Темирбек Дүйшекеев:

Исламдын чыныгы душманы чала молдо дин бузарлар
Мен "Дин жана дил тууралуу" аттуу макаламда ислам дини тууралуу, ислам, христиан, иудей диндеринин кайсы булактардын негизинде пайда болгонун Библиянын, Курандын стихтери менен аяттарын мисал келтирип, Курандын да пайдалуу жактары бар экенин, бирок кыргыз элинин таалим тарбиясы Куранга караганда алда канча көп экенин аргументтер менен көрсөтүп берген элем. Ал макалама Дүйшөн Абдылдаев өзүнүн стили болгон, эч кандай аргументи жок догурунган догма менен макала жазып, мени ислам дининин душманы кылыптыр. Эми Абдылдаев сыяктуу чала молдо дин бузаар, дил бузаарларга жооп берүүнүн деле кереги жок. Пушкин "Много мыслей здравых, беги путей лукавых. Чти мертвых и не спорь с глупцом"-дегендей бул макала Абдылдаев менен акыйнек айтышуу эмес, кыргыз деп күйгөн окуучуларым үчүн.

(Башталышы өткөн санда)

Ошол эле бөлүмдүн 21-главасында Сара Авраамга Агарды баласы менен кубалап жибер дегенде Авраамдын көңүлү чөгүп турса кудай айтат:
12-стих. Но Бог (Бог деген сөз Елохим дегендик) сказал Аврааму: не огорчайся рады отрока и рабыни твоей . . .
13-стих. И от сына рабыни я произведу народ, потому что он семья твое.
Мына өзүңөр күбө болгондой бул стихтерде Агарь Авраамдын аялы деген бир да сөз жок, бардык жерде Агарды күң деп атап атышат. Болуптур, биз Агарды Авраамдын аялы эмес деп күнөөкөр бололу. Бирок Агарды "Күң" деп периште да, Кудайдын өзү да айтып жатпайбы. Көрдүңөбү, керек болсо Адбылдаев Кудайын да сатып жиберет. Кудайдын сөзүн тангандык аны саткандык эмей эмне?!
Ошол эле Бытиенин 25-главасынын заглавиеси "Брак Авраама Хеттурой" деп аталып, 1-стихинде "И взял Авраам его жену, именем Хеттура" - деп жазылып турат. "Агарды аял кылып алды (женился)" деген бир да сөз жок. Ал эми 16-главанын 3-стихиндеги ". . . . . . . служанку свою дала Аврааму в жену"-дегенди главасынын маанисине карата аял кылып алып бербей, тим эле жыныстык байланыш үчүн берди деп түшүнүш керек. Анткени стихте "женила" деген сөз жок, "дала" деп турат. Агарды буюм сыяктуу берип атат. Поэзиядагы котормонун атасын тааныткан Э. Турсуновдун ушуну түшүнбөй калганы өкүнүчтүү, кыязы шашылып которуп койгон окшойт.
Курандын "Аль Имран" сүрөөсүнүн 78-аятында минтип айтылат: (бул аятты да Порохованын котормосунан алдым) "Среди них есть и такие, кто весть Писания, своими языками искажают, стараясь убедить вас в том, что таковы слова Господни. "Сие от Бога"-говорят они. Но это вовсе не от Бога! И Эту ложь они возводят против Бога, и сами ведают в душе об этом". Бул аят Абдылдаев сыяктууларга, Библияны, Куранды өздөрү каалагандай бурмалай берүүчү диндин айланасындагы дин бузарларга арналган окшобойбу.
Эми бир аз тарыхый экскурс жүргүзөлү. Авраамдын учурунда Ур шаарында аккад тили өкүм сүрүп, аккадыктар Теңирчиликти туу тутушуп, алардын Абдылдаев жазгандай жалган кудайлары, же б.а. буттары болгон эмес, алар Теңирге сыйынышкан. Аккад мамлекетин Гути деген эл кыска мөөнөткө басып алышат. Ал эл азыркы Иран жактан келишип, кайда жок болуп кетиши тууралуу так маалымат жок. Гутилерди аромей эли талкалап, Месопотамияга Вавилон падышачылыгын орнотот. Ошентсе да мамлекеттин тили аккад тили болуп кала берген. Б.з.ч. 900-жылдары гана ал тилди аромей тили сүрүп чыгарган. Улуу Вавилон мамлекетин курган Хаммурапи аттуу падыша. Анын падышачылык кылган жылдары тарыхта үч түрдүү айтылат: б.з.