Базарга айланган базанын тагдыры
Америкалыктардын "Манас" аэропортундагы аскердик базасы кайрадан каралганы жатса керек. Ушу жумада дүйнөлүк бир топ маалымат каржаттары Американын сенаты Кыргызстанга 30 миллион доллар бергени жатканын жапырт жазып чыгышты. Ошондой эле, Америка бул каражатты Кыргызстан аба-аскерий базаны калтырууга макул болсо которууну көздөп жатканын жарыя кылып жиберишти. Демек, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин база боюнча жашыруун сүйлөшүүлөр жүрүп жатканыдыгы тууралуу айткан пикири чын окшойт. Ага болбой эле, биздин бийлик өкүлдөрүбүз өкүртө карганып жатышат, "Чечим кабыл алынган", "Кайра каралбайт", "Эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес" кыязында. Эгер эч кандай сүйлөшүүлөр болбогон болсо, анда америкалыктар эмнеге 30 миллион долларын бөлүштүрүп койду? Байкуш базаны мазар кылбай эле базар кылып жибергенден баш чайкап калбасак болду.


Аликбектин иши жакында каралат
"Акыйкат үчүн" оппозициялык кыймылынын лидери, эки айдан бери УККнын убактылуу абагында жаткан Аликбек Жекшенкуловдун кылмыш иши сотко өткөрүлүп, болжолу кийинки жуманын башында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралганы жатат. Абакта жаткан экс-министрге эки кылмыш иши козголгон. Тышкы иштер министрлигинин имаратын оңдоо үчүн Кытайдан грант түрүндө келген 73 миллион сомдук каражат боюнча козголгон кылмыш иши биринчиси болсо, эки жыл мурун Талас шаарында атып өлтүрүлгөн түрк атуулу Сервет Четин боюнча козголгон кылмыш иши экинчиси. Аталган эки кылмыш иши бир ишке бириктирилип, Биринчи май райондук сотуна кирип барды.


Атамбаев Турцияга барып келди
Бириккен Элдик Кыймылдан президенттикке көрсөтүлгөн талапкер Алмазбек Атамбаев Туркияга жекече иш сапары менен барып келди. Анкарадан келген Алмазбек Шаршенович БЭКтин кезектеги жыйынына катышып, шайлоого болгон даярдыктар боюнча маалымат алды. БЭКтин мүчөлөрү учурдагы кол топтоолордун жүрүшү жөнүндө маалымат берген соң, Алмазбек мырза Туркияга болгон сапары тууралуу айтып берип, жакынкы арада Орусияга бара турганын жарыя кылды. Кечээ акыркы эки ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн БШКга каттоого берген Алмазбек Шаршеновичтин Москва сапарында белгилүү орус саясатчылары менен жолугушаары күтүлүүдө. Такталбаган маалыматтарга таянсак, БЭКтин талапкери ал жактан Орусиянын өкмөт башчысы В.Путиндин өтө жакын адамдары менен жолугушканы жатыптыр.


"Азаттыкты" коргоо акциясы болот
18-май күнү саат 11де Максим Горькийдин эстелигинин алдында "Азаттык" радиосун обого чыгаруу маселесине арналган тынчытык митингиси өтөт. "Азаттык" радиосунун тагдырына жаны ачып, алтургай ачкачылык акциясына барууга ниеттенген Өндүрүш Токтоназаров "Азаттык" аттуу кыймылды түзүп, тынчтык митингин өткөрүү үчүн мэрия тарабынан уруксат алыптыр. Акыйкаттын жарчысы болгон "Азаттык" үналгысына жаны ачыган жарандардын баарысын жалпы элдик митингке чакырган Өндүрүш мырзанын эмгегин өзгөчө белгилеп кеткенибиз оң. Аталган үналгынын обого чыкпай жатышы бул,-акыйкаттын онтоп жатышы. Балким "Азаттыкты" ашынып уккан патриотторубуз пикетке көбүрөөк келсе, жашынып уккан чоңдорубуз уятына келээр.




