Шайлоонун шайтан оюндары

"Ак жол партиясы Курманбек Бакиевдин баркын кетирип жаткандай"
Алдыда президенттик шайлоо жакындаган сайын, ар кандай аңыз кептер айтылып келет. Москва районунда президенттикке талапкерлерге кол топтоо башталып, ал жакта кандай оюндар болуп жаткандыгын айтышып, эгерде болуп жаткан иштерди алдын алып көзөмөлдөшпөсө, эч убакта таза шайлоо болбостон, эл арасында нааразычылык күчөп, шайлоонун арты чырга айланып кетиши толук мүмкүн экендигин билдиришип, Москва районундагы ыплас иштерди коомчулукка билдирүүбүздү суранышты.

Исмаилов Насипбек Таштанкулович,
Москва району:
Башка жакта эмне болуп жатканын билбейм. Бирок, Москва районунда чынында башаламандык болууда. Эгер мындай болсо, биздин өлкөдө эч убакта таза шайлоо болбойт жана таза бийлик орнобойт.
Жогорку жактан мугалимдерге буйрук болуптур. Аны мугалимдер өздөрү айтып жатышат. Окуучуларды окутушпастан, мугалимдер көчөнү кыдырып Бакиевге кол топтоп жүрүшөт. Мамлекеттин келечеги жаштар да. Алар билим алышпаса, кийин кандай жашоо болот? Ансыз дагы окуучулар кыйратып билим алып жатышкан жок. Врачтар ооруканадан оорулууларга кол койдуруп жатышыптыр.
Бакиевге кол топтогон адамдар эки китепче менен жүрүшөт. Биринчисине Бакиевге макул болгондор. Экинчисине Бакиевге каршы болгондордун фамилия атын, дарегин, ата-тегин жазып, кара тизмеге каттап жатышат. Боршайком буларды көзөмөлдөбөй эмне кылып жатышат? Деги эле азыркы бийлик чектен чыгып кетти. Мына кечээ эле Петровкадан Замир деген адамдын баласын күрттөр сабап кетишти. Милицияга арыз жазышса албай коюшуптур. Нурлан Поздняковду дагы күрттөр сабаган. Азыркы тапта күрттөрдүн эшигинин алдынан өтүүгө мүмкүн болбой калды. Бул жерде эч кандай саясий иш жок. Бирдеме болсо эле оппозиция кылып жатат дешип, эптеп саясатка өзүлөрү аралаштырып, элдин кыжырын кайнатып жатышат. Биздин укук коргоо органдары күрттөрдүн ээн баштыгын тыя албай, болгон күчтөрүн кыргыздардан чыгарып жатышат.
Дагы бир көйгөйлүү маселе былтыр күздө үч фазалуу линияларды кыйып, жазында кайра бекер улаштырып беребиз дешкен. Азыркы тапта ошол кыркылган линияларды улаштырыш үчүн 1000 сомдон акча чогултуп берүүбүздү талап кылышууда.

Асылбеков Иманбек Зайнидинович,
Москва району:
- Биринчиден, сөзүмдү күрттөрдөн баштайын. Чындыгында алардан эл тажады. Күрттөрдүн кылгандарына чыдоого болбой калды. Биринчи алар бизге келгенде эч нерсеси жок, араң келишкен. Кыргыз эли меймандос келебиз да. Качкындар-деп боорубуз ооруп, колубуздан келген жардамыбызды берип келгенбиз. Азыр эми алар буттарынан турган соң, өз балдарыбызды кордоп жатышат. "Мал арыгын байласаң, оозуңду майлайт. Адам арыгын майласаң, оозуңду кандайт" деген макалдын так өзү келип жатат. Алар өзүлөрү кордоп жаткан орустардын үйлөрүн арзан баада сатып алышкан. Азыркы тапта мен Кыргызстандын жараны кыргыз болуп туруп, жерге жете элекмин. Күрттөргө жер берилген. Элдин айдоо аянттарына малдарын жайышат. Эгер бир нерсе десең, "эмне болуп жатасың? Сага калгандары деле жетет" дешип, тоготушпайт. Кыскасы алар көбүштү. Укук коргоо органдары аларды коргоп койсо, таптакыр чектен чыга башташты. Учурда Петровканын эли көчөгө чыгып, коомчулукка чындыкты сүйлөгөндөн коркуп жатышат. Өткөндөгү чыккан чырда 91 кыргыз, орус камалып, бир дагы күрт кармалган жок. Мына ошол чырдан кийин эле үч баланы күрттөр сабап кетишти.
