Экономикалык фон жана шайлоо

Россиялык 450 миллион долларды кантип бажарабыз?
23-июлга дайындалган президентик шайлоого саналуу эле күндөр калды. Эки айдан бир аз ашкан убакыт көз ачып жумганча эле жетип келет эмеспи. Эксперттер шайлоого болгон "Ак үйдүн" даярдыгы мыкты - төтөн, бийликтин административдик ресурстарынан тышкары финансылык потенциалы да жаман эмес дешет.

Бул болсо президент К.Бакиевдин экинчи мөөнөткө шайланышы үчүн чоң тыгынчык болуп бере турган жагдай. Күжурмөн финасылык ресурс дешкенде жерден издегениң көктөн табылгандай болуп чукулунан бериле калган баш аягы 450 миллион долларга туура келген россиялык кредитти айтып жатышканын байкоо кыйын эмес. Ал каражат болсо шайлоо болуп өткөнгө чейин Кыргызстанга келип жеткен дүйнөлүк финансылык кризистин капшабына карабай экономикалык дурус фонго өбөлгө түзө алмакчы деген пикирди билдиришүүдө. Бир сөз менен, тышкы жана ички кризистин кыйынчылыктарына карабай президент К.Бакиевдин жүзү жарык шайланып алынышына шарттар толук бар болуп чыгат.
2 миллиарда 150 миллион долларга туура келген россиялык кредиттин чоо-жайы жалпы элге дайын. Ал Манас аэропортундагы америкалык авибазанын кубалап чыгарылышы үчүн төлөнгөн акы- геосаясый акча, Д.Медведев менен В.Путиндин финансылык жардамы гана эмес, саясый колдоо көрсөтүүсү экенине эч ким деле шек кылбай калбадыбы. Россиялык кээ бир либералдык гезиттер бул кредиттин түпкү кунун "К.Бакиевдин Россияга сатылышы" же "Кыргызстандын дүңүнөн өлчөнүп сатылып кетиши" деп баалашты. Россиялык кредит 23-июлга карата т.а. президент К.Бакиевдин экинчи мөөнөткө "ийлигиликтүү" шайланып алышы үчүн алынганын көрүү деле кыйынчылыкка турбайт.
Ырасында россиялык кредитин каплеттен пайда болушунун чоң сыры деле жок. Глобалдык кризис бийликти дүйнөдөгү эң жакыр 20 өлкөнүн катарынан орун алган Кыргызстанды биротоло ыргалтып жыгып таштаганга дейре шашылыш каражат издөөгө мажубурлады. Мерчеминен өткөрүп жибергенде экономика биротоло сызга отурмак да К.Бакиевдин экинчи иретке шайланышы чоң проблемага айланмак. Эл аралык мамлелердин субьектиси катары беделин биротоло түшүрүп, мамлекеттик суверентитетине зак тийгзип тапкан каражат жалаң гана Манас аэропортунда жайгашкан базасы үчүн "америкалыктар татыктуу арендалык акы төлөп бербей койду" деген жооткоткон шылтоо менен түшүндүрүүгө болбойт, алибете. Андай пикирдин жүйөөсү аз. Шылтоого шыноо издөө бар болгону. Болбосо, өзүңүздөр карап көрүңуздөр, Россиядан алынган 2 милиард доллар мурдагы он беш жыл аралыгында чогулуп жатып 2 миллиард 200 миллионго жеткен насыяга кошулуп келип акыры элдин моюнуна илине турган зылдай оор жүк экени айкын эмеспи. Бул кутулбас куяга салаар карыз. Карызыңды качандыр бир кездерде болсо төлөп беришиң лаазым. Көз кранды эмес экономикалык эксперт А.Дыйканбаевдин айтымында Камбар Ата-1 үчүн россиялык 1,7 миллиард доллардык карызды алып жатып корпоративдүү тышкы карызыбызды эки эсеге чейин өстүрүүгө аргасызбыз болобуз, эгер, ал финансылык төлөмдөрдү бөлчөктөп бөлүп карап көрсөк 10 жыл өткөндөн кийин ар бир жылы тышкы карызды жабыш үчүн 70 миллион доллар зарыпташыбыз талап этилет, андан кийинки 8-9 жылдардын аралаганда тышкы карыздарга болгон төлөм 100 миллион долларга чейин өсөт. Бул болсо оңбогондой чоң сумма" дейт А.Дыйканбаев. Кыскасы, Кыргызстан мындай зылдай оор карызды көтөрүшү келечекте кыйын, мүмкүн да эмес болуп калат. Кредит төлөй алууга жөндөмсүз (некредитоспосбный) банкрот мамлекетке айланышыбыз толук мүмкүн. Баарынан жаманы, прессада көп айтылбадыбы, биздин алган карызыбызды кийинки муун кайтарууга мажубур. Ал эми, бул болсо биз кийнки муундун ырыскысына суук колбузду салып жатабыз дегенге тете.
