Үмүт өчөт, жанат...

Жаңы конуштар качанга чейин өгөйлөнөт?
Адатта борбор калаабыз Бишкектин чет жакасындагы акыркы 25 жылдын ичинде пайда болгон жаңы конуштар туурасында сөз болгондо негедир аянычтуу сезимдер пайда болот. Илгери биздин ата-бабаларыбыз ата-конушка конуш кошуп жаңыртканда, "конуштарыбыз жакшылык жөрөлгөсү болуп, ак жалгасын" деген изги тилектери менен жумурткадай аппак боз үйлөрүн тигишип, ыйык жөрөлгөлөрдү жасашчу экен. Азырчы? Жаңы конуштарыбыздын түптөлгөндүгүнөн бери жетишээрлик убакыт өтсө дагы, күн санап инфраструктурасы гүлдөп, өсмөк турсун, боз топурак үйлөр көзгө супсак көрүнүп, конуштарыбыз жетимсиреп, томсорушат.

Жаңы конуштардын жаңы чектерди багындырып өсүп-өнүгүүсүнө эч качан, эч убакта көңүл бурулбай, жетим мамиле жасалып келе жаткандыгын айтып дагы, жазып дагы бүтө албай келебиз. Ал конуштардагы арман-муңун айтып бүтө албаган замандаштарыбыз көр жашоодо, көр наалат менен күн кечиришүүдө.
Акыркы жылдары шаар мэрлери тебетейдей алмашууда. Жаңы конуштардагы карапайым калк аткарылышын суранган жол, суу, транспорт маселелерине баш катыргандан көрөкчө мэрлердин кимиси болбосун байманалуу жумушта узак иштеп, мансап күтүп, келкелин сүрүүнү каалашат.
Шаардыктар үчүн, өзгөчө жаңы конуштагылар үчүн борбордук көчөлөрдө улам жаңыланып, ачылып жаткан миң түркүн базар, соода түйүндөрүнө караганда алда канча зарыл, маанилүү маселелер бар. Бишкектин чеке белиндеги түндүктөн-түштүккө, түштүктөн-түндүккө созулуп жаткан бир нече жаңы конуштар- Ак-Өргөө, Арча-Бешик, Көк-Жар, Касым, Ак-Босого, Дордой, Учкун деп аталган конуштарыбыздын пайдубалы түптөлгөндүгүнө бир нече жыл болду. Алар жаңы конуш аталганы менен жыл сайын жашарып, толуп-токшоп турсун, күн санап карып, ал-кубатынан тайып бара жатышкан сыяктуу. Анткени, жаңы конуштарда кыйналып-кысталган, азаптуу жашоолор бар. Кыш мезгилинде "Ильич шамы" ар сутканын 4-5 саатында эптеп күйүмүш этип турганы менен калган убактарда андагы жашоочулар эптеп запастап, камдап алган азыноолак отундарын резинкадай чоюп пайдаланышат. "Өлбөгөн жанга жаз келип" бергени менен жайында суу көйгөйү башталат. Жаңы конуштарда бардыгыбызга белгилүү болгондой жалаң кыргыздар менен жалаң кара тамандар жашагандыктан, шаар бийлиги "кембагалдарга жараша берет" дегендей маанайда жаңы конуштардагы проблемаларга тоң моюн, кайдыгер мамиле жасашат.
Бей-бечара эл дагы ушул күңүрт, көңүлсүз жашоолоруна жедеп көнүп бүтүшкөн сыяктуу. Анткени, шаар бийлигине бир эмес, бир нече жолу арыз-муңдарын айта берип тажап бүтүштү. Тил эмизме, "иттен чыгарып коюу" дегенчелик мамилелерден тажап, жакшылыктардан күдөрүн үзүшкөн сыяктуу. Өңгүл-дөңгүл, чаңы буркураган таштак көчөлөрү менен эртелеп жумушка кетип, кечинде жумуштан келип, ошол жашоолоруна каниет кылып, дүлөй менен сокурдун абалында жашап келишет. Эч жактан, эч кандай колдоо болбогондон кийин, жаңы конуштагылар үчүн кимдир бирөөлөр баш катырбагандан кийин алар арман күүсүн кимге чалышмак эле? Мезгилинен эрте карып, арыган жаңы конуштагылар ушул 20 жыл аралыгында дегеле тыңгылыктуу жолго жарышкан жок. "Жолду баскан арбытат" дейбиз го. Бирок, жаңы конуштарды байырлаган мекендештерибиздин жолдору арбымак турсун, ташыркап бүтүштү. Ошол таштак жолдо эртели-кеч жүрө берип, кепилдик мөөнөтүнөн эрте бузулган маршруткалардай, унаалардай эле андагы эл дагы мезгилинен эрте карып бара жатышат.