Экинчиден, азыркы шайлоонун туура эмес нукта болуп жатышы. Азыркы Москва районунда болуп жаткан каттоону сөз менен айтуу кыйын. Бюджетте иштеген адамдардын баарысы өз иштерин таштап коюшуп, айылды кыдырып, Бакиевге кол топтоп жүрүшөт. Бакиевдин жактоочуларынын эң эле ыплас иштеринин бири-адамдардын Бакиевге каршы болгондорун, кара тизмеге дарегин, аты-жөнүн жазып, коркутуп жаткандарында. Андан дагы бир үй бүлөгө бир эле кол менен аты-жөнүн жазышып, өзүлөрү кол коюп жатышат. Эгерде алардын кылгандарын эч ким көзөмөлгө албаса шайлоодо чоң жаңжал чыгат. Себеби, элдин акыркы чыдамы кетип, акыйкаттыкты гана күтүп турушат. Бийликтин жогорудагыдай ыплас иштерине күбө болуп туруп, албетте Бакиев президент болот деп айтасың. Адамдар корккондорунан кол коюп берип жатышат да. Эл каалабаса деле кантип, аларды кыстап жатышат мен түшүнбөй турам. Деги чындык качан болот? Же сөзсүз түрдө бирөө өлүп, бирөө калганда гана чындык чыгабы? Азыркы тапта жалгыз гана силердин гезит элге чындыкты жеткирээрине ишенем. Ошондуктан силерден суранаарым, чындыкты чыркыратпай коомчулукка жеткирип, биздеги шайлоонун шайтан оюндарын элге билдиргиле!

Мына ушундай кабарды уккан соң, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, Москва районунун тургуну Калык
Рустамов менен маектештик:
- Азыркы тапта Москва районунда каттоо туура эмес нукта жүрүп жатат дешүүдө?
- Ооба чындыгында ошондой болууда. Бийликтин ыплас иштерин жашырууга мүмкүн болбой калды. Бизде шайлоонун оюндары башталды. Биринчи кезекте айыл өкмөттөрү Бакиевге чуркап жүрүшөт. Мейли Бакиевге чуркашсын дейли. Бирок, элди кыйнап кол койдуруп жатышат. Биздин өлкө демократиялык өлкө дешет. Кайдагы демократия? Жаңы келген аким баш болуп, жогору жактын буйругун аткарып жатат. Дагы бир айта кетчү нерсе, Бакиевге кол топтоо баракчасы Айыл өкмөтү тарабынан таратылууда. Бул мыйзам бузуу болуп саналат. Негизи, "Ак жол" партиясы өзүнчө штаттарды ачып, анан кол топтоо, үгүт иштерин жүргүзүүлөрү керек эле. Мен муну өз көзүм менен көрдүм. Кыскасы элди коркутуу ыкмасы болууда.
- Кантип?