ч 2067-жылдан 2055-жылга чейин 12 жыл, 2003-жылдан 1961-жылга чейин 42 жыл,1792-жылдан 1750-жылга чейин дагы 42 жыл. Ошол Хаммурапинин закондору боюнча жаран аял алып, аялы төрөбөсө да экинчи аял алууга уруксат жок болгон. Андай учурларда жаран күңү менен жыныстык катнашка барып, күң төрөгөндө аялы чөгөлөп олтуруп баланы алып, өз баласы кылып алган. Авраам менен Агардын жомогунун башаты Хаммурапинин закондорунда. Демек, Агарь Авраамдын аялы эмес, күңү, ойношу. Аялы деп нике кыйдырып алган ургаачыны айтат. Нике кыйылбаган соң ал ургаачыны аялы эмес, ойношу дейт. Биздин кыргыз аталарыбыз экинчи, үчүнчү аялдарын алышканда нике кыйдырып, той берип, калың берип алышкан. Ошон үчүн алар кадырлуу, каадалуу аялдар болушкан. Ошон үчүн Дүйшекеев аларды кутман апаларым дейт. Ал эми Агарь сыяктуу никесиз тууган аялдарды кыргыз эли "ойнош" деп, таш бараңга алышкан. Ага Абдылдаев да өткөн жылы "Кыргыз Руху" гезитиндеги макаласында ""Ойнош" деген өзүнүн никелүү, мыйзамдуу аялы менен эмес, башка бир аял менен, же болбосо, башка бирөөнүн аялы менен бузукулук, аягы суюктук, ыплас, күнөөлүү иш кылуу" деп жазат. Агарь Авраамдын никелеп алган аялы болбогон соң "ыплас, күнөөлүү" ишке барып атса, аны ойнош дебегенде эмне дейт?
Абдылдаев макаласында Агарь менен Измаил (Исмаил) Аравияга келишип, араб элин Исмаилден тараган деген жомогун жазып, ага далил катары Библиядан стих берет. Анда биз да Библияга кайрылалы. Авраам Агарь менен Измаилди кубалап ийгенден кийинкисин Бытиенин 21-гл. 21-стихинде "Он жил в пустыне Фаран: и мать его взяла ему жену из земли Египетской" деп жазат. Измаилдин энеси египет кызы болсо, атасы еврей болсо, өзү да египет кызына үйлөнсө, анан кантип Измаилден араб эли тарасын. Арабдардын санжырасы боюнча Измаил арабдардын Жоргом тукумундагы кызга үйлөнөт. Бирок бул Мухаммед пайгамбарды ыйыктарга чапташтырууга болгон жандалбастык.
Бытиенин 25-главасынын 18-стихинде "Они (Агарь менен Измаил) жили от Хавилы до Суры, что перед Египтом, как идешь к Ассирии" деп жазылып турат. Эч кандай Фема деген жердин аты жок. Сур деген азыркы Ливандагы Тир деген шаар. Ал учурда ал жерде Финикия деген мамлекет болуп, ал Адам ата менен бир учурда мамлекет болуп жаралган. Сур Египеттин түндүгүндө, Ассирияга бараткан жолдо, ал эми Ассирия Месопатамиянын түндүгүнөн Кавказга чейин. Ошентип Библия арабдар менен Абдылдаевдин калптарын ашкерелейт.
Бу колго калем алгандан кийин жөн эле ойду-тоону койгулата бербей, сөз кылып аткан предметинин булактарына терең мамиле кылып, анан кагазга түшүрсө.
Абдылдаев "Исмаил атасы Ибрахим менен Меккедеги Ыйык мечитти-Каабаны курушат" деген догмасын догурат. Ал мечитти Ибрахим менен Исмаил курушса - кандайча бутпарастык жайга айланып калды? Ошол бутпарастык мечиттин башында Мухамеддин бабалары Корейш тукуму, анын түздөн түз бабасы Хашем, андан кийин чоң атасы Абд аль-Муталлиб, андан кийин атасынын агасы Абу Талиб турушкан да. Демек бул дагы жомок. Болгондо да арабдар үчүн өтө пайдалуу жомок. Азыркы күндө өздөрүнүн жомогунун үзүрүн көрүшүп, жыл сайын миллиардаган долларларга туйтунуп атышпайбы.
Эгерде арабдар Исмаилден тараса күңдүн баласынан, никесиз туулган адамдан тараган дегендик. Кыргыз элинде " Никеси жок бала жетеси жок кул" деген макал бар. Ошол макалга ылайык арабдар кулдан тараган болобу?
Жок, арабдар кулдан тараган эмес. Алар б.з.ч. 2500 жыл мурун Аравияда жашаган Аромей (аромит) элинен тараган. Алардын бир бөлүгү б.з.ч. XXI кылымдан XIX кылымга чейин түндүк тарапка ооп, Сирияны, андан жогорулап Месопотамиядагы Аккад падышачылыгын басып алышып, кубаттуу мамлекет түзүшкөн. Алардын эң белгилүү жолбашчысы Хаммурапи. Ал эми Аравияда калгандары ошол жердеги майда уруулар менен биригип, араб элин түзүшкөн. Чала сабат исламчы арабдар өздөрүнүн жомоктору менен өз элинин дүйнөлүк коомчулук алдында сыймыктана турган тарыхына балта чаап салышкан.
Абдылдаев мени Куранды бурмалаган деген күнөө таккысы келет да "Ан ниси" сүрөөсүнүн 91-аятына, "Мухамед" сүрөөсүнүн 4-аятына өзүнүн түшүндүрмөсүн берет. Куранды оңдоп-түздөө, же, бир сөз кошо коюп башка мааниге өткөрүү Абдылдаев эле эмес, бүт эле ислам жамаатына мүнөздүү. Исламдагы Ахмадий кыймылы тарабынан чыгарган Куранды окуп көрсөңөр тим эле жаныңардан түңүлөсүңөр. Ал эми академик Крачковский Куранды сөзмө-сөз которгон. Ал аяттарды жөнөкөй тил менен кыргызчалаганда "Каапыр менен дос болбо. Исламга кирