presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Ак терек, көк терек, бизден сизге ким керек?"
(Алмаз Атамбаевдин бейнесине сүртүмдөр)
Ошентип, президенттикке ат салыша турган чыныгы талапкерлер да "белин бекем бууп", чоң күрөшкө аттанууга даяр болуп калышты. "Адам өлгөндө молдого жан кирет" деп коюшат экен, анын сыңарындай шайлоо башталып, саясий технологдорго да кимди асмандата мактап, кимди көөлөп жиберсем деп "жан кире" баштады. Бул президенттик шайлоо ачуу болчудай, себеби массалык-маалымат каражаттарын "мандикер" кылып алган бир тарап менен, ММКларды "эме албай" калган экинчи тарап "маалымат согушуна" барчудай. Биз, кыргыздар, кереметтүү өлкөбүз. Кыргыз бийлиги алмашаарда кандайдыр бир "кереметтер" пайда боло баштайт. Татынакай иштеп аткан И.Раззаковдун ордуна "керемет" менен кырк жаштагы кычыраган Т.Усубалиев бийликке келди. Жыйырма беш жылдан кийин Абсамат аксакалды Караколдон түз эле Москвага учуруп, даярдап "десанттары" менен Бишкекке түшүрдү эле, так ошондой сценарий менен Москвадан Акаев учуп келип, Масалиевдин ордун алды.
Акаев келип бийликти алат"- деген үч уктаса кимдин түшүнө кириптир? Акаев кандай Москвадан учуп келсе, ошондой Москвага учуп кетти. Мындан 4-5 жыл мурун Акаевдин бийлигинин учурунда К.Бакиев президент болот дегенге ким ишенмек? Биринчиден, Кудайдын "кереметтүү кудурети" менен, экинчиден Акаевдин бийлигине башынан-аяк каршы чыгып күрөшкөн Алмаз Атамбаев ал бийликке нааразы элди чогултуп, Ак- үйгө алып келбесе, Жалал-Абаддан келген 380 кишинин колунан эмне келет эле?
Кол баштаган кол башчыдай Атамбаев көп миңдеген адамдарды баштап келбедиби. Чындыгында ал мезгилде эң негизги маселе Акаевдин бийлигин кулатуу болгондуктан А.Атамбаев, Р.Отунбаева жана башкалар чоң бийликке жутунушпай, тиешелүү министрлигин тейлеген боюнча калышты. Бирок да, кечээ эле Акаевдин бийлигине акаарат айтышып: "Акаев кетсин, биз эл мененбиз" дегендер бийликти колдоруна алган соң, ошол эле Акаевдин "даңгыр жолуна" түшүп кетишти.
Ошондо жаны ачыган Алмаз мырза Ө.Текебаев менен "Реформа үчүн" кыймылын түзүп, кайрадан бийликти алмаштырууга аттанды. Бул кыймыл Ак үйдөгүлөрдүн жүрөгүн опколжутуп, жаңы Конституцияны кабыл алууга моюн сундуруу менен аяктады. Күүлөнүп турган элди фронт түзүп Феликс Кулов аңга түртүп кетти. Куловдун жетинчи кабатка конок болуп, "коньяк" ичип отурганын билген Алмаз Атамбаев күйгөнүнөн "козелдор" тууралуу сөз козгобосо керек. Атамбаев ошол мезгилде түндүк-түштүк болуп жардын кырында турганда премьер-министр катары элди бириктирүүгө салымын кошту. Эл-журттун революциялык демин басып, Бишкек саммитинин ызы-чуусуз өтүшүнө шарт түзүп берди.
"Ак жол" партиясынын түзүлүшү менен социал-демократтардын лидери өз партиясынын жүзүн сактап кала алды. Болбосо СДПКсы менен "Ак жолго" кирип кетсе, премьер-министрлик орунда "түшпөс хан" болуп, жыргап жүрө бермек. Албетте, премьер-минитсрликтен кетишине көп эле себептер болду деңизчи. Ак үйдө иштеп, душман сыяктуу ууландырылган оппозициянын мурунку лидерлеринин бири Атамбаевдин "Бирөөнүн канаты менен учпай", дайыма калыс сүйлөп, омоктуу маселерди көтөрүп жүргөнү бийликти "трамплин" катары пайдаланып жүргөндөргө жакмак беле? Ошондуктан, бийликке "өз киши, же Куловдой кол бала болгусу келбеген Алмаз Атамбаев "Атка жеңил, тайга чак", айткан сөздөн чыкпаган Игорь Чудиновго өкмөттү өткөрүп, өз убактысын күтүп турду.
Мына, эми ал убак келди. Арийне, массалык-маалымат каражаттары негизинен бийликтин колунда. "Иттин колдогон ээси болсо, бөрүнүн колдогон кудайы бар" дейт. Бийликтегилердин колдогон кожоюну болсо, оппозицияны кудай колдоор. Кыргызга дайыма мезгил-мезгили менен келип турчу "кереметтүү окуялар" болуп кетсе, Атамбаев деле эл колдогон жигиттерибиздин бири. "Бирөө башың үчүн дос, бирөө ашың үчүн дос". Ашы үчүн дос болгондордон бир жолу ууланып көргөн Алмаз мырза эми сактанып калаар. "Кудай да сактанам дегенди сактайм" дептир. Керемет келээр кыргызга!
Азизбек Эсенбаев




