presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Манастын урпактары" ойгонду
2-май күнү Таластын айтылуу токоюна 150дөн ашуун намыстуу жаштары чогулуп, "Манастын урпактары" аттуу кыймылды түзүү боюнча чечим кабыл алынды. Кыймылдын негизги максаты - Талас өрөөнүндөгү экономикалык, экологиялык, социалдык көйгөйлөрдү көтөрүү менен гана чектелбестен, аларды элдин пайдасына чечип берүүгө да көмөк көрсөтүү. Коомдук иш-чараларды жүргүзүүдө жана өткөрүүдө кыймыл биринчи иретте Талас өрөөнүнүн жана жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгын биринчи орунга коет. Ошого байланыштуу, кыймылдын алгачкы жыйынында 23-июлда болуучу президенттик шайлоого ат салышуучу азаматтар жөнүндө да пикир алмашуулар болду.
"Манастын урпактары" кыймылынын жетекчилигине "Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков (тел. 0777-10-14-41), Талас району боюнча координаторлукка Рыскелди Ботиков (тел. 0772-31-38-15), Талас шаары боюнча Мүзүратбек Жуманов (тел. 0777-76-57-43), Бакайата району боюнча Токтобай Бечелов (тел. 0777-34-20-78), Кара-Буура району боюнча Медетбек Жунусалиев (тел. 0777-17-03-25), Манас району боюнча Мыктыбек Токсоналиев (тел. 0772-49-01-42) шайланышты.
Өз катарына Талас өрөөнүнүн он миңдеген атуулдарын бириктирүүчү бул уюм келечекте өз иш-аракеттерин бүтүндөй Кыргызстанга жайылтууну көздөөдө.
Патриоттук демилгеге үн кошуучулар райондук координаторлор менен байланышкыла.




"Акжолчулар"
"улуу урматтуусун" көрсөтүштү
Ошентип, эмгекчилердин эл аралык күнү эсептелген 1-май күнү "улуу урматтуу президентибиз" дагы бир мөөнөткө ажолук кызматта калууга өтө эле ынтызар экендигин расмий түрдө жарыя кылды. Жаралбай жатып, "Кол бала", "Балык парламент" ж.б көптөгөн кошумча аттарга ээ болгон президенттик "Ак жол" партиясы өзгөчө зор салтанат менен "улуу урматтуусун" ажолук ат салышка алып чыкты.
"Акжолчулардын" кезектеги бул сьезди Улуттук филармониябыздын чоң залында өтүп, ага жергиликтүү бийлик бутактарынан баштап, Өкмөт башчысына чейинки бардык чиновниктер бири калбай катышты. Бул көрүнүш "Ак жол" сөз жүзүндө гана элдик партия экендигин, иш жүзүндө өңчөй чиновниктердин, калың капчыктуулардын партиясы экенидигин дагы бир жолу далилдеп койду.
Ошентип, "Ак жол" партиясынын атынан К. Бакиев ажолукка ат салышчу талапкерлердин сегизинчиси болуп БШКга арыз жолдоду.Буга чейинки президенттик амбициясын ачык айтышкан талапкерлердин ичинен Исмаил Исаков, Жеңишбек Назаралиев, Мурат Боромбаев, Акбаралы Айтикеев, Нурлан Мотуевдер өзүн-өзү көрсөтүшсө, Дыйкандар жана фермерлер партиясынын атынан Куттубек Асылбеков Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жолдогон.




"Жаңы Кыргызстан" экиге бөлүнөбү?
Акыркы мезгилдерде Курманбек үкасына болгон таарынычын ачык айта албай же оппозицияга биротоло өтө албай эки анжы болуп жүргөн Үсөн Сыдыков баштаган "Жаңы Кыргызстан" партиясы 3-май күнү Ош шаарында өткөн аймактык курултайында Бакиевдин талапкерлигин колдоорун жар салды.
Курултайдын мындай чечимине нааразы болушкан партиянын алайлык өкүлдөрү залдан чыгып кетишкен. "Жаңы Кыргызстан" партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков партиянын мындай чечимин "Жаңы Кыргызстан" партиясынын башка мүчөлөрүнүн укук-талаптарын тебелөө менен барабар. Анткени, партия төрагасынын жүргүзүп жаткан саясаты анын программасына теңирден тескери келет"-деп баалады. Исмаил мырза ачык эле экиге бөлүнүп калган "Жаңы Кыргызстан" партиясынын баш катчылыгынан кетер-кетпесин 12-май күнү партиянын Бишкектеги жалпы курултайында жар салаарын кошумчалап өткөн.