Күр дедиртип алган россиялык карызга караганда базанын арендасы үчүн америкалыктардын төлөп жаткан акчасынын канткен күндө да артыкчылыгы бар болчу. Жылына америкалыктар 110-120 миллион долларга чейин Кыргызстанга киреше киргизип турган эле. (Аренда төлөмүнөн сырткары грант түрүндө, жогорку технологиялык жабдуулар менен камсыздоо, чукул гумманитардык көмөк көрсөтүү ж.б.) Алар берип жаткан миллиондогон доллар Кыргызстандын мыйзамдуу түрдө иштеп тапкан акчасы б.а. маңдай тери менен тапкан кирешеси эле. Ал канткен күндө карызга деп алган акчалар эмес экени белгилүү. Аны кайтарып берүүнүн кереги жок болчу. Азыр президентке кеңеш берип жүргөн политолог М.Иманалиевдин айтымында Ганси базасын арендалап турган 8 жылдын ичинде америкалыктар бизге баш аягы болуп 1 миллиард 200 миллион долларга чейин каражат түшүрүптүр. Америкалыктардын базасы кубалап чыгуу менен "Ак үй" саап жаткан уйду короодон түртүп чыгарып ээн талаага биротоло айдап жибергенге тете жорук жасбадыбы. Аны жыл сайын жүнүн кыркып алып, ар жылы төлүнө туйтунтуп турган койду алекизаматта мууздап таштаганга салыштырса болор. Арийне, жаңы мөөнөткө шайлануу үчүн кандай гана курмандыкттарга барбай койбойсуң дейсиң. Мындайда Америкаңдан да артыгынан да кечип койсо болот эмеспи.
Россиялык кредиттин тараншынын алгачкы 150 миллиондук доллары 1-апрелде Улуттук бактын эсебине келип түштү, көп узаган жок роосиянын "секретный" деп айтылган бюджетинен бөлүнгөн 300 миллион доллардык экинчи өлчөмү келгени билдирилди. Кеп эми аны дүйнөлүк кризистин шартында улуттук экономиканы чайпалтпай туруктуу сактап калууда калды. Асресе, официалдуу түрдө айтылышы боюнча россиялык кредит бюджеттин "жыртык тешигин" жамачылоого, энерегетиканын инфраструктурасын инвестициялоого кетеби, же орчундуу инвестициялык долбоорлорду финасылоого, жаңы жумушчу орундарды ачуу үчүн (К.Бакиевдин убадасы боюнча 50 миң жумушчу орун түзүлүшү керек) пайдаланылабы, азырынча белгисиз бойдон. Деги эле кризистин бороон чапкынын алдында калган улуттук экономиканын аман эсен сактап калуу үчүн, демек, К.Бакиевдин шайланышы ыңгайлуу социалдык-экономикалык кырдаал түзүүгө жумшалабы, ал да болсо азырынча табышмак. Кредиттин башы биротоло ачылып кете элек.
150 миллион доллардык алгачкы россисялык каражат банктын эсебине келгенден бери бир айдан ашып кетти, бирок ал кайсы максаттар үчүн жумшалаары жөнүндө так маалыматтар бериле элек. Саамыктатып жатышат. Официалдуу түрдө россиялык тараптан кредиттер бюджетти стабилдештүү үчүн берлип жатат деп айтылган. Арийне, кредитти пайдалануу боюнча бийлик мыкчыгерлеринин ар кимиси ар кандай пикирлерди билдирүүдө. Президент К.Бакиев "алтын ресурстар" деп аталаган жаштар менен жолгуушууда экономикалык өнүгүү фондусу аркалуу россиялык карыздын басымдуу бөлүгүн инвестициялык долбоорлорго багыттоонун, акчанын кайда жумшалаарына коомдук тыкыр көзөмөл орнотуунун зарылдыгын билдирген эле. Экономикалык өнүгүү жана соода-сатык министири А.Жапаров россиялык кредитти пайдалануу үчүн Кыргыз инвестициялык банкын түзүп, андагы каражаттарды ишкерлерди колдоо үчүн жумшоо зарыл деген сунушту билдирди. Ал инвестбанк А.Жапаровдун пикиринде экономикалык өнүгүү фондусунун базасында түзүлүп, 100% акциясы мамлекеттик мүлк комитетине таандык болушу керек. Арийне, буга, "Дело №" гезитинин жазганына карганда, улуттук банктын төрагасы М.Алапев менен биринчи вице-премьер Ө.Бабанов караманча каршы. Премьер министир И.Чудинов болсо россиялык кредитти резервде кармап кармап туруу артык деп эсептейт. М.Алапаев менен Ө.Бабановдун оюнда А.Жапаров айткан инвестбанктын эчкандай зарылдыгы жок, ал артыкбаш структура болуп саналат. Эгер президент К.Бакиев менен А.Жапаров Россиядан келип түшкөн карызды экономикалык өнүгүү фондусуна жиберүүнү колдогондугун, ал эми, фондунун башын президентин адмнистрациясынын башчысы, ошол эле учурда мамлекетин чөнтөгүнө караганда өз чөнтөгүн жанындай жакшы көргөн бизнесмен деген наамга татыган Д.Үсөнов мыкчып турганын эске алсак россиялык кредитти бөлүштүрүү боюнча бийлик чиновниктердин ортосунда өлбөгөн жерде калышкан кармаш болуп жатканын байкоо кыйын эмес.
