Боорон алдында…

Темир Сариев, "Ак шумкар" партиясынын төрагасы:
"Кимдин ким экенин убакыт көрсөтөт"
- Темир мырза, сиз саясаттагы позицияңызды бир аз өзгөртүп, БЭКтин чечимдерине толук кошулуудан баш тартып, президенттик шайлоого өз алдынча ат салышарыңыз маалым болду. Мындай кадамга барышыңызга эмне себептер түрткү болду?
- Биз БЭКтин жыйындарында учурдагы саясый абалды, президенттик шайлоону тереңден талдап, бир топ талаш-тартыштарга түшүп, ар түрдүү ой-пикирлерди айтып келгенбиз. БЭКке абройлуу, саясатта кеңири таанылган, көз караштары да, түшүнүгү да ар түрдүү адамдар чогулганбыз. Кыргызстандын келечек багыты, саясый түзүлүшү боюнча да көп кайчы пикирлер болгон. Бирок, эң негизгиси, БЭК бийликтин башкаруу системасына каршы турат. Бул бийликти алмаштырып, башка таза, адилеттүү бийлик орнотуу эң негизги максатыбыз. Бийликти өзгөртүүнүн ар түрдүү жолдору сүйлөшүлгөн. Биринчиден, жалпы нааразычылык акцияларын өткөзүп, бийликти чоң реформага барууга мажбур кылуу болчу. Негизи, президенттик шайлоо мыйзам чегинде быйыл октябрдын аягында, же эмдиги жылы июнда өтүшү керек эле. Бирок, бийлик "бурчтан чыга калып", "депутат Асылбек Жээнбековдун арызын карадык"- деген шылтоо менен өз билгенин кылып, 23-июлга белгилеп койду. Албетте, шайлоо мындай кыска убакытта жарыяланып калышы көп нерселерди өзгөртүп жиберди. БЭКте дагы "шайлоого катышабызбы, катышпайбызбы, бирдиктүү бир талапкер менен чыгабызбы, же бул шайлоого эч кимдин талапкерлигин койдурбай, жер-жерлерде шайлоонун өтүшүн катуу көзөмөлгө алып, таптакыр жокко чыгарабызбы?" -деген суроолордун тегерегинде талаш-тартыштар болду. Бирок, кандай болгон күндө да бул шайлоо таза өтпөйт. Анын үстүнө, жайдын саратанында элдин көбү эс алууда, жайкы талаа иштеринде, жайлоодо болот. Дагы бир тобу сыртка кетишет "оокат кылабыз"- дешип. Ушул себептүү элдин шайлоого катышуусу төмөн болоору жалпыга белгилүү болуп турат. Бул бийлик үчүн эң ыңгайлуу учур. Шайлоо таза өтпөсө, ар кандай чоң чыр-чатакка алып келиши толук мүмкүн. Анткени, жалпы эл берген добуштарын кайра-кайра бийликке уурдатып, карап олтура бербейт. Намыс үчүн, мамлекеттин эртеңки келечеги үчүн, бийликтин мындай мыйзамсыз, ыплас иштерине, өзүм билемдигине чыдай албай ,"чарт" этип жарылып кетиши мыйзамдуу көрүнүш болуп эсептелет. Ал эми биздин ишенгенибиз эл. Эл бизди колдоп берсе, жеңиш биз тарапта болот.
- Сиз өз чечимдериңиздин себептерине токтолсоңуз?
- Биз элдин пикирин, көз карашын, багытын ар дайым эске алышыбыз керек. Экинчиден, саясый партиялардын башында турган адамдар, сөзсүз партиялаштарынын пикирлерин да угушу зарыл. Ушул боюнча да, БЭКтин жыйындарында да, коомчулукта да көп талаштар болду. Мен эми ар кимисине мүнөздөмө берип айткым келбейт. Бирок, чечилген маселе ушундай болду. "Ак шумкар" партиясынын жыйынында партиянын программасы кабыл алынып, делегаттар өздөрүнүн чечимдери менен мени президенттикке талапкер кылып көрсөтүштү. Бул чечимди эч кандай каршылык деп түшүнбөш керек. Себеби, биз башында БЭКтин жыйындарында президенттикке үч-төрт талапкер чыгып, бир күч болобуз, же бирдиктүү талапкерге токтолобуз деген чечимдер каралган. Бекеринен мен бирдиктүү бир талапкерге токтолуп жатканда, "бул боюнча партия менен кеңешпей туруп, оюмду ачык айтсам туура эмес болуп калат экен"- деп, добуш берүүгө катышкан эмесмин.
