presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Калк тагдырына кайдыгерлик

Бийликтин калпыс чечими, же ишке ашпас "улуттук патриотизм"
"Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн".
(Б.Сарногоев)

Учурунда "кыргыз эли эгемендүүлүккө ээ болду" - деп дердеңдегенибиз менен бийлик мунарасындагылардын элибиздин эртеңкисине кыянат мамиле кылаарын эч кимибиз ойлонгон эмес экенбиз. Армандуу дүйнө, жан дүйнөсү маңкуртка айлангандарга мамлекетибиздин тагдырын тапшырдыкпы, же жалпы кыргыз интеллигенциясы, кесиптешим Жакып Тулегенов айткандай, "Сабитжан - радиомаңбаш" болуп калышканбы, айтор, өз алдынча мамлекет катары дүйнө тааныганы менен кыргыз эли өз жеринде башка чет элдердин алдында басмырланып келгенин ачык айта албай келебиз. Жер баш болуп көнгөн адатыбызды, башка элдерге кошоматчылыгыбызды жашыруу үчүн интернационалдык достукту бетибизге чүмбөт кылдык. Ошол учурда улуттук патриоттук демилге көтөрүп чыккандарга "улутчул" жарнак тактык. Бул адат ушул күндө да бийлик башындагылардын "сүйүктүү" шылтоосуна айланды.

Дүйнө элинин тарыхый өнүгүүсүнө саресеп салып көрсөк, бир АКШдан башка өнүккөн бүтүндөй өлкөлөрдө эң биринчи улуттук патриотизмдин күчтүү өнүккөнүнө күбө болобуз. Немец эли өздөрүн алгач улут болгон ариецтер катары санашат, англичандар өздөрүн ак сөөктөрбүз деп эсептешет, япондор өздөрүнүн самурайлык эрежелерин бекем сактоо менен өзгөчөлөнөт. Ал гана эмес, кечээги СССРдин учурунда Грузияда көчөдө сатылган пивону сенин кезегиң келсе да, бирди-жарым грузиндер жакындап калса, алар өтүп кетмейинче тейлөөчү эмес. Ал үчүн аларды эч ким "улутчул-шовинист" деп аташкан жок. Коңшубуз Өзбекстанда деле ошол эле учурда паспортунда "өзбек" - деп жазылбаса, жооптуу кызматтарга көтөрбөгөндүгүн кантип танабыз?
Азыркы күндө КР көз каранды эмес өлкө катары таанылганы менен бийлик мунарасындагылардын жалтактыгын менен коркоктугун, маңкуртчулукка белинен батканын, өң карамачылык менен кошоматчылыктын күчтүү өнүккөнүн коркпой айтсак болот. Эң эле жөнөкөй мисал, Бишкек шаарында ШОСтун мүчөсү болгон өлкөлөрдүн делегаттарын аэропортто самолеттун трабынан күтүп алуу залына чейин килем төшөп тосуп алышы кошоматчылыктын эң жеткен чеги эмеспи. Кыргыз эли канчалык кастарлуу коногу болсо да, эң алгач талаада жашыл майсаңда тосуп, андан кийин ак өргөгө киргизген ата салтыбыз эмес беле? Кыргыз качан ат казыктан босогого чейин килем төшөп тосуп алчу эле? Бийликтин өң карама кошоматчылыгын ошол кезде кыргыз эли гана эмес, дүйнө эли теледен көрбөдү беле?
Өкүнүчтүүсү, элибиз өз Мекенинин "өгөй баласына" айланганын жар салууга убакыт жетти. Айрыкча, мамлекеттик укук коргоо уюмдарынын "чет элдиктерди" коргоп, өз элибизди кордогон фактылар бурмаланып келгенине зээниң кейийт. Жалал-Абадда өзбек Батыровдун таламын талашкандар өзүбүздүн кыргыз жигитибизди аялы менен абакка жаткызганын гезит бетине жарыяладык, бирок кайсы улуттук уюмдар аны териштирип, ага күнөөлүүлөр кандай жаза тартышты? Таң калыштуу, Батыровдор Жалал-Абаддагы кыргыз элине тиешелүү байлыкка кантип ээ болушту? Ал эми биздин кыргыздар Өзбекстанда Батыров сыяктуу зор байлыкка ээ боло алышабы? Бийлик өкүлдөрү ошондой бир адамды таап айтып бере албасына "бөркүмдү баса кийип" берем...