Кризиске кирген "киргиз" өкмөтү
Тизесине чейин кризиске кирген кыргыз өкмөтүнүн жаңы жылдан берки үч айлыгынын жыйынтыгы каралды. Башында "дүйнөлүк каржы кризисинин бизге таасири тийбейт" дегендердин көпчүлүгү баштарын шылкыйтып отуруп беришти. Тийгенде да катуу тийсе керек, алапайын таппай калышыптыр. Каржы кризисинин кайсы тешиктен киргенин байкашпай калганбы, айтор, Чудиновдун өкмөтү чуу түшүп эле жатып калды. Өкмөт башчысын өзгөчө сыйлашып, өз эне тилин өзгөчө кыйнашып, баарысы орусча доклад жасашты. Карап отуруп жаның кашаят. Назарбаевдин Терешенко деген орус улутундагы өкмөт башчысы болгон, бирок, бир дагы казак министри орусча сүйлөчү эмес. Кыйналып орусча сүйлөгүчө, жыйналып кыргызча сүйлөсө деле эч ким урушмак эмес. Бирөөсүнүн дагы кыргызча сүйлөгөнгө духу жетпей койду го, чиркин. Эмчек менен келген эне тилин сыйлабагандардын, элин сыйларына ким ишенет?


Садыркулов жол кырсыгынан каза тапкан
Президенттик администрациянын мурдагы башчысы маркум Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктады. Ишти иликтеген башкы прокуратуранын кызматкерлеринин тыянагы боюнча, Медет Чоканович жана аны менен бирге болушкан Сергей Слепченко, Кубат Сулаймановдор жол кырсыгынын кесепетинен каза болушкан. Башкы прокуратуранын мындай корутундусуна парламенттик комиссиянын Галина Куликовадан башка мүчөлөрүнүн баарысы макул болуптур. Ал эми, айтканын бербеген айым депутат тергөөнүн жыйынтыгына тап-такыр макул эмес болгондуктан, өз колун коюудан баш тарткан. Куликова кылмыш ишине кайрадан коомчулуктун өкүлдөрүнүн киргизилүүсү менен тергелип чыгышын талап кылып жатат. Айым депутаттын айтымында, тергөө органдары жол кырсыгынан башка версияларды караган эмес. Айтор, кылмыш иши кыбырап болсо дагы сотко жетти.


Токтайым кайрадан топко кошулду
Кечээ президентикке талапкер болуп катталуу үчүн дагы үч адам өз арыздарын БШКга тапшырышты. "Инсанкурулуш" уюмнунун директору Кутманбек Эшенбаев менен убактылуу жумушсуз Уламаев Азамат алгачкы жолу ажолукка аттанышканы жатса, 2005-жылдагы президенттик таймашка түшкөн жалгыз аял Токтайым Үмөталиева кайрадан так талаш кармашына аттанды. Ошентип, президенттикке опурап-топурап он эки киши арызын беришти. Кийинки жумада талапкерлерди каттоо токтотулуп, тил боюнча сынактар башталат. Алгачкылардан болуп ал сынакка генерал Исмаил Исаков бармай болду. Армиянын тилин кыйын билген талапкер, эне тилин кандай деңгээлде билээрин Ташбоо Жумагулов жетектеген тил комиссиясы аныктамакчы. Ордого обдулган он эки талапкердин жармысы ушул сынактан "жалп" этип түшөөрү азыртан белгилүү. Жармысы жардан куласа да, жазуучу Алмазбек Шаршеновичтин кулашы арсар кеп. Анткени, ал адам кыргыз тилин кыйын гана билбестен, кыргызча китептерди орусчага жаш кезинде эле которуп жүргөн жагдайы бар.
Рыскелди МОМБЕКОВ

20 - Майда Ноокендин Шайдан айылында Дооронбек Садырбаевди эскерүү күнү өткөрүлөт