Оморбай Нарбеков, Академик

Суу-газ, нефть сыяктуу эле товардык касиетке ээ
Сыйласаңар карыны,
Кудай сыйлайт баарыңды.
Сыйлабасаң карыны,
Кудай урат баарыңды.

70-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары Турдакун Усубалиевди, Москва менен тымызын келишим түзүп алган, Өзбекстандын ошол кездеги жетекчиси, КПСС БКнын саясий бюро мүчөсү Рашидов, Мухитдинов кыргыз жетекчилигин жарга такап, пахтанын планын кескин көбөйтүү үчүн миңдеген гектар аянтка Нарын суусунун нугуна Соң-Көлдү жырып, суунун көлөмүн көбөйтөбүз дегенде, Усубалиев аксакал көгөрүп, суу адистери менен кеңешип, Соң-Көлдүн тагдырын аман алып калган. Соң-Көлдү ирригациялык максатта Өзбекстанга берчү болсоңор, Нарын өрөөнүндөгү мал чарбачылыгы менен жан сактаган бир областтын эли жумушсуз калып, экологиялык орду толгус оор трагедияга тушугаарын Москвага далилдеп берген. Бул эле дейсизби, аңгычакты, казак жетекчиси, КПСС БКнын бюро мүчөсү, Кунаев суунун тартыштыгынан улам Киров суу сактагычындагы 550 млн кубометр сууга көз артып, мамлекеттин менчигине өткөрүп алууга далбас урат. Ушул жагдайда да биздин жетекчилик принципиалдуу мамилеге бекем туруп, казактарга бердиртпей коёт. Кыскасы, "эки дөөнүн" кысымына туш тарабынан кабылса да, ийги аргумент, логика менен коңшуларды көндүргөн. Капканы катуу, тутканы бекем, бейиши болгур социализм доорунда, Усубалиевдин бул зирек суу саясаты тарыхта өз ордун табат.
Калыстык үчүн айтып коюу абзел, сууну товар катары сатуунун алгачкы автору дал ушул киши. Бир эмес, бир нече жолу мыйзам долбоорун жазып, коомчулукта чоң резонанс жаратты.
Эми кечээ 25-апрелде оппозициянын III Курултайы болуп жатса, "Арашанга кимде кимиңер бара турган болсоңор бутуңарды сындырам" деп министрликтин аппаратындагы кызматкерлерге Акылбек Жапаров тимеле кыргыйдай тиет имиш. Мындайларды кыргыз, "үйдө баатыр, жоодо жок" деп коёт. Кочкордо кадыр-баркын салып, "бутуңду сындырам" деп күчкө салса, Усубалиев эчак эле депутат болуп алмак. Карылык, сабырдуулукка салып сага теңелбеди. Жапаровго караганда, Усубалиев алда канча үзүрлүү иштемек. Суу маселесине келгенде бул аксакалдын тажрыйбасы өтө көп эле.

Суу жана дагы суу
Бир карасаң суу боюнча, бир карасаң алтын боюнча эксперт болуп жүргөн Базарбай Мамбетов: "Эми кай бирөөлөр сууну литрлеп сатабыз дегендер да жок эмес бул эми болбогон нерсе" деп Бакиевдин шайлоо-шарапатына коңшулардын "ачуусун" келтирбегенге аракет жасады. Ачыгын айтканда, өзбек, казак түгүл, кыргыз өзү желим бөтөлкөгө суунун 1 литрин 15 сомго сатып ичкени жалганбы? Дагы айтам, суу-газ, мунай заты сыяктуу эле товардык наркы бар. Эгер этектеги коңшулар, жок сууну бекер алабыз деп моюн толгосо, ГЭСке сарпталгандан ашык сууну жайында бербөө керек.
Кыргызстандын улуттук электр тармактарындагы эки тизгин бир чылбырды колго алган Сапар Балкыбековдун түшүнөн чоочугансып, "Азаттыкка" берген маегинде, сууну чогултуп, жайында өз убагында бергенибиз үчүн коңшулар компенсация бериш керек, келечекте сууну, электр энергиясын товар катары өзүнчө-сатабыз дейт. Сапар мырза, Акаев, Бакиев доорунда силер Ширшов экөөңөр электр кубатын өзүбүзгө кымбат сатып, коңшуларга арзан берип, акыры парламенттин чыры-чуу, кыйкырыгы менен министрлик креслодон кеткениңизди унутпаңыз. Эми сиз Ширшов менен эрке баланын жетегинде турганда, миллиарддаган сууну "үч уурттап, шимирип" коёсуңар. Суунун соодасын шайлоодон кийинки ынсаптуу менен ыймандууларга калтыралы.
Мына түркмөндөр газ, свет, туз, он литр бензинди элине бекер берет экен. Эми кудай урбадыбы, суунун башында туруп, "өтүгү жок өтүкчүдөй" болуп бир кубометр сууну бишкектегилерге үч сомдон, бая күнү карабалталык бир адамдын макаласын гезиттен окудум. Кой, эчки, тоок, мышык ичкен сууга да салык салыпсыңар, квитанциясын көтөрүп жүрөт бечара. Куттуу жерге айтыла турган сөз эмес, мынчалык болду кампадагы чычкандарга да салык салгыла. Кыргыздар таза сууну, тузду бекер алыш керек. Туздун кору кудайга шүгүр көп, Кетментөбүнүн Шамшыкалы, Кочкордун Чоңтузу, Тогузторонун Тунук тузу, Чүйдүн Желдисиндеги тузу кыргыздын жети атасына чейин кенен жетет. Болгону өндүрүшкө салган эчким жок. Уялбастан тузду Белоруссиядан, Казакстандан импорттоп ташып ичебиз. Мен өндүрүшчүмүн деген Бакиевге аргасыздан кулак кагып турабыз.
Арал Саммитинде суу маселеси боюнча сөз болгон жок. Аралды коргоо жаатында деле муназага келбей таркап кеткенин "Азаттык" үналгысынан эшиттик. Каримов мырза ачык эле :"Өзбекстанды - Бүткүл дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Евробиримдик колдойт" деп асмандайт. Ошол жерде "эй, Ислам ака, сизди колдосо колдогондур, Батыш, бирок кудай берген суунун мунарасында, суу башын ээлеген Кыргызстанды кудай колдойт, саясий чоң оюнчу Россия колдойт"-деп сүйлөп койсо ашык болмок эмес. Тажикистандын президенти көк жал экен, казак менен өзбектин жетекчилигине суунун этегинде олтурсаңар, бизге эмес арманыңарды кудайга айткыла. Европадагы 27 өлкөнүн башын бир баштыкка бириктирген Еврошаркет менен банктарды ала чуркап, курула турган ГЭСтерге эл аралык экспертизадан өткөрөбүз-деп демитчү болсоңор, ошол эксперттер ылдыйкы зонадагы курулган суу сактагычтардагы суунун көлөмү, Аралдан эки эсе көп экенин ошол талдоочулар эсептеп-кысаптап экспертизадан өткөрүп койсун деп, басмырлаган коңшуларды шилиге чапкандай жооп берди. Агып келе жаткан суунун башаты Евросоюздан чыгып жатыптырбы? Бакиевди болгону суу сактагычтагы жайкы сугатка компенсация бергиле деп, башка эч нерсе айтканга жарабады.
