presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз Республикасынын Президенти Бакиев Курманбек Салиевичке,
Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Турсунбек Акунга
Кайрылуу
Биздин Сиздерге кайрылуубуздун себеби, Петровка айылындагы болгон окуяны ырбатпай тез аранын ичинде ийри олтуруп, түз сүйлөшүү жолу менен чечкендин ордуна, күч органдары бир тараптуу кыргыз балдарын айыптап жатканы жана күч колдонуп, камап, коркутуусу себеп болду. Коомдук ишмер, райкеңештин депутаты Сапар Аргымбаевге жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты, "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаевге "массалык чаң-тополоң уюштурган, элди улут арасында арыздашууга чакырган"- деген жалган күнөө коюп, Кылмыш Кодексинин 233- жана 299 беренеси менен камакка алынышы- күч органдарынын түркөйлүгү деп ойлойбуз. Тарыхка кылчайып көрсөк, улут аралык маселелер калыс кишилердин ортомчулугу менен бир гана сүйлөшүү жолу аркылуу чечилип келген. "Жоо кеткен соң, кылычыңды бокко чап" болбой, кеч болуп кете электе "күнөөлүүнү" издөө менен убакыт өткөрбөй, бул иштин жыйынтыгына көңүл бурсаңыздар. Сүйлөшүү менен чечилбеген маселе коркутуу, камакка алуу жолу менен эч убакта чечилбейт. Бул окуяга тиешеси жок эки лидердин камакка алынышы, отко керосин чачканга тете иш болду. Сапар Аргымбаев окуя башталгандан бүткөнгө чейин "үйлөрдү талкалагыла же күрт улутундагыларды ургула!"- деген ураан чакырык жасаган эмес. Ага ошол жерде чогулган 500гө жакын киши жана РИБнүн кызматкерлери күбө. Аргымбаевге андай күнөөнү коюш үчүн жапа чеккендердин арызы же болбосо ошол окуяны баштан аяк тасмага тартып жүргөн милициянын кызматкеринин далилдүү фактылары керек болчу. Андай далилдер жок. Демек, бул жерде Сапар Аргымбаев менен Эркин Булекбаевдин мурдагы саясий көз караштары үчүн күч органдарынын "бөйрөктөн шыйрак" чыгарган акылсыздыктары. Бейкүнөө ок жеп, балдары, туугандары камалган элдердин бөөдө сайсөөгүн сыздатып сасык саясатыңарды ойнобогула.
Чаң-тополоң бүтүп, эл тынчыгандан кийин райкеңештин шашылыш жыйынын өткөрүп, ошол чаң-тополоңго алдын-ала чара көрбөй койгон райондун акимин, прокурорун, райондук милициянын начальнигин жумуштан алууну Сапар Аргымбаев талап кылаарын айткан. Мезгил көрсөткөндөй, алардын бардыгы бүгүнкү күнү кызмат орундарынан алынды. Буга, Курманбек Салиевич, өзүңүз жерине барып окуяны көрбөсөңүз да, кырдаалды толугу менен түшүнгөнүңүз себеп боло алды.
Сапар Аргымбаевди "эл алдына чыгып сүйлөдү"- деп эле камай беришеби?
Бул окуяны дыкат карап, адилеттүү чечиш үчүн биринчиден, Сапар Аргымбаев менен Эркин Булекбаевди тез аранын ичинде УККнын абагынан бошотулушун талап кылабыз.
Экинчиден, тез арада бийлик өкүлдөрүнөн, Петровканын тургундарынан, күрт диаспорасынан жана коомдук ишмерлерден турган комиссия түзүп, мындан ары түзүлгөн кырдаалдан кандайча чыгуунун жолдорун издеш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл.

