presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Майрамдуу" Май!
Алгы сөз
Ушинтип темабызды да илеп белгиси менен баштап алдык. Анткени, айта турган сөзүбүз "тузу жок тамактай" же мөөрү жок справкадай болуп кала тургандай.
Календарды ачып карасак кыпкызыл барактардан баш айланчудай.
1-май - Эмгек майрамы;
3-май - Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнү;
5-май - Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;
7-май - Радио күнү;
8-май - Бүткүл дүйнөлүк Кызыл Крест жана Кызыл жарым ай күнү
9-май - Жеңиш майрамы.
Кээде айрымдардан "ырыстуу чочконун мурдунан бок кетпейт" дегенди уга калчу элем. Анда, кыргыздар ырасынан эле "ырыстуу чочкого" айланып баратсак керек. Майрам артынан майрам... Кыргызстан жалаң эле "даңкылдак" менен "дүңкүлдөктүн" өлкөсүнө айланып бараткандай. Антейин десең, календарда бүгүн 5-май болуп калгандыгына карабай, 1-майың деле, 3-майың андан бешбетер тунжурап, көп күндөрдүн бириндей эле өттү-кетти.
Отуруп-отуруп өзүмдүн балалык курагымды, андагы майрамдарды эстедим. Ал кезде биз, ыйманыма камчы чаппасам, 1-май, 7-ноябрь, Жаңы жыл деген майрамдарды Кудай таала берген улуу ырыскыдай тосуп алып, СССР деген улуу державанын Чыгышы менен Батышы, Түштүгү менен Түндүгү шаң-салтанатка бөлөнүп, "мен ушундай зор өлкөнүн жаранымын" - деген сыймык оту ар бир кыргыздын, орустун, казактын, жадагалса бир ууч чукчанын көкүрөгүндө жалбырттап, алоолоп күйүп тураар эле.
Эмне себептен бүгүн ошол жышаананын бири жок? Ушул суроонун үстүндө ой жүгүртүп көргөн бирөө-жарым барбы? Үстүбүздөн ныгыра баскан оор турмуш, адилдиктен тайган бийлик үстөмдүгү миллиондогон элдин көкүрөгүндөгү жакшылыкка, салтанатка, кубанычка болгон умтулууларды да өрт өчүргөндөй өчүрүп салдыбы?
Ушул өңүттөн туруп календардын башындагы эле үч майрамга саресеп салып көрүүнү туура көрдүм.

1-май -
Эмгек майрамы
Мындан элүү жыл мурда табийгатыңдын өзү таптакыр башкача окшойт. Март айында эле Жер - Энебиз кадимкидей көлкүлдөп көөп чыгып, бак-дарак бүчүр жарып, айлана-тегерек көгөрүп келген мезгил болор эле. Жазгы кош айдоо башталып, чабалекей, чыйырчыктар таандарга аралашып кара буусу булоолонгон коңтормодо учуп-конуп...
Анан кызыл-ала болуп 1-май келип... Биздин совхоздун беш айылынын (Арал, Чеч-Дөбө, Кайыңды, Нылды, Сары-Булак) адамдары бир жерге чогулушуп, улуттук оюндарды ушунчалык бир ынтаа коюп, ынтызарлык менен өткөрүшкөнүн, биздей бозбаштар үчүн печенье жеп, лимонад ичүү түгөнбөс ырахат сезилгенин бүгүнкү балдарга жеткирүү мүмкүн эмес болсо керек.
Печенье менен лимонад бүгүнкү бозбаштарга түккө турбасын жакшы түшүнөм, бирок алтымышынчы жылдардагы тоо арасындагы биздин муун үчүн алар бейиштин даамындай сезилээри али да таңдайымда.
Ал кезде 1-май Бүткүл дүйнөлүк эмгекчилердин тилектештигинин эл аралык күнү деп майрамдалчу. Түркүн түстүү шарларды көккө учуруп, жүрөгүбүздөн америкалык, африкалык бир боордошторубузга ийгилик, жакшылык тилечи элек. Бир адам жумушсуз калат деген жомок катары сезилген мезгил эле анда.
Бүгүн 1-майды Эмгек майрамы деп атап алдык. Баягы эле кыргыздар айткандай "Кийерге ыштаны жок, уулунун аты ханзада" болуп отурабыз.
Конституциябыз бар, анда Кыргызстандын ар бир жараны эмгектенүүгө акылуу экендиги жазылган. "Эмгек кодекси" деген мыйзам нормаларынын топтому бар.
Социалдык жактан коргоо жана эмгек министрлиги аталган министрлигибиз да бар.
Эмгек жөнүндө толгон-токой мыйзамдарыбыз, указдарыбыз, токтомдорубуз, жоболорубуз, инструкцияларыбыз бар.
Санап отурсак бизде эмгекке керектүү бардык нерсе эле бардай. Аралаша келсең мамлекет тарабынан уюштурулган, камсыздандырылган эмгектин өзү гана жок. Жүз миңдеген пайдасыз, керексиз чиновниктерибиз бар, бирок карапайым калк үчүн иштин өзү жок. Эгер жеке ишкерлер болбосо мамлекет, аны "башкарган" бийлик өкүлдөрү эмне иш менен алектенерине алигиче баш жетпейт.
Мамлекетибизде иш жок болгондуктан бир миллиондон ашык жердештерибиз дүйнө жүзүнө тарап кетти. Манастагы:
"Бири кетти Урумга,
Бири кетти Кырымга.
Бири кетти Эренге,
Бири кетти тереңге" бүгүн башыбызга келди.
Абалыбыз ушундай. "Кыргызстан" деп аталган, жоголуу алдында турган мамлекетибиз бар. Аны "башкарган" Президент, Жогорку Кеңеш, Премьер-министр, министр дегендерибиз бар. Бирок, иш, аны уюштурган бийлик жок. Анан дагы улутубуздун эң негизги шору - качкан-бозгон каратамн элди кайрып келип, башына туруп берчү азыркынын Манасы жок. Ошон үчүн бизде элибиз өнтөлөп белгилечү эмгек майрамыбыздын аты бар, өзү жок.