Россиялык кредит боюнча келишимге эбак кол коюлган белгилүү. Андан бери көп суу акты. Асресе, эмдигие чейин каражатты пайдалануу боюнча элге жетиктүү, так программанын ишетилип чыга электиги көп көйгөйдөн кабар берер. Ооз жүзүндө гана суу кечире турган олутту бизнес-долбоолого жумшала турган болду деген жооткоткон кептер айтылат, бирок, реалдуу иштерге келгенде кенедей да жандуу кыймыл байкалбайт. Акчанын канча бөлүгү кайсы бизнес сферасын колдоо үчүн коротуулары, кандай ишканалар ачылып, канча жумушчу оруну түзүлөөрү, бюджеттин "жыртыгын" бүтөө үчүн канча каражат кетээри, социалдык тирикарак саясат жүргүзүү үчүн канчасы ысырапталары жөнүндө так мсаалымат жок. Инвестициялык долбоорлор качан жана кайсы мөөнөттө ишке ашаары да айтылбайт.
Мамлекеттик мыкчыгерлер мурдагы 2 миллиардык кредитти сайда саны кумда изи жок кылып талап тоноп кеткендей бул жолу деле россиялык 450 миллионду ич ара бөлүшө албай каррмашып жаткан тапта глобалдык крзистин кубатту тасиринде калган улуттук экономка күндөн күнгө эңшерилгенден эңшерилип начарлап отуруп көтөрүм абалга жетип калды. Жакында министирлер кабинетинин башчысы тарабынан ЖКнын кароосуна "2009-жыл үчүн Кыргызстандын республикалык боюджети жана 2010-2011-жылдар боюнча прогнозу жөнүндө" деген мыйзам киргизилип, сүрмө топ депутаттар тарабынан талкулоосуз кабыл алынды. Жаңы документте макроэкономикалы дээрлик бүт көрсөткүчтөргө орчундуу түзөтүүлөр киргизилген деп жазат "Россияская газета". Атап айтканда, жылдын башында кабыл алган ВВПнын өсүшү 6% деп пландалса, эми ал 0,9% чейин төмөндөтүлгөн, инфляция, болсо, тескерисинче, адеп болжолдогону боюнча 13% болсо, азыр ал 15%ке дейре көтөрүлгөн. Бюджетин чыгашасы болсо 5 миллиард сомго чейин өсүп, анын тартыштыгы 600 миллион сомго кошумча көбөйтүлгөн. Мындан тышкары салык кодексиндеги кыймылсыз мүлккө мароторий киргизилгендигине байланыштуу бюджетке 700 миллион сом салык түшпөй калары анык болуп калды. Эксперттердин айтымында жылдын аягында ВВП 0,5%ке, ал түгүл минус 1%ке чейин түшүп кетиши этимал. Буга кошумча өткөн жылдын ноябрь айынан бери баш аягы болуп 300 жакын ишкана банкрот болгонун же иштебей токтоп калганын кошумчаласак экономиканын өлумсүк абалга дуушар болгонунан кабар алар элек. Ооздон түшө калгандай болуп улуттук валютанын абалы да начар. Эл аралык финансы иниституттарынын билдиргени боюнча өткөн жылы сомду туруктуу кармап туруу үчүн 160 миллион доллар каражат жумшалып резервди какшытып алганыбызды эске алсак улуттук валютанын девальвацияланып урап түшүп кетүү коркунучунун кырында кылтылдап туруп калганы баамдоого болор. Өлгөндүн арты көмгөн болуп 2009-жылдын январь-апрель айларынын көрсөткүчүнөн алып көргөндө экспорттун көлөмү 12,5% ке, ал эми импорт 18,4% ке чейин кыскарып кетти. Иши кылып, улуттук экономика биротоло сызга отуруп, мамилекет дефолт боло турган көздөнүп калды.
Ошентип, иштин көзүн билбеген, компотентсиз, ошо кезде "халява" дегенде жантыгынан түшкөн алдым-жутум президентин комадасынын азабынан улам "Ак үйдүн" политтехнологдору иштеп чыккан россиялык кредиттин көмөгү менен президентик шайлоонун алдында электораттарды жооткотуп көңулүн алган социалдык-экономикалык түзүк фон түзүү, жок эле дегенде ыңгайлуу фондун иммитациясына жетишүү деген аракеттери ишке ашпай толук фиаского учурай турган көздөнүп калды. Бул болсо К.Бакиев экинчи мөөнөткө шайланбай калат дегендикти билдирет. Эгер ал шайланбай калса, анда эл аралык коомчулукка суу тумшук көрүнүп, өлкөнү карызга белчесинен батырып азап менен тапкан кайран гана 450 миллион доллардык россиялык кредит деген өкүнүчтөн башка ылаажы калбай калат.
Үсөн Касыбеков,
эркин журналист