Арал боюнча Саммитке БУУнун башкы катчысынын өкүлү Мирослав Энч дагы катышты. Анын айтымында, 2100- жылы Амурдарыя менен Сырдарыядагы суунун агымы 30-40 пайызга азаят дейт, бул бир. Экинчиси, кыргыз окумуштууларынын прогнозу боюнча, 2010-жылы орточо температура 3-6 градуска жогорулайт. Кыргызстандагы мөңгүлөр 15 эсе азаят, демек мөңгү суулардын көлөмү 2 эсеге кыскарат. Мындай болсо, майда-чүйдө мөңгүлөр жоголот деген кеп. Бизде, 8200дөн ашык тоо чокусундагы мөңгүлөр болсо, акыркы 30-35 жылда 2 миң мөнгү суулары жоголуп, же кургап кеткен. Ал эми коңшуларыбыз орто, чакан, кичи ГЭСтерди кургула, ири ГЭСтерди кереги жок деп турат. БУУнун прогнозу тигил болсо, кыргыз адистериники бул болсо, кичи ГЭСтер майда мөнгүлөрдүн нугуна курулат. Ал эрип кетсе, чакан ГЭСтер электр энергиясын кантип иштеп чыгарат? Ошон үчүн Россиянын инвистициясы менен Камбар-Атадагы 2 ГЭСти сөзсүз куруш керек, башка жол жок. Эл аралык оюнчулар, Борбор Азиядагы суу маселесинен жаңжал чыгарганга ыңгайлуу саясий инструмент катары пайдаланып кетпесе деген чоочулоо бар. Кечээ жыландын башын кылтыйтып, Борбор Азияда Америка приоритеттүү деп Өзбекстан менен Түркмкенстанга артыкчылык берип, экономикалык, саясий ымаланын таш таразасын ушу эки өлкөгө ооп туру. Анткени, АКШ менен Евробиримдиктин эки өлкөнүн газ, нефть, пахта өңдүү стратегиялык ресурсуна кызыгууда.
Андижан окуясындагы 187 адамдын атылышы, ал төңкөрүштөн жапа чеккен, жарандарды Европага , АКШга самолёт менен жүктөп кеткен качкындардын азабынан биздин өлкө, расмий Ташкенге суутумшук көрүнгөн. Адам укугу деп озоңдогон Европа өлкөлөрү жана АКШ өлкө бул окуяны эстен чыгарып жибергендей. Буларда түбөлүк достук эмес, түбөлүк кызыкчылыктар баарынан жогору тураары ушундан көрүнгөн жокпу?
Кечээ Саммитте, Н. Назарбаев, Борбор Азиядагы беш мамлекет Аралды сактоо боюнча, ушул мезгилге чейин Арал деңизинин куймасына сууну көбөйтүүгө 2 млрд доллар заёмдук жана ички булактардын эсебинен каражат жумшалды-деп тастыктады. Жумшалса, ал валюта жел ооп кеттиби, конкреттүү натыйжа жок болуп атпайбы, Аралды толтурбай эле, Көксарай суу сактагычына жумшалып кеткенби, анткени тажик президенти Э. Рахмонов бекеринен Аралдан 2 эсе көп суу сактагыч жөнүндө айтпагандыр. Же ал алкымы чоң коррупционерлердин кекиртегине кирип кеттиби? 2 млрд оңой акча эмес. Эми дагы 191 млн долларды Аралга жумшоо программасы бар экенин ырастады. Кудай уруп бул акчалар да кумга сиңип кетпегей эле. 1960-жылдары Арал деңизине Сырдарыя менен Амурдарыя 60 млрд суу куйуп турчу. 1961-жылы Өзбекстан 8 млн гектар жерди өздөштүрүп, суунун баары ошол жакка агызылган.
Демек, Аралдын тагдырына кандайдыр бир деңгээлде расмий Ташкент да компенсация төлөшү керек эмес беле?..
Президенттик шайлоо босогодо турат, ал да өтөт. Той эртеси суу маселесинин тегерегинде чоң программа иштеп чыгып, коңшуларга "сизиң-бизиң" деген дипломатиялык маалкатуу мамилени токтотуп, чечкиндүү бир чечимге келишибиз керек. И. Каримов Евротүзүмдүн этегине жамынбай эле койсун. Аларың деле кризиске тушугуп, бир айдын ичинде 20 млн 154 миң жумушсуздардын армиясы көчөгө чыгып, Брюсселдеги үлкөн чиновниктер эл толкуса эңшерилип калабызбы деп шаштысы кетип турат. Евросоюздун миграция ведомствосу 151 өзбек мигранттарына 500 еврону колуна карматып, Чехиядан чыгартып койду. Демек, Европа менен америкалыктарга өтө эле берилип ишенүүн кажети жок. Андан көрө, колтугуңуздагы кыргыз менен тажикти далыга чаап, муназага келсе Ислам Абдуганиевич көп ийгиликке жетишмек...