Темир Сариев президенттикке аттанат
Кечээ, 4-май күнү Кыргызстандагы кадыр-барктуу, белдүү партиялардын бири "Ак Шумкар" партиясы "Достук" мейманканасында партиялык курултайын өткөрүп, лидери Темир Сариевди президенттикке көрсөтүштү.
Ошентип, Бириккен элдик кыймылга мүчө болгон партиялардын арасынан президенттикке бара турган үчүнчү талапкердин аты-жөнү дайын болду.
Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышына депутат болгон Темир Сариевдин кыргыз саясатындагы саясий салмагы, калк арасындагы кадыр-баркы жогору экендигин эске алсак, жай айында өтүүчү президенттик шайлоо чын эле "аптаптуу" болоору эмитен эле билинүүдө.
Кыргыз оппозициясынын алдыңкы сабында жүргөн Темир Сариев "мамлекеттин келечеги, элдин жакшы жашоосу үчүн улуу күрөш, чоң жүрүштөр мына ошол шайлоодон кийин башталаарын, Кыргызстандын келечеги үчүн бирдиктүү күрөш шайлоого талапкерлерди көрсөтүү менен эле бүтүп калбасын, белгилеп өткөн.




Петровкалыктар
мөөнөтсүз митингге чыгышат
Өткөн жуманын орчунду окуяларынын бири-Петровкадагы жаңжалдан улам келип чыккан бийликке болгон элдин нааразычылыгы дагы көпкө уланчудай.
Петровка айылындагы ошол окуяда күч органдары тарабынан камакка алынган адамдарды бошотууну, айылдагы күрд улутундагы 50 үй-бүлөнүн тез арада көчүп кетүүсүн, кылмыш иши козголгон күрд улутундагы Абдулла Осмоновду ачык соттоону ж.б бир катар талаптарын коюшкан айыл тургундары талаптары аткарылбаса, 10-майдан баштап мөөнөтсүз митингге чыгаарын жарыя кылышты.
Акыркы маалыматтар боюнча, Петровка айылындагы беш күрд үй-бүлөсү биротоло көчүп кетсе, дагы он беш үй- бүлө жакынкы аралыкта көчүп кете тургандыктарын айтышкан.
Ал эми Эшимкановдун "кара жащиги" баш болгон өкмөттүк ММКлар "байкуш кыздын трагедиясынан оппозиция упай топтоодо"- сыяктуу теңирден тескери жалган маалыматтарын дагы деле таркатып келет. Дал ошол оппозиция, дал ошол Токтайым Үмөталиева, Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова баш болгон бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болбогондо байкуш кыздын тагдыры кандай уланаарын аларың ойлонуп да көрбөгөндөй.




Коммунисттер Бакиевди колдоду
Шайлоонун шайтан оюндарына байланышкан дагы бир курултайды 2-май күнү "Кыргызстан Коммунисттер" партиясы өткөрдү. 2007-жылдагы парламенттик шайлоолордо ЖоКеден жети мандат алганына кубанып, Бакиевге дагы деле ыраазычылыгын айтып бүтүрө албаган коммунисттерибиз бул жолу да ажосунун чоң керегине жарап, ушул жылдын 23-июлунда өтүүчү президенттик шайлоодо учурдагы президентибиздин талапкерлигин колдоорун билдиришти.
Бирок, партиянын мындай чечими ансыз деле бүгүнкү бийликке кыжыры кайнап турган эл арасындагы коммунисттердин кадыр-баркын биротоло жок кылаарын белгилешкен айрым партиялаштарына партия лидери Исхак Апсаматович "Эгер партия Бакиевдин талапкерлигин колдобосо, коммунисттер кадыр-баркын гана эмес, партиянын өзүн да жоготуп алышы мүмкүн"- деп жооп берген.
Чындыгында, ыраматылык Апсамат Масалиевдин тушунда бул партиянын эл арасындагы кадыр-баркы, атаң-даңкы азыркыга караганда бир топ жогору эле. Ал эми азыркы парламенттеги коммунисттер фракциясы кыргыз элинин кызыкчылыгына туура келбеген бир катар мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышына өз салымдарын кошуу менен эмнегедир Апсамат аксакал карманып келген принципиалдуу позициясына караманча каршы келген кадамдарды жасап келишет.




"ЭрК" лидери элчиликте
Кыргызстандын экс-акыйкатчысы төрагалык кылган "Эркин Кыргызстан" партиясы 3-майга белгиленген партиялык курултайын өткөрбөй тургандыгын жарыя кылды.
Буга чейин президентикке ат салышчу талапкерлердин арасында алгачкылардын болуп аты атала баштаган Турсунбай Бакир уулу ажолук ат салыштан баш тарта тургандыгы ага Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматы элчиленгенден баштап белгилүү болгон.
Бирок, партиянын саясий кеңеши президенттикке талапкер болуп Турсунбай Бакир уулу өзү чыкпаса партиянын башка өкүлүн тандоону талап кылып жатат.

"Ачык саясат" пресс










??.??