Биз баарыбыз пендебиз. Ар түрдүү ойлор, сөздөр кете берет. Бирок, ошол убакта ушундай чечим болуп калды. Туура түшүнүшүбүз керек.
Негизинен, "Ак шумкар" партиясы акыркы эки, үч жылдан бери бийликтин ыплас иштерин кескин түрдө сынга алып, өз позициясынан тайбай келатат. Ушундай позицияда туруктуу болуп келаткан саясый партиялар жана саясатчылар элдин колдоосуна дайыма ээ боло алат. Учур өзгөргөн сайын позиция өзгөрүп кете берсе, анда эч кандай колдоого ээ боло албайт. Биздин партиянын чечимин сыйлаган адамдар көп. Биз ушуга жараша иш кылып жатабыз. БЭКти түзүүдө да, биздин партия негизги демилгечилердин бири болуп чыккан. Муну эч ким тана албайт. Эң башкы максатыбыз бийликтин системасын, саясий багытын өзгөртүү. Биз бул максатыбыздан тайбайбыз. Ушул тандаган жол менен кете беребиз.
- Эми жыйында кабыл алынган партиянын программасы жана шайлоого карата даярдыктарыңыз жөнүндө кыскача айтып өтсөңүз?
- Башка партиялардан айырмаланып, "Ак шумкар" партиясы өзүнүн жыйынын өткөзгөндө, шайлоо алдындагы программасын алып чыкты. Бул партиянын кыскача программасы болуп эсептелет. Бирок, негизги программанын өзөгүн түзөт. Бул "жаңы жашоо"- деген манифест. Мында биз эң негизги үч багытты иштеп чыктык. Алар адамдык ресурс, атаандаштык, күчтүү экономика жана ачык, таза, мыйзамдуу мамлекеттик башкаруу системасы. Булар боюнча биз өзүбүздүн программабызды, көз карашыбызды билдирдик. Экономика, адам укугу, адам ресурсу жана социалдык багытыбыз ачык-айкын жазылган. Бул программа колдоого ээ болот деп ойлойм. Эң негизгиси - биз башкаруу системасынын таза, легитимдүү түптөлүшүнө өбөлгө түзө турган системаны түзүшүбүз керек. Анын ичинде Конституциянын бир топ жоболорун кайра карап чыгышыбыз керек. Ушунун ичинде акыйкат, адилеттүү,таза сот системасын куруу да каралган.
Өзүн-өзү башкаруу системасы бүгүнкү күндө "буту-башын" байлап, тор клеткага камап койгон маймыл абалына келди. Ал эми биздин программа боюнча, тескерисинче, негизги багытты децентрализациялоого жиберип, жогорку бийликтин түздөн -түз кийлигишүүсүн азайтып, жамааттык, жер-жерлердеги өзүн-өзү башкарууну күчөтүү. Кандай гана бийлик келбесин анын жүргүзгөн саясаты элдин чөнтөгү аркылуу, жашоо-турмушу аркылуу түшүнүктүү болуп, чоң жетишкендиктерди багынтып турушу керек. Эгер мындай болбосо ал бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты тайкы болот дагы, эч качан өз жемишин бербейт.
- Сиздин катарыңызда кайсы белгилүү саясатчылар бар? Деги эле, сиздин партияңызда белдүү адамдар аздай көрүнөт?