Борбор калаабыздагы Көк-Жарда жалгыз өзбек ошол аймактагы кыргыздарга тынчтык бербей, ошол эле учурда улуту кыргыз милиционердин өзүбүздүн кыргыздарды кысымга алышын кандай түшүнсөк болот? Эмне үчүн өз жерибизде кыргыздар кордолот да, башка улуттагылар жалгыз болсо да, өктөм сүйлөп, өз билгенин жасашат? Билип турам, алар "улуттук азчылык, улуттук араздашуу коркунучун" бетине "көшөгө" кылып тартып келет. А эмне үчүн коңшу өлкөлөрдө (бийлик үчүн бир тууган өлкөлөр, а карапайым калк үчүн азыр алар айыгышкан катаал өлкөлөр) улуттук бул эрежелер колдонулбайт? Же буга бир гана кыргыздар милдеттүү болуп саналабы?
Акыркы үч жылдын аралыгында улуттук араздашуулар жергебизде күч алып барат. Ага кыргыздар эмес, ошол "чет элдиктер" себепкер экендигин бийлик элибизден жашырып келет. Бийлик 1990-жылдагы Ош коогалаңынан али жыйынтык чыгарбагандыгы өкүнүчтүү. Жергебиздин түштүк бөлүгүндө өзбек автономиясын берүү маселеси ошол кезде башталганын, "улуттук араздашууга" кыргыздар эмес, "чет элдиктер" катуу даярдык көргөнүн, ал гана эмес, ошол кан төгүлгөн күнгө чейин өзбек улутундагылар балдарын бакчага жибербей калганын, Чаткалга тоют топтоого жардамга барган, арендага жер алып картошка баккан өзбектер бир түндүн ичинде "жылан сыйпагандай" жок болуп кеткенин ким төгүнгө чыгарат? Ошол кезде Өзгөндө "эки жыл даярдык көрүп, кыргыздын 500 атчанына эки саат туруштук бере албагандыгы" тууралуу өзбек чалдын өкүнүчүн айткан адамдар азыр неге эч нерсе билбегендей момпоюшат?
Кечээ жакында эле Ысык-Ата районунда "Искра" айылындагы дунган-кыргыз чатагы эмнеден чыкты? Кыргыздардын ыркы жогун, улуттук ар-намысты унутканын, патриоттук сезимдин жакырчылыгында калганын кылымдар бою аралаш жашап, жакшы билген дунгандар кыргыздарды кыйсыпыр түшүргөндө, бийлик кимдин таламын талашты? Кыргызстан кыргыздардын мекениби, же дунгандардын мекениби? Күчтүү улуттук мамлекеттер эң алгач өз элинин гана укугун коргойт эмеспи? Биздин Кыргыз Республикасында да эң биринчи кыргыз элинин түпкү кызыкчылыгы корголууга тийиш. Ага башка чет элдиктер макул болбосо, өздөрүнүн ата-бабасынын жери - Мекенине кете берсин. Өзбектер - Өзбекстанга, уйгур-дунгандар - Кашкарга, орустар - Орусияга, аларга биз эмес, өзүнүн Ата-Мекени камкордук көрсүн. Эгерде кыргыз жергесинде жашагысы келсе, элибиздин талабын аткарып, тилибизди үйрөнсүн. Кыргыз журтчулугуна каршы баш көтөрбөсүн.