О б р а щ е н и е
Президенту Кыргызской Республики
Бакиеву К.С.
Копия: Жогорку Кенешу Кыргызской
Республики
Копия: Омбудсмену Кыргызской
Республики
Копия: Генеральному Прокурору
Кыргызской Республики
от имени очевидцев происшествий от 27.04.09 г. произедших в
с.Петровка Московского района

Уважаемый Курманбек Салиевич!
Уважаемые господа!
Мы, жители села Петровка Московского района, просим Вас разобраться в неправомерности ареста Булекбаева Э. и Аргымбаева С.
Булекбаев Э.К. не имеет отношения к массовым беспорядкам в селе Петровка, которые произошли 26 апреля 2009 года, так как в тот день его там не было. 27 апреля 2009 года его пригласили мы, местные жители, в связи со сложившейся обстановкой в селе, чтобы успокоить собравшихся людей. Его пригласили потому, что Булекбаев Э.К, уроженец Московского района и дважды мы избирали его в депутаты ЖК КР.
27 апреля 2009 года около 16-00 часов Булекбаев Э.К. прибыл на место события и выступил перед народом. Народ попросил у Булекбаева Э.К. освободить задержанных 26 апреля 2009 года местных жителей. Он в своем выступлении от имени народа просил у властей выпустить задержанных 26 апреля 2009 года детей, сестер, братьев, отцов, матерей. Также, призвал собравшийся народ освободить трассу Бишкек-Ош, которую перекрыли еще до его приезда. Убеждал людей действовать в рамках закона и предложил в связи с этим создать комиссию из числа жителей села Петровка Московского района для урегулирования ситуации.
Мы, очевидцы событий, осуждаем действия властей по отношению Булекбаева Э.К. и Аргымбаева С. и считаем предъявленные им обвинения необоснованными и ущемляющими права и свободу граждан Кыргызской Республики.
Правоохранительные органы вместо того, чтобы справедливо и по закону разобраться в массовых беспорядках, которые вызвали справедливые возмущения подавляющего большинства населения села Петровки, пытаются запугать народ репрессированными мерами по существу ставя решения проблемы с ног на голову.
Уважаемый Президент!
Уважаемые господа!
Мы надеемся, что Вы примете экстренные меры, чтобы наказать истинных преступников и их сообщников в лице отдельных представителей милиции и освободить наших земляков Э.К.Булекбаева и С.Аргымбаева, которые невинно были арестованы.
Очевидцы событий 2
6-27 апреля 2009 года,
Подписались 178 человек











??.??