"Учурунда айтылбаган сөз жесир"

Айланайын Асылбек, айтайын сага асыл кеп
Өткөн жумадагы "Учур" гезитине чыккан "Ак шумкар" партиясынын лидери, президенттикке талапкер Темир Сариев жөнүндөгү жөнү жок жөөлүгөн макала, канчалык кармансам да, калем кармап каяша айтууга мажбур кылды.

Аталган макалада камтылган пикирлер жалгыз гана Темир Сариевдин ар-намысына эмес, жаңыдан гүл ачып келе жаткан "Ак шумкар" партиясынын жалпы мүчөлөрүнүн ар-намысына шек келтириптир. "Ак шумкар" партиясынын активдүү мүчөлөрүнүн бир болгондуктан, Асылбек Меделкановдун "апыртма" макаласына каршы пикиримди "камап" койгонум калыстыкка жатпай калмак. Асылбек мырзанын, "Сариев, бул - "Ак шумкар", "Ак шумкар" - бул Сариев! Кечээ жакында эле каттоодон өткөн "Ак шумкар" партиясынын табияты, тагдыры деле ошондой, Темир Сариевдин жеке чечимине көз каранды" дегени, "Ак шумкар" партиясынын ар-бир мүчөсүнө атылган октой тиерин, автор байкабай калса керек. Темирди "тепкилеген" Асылбектин "акесин окутуп, оозун Ошту каратам" деген акшумкарчылар аз эмес. Болгону, Батыштын байыркы цивилизациясы менен Чыгыштын чыныгы философиясын аздектеген акшумкарчылар Асылбектин деңгээлине түшкөндү эп көргөн жок. Болбосо, Асылбекти таап чыгып, "тартып" чыгып, тарбияга чакырып коюш "Ак шумкар" партиясынын ар-бир мүчөсүнүн колунан келмек. "Битке эрегишип көйнөгүңдү отко салба" демекчи, акыйкаттын жарасын, "Ак шумкардын" арасын билбеген Асылбек мырза менен акыйнек айтышуу арзыбаган нерсе.
Асылбек "досумдун" ал макаласынын артында кимдер турганын куралсыз көз менен көрүп турам. Ал адамдар жөнүндө мен дагы өз билгеним менен көргөнүмдү жазсам, гезит бети түтпөй калат. Болгону, бирөөнүн абийирин ачам деп, өз абийириме кир жугузуп албайын дедим. Темикени каралоо максатында жазылган "кара пиар" ал макаланы окуган адам, баш бакканда эле байкаса керек, атайын буйрутма макала экенин. Асылбек канчалык аракет кылбасын, Сариевдин саясаттагы салмагын кемите албайт. Анткени, Сариевдин саясаттагы ар бир кадамы карапайым калкыбыздын каны аркылуу өтүп, он жылдан бери ал адамдардын жүрөгүнөн орун таап алган.
Дегеле, "Учур" гезитине чыккан ал макала учурдун талабына шайкеш келбейт. Бийликтин эл окубаган гезиттери Темирди тепкиге алса бир жөн эле. Оппозициялык маанайдагы "Учур" гезитинин Темикең жөнүндө учурган "канатсыз өрдөктөрү" канымды кашайтып отурат. Асылбектин Аргенбайдын уулуна асылганына, БЭКтин талабын аткарбагандыгы себеп болгону ачык эле көрүнүп турат. Асылбек "досум" айтып жатпайбы, "Ак шумкар" партиясынын курултайы жөн эле шылтоо болду-деп. Ал чогулушка катышкан адам катары ачыгын айта турган болсом. Темикени БЭКтин талапкерин колдоого менден башкасынын баарысы каршы болушкан. Асылбек жазгандай, "Ак шумкар" партиясынын мүчөлөрү Темирдин чечимине эмес, тескерисинче, Темир партия мүчөлөрүнүн чечимине көз каранды болуп калган. Бул биринчиден. Экинчиден, БЭК буга чейин бир нече жолу билдирүү жасаган, "Биз Бакиевсиз шайлоого барабыз" деп. Аягында андай болбой эле, Бакиевдик шайлоого бармай болду. Жумурткадан кыр издеген Асылбек "досум", алгач БЭКтин "бир талапкер менен шайлоого барабыз" деген талабын тактаганча, БЭКтин "Бакиевсиз шайлоого барабыз" деген талабын тактап алса болмок.
Урматтап учурашып жүргөн "Учур" гезитиндеги кесиптештериме айтаарым, "бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" демекчи, алдыдагы шайлоого болгону эки айдан аз агана убакыт калды. Андыктан, оппозициялык эки талапкерди эрегиштиргенче, элдештиргенге аракет жазасак. Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи, "эр чекишпей, бекишпейт" деген. Айтайын дегеним, эки талапкердин эртеңки күнү биригип кетүүсү ажеп эмеспи? Темирди тепкилегенче, "тезек саясатты" термеге келтирсек, "Ак шумкарды" алсыраткыча, азыркы бийликти акылга келтирсек.
Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Ак шумкар" партиясынын мүчөсү