Тилекке каршы, бул талаптарды мыйзам менен бекитип, анын ишке ашышын камсыз кылаар бийлик өкүлдөрү кыргыз элине каршы иш жүргүзүп, теңирден тескери кеткенине өзүбүз күбө болуп жатпайбызбы?! Москва районундагы Петровкадагы 4 жашар кызды зордуктаган зөөкүрдүн кылмыш ишин козгоонун ордуна, ошол айылдагы кыргыздарга каршы атайын багыттагы аскер күчтөрүн (спецназ) колдонушу бийликтин сокурлугубу же зомбулугубу, учур өзү аныктаар... Бирок, айылдын элине бийлик өкүлдөрүнүн "күрттөрдүн байлыгына" көрө албастык катары баалашы - алардын чыныгы маңкурт гана болбостон, элибиздин эртеңки келечегин ойлобогон чыныгы чыккынчы экендигин аныктап жаткан жокпу? Ушул сөздү айткан Жаңыл Түмөнбаева кыргызбы же "киргизби", эл өзү аныктаар. Бирок, буга окшогондорду кыргыз деп айтуунун өзү күнөө десек ашыра чапкандык болбос... Ошол эле учурда Данияр Үсөновдун бул ишти териштирүүдө "акылмандуулукту" көргөзүп, "улуттар арасындагы чырды..." ырбатпаганга үндөшү, "көйгөйлүү маселелерди жергиликтүү бийлик өз учурунда чечпегендиги" үчүн айыптоосу калыстыкпы?
Президенттин администрациясынын башчысынын "оорукананын бүт бардыгын карап чыктык. Бир да жарадар жок" - деп окуяга катышып, чындыкты билген элге кайрылышы Данияр Үсөновдун "учурган беш өрдөгүбү", айтор, күрттөр аткан ок ал "өрдөккө" эмес, бейкүнөө кыргыз Төрөбек Исагуловго тийип калганына эми эмне дээр экен?
Петровкада кылмышкер пистолет менен кармалса, андан ок атылган эмес - деп президенттин администрациясынын башчысынын жан талашканына жол болсун! Болбосо, курал алып жүргөнгө ага ким уруксат бергенин билип, ошол үчүн күрттөрдүн актоочусу болуп отурабы? Же бул тапанча бийлик тарабынан берилгенби? Демек, бул күмөн ойду жараткан же күмөн ойду элге тараткан эркин ММК эмес, Данияр Үсөнов экенин, болгондо да президенттик постко ат салышаар алдында терс пикирди жаратып жатканын президент К.Бакиевге "шыбырап" коер ишенимдүү адамы жок экендиги ушундан көрүнгөн жокпу?
Дагы бир опурталдуу ой келет. Мүмкүн ушул кылмыш кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын көздөп жасалып жатпасын? Мунун артында саясий тапшырмалар бар болуп жүрбөсүн? Эгерде Аликбек Жекшенкулов оппозиция менен Таласка барбаса, ага "бир түрктү өлтүргөнү" үчүн айыптоо коюлмак эмес, аны тергөө өз учурунда далилдей алган жок. Ал эми балластикалык жактан али текшерүүдөн өтпөгөн, Петровкадагы "тапанчадан ок атылбаганын" президенттин администрациясынын башчысынын билишинде кандай сыр бар болду экен? Мүмкүн, бул тапанча эртең Эркин Булекбаевге таандык кылынып, "ага кылмыш ишин козгоого" даярдалып жүрбөсүн?
Күрттөр кыргыздарга мылтык көтөрүп, ок чыгарды. Бирок, аларга бул боюнча кылмыш иши өз учурунда козголгон жок. Наристени зордуктаган зөөкүрдү бийлик өзү актоого умтулду. Эгерде күрттөрдүн ордуна кыргыздар болсо, эмгиче ИИМдин, УККнын тергөөчүлөрү алардын "энесин Үч-Коргондон" көргөзүшүп, "ооздорун Ошту каратмак". Бул окуяга өз пикирин билдирген бир таанышым айткандай, али ачылбай келе жаткан, адам колдуу болгон инсандардын - ишине байланыштырып, эмгиче кылмыш ишин козгомок.