Ошол жаңы конуштардын өйдө жактын оозун караган "билермандары" ар жылы "борбордук көчөлөр асфальтталат" деп убада беришет. Бирок, мына, канча жылдан бери жаңы конуштардагы асфальтталган көчөлөрдү көргөн адам бар бекен? Балким, жаңы конуштарды теске салган билермандар тегин жерден элге убада беришпесе керек. Жаңы конуштагы жолдорду оңдоо үчүн шаардык бюджеттен каражаттар каралып турганы менен "ме" деп бөлүштүрүүгө келгенде, жаңы конуштардын өз ырыскыларын өздөрүнө ыраа көрбөй, борбор калаанын башка жактагы "элитный" көчөлөрүнө бере коюшат деп даттанышат алар.
Алардын бул айткандары туура.
Бишкек шаарынын борбордук ботаникалык багы менен 3-4-5-кичирайондорунун ортосундагы суу жээгидеги таштуу сайга кыргыз элитасынын "мен-мен" деген тыңчыкмаларынын үйлөрү салына баштаган. Азыр ал жерде көркөмдүгү көз тайгылткан "особняктар" шаңкаят. Ушул чөлкөмгө, ушул көз тайгылткан "особняктардын" салынышы канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендигине кызыккан киши жок. Биздин билишибизче мамлекетке тиешелүү мерчемдүү жерлерди мыйзам, укук дегендерди уруп ойнобогон "олигарх" кыргыздар ээлеп алган окшобойбу? Ушул "элитный" райондун инфраструктурасына, анын ичинде анын жолуна "Арча-Бешик" жаңы конушу үчүн бөлүнгөн 350 миллион сом жумшалып кеткендигин айтышат. Жаңы конуштарга деп бөлүнгөн мыйзамдуу каражаттар кандайча мыйзамды аттап башка жактарга жумшалып кетип жаткандыгына ким жооп берет дагы, ким баш катырат?
Бишкек шаарынын мэри Нариман Тулеев өткөн жылы шаардын борбордук көчөлөрүндөгү жарык кылуучу лампочкаларды алмаштырып, эскилерин шаар сыртындагы, жаңы конуштардагы көчөлөргө койдурам деген эле. Муну укканда жаңы конуштагылар "эски болсо деле көчөлөрүбүздү жарык кылса болду" деп сүйүнүшкөн. Бул сөз суу кечкен жок. Ушул мезгилге чейин шаар башкарган мэрлердин бардыгы шаардын борбордук көчөлөрүн гана оңдоп-түзөп, анда жашагандар үчүн кызмат кылышат. Жылына, мэр алмашканда, саммит өткөн сайын ушунусу ушу. Бардык бийлик төбөлдөрү баш болуп борбордук көчөлөрдү гана карап турушат. Шаардын сыртындагы, жаңы конуштардагы көчөлөрдө кулдун балдары, күңдүн кыздары жашайбы? Шаардагы ремонт талап кылбаган борбордук көчөлөрдү "ремонттойбуз" дешип, капиталдык ремонт үчүн шаар бюджетинен акча бөлдүрүп алышат дагы, эптеп карамай менен жолдорду майламыш этип, олчойгон акчаларды сол чөнтөктөргө солоп жиберүү адатка айланган окшобойбу?
Жаңы конуштагылар жогор жактан "бармак басты, көз кысты" мамиле жасалып, алар үчүн бөлүнгөн ырыскы-насиптерди кимдердин жеп коюп жатышкандыктарын жакшы билишет. Бирок, ыйлаган менен, сыздаган менен пайда жок. Алардын үнүн угаар жан дагы жок. Алар "Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет" деген жакшы ниеттери менен гана үмүт отун өчүрбөй келишет...
Раиса Дүйшөнбекова




Тандоо - Кудайдын эрки
Хазрети муфтийибиздин айтымында Кыргызстан калкынын 80 пайызы мусулмандар экен. Албетте, муну көп же аз деп айталбайбыз. Кыргыздар илгертен эле мусулман экенин эске алсак, анда аз болушу мүмкүн. Себеби, акыркы жылдарда ата-бабабыз билбеген диндерден бакыт издеген "жанызактар" көбөйдү. Балким, Муфтий буларды кошпогондогу эсепти айтып жаткандыр, аны так билбейт экем. Ошентсе да, акыркы жылдары ислам дини жергебизде жандана баштады. Муну менен мусулмандар көбөйүп кетти деп айтыш кыйын. Анткени, беш убак намаз окуп, орозо кармабаса да ыйман келмесин жана "алхамду" менен "кулхуаллохуну" билбеген кыргыз жок. Болгону, Кыргызстанда ислам динине жан кирип, кубаттана баштады. Демек, сапат жагынан алда канча илгерилөө болууда.