- Бакиевдин талапкерлигине кол топтогондор-негизгиси мугалимдер. Алар айылды көчө-көчөгө бөлүп алышып, үймө-үй кыдырып, адамдарды кол койдурушууда. Эгер "мен ойлонуп көрөм. Анан өзүм каалаган талапкерге добуш берем" дегендерди, "Бакиевдин президент болушуна каршы" деген кара тизмеге дарегин, атын, фамилиясын жазып, элди коркутуп жатышат. Ошондой ыплас иштерден кийин Бакиевге эч бир адам каршы боло албастыгы белгилүү. Ал эми Бакиевдин президент болушуна макул болгондордун фамилиясын жана колун гана койгузуп, кайсы райондо, кайсыл айылда, кайсы көчөдө жашаарын жазышкан жок. Демек, булар эки жолу кол койдурушу дагы толук мүмкүн. Бакиевди колдоп эл өзү чыкпастан мугалимдер аркылуу мажбурлоо жолу менен кол койдуруп жатышат. Кантип эле Бакиевге өз эрки менен барып добуш берген адам жок болсун? Мен ушуга абдан таң калдым. Мисалы, бизге "Атамбаевге добуш беребиз" дешип, адамдар өзүлөрү келип жатышат. Бакиевге кол чогулткан "Ак жол" партиясы Бакиевдин баркын кетирип жаткандай. Дагы эле эски система менен, мыйзам бузуп, шайлоого баратабыз. Эгер мындай болсо, таза шайлоо болот деп мен 100 пайыз кепилдик бере албайм. Бирок, биз андай болбошу үчүн махинация, фалификация жолуна өтө катуу туруп, ыплас иштерге жол бербейбиз. Жүз адамды камайбы, беш жүз адамды камайбы, элдин талабын көтөрүп чыгабыз. Биз аягына чейин туруп, таза, чыныгы шайлоо үчүн күрөшөбүз.
- Петровканын азыркы абалы кандай болууда?
- Азыр шайлоого карата колум бошобой жатат. Бирок, ошондой болсо дагы Петровканын тургундары менен байланышып жатам. Элдин көргөзгөн талаптары аткарылган жок. Аткарылмак тургай элди ойлогон адам жок. Шайлоого карата бир нерсе болуп кетишинен коркуп, Булекбаев менен Аргынбаевдин камактан чыгарылышы боюнча талап кылып, нааразычылык акциясына чыгууну көздөгөн айыл тургундарын УККнын кызматкерлери үймө-үй кыдырып, элди коркутуп жатышат. Учурда Петровканын эли катуу кайтарууда. Алар мага жаш балдарды күн сайын күч органдары суракка алып жатышкандарын
айтышууда.
Күрттөрдүн беш-алты үй бүлөсү өз эрки менен көчүп кетишкен. Эч бир жак кабыл албай койсо керек, кайра келишти деп угуп жатабыз. Сокулукка, Садовойго барышса, ал жактын эли кууп жиберишиптир. Эгерде шайлоо таза өтпөсө, Булекбаев менен Аргынбаевди чыгарышпаса, элдин талабы аткарылбаса, эл башкача чара колдонууга тымызын даярдык көрүп жатышат. Мен азыркы бийликке кайрылат элем. Эгерде Кыргызстанга, элине тынч жашоо кааласа, элдин талабын аткарышып, Булекбаев менен Аргынбаевди камактан бошотушсун-деп.
- Күрт улутундагы адамдар Нурлан Поздняков аттуу татар баланы сабап кетишкенин уктук. Бул боюнча кабарыңыз барбы?
- Албетте кабарым бар. Поздняков менен мен өзүм сүйлөшкөм. Ал мага эмне болгонун бүт айтып берген. Ал баланы, 30-35 жаштардагы үч-төрт күрт улутунун адамдары тепкилеп, сабашыптыр. Башында бардыгын жашырбай айтып жаткан. Бетти-башынан тамтык жок көк-ала болчу. Азыр болсо негедир "аттан жыгылгам"- деп айтып жатат. Аны бирөөлөр коркуткан же акча беребиз-деп алдаган болуш керек. Азыр Петровка боюнча жалпы эле Москва району боюнча элге чындык бир гана силердин гезит аркылуу жетип калгандыктан, ушул менин айткандарымды коомчулукка жеткирип койгула. Эл билип, эл уксун.
Назгүл Мамытова