presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Сенин каныңдын группасы - бул
Анимациянын сүйүүчүлөрү өздөрү жакшы көргөн "мультиктеги" каармандары жөнүндө Интернеттен баарын, керек болсо бою, салмагы, туулган күнү, канынын группасына чейин билүүгө болорун жакшы билишет. Мындай тактыкка таңгалып кереги жок - адамдын мүнөзү анын канынын группасына көз каранды деген теория Чыгыштан, тактап айтканда Япониядан тараган. Муну олуттуу кабыл алууга болобу?

Илимий теориядан соңку чекке чейин
Бул теориянын "атасы" доктор Тошитака Номи, 1971-жылы Александр Бешеров менен бирдикте "Сенин каныңдын группасы - Сенсиң" деген эмгегин жарыялаган. Окумуштуулар бул багытта 25 жыл бою иштешкен. Бир гана Японияда эмес башка өлкөлөрдө да окурмандардын жүрөгүн ээлеп, китеп бестселлерге айланган. Заматтын ичинде жөнөкөй окурмандардан тартып салабаттуу бизнесмендердин көңүлүн өзүнө бурган. Японияда ар бир бурчта, супермаркетте, ресторанда кандын группасын аныктоочу аппарат турганы адаттан тыш көрүнүш, бирок бул факт. Жумуш берүүчүлөр доктор Номинин теориясын жетекчиликке алуу менен кызматкерлерди тандашат. Ал тургай канынын группасы ар түрдүү жарандарга айрым бир чечимди кабыл алууда, албетте, түгөй тандоодо жардам берүүчү "АВО" аттуу атайын уюм бар. Бул жөнүндө илим эмне дейт?

Химия, медицина, тарых...
Химиялык көз караштан алганда, кандын группасын (тобу - окурманга түшүнүктүү болсун үчүн кулакка сиңген группа деген сөздү пайдаландык) анын курамында белгилүү типтин, тактап айтканда, "жабыштыруучу" фактор - агглютиногендин бары же жогу айырмалайт. Дал ушул агглютиноген канды төрт группага - О (I), А (II), В (III) и АВ (IV) бөлгөнгө мүмкүнчүлүк берет. Башка курамы боюнча алар окшош. Ошого карабастан, ушул "майда" нерсе, көп нерсени аныктайт. Алда качан эле дүйнөнүн диетологдору пациенттин менюсун аныктоодо дал ушул канынын группасын эске алат. Медицина ар түрдүү группанын ээлеринин ар кимиси белгилүү бир оорууга жакын экендигин аныктаган. А психологдор болсо жүрүм-турумунда жана ой жүгүртүүсүндө айырма бар экендигин далилдейт.
Баарынан кызыгы, тарыхчылардын көз карашы болуп саналат. Кандын ар кайсы группасы ар кайсы убакта жаралган, ошондуктан адамзаттын өнүгүшүндөгү тигил же бул факторлор анын мүнөзүнүн калыптанышына таасир этиши толук мүмкүн.

Эң байыркы
Кандын биринчи группасы 40 000 жыл мурун "туулган" жана ушу кезге чейин эң кеңири тараган түрү болуп эсептелет. Жер шарынын калкынын 40-50% биринчи группанын ээси. Адамдардын бул тиби "Аңчылар" деп аталат. Адамзат коомунун алгачкы учурунда адамдар аңчылык менен күн көргөн же жер-жемиштерди жана жегенге боло турган тамырларды чогултушуп, ошол учурда гана кам көрүшкөн жана күн көрүү үчүн кармашууга ар дайым даяр турушкан. Бул мүнөздү алар өздөрүнүн кийинки урпактарына мурас калтырган. Азыркы "биринчилер" - жалгыз, башкалар менен зарыл учурда гана байланыш түзөт. Ал - тубаса лидер жана элди артынан ээрчите ала турган мыкты саясатчы. Ошол эле учурда өзүнүн дарегине айтылган сынды көтөрө албайт. Каны биринчи группадагы адамдар - мыкты бизнесмен, же спортсмен, чыдамкай жана ишмер, бирок, көп учурда бой көтөргөн жана өзүн жакшы көргөн адамдар.
Экинчи группадагылар мындан б.з.ч. 25 000 - 15 000 жыл мурун пайда болгон. Бул тип "Дыйкандар" деген атты алып жүрөт. Адамдар бул учурда тынч жана чогуу жашап калган. Ошону менен бирге компромисске баруу, мамилени жолго коюу, соодалашуу, тиричиликти өздөштүрүү жана үй-бүлөлүк негиз түзүү зарылдыгы келип чыккан. Азыркы экинчи группанын ээлери - мамилелешүүгө жакын, беймарал, үй же жумуш алмаштырууну жеңил кабыл алышат. Алар мыкты иштерман, бир гана жетекчи болуудан башка бардык иште иштей алышат. Алардын иши баарыдан мурда үй-бүлөсүнө жана айлана чөйрөсүнө багышталат. Кемчилиги - "экинчи группалар" кежир, таарынчак, көп учурда ичинен сызат, ошондуктан ачуусун башкадан чыгарат.