Урматтуу Президент!
Урматтуу Акыйкатчы!
Биз кырдаалдан чыгуунун бирден бир гана жолу ушул экенин баса белгилейбиз. Бизге жеткен маалыматтар боюнча кырдаал оорлоп баратат. Эртең кокус окуя башка өңүттө кетсе, биз өзүбүздөн жоопкерчиликти алып салабыз.
Силерди терең урматтоо менен -
1. Петровка айылынын тургундары;
2. "Болуш" ассоциациясынын мүчөлөрү;
3. "Жашылдар" партиясынын мүчөлөрү;
4. Аргымбаевдин туугандары;
5. Булекбаевдин туугандары.




Чындыкты чыркыратып...
Петровка тополоңу азыркы күнгө чейин тынчый элек. Мунун себеби эмнеде? Анткени, күнөөлүүлөрдү жазалап, элдин талаптарын мыйзамдын негизинде карап, чындыкты карайлатпай бийлик өкүлдөрү так чечип берсе чуу "Чубактын кунундай" чубабайт эле. Ошол тополоңду "уюштурду" деп шекшинген адамдарды 48 сааттан камакка алып, кенедей да күнөө таба алышпай, кайра кой беришти. Бул саам күч органдарынын "күнөөнү элдин өзүнө оодара коебуз"- деген ойлору ойрон болду окшойт.
Уран Рыскулов,
укук коргоочу:

"Мыйзамдарыбыз кир жууган машиненин инструкциясынан да төмөн иштеп жатат"
- 26-апрелде чыр-чатак басылгандан кийин облустун губернатору келип, жыйналыш өткөрдү. Ал жыйналышта биз губернатор Болоткан Кумаровго "ушул чаң-тополоңго жол берип, кайдыгер мамиле кылган жергиликтүү бийликтин бардыгы жоопко тартылышы керек"- деп айттык. Ошол жерден губернатор акимдин көзүнчө атайын коомдук комиссия түздү да "Элди тараткыла, комиссиянын мүчөлөрү менен клубка барып өзүбүзчө сүйлөшөлү"- деди. Анан биз элди таратканга жардам берип, эл таркагандан кийин 100гө жакын киши клубдун жанына барсак аким туруптур, айыл өкмөтү да бар экен. Бир маалда эле Бишкектен спецназ келди да, чогулган элди автобуска салып, борборго алып жөнөштү. Бишкекке 87 киши келиптирбиз. Анын ону бойго жете элек жаш балдар. Бир камерага 36 кишиден камап салышты. Баарынан таң калыштуусу, коркунучтуу кылмышкерлерди кармап келишкенсип, ар биринин манжаларынын тагын алып, сүрөткө тартып, өзүнчө эле машакаттанып жатышты. Бир күн жаткандан кийин сот башталды. Атайын Москва районунун соту келиптир. Сот процессин аягына жеткирбей эле мени УККга алып кетишти. Ал жакка алып барып, биринчи күбө катары сурады да, анан эле күнөөкөр катары протокол көтөрүп келип жатпайбы. Ишти тергеп жаткан тергөөчүнүн фамилиясы башка, протоколдогу фамилия таптакыр башка болуп чыкты. Менин жактоочум "Бул эмнеңер?"- деп сурап калса тергөөчү "жөн эле кол кое бербейсиңерби, баары эбак чечилген"- дейт. Демек, биздин азыркы жашап жаткан Конституциябыз, мыйзамдарыбыз кир жууган машиненин инструкциясынан да төмөн иштеп калыптыр. Анткени, кир жууган машиненин инструкциясын так аткарбасаң иштебей коет.
Мени Кылмыш Кодексинин 233- жана 299- беренеси менен айыпташты. Биринчиси, "массалык башаламандыкты уюштурган", экинчиси, "улут аралык араздашууну уюштурган"- дейт. "Силер менин уюштуруп жүргөнүмдү камерага тартып алдыңар беле же күрттөрдүн жазган арызы барбы? Кандай далилиңер бар?"- десем, эч кимиси суроомо жооп бере алышпайт.
Мыйзам боюнча мени 48 саат кармагандан кийин сотко алып барып чечим чыгарыш керек эле. Анын ордуна түнкү саат он бирде "аймактан алыс чыкпайм"- деген кепилдик катка кол койдуруп алышып, "черный ход" менен эшике чыгарып коюшту. Ошентип, бийлик өкүлдөрү отко майды өздөрү чачып алышып, бет тырмачылык кылып күнөөнү Аргымбаевге, Булекбаевге, мага оодаргылары бар. От менен ойногон оңбойт. "Эсиң барда этегиңди жый"- деп кыргыздар бекер айткан эмес. Бийлик мындай оюндарын азыр токтотпосо, эртең кеч болуп калат.