Менин айтайын дегеним башка, б.а. президенттик шайлоодо мусулмандар өз добушун кимге берет деген маселе. Хазрети Муфтий, албетте, азыркы президентке добуш берели деп чакырык ташташы турулуу иш. Ал турсун Алатоо аянтына элди Жума намазга чакырып, бирок, пикеттин сөздөрүн да сүйлөшү мүмкүн. Ал эми биз эмне кылабыз, карапайым мусулман? Же муфтийди колдойбузбу?
Ислам дининде башкаруучуга баш ийүүнү катуу буйрат, башкаруучу каапыр болсо да баш ийүү керектиги айтылат. Башкаруучунун Кудайга каршы чыгуу буйругун гана аткарууга болбойт, бизге жакпаган башка буйруктарынын баарына сабырдуулугубузду көрсөтүп, чыдашыбыз керек. Албетте, бул биримдикти жана ынтымакты камсыз кылат.
Пайгамбарыбыздан да мындай хадис бар "Ким мага баш ийсе, ал Кудайга баш ийген болот, Ким менден качса, ал Кудайдан качкан болот. Ким амирге баш ийсе, мага баш ийген болот. Ким амирден качса, менден качкан болот". Демек, биз, мусулмандар, азыркы президентибиз Курманбек Бакиевге сөзсүз баш ийишибиз керек. Анын үстүнө, Ажобуз мусулман. Демек, анын буйруктарына жакпаса да чыдабаска арга жок.
Бирок, жакында шайлоо болгону турат. Татыктуу талапкерге добуш берүү Кудайдын алдындагы чоң жоопкерчилик. Ар бир кылган ишибизге Кудайдын алдында жооп беребиз. Ар бир добушубуздун да сурагы бар. Демек, кандай талапкерге добуш берүүгө болот? Шайлоо - бул тандоо укугу. Бул пенделерге Кудайдан берилген эркиндик. Падыша эмес, адамдар дин тутуу тандоосунда да (Кудай тандоодо. Бир гана Кудай бар болсо да адамдар түрдүү кудайларды жасап алышат) эркин болууга тийиш. Эч ким зордолуу жана тандоосу үчүн адамдар тарабынан кордолууга тийиш эмес. Болгону, ар бир тандоонун сурак-жоопкерчилиги жана өзү гана көрө турган үзүрү бар.
Бүгүн президенттикке кимдер ат салышат, толук тактала элек. БЭКтин атынан Алмаз Атамбаев бармай болду. Учурдагы президентти болсо өзүнүн "Ак жол" партиясы, Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыков көрсөтүшүүдө. Болжолдоолор боюнча чоң таймаш ушул эки талапкердин ортосунда болот. Кудай алдындагы жоопкерчиликти сезген мусулмандар кимисине добуш берет болду экен?
Алмаз Атамбаевге добуш берсек болчудай окшойт. Анын дайым "Кудайдан башка эч кимден коркпойм" - деп айтып келгенин жана чынчылдыгын билебиз. Демек, бул ыймандан. Биздин коомдо дал ушул ыйман жетишпей турат. Дайыма Кудайды оозанган Атамбаевдин шайлоого катышып жатышы - Кудай алдында жоопкерчиликти моюнуна алып, ал үчүн жооп берүүгө даяр экен десек болот. Болбосо, азыркы бийликтегилер же Кудайдан, же мыйзамдан коркпой калышты.
Кудайдан корккон адам эч убакта жаман ишке барбайт. Мейли, жанында кайтаруучу болсун, болбосун. Анын оюнда жаман пикир да болбойт. Андай адам Кудайдын алдындагы жоопкерчиликтен коркуп, мыйзамды дайым бекем карманат. Ал эми азыркы президентибиз болсо көп убадаларынан тайды жана көп жолу жалган сүйлөдү. Башкасын айтпаганда да кийинки шайлоого катышпайм деген убадасы бар эле. Аны унутуп, кийинки мөөнөткө барууга даяр экенин жар салды. Көп мекендештерибиз 2005-жылы тандоо болбой калды деп өкүнүп жүрүшөт. Эми өкүнбөгөндөй чечим чыгаргыла, анткени тандоо бар демекчимин.
Заирбек Бактыбаев