Бул жерде улуттук чыр-чатакты оппозиция курчуткандыгы тууралуу мамлекеттик ММК доолбасты дүңгүрөтүп кагып отурушат. Тилекке каршы, окуяга назар буралык. Зордукталган 4 жашар кыз - орус, алардын таламын Петровкада жашаган күрттөрдөн башка улуттар менен кыргыздар бирдикте талашып отурат. Ал эми бийлик ондогон улуттардын кызыкчылыгынан бир күрттөрдүн кызыкчылыгын көздөө менен улуттар аралык чыр-чатакты өздөрү курчутуп жатканын ойлонушту бекен?!
Бийлик төбөлдөрү кандай актанышса да, аларда улуттук ар-намыс жоктугуна, улуттук патриоттук сезимдери сенек болуп катып калганына ишенишет. Бийликтин өз элине каршы иш жүргүзөөрүнө кыргыз эли жогорудагы бири-бирин толуктаган үч окуядан кийин өздөрү эле жыйынтык чыгарып алышкан. Деги эле, кыргызда кайсы жетекчи кыргыз элинин мээнеткечтигин, эмгекчилдигин, ак көңүлдүгүн, ишенчээктигин, баеолугун, көңүлүндө кир сактабагандыгын даңазалаган?! Тетирисинче, кыргыздарды жалкоо, макоо калк катары жээрип, уйгур менен дунгандарды, кытай менен өзбектерди иштерман эл катары мактап келишкенин жалган деп кимиңер айта аласыңар? Ошол эле учурда эгин жана тоют талааларында, пахта менен кызылчада жарыбаган эмгек акы алып кыргыздар иштегенин, ал эми "мээнеткеч" башка элдер "кыргыз" жетекчилеринин жардамы менен колхоз-совхоздордун өстүргөн жашылча-жемиштерине тең шерик болуп, "мамлекеттин мүлкүнө" кол салып жешкенин кантип танышат болду экен?
Менимче, азыркы күндө Кыргызстанда жер-суунун, мекеме-ишканалардын, өлкөдөгү бүтүндөй байлыктардын чыныгы ээси жалаң кыргыздар болушу зарыл. Мейли, чет элден көчүп келгендер кылымдар бою элибиз менен эриш-аркак жашашса да, алардын ортосунда укуктук жактан болобу, улуттук жактан болобу, белгилүү бир чек болууга тийиш. Алар кыргыздар сыяктуу жер-сууга ээлик кылуусуна тыюу салынган мыйзам иштөөсү маанилүү. Мейли, алар жерди арендага алып иштетишсин, бирок азыркыдай 49 же 99 жылга эмес, 2-3 жылда аренда келишимин жаңыртып турсун. Ошондо гана башка "чет элдиктер" кыргыз элин басмырлабай, биздин өлкөнүн мыйзамына баш ийүүгө мажбур болушат. Ошондо гана өлкөдө улуттук араздашууга жана атаандашууга чек коюлат. Эң негизгиси, мамлекетибизде жергиликтүү калктын - кыргыздардын үстөмдүгү орнобосо, Ош коогалаңы да, "Искра" менен Петровкадагы окуялар да кайталана берери шексиз. Мындай кырдаалда "акчалуу чет элдиктер" биздин мамлекеттик чиновниктерди сатып алып, улуттук араздашууну күчөтүшөт. Демек, ушуга шарт түзгөн чиновникти да, аны пайдаланган "чет элдикти" да "нон-грант" кылып өлкөдөн чыгарып жиберүү мыйзамын киргизүү керек. Кыргыз Республикасы эң алгач кыргыз элинин коопсуздугун камсыз кылып, кыргыз элинин укугун коргогон улуттук мамлекет болушу зарыл... (Уландысы бар)
Эртабылды Аттокуров









??.??