүчү өнөржайларды көтөрүш керек, ал эми Ысыккөл облусунда туристтик инфраструктураны өнүктүрүү маанилүү. Мамлекеттин милдети ишканалардын жакшы иштөөсүнө шарт түзүп берүү жана алардын өндүргөн товарларын, жаңы багыттарга, биринчи, Орусиянын, Казакстандын, ал эле эмес Кытайдын базарларында да сатууга жардам берүү. Жөнөкөй айтканда биз элибизге балык эмес, акча табууга, иштегенге үйрөтүп, өз буттарына турууга мүмкүнчүлүк түзүп бере турган кайырмак беришибиз керек. Бүгүн Бакиев орусиялык кредитти карыларга 200 сомдон, майыптарга 100 сомдон кошууга, балдарга бир чөйчөк сүт жана токоч берүүгө бөлүп жатат. Бул элге карата чыныгы жардам болалабы? Бул акчалар канчага чейин жетет? Дайым эле эларалык кредиттерди жеп жата бералбайсың да.
Өз мезгилинде Акаевди дагы улам тереңдеп чуңкурга түшүп, качан, кантип чыгууну билбестен, бүт өлкө кредит менен жашап калды-деп сындап келгенбиз. Анын натыйжасында, ХИППИКЕ киребиз дегенге чейин бардык. Бизди дагы бир аз эле жакыр өлкө деп таанышканда, бул чүмбөттөн такыр кутулалбай калмакпыз. Өкүнүчтүү, Бакиев дагы ушундай принцип менен аракеттенип жатат. Акчаны алат , бирок, аны рационалдуу колдонуунун , көбөйтүүнүн жана кайрып берүүнүн программасы мында дагы жок.
- Абдан жакшы экен.А биз эл аралык донорлор менен кандайча эсептешебиз?
- Мыйзамдуу суроо.Бардык маселе ушул жерде. Мамлекет бизнес ачууга жана өнүктүрүүгө пайызсыз судаларды берүү менен аталган бизнестин ээси жана өнөктөшү болуп калат. Ар бир долбоордо мамлекеттин ишкердик үлүшү 51% түзөт. Тагыраак айтканда, 51% үлүштөн түшкөн пайда мамлекеттик казынага төгүлөт да, тышкы карызды төлөөгө жумшалат. Муну менен салыктар алынбайт.
- Ал эми бизнеси күйүп кеткен бизнесмен үй-бүлөлөр эмне болот?
- Алар эмне үчүн күймөк эле. Кайталап койоюн, адамдарга кредит берүүдөн мурун, алардын идеялары оолуттуу эксперттик топтун баасын алышы керек. Мындан тышкары, бизнесмен күйүп кетсе , демек анын өнөктөшү-мамлекет да күйөт. Ошондон улам бүткүл мамлекеттик машина эч ким күйүп кетпегенге аракет жасайт. Мамлекет адамдарга пайдалуу жана акча табууга ыңгайлуу боло турган шартты түзүп берүүгө мажбур болот. Биздин эл тууралуу айта турган болсок, бизде таланттуу жана акылдуу адамдар жетишээрлик көп. Мисалы, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын жоопкерчилигин моюндарына алууга жөндөмдүү адамдар бар. Он үй-бүлөгө бир мындай адам,сөзсүз табылат.
Бул план, мен кыргызстандыктарга өлкөнүн реалдуу экономикалык өнүгүү жолу үчүн сунуш кыла турган көптөгөн долбоорлордун бирөөсү гана. Ал планды жеткире иштеп чыгуу үчүн эксперттердин кылдат иликтөөлөрү зарыл болушу мүмкүн. Бирок, бул биз жакынкы мезгилдерде эле ишке ашыра ала турган чыныгы кадам. Мен мунун парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдындагы кайра-кайра угуп жүргөн куру жана бир өңчөй көптөгөн убадалардан абдан эле айырмаланып турганына ишенем.
Вера ИСАЕВА,
www.312kg.ru