Сен!
Чанда кезикчүлөр
Кандын үчүнчү группасынын жашы - 10 000 жылга чукул. Бул группанын ээлери (калктын 10-20 % түзөт) жана "Көчмөндөр" тибине кирет. Дал ушул кандын группасы жаралган мезгилде биздин бабаларыбыз жашоо шартын жакшыртуу максатында башка жерлерге көчүп-конуп турган. Аларга бир гана өзүнүн уруусунун мүчөлөрү менен эмес, башкалар менен мамиле түзүүгө, же тескерисинче, аскерий иштерди жүргүзүүнү иштеп чыгуу керек болгон. Бүгүн үчүнчү группанын адамдары, коомдо турмушка эң ылайыкташкан адамдар болуп саналат. Алар ийкемдүү акылы, эркиндикти сүйгөндүгү, мыкты тапкычтыгы, мамиле түзүүгө умтулгандыгы, бирок, тилекке каршы, көп учурда ашып-ташкан өзүнүн таламын баарынан жогору койгону менен айырмаланат. Бул группадагы аялдар сүйкүмдүү болгону менен эркектер сыяктуу ой жүгүртөөрү жана көп учурда эркектерди чочута тургандыгы байкалган.
Эми, акырында, сейрек кезигүүчү группа - бул төртүнчү группа. Аны алып жүргөндөр - бар болгону калктын 5-7 %. Бул абдан жаш. Болжол менен мындан миң жыл мурун экинчи жана үчүнчү группанын кошулуусунан пайда болгон. Бул типти "Табышмак" дешет. Иисус Христостун канынын группасы дал ушул группа деген пикирди жактоочулар көп. Себеби, Туриндик Плащаницадагы кандын калдыгын анализдегенде ушул группага таандык болгон. Бирок, бул мезгилдин рамкасына карама-каршы келет. Ошого карабастан, дал ушул төртүнчү группанын ээлери - цивилизациянын ыгы жок эркелери, ой жүгүртүүсү стандарттуу эмес, харизмалуу жана кечире билген адамдар. Алардан биздин учурда мыкты ойчулдар жана табыптар чыгууда. Айтмакчы, элдин эбегейсиз сүймөнчүлүгүнө ээ болгон

Мерилин Монронун канын группасы да төртүнчү болгон. Алардын кемчиликтери - саясаттан четте тургандыгы, жумшактыгы, кээде - өтө оройлугу, чечкинсиздиги жана ичинен тирешүүсү.
Сиздин каныңыздын группасы кайсы, урматтуу окурмандар?

Таңкаларлык фактылар
Канынын группасы бирдей адамдар бир ооруу менен ооруйт.
Эң чыдамкай жана карылуу деп каны биринчи группадагылар саналат. Албетте, эгер алар кара жумуш жасоону унутушпаса. Отуруп иштөө алардын ден-соолугуна жаман таасир бериши мүмкүн. Алар өзүлөрүнүн тамактануусуна өзгөчө көңүл буруусу керек, туура эмес тамактануу ашказандын гастрит менен оорушуна алып келет. Бирок, психикалык оорулар бул группадагылар үчүн коркунучтуу эмес.
Экинчи группадагы адамдар көңүл чөгөттүккө (депрессияга) жакын, ал ар түрдүү дарттын өнүгүшүнө алып келет. Көңүлү чөгүп турган учурда алар ар кандай инфекцияны жугузуп алышы мүмкүн. Булар кыймыл-аракетти анча жактырбагандыктан, көп учурда муунга тетир таасирин тийгизет. Бирок достору менен баарлашуу - булардын баардык оорусуна эң мыкты дары болот.
Үчүнчү группанын өкүлдөрү көп учурда өздөрүнүн таламын башкалардан жогору койгон индивидуализминен жапа чегишет. Булар психологдорго тез-тез келүүчүлөр. тегерегиндегилер менен бат-бат чатакташып тургандыктан булардын уйкусу, тамак ичүүсү бузулуп, невроз жана психозго чалдыгат. Бул проблеманын баарын коомчулук менен келишүүчүлүккө барып чечсе болот, алар үчүн бул анча деле кыйын эмес. Бул типтеги аялдар дене түзүлүшүнүн назиктиги менен айрымаланып жана ал төрөтүн татаалдантып баланы эмизүүдө кыйынчылыкка алып келиши мүмкүн. Булардын мандемдүү жери - муундары жана тиштери.
Төртүнчү группанын ээлери - медицина дүйнөсүндө өзүнчө бир табышмак. Алардын арасында оор психикалык оорулар менен ооруган адамдар көп, ошону менен бирге, генийлер менен чоң таланттуулар жана укмуштуудай жөндөмдүүлүккө ээ адамдар да толтура. Булар көп учурда коомчулук менен болгон кагылышуудан эмес, өздөрүнүн ички карама-каршылыктарынан жапа чегишет. Өтө кызуу кандуу келишет. Эң начар иммунитет да ушуларда деп эсептелет, бирок, парадоксалдуу көрүнүш, булар бир топ эле сейрек оорушат.
Анатай ӨМҮРКАНОВ










??.??