  Шайлоо - 2009

"Кыргызга кыргыз тилдин кереги не?"
Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлер Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагуловдун алдында мамлекеттик тил боюнча белгиленген сынактан өтө баштады. Азырынча сынактан Дыйкан-фермерлер партиясынын төрагасы Куттубек Асылбеков, орус тили мугалими Мурат Боронбаев, 2005-жылкы шайлоодо да президенттикке талапкер болгон Акбаралы Айтикеев, "көмүр королу" атыккан Нурлан Мотуев "ийгиликтүү" өттү.
Бул төрт кыргыз тең кыргыз тилин билет экен.
Кыргыз тили боюнча сынак өзүнчө эле теле-шоуга айланып, кыргыз тилинде "Камбар-Ата 2ден" башка көзгө басар көрсөтүүсү жок, ага кошумча, жалган-жашыкты урдуруп, бийликти мактай берип, элди иренжиткен КТРдин аудиториясын мурда болуп көрбөгөндөй көбөйттү. Тил сынагын Кыргызстанда жашаган кыргыздардын көпчүлүгү теледен өз көздөрү менен көрүп, күбө болгондуктан, ага кеңири токтолуп отурбай, бир-эки жагдайды гана белгилей кетели. Сынактан өткөн талапкерлердин бирөө да эне тилинде сабаттуу, ырааттуу сүйлөй албайт экен. Айрымдары кыргыз тилиндеги жөнөкөй эле тексттерди эжелеп окушту. Биздин билишибизче, текстти так, такалбай окууга көнүгүү мектептин 2-классынын окуу программасы менен аягына чыкчу эле… Баса, мурда-кийин кыргыз тилинде гезитке макала жазып жүргөн Нурлан Мотуев сынактан кулап кала жаздады. Комиссиянын 9 мүчөсүнүн экөө ага "билбейт" деген баа коюшту. "Көмүр королу", "Кыргызстан мусулмандар союзунун лидери" бош келмек беле?! Ошол замат "Түштүктөн келген эки проректор атайылап бут тосту" дегендей билдирүү жасады. Өз оюнда ошонусу аркылуу "бир ок менен эки коен атты" көрүнөт. Түштүккө басым жасоосу менен Түндүк регионунун электоратын өзүнө имерүүнү көздөп жатпайбы…
Президенттикке талапкерлерди мамлекеттик тил боюнча сынактан өткөрүү жосуну 2000-жылкы президенттик шайлоонун астында киргизилген. Ошол учурдагы Акаев бийлиги кыргыз тилине күйгөндүгүнөн, же башка мамлекеттик, улуттук мүдөөнү көздөгөндүгүнөн улам эмес, тек, шайлоодогу күчтүү атаандашын ат салыштан алыстатуу максатында тил сынагын таап чыккан. Албетте, бул "табылга" өз жемишин берип, ошол шайлоодогу күчтүү талапкер Феликс Кулов таймаштан четтөөгө аргасыз болгон. Башкасын билбейбиз, бирок бул сынак Ф.Куловдун "айтылбаган арманы болуп калды көрүнөт. 2005-жылкы президенттик шайлоодо да ал эч кандай "түндүк-түштүк кагылышуусу" жок эле, тил сынагынан өтүү мүмкүнчүлүгү жоктугунан улам, күрөшкө чыгууга дааган эмес.
Ушинтип, мамлекеттик тил сынагы саясий куралга айлантып, бийлик үчүн чечүүчү кездерде чечүүчү милдет аткарып келатат. Кыргызстанда мамлекеттик тил боюнча атайын мыйзам бар. Ага ылайык, бардык мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди билиши керек. Бирок, бул жобону кыргыз бийлиги уруп ойнобойт. Анан шайлоо астында гана мамлекеттик тилге "маани" берип калат.
Президенттикке бүгүнкү талапкерлердин ичинен тил сынагынан кимдер өтүп, кимдер "кулайт"? Ырас, эгер Ак үй катуу кааласа, каалаган атаандашын "жыдытып" коюшу да мүмкүн. Бирок, БЭКтен чыккан негизги атаандашы Алмаз Атамбаевди жыга албас. Мурдагы абройлуу Жазуучулар Союзунун мүчөсү, котормочу эмеспи... Сынактан өтпөй калам-деп кооптонуп, коркуп турган жалгыз талапкер - орус тилдүү кыргыз Жеңишбек Назаралиев. Ал өзүнө алдынала арык чаап, Боршайкомдун төрагасы Дамир Лисовский менен Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагуловго ачык кат жазды. Ачыгын айтуу керек, анын ачык катында кыргыз тилине жана ал боюнча сынакка байланыштуу негиздүү, олуттуу маселелер козголгон. Ж.Назаралиевдин айтуусунда, анын ачык каты Интернет аркылуу бүт дүйнөгө таркаптыр.
Урматтуу окурман, мүмкүнчүлүк болсо, ага сиз да үңүлүп, окуп койсоңуз, артыкбаштык кылбайт. Деген менен, Жеңишбек мырзанын айта турган олуттуу ою, жүйөлүү аргументтери бар экен. Тил маселеси бул президенттик шайлоого эле байланып калган жөнөкөй, күнүмдүк маселе эмес. Андыктан, бул маселеге башкалар да кайрылып, кеңирирээк кеп кылышаар…
Тайчабар Улукбеков