Турат Мадылбеков,
"Ата-Мекен" партиясынын Чүй
облусу боюнча координатору:
"ИИМдин орун басары Сабырбек Курманалиевди сотко берем"
- 27-апрелде Петровка айылына түштөн кийин, саат төрткө жакын баргам. Анткени, биздин партиянын Москва району боюнча координатору "Партиялаш балдар Бишкекте убактылуу кармалуучу жайда камакта экен"- деп телефон чалып калды. Аны уккан соң үйдө олтура алган жокмун. Мен барганда топтошкон эл жолго чыгып кетиптир. Элге туура түшүндүрүп, жолдон четтеткенге милиционерлерге жардам бердим. Начальник милицияга "жүргүлө Ошко кеткен жолду ачалы"- десем. Алар "машине жок"- деп коюшту. Башка машине таап алып барсам, Эркин Булекбаев сүйлөп жатыптыр. Ага жетейин деп калганымда 3-4 милиция колу-бутумдан алып автобуска салышты. Мен түшүнбөй калып, алардан эмнеге алып келгендерин сурасам, бок ооздонуп ар кандай сөздөрдү сүйлөштү.
Өзүм полковник милиция болуп туруп, Сабырбек Курманалиевдин канатына калкалаган сержанттардан сөгүш уктум. Андай тартипсиздикке чара көрүүнүн ордуна, Курманалиев кайра аларды элге айдактап жатат. Автобуста олтурсам, мени тааныган милиционерлер "Турат Мадылбекович, сизди эмнеге кармаганын билбейбиз. Бирок, Курманалиев "Мадылбековду кармагыла"- деп тапшырма берди"- дешти.
Чындыгында Курманалиевдин мени карматканга эч кандай аргументи жок болчу. Көрсө, 26-апрель күнү да Петровкада болгом. Ошондо эле опер балдарга тапшырма бериптир. Аны тастыктаганга менде көп күбөлөр бар. Кылмышкер катары колу-бутумду кайрып, кармап кеткенден кийин мага административдик же уголовный жактан иш козгоп, күнөө коюш керек эле да. Алар анте алышкан жок. Демек, Курманалиевдер тараптан мыйзам бузуулар болду. Алар кетирген кемчиликтери үчүн жооп беришсин. Офицер- генерал катары полковниктен кечирим сурасын. Мени сөккөн кара торусунан келген милиция жигитти өңүнөн таанып калдым. Жакында табам, эгер кечирим сурабаса аны да сотко берем.
УККда 48 саат камакта болдум. Эч кандай күнөө кое алышкан жок. Бирок, УТРКдан "Петровка айылындагы тополоңду Турат Мадылбеков менен Эркин Булекбаев уюштурду"- деген жалган жалааны бүтүндөй Кыргызстанга маалымдашты. Ошондуктан, УТРКны да сотко берем. Алар мени эл-журтка кылмышкер катары көрсөтүштү. Былтыр Жаныш Бакиевдин баласынын абийирине шек келтирдиңер"- деп "Де-факто" менен "Алиби" гезиттерине миллион сомдон моюндарына салып, бийлик жаптырып салган. Биздин абийирибиз Бакиевдердикинен эмнеге төмөн болушу керек? Мен да УТРКны жалган маалымат тараткандары үчүн жаптырам. Эгер 2-3 күндүн ичинде күнөөлүү адамдар кечирим сурашпаса, бардыгын сотко берем.
Бетти даярдаган
Гүлниза Молдокулова










??.??