3-май -
Басма сөз эркиндигинин
бүткүл дүйнөлүк күнү
Адабиятта "пародия" деген жанр бар. Ал мурда айтылган бир ойду мыскылдоо иретинде айтылган экинчи бир ой-пикирди билдирет.
"Басма сөз эркиндиги" деген сөз бүгүнкү күндө Кыргызстанда пародияга айлангандыгын танууга мүмкүн болбой калды.
Өкмөт акырынан "жем" жеген басылмалар бир сөз айтсаң эле "Өзбекстан", "Түркменстан" деп айгай салып чыгары турган иш. Бирок, биз демократиялык көөнө байлыктарынын тарыхы миңдеген жылдардын тереңине кеткен кыргыз улуту экенибизди унутууга жана ал тарыхка кол шилтеп коюуга акыбыз жок. Ошондо гана биз өнүп-өсүү табияты кечээ гана башталган элдердин, мамлекеттердин жашоо, өмүр сүрүү тажрыйбаларына кайрылып, үлгү алууга болор, болбостугу тууралуу ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүнө эгедер болобуз. Эмнесин алып, эмнесин кабылдабай коюу аракетибизге баа берүү дараметине жетишебиз. Өзүңө-өзүң сын көз менен кароонун артыкчылыгын ошондо гана сезүүгө болот.
Басма сөз эркиндиги деп канча бакылдабайлы анын оозу эчак эле кемечтелип, башына жүгөн катылып, тилине кыпчуур салынып калгандыгы баарыбызга айгине. Буга мисалды алыстан издөөнүн деле кажети жок. 2008-жылдын ичиндеги эле "Алиби", "Де-факто" гезиттеринин, "Азаттык", "Би-Би-Си" үналгыларынын жабылышы, Б.Жээнбеков менен Ч.Орозбекованын үстүнөн козголгон кылмыш иштери, аларды камакка алуу аракеттери, ондогон журналисттерди атып, сабап кетүү фактылары эмне, бапеске алынган басма сөз эркиндигин даңазалоону билдиреби?
Учурда мамлекеттик машина толугу менен, анын ичинде сот, прокуратура, милиция органдары эркин басма сөзгө каршы иштеп жаткандыгы айныгыс чындык. Башкасын билбейм, бүгүнкү күндө бийликтин номер биринчи душманына айланган "Ачык саясатты" жер-жерлерге жеткирбей, орто жолдон дүңүнөн сатып алышып, айрыкча элеттиктерди маалымат "азыгынан" куржалак калтыруу аркети күч алууда. "Ачык саясатты" активдүү таркатуучулар гана эмес, издеп окугандар да бийликтин "кара тизмесине" илинген фактылар кездешүүдө.
Жакында Бишкектин административдик жана экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун судьясы Э.Байтикова "Учур" гезитин 3(үч) миллион доого жыгып берди. Доогердин үч миллион, беш миллион деген бет тырмалык доосуна деле макул деп коелу. Себеби - ал доочу. Бирок, ишти таразалап, укуктук баа берүүчү судьяга эмне болду? Өткөн жылы "Алиби" менен "Де-фактого" салынган айыппул эми бир миллиондон үч миллионго көтөрүлдүбү? "Өлбө жаным, өлбөлөп" эптеп чыгып жаткан "Учур" гезити 3 миллион эмес, 30 миң сом айыпты да өз учурунда төлөп берүүгө чамасы чарктуу экенин ошол эле доочулар, ошол эле судья Э.Байтиковалар билбейт дейсиңерби? Эң сонун билишет. Алардын максаты акча өндүрүү эмес, башка гезиттерге да бийликтин өмгөгүн, күчүн көрсөтүү, "ээй, журналисттер! Басма сөз эркиндиги деген - мына биз" деген тымызын эскертип, стол астынан муштумун көрсөтүү деген эле нерсе, б.а. "кысар жериңди кыс" деген эле сөз.
Ушундан уламбы, 3-майды майрам катары даңазалап, ачылып-чачылып майрамдаган кесиптештеримди деле көрбөдүм. Мүмкүн, бийликтин "бакма журналисттери" шарактата шампан атып, сатирик-акын досум Жолоочу Рысбаев айткандай:
Шампанский барында,
Шарактайбыз Нарында
болуп, бүгүнкү кожоюндарына агылып-төгүлүп болгон ырахматын айтышкан чыгаар. Бирок, аларды "эркин, көз карандысыз журналисттер" деп ким айтсын? Демек, алар "басма сөз эркиндигинин" күнүн эмес "бакма сөз базарынын" күнүн белгилөөгө тийиш.
Чыныгы басма сөз эркиндигинин күнүн чыныгы майрамга айландырып, эркин журналисттер элирип шампан көтөрчү күн да алыс эместир.
(Уландысы 5-бетте)










??.??