- "Ак шумкар" партиясы - жаңы партия. Акыркы үч жылда абройлуу, күчтүү партиялардын бирине айланып баратат. Колдоочуларыбыз, жактоочуларыбыз арбын. Жер-жерлерде баштапкы уюмдарыбызды түзүп, жаңы, таза, жаш адамдарды тартып жатабыз. Партиянын негизги багыттарынын бири - партиянын катарына жаш муундарды тартуу болуп эсептелет. Себеби, алардын идеясын, билимин, турмушка болгон көз карашын, умтуулусун колдонушубуз жана колдообуз керек. Бул да эң чоң ресурстардын бири экенин эстен чыгарбашыбыз зарыл. Ырас, азыр алардын саясатта караандары жаңыдан көрүнүп, тажрыйбасы аз. Бирок, каалоосу, ички түшүнүгү абдан жогору. Ал жаштарды такшалган саясатчылардан өйдө болуп кетти- деп айтсам аша чаап кеткендик болуп калат, бирок кемибейт - деп айта алам. Партиянын жыйынында эки сааттан ашык чоң талкууда 24 адам чыгып сүйлөп, учурдун курч маселерин козгошту. Эгерде, биздин партиядан мурунтан саясатта жүрүп кетип калган, же көп жылдан бери аты аталып жүргөн саясатчыларды издесеңер, анда жаңыласыңар. Муну жаңы, жаш адамдардын бир күчкө топтолуп чыгышы десек болот. Биздин партиянын башка партиялардан негизги айырмачылыгы ушунда - деп эсептейм.
- Темир мырза, сиздин партияңыздын аброю түштүктө төмөнүрөөк деген сөздөргө кандай карайсыз? Ушундан улам сизди "түштүктөн азыраак добуш алып калат" - деген пикирлердин кандайдыр бир деңгээлде чындыгы болушу мүмкүнбү?
- Бул, бийликтин жана кээ бир бизге оппонент болгон адамдардын чыгарган сөздөрү. Кимдин ким экенин, кимди ким колдоорун убакыт көрсөтөт. Эң негизгиси, биз мекенчил болушубуз керек. Бөлө турган эч нерсе жок. Эгер биз күчтүү мамлекет болобуз десек, биринчиден, биримдигибизди сакташыбыз керек. Эл бардыгына тараза. Түз жүрүп, ачык-айкын адилет сүйлөсөк, эл өз баасын берет. "Ак шумкар" партиясынын мүчөлөрү аз болсо да, акыркы убактарда алардын жер-жерлердеги колдоочулары көбөйүүнүн үстүндө болуп жатат. Бул жанагындай сөздөрдү чыгарып жаткандарга түздөн -түз жооп.
- Сиздин президенттикке ат салышуу чечимиңиз биротоло бекиген, акыркы чечимби, же жакындаганда талапкерлигиңизди алып салышыңыз да мүмкүнбү?
- Партиянын чечими бар. Биз партиянын чечимдерин аткарууга даярдыктарды көрүп жатабыз. Кудай буйруса, аманчылык болсо, шайлоого аттангандан кийин биз аягына чейин күрөшөбүз. Бул жерде негизги маселе, бирөөлөрдүн текшерүүсүнөн эмес, жалпы элдин элегинен өтүү болуп саналат. Кимдин кандай жөндөмү бар? Кимге ким кандай ишенет? Мунун бардыгын тең убакыт көрсөтөт. Азыр, бир жактуу жыйынтык чыгарып, "тиги болду, бул болду"-дебей туралы. "Чоң казатка" аттанып, даярдык көрүп баштадык. Бул деген майрам эмес, бул саясый күрөш. Күрөш катуу болот, бардык жоопкерчиликти сезип, көтөрө билүүгө милдеттүүбүз.
- Эмитен эле, шайлоо мыйзам талаптарын бурмалоо жолу менен өткөрүлөт деген ишеним элде күч. Бакиев уурдалган добуштардын негизинде кайра шайланып калса, БЭК жана жалпы эл нааразычылыктарга чыгаары күтүлүүдө. Сиздин партияңыз да БЭКтин ошол учурдагы кабыл ала турган чечимдерине кошулабы?
- Бизге келип жаткан элдердин талабы дагы ушундай. Эң негизгиси, шайлоонун жыйынтыгын эл таанышы керек. Шайлоонун жыйынтыгы менен эл макул болбосо, анда жаңы келген бийлик алсыз болот. Күнү кыска болот. Шайлоодо атаандаш чыккан талапкерлер жана эл өзүнүн берген добуштарын бурмалоого жол бербей, сактап калышы керек. Муну биринчи кезекте бийлик эске алышы зарыл. Биздин максатыбыз шайлоонун жыйынтыгын таза чыгаруу. Биз шайлоонун шайтан оюндарынан сактанбасак, анда бизди бийлик оңой эле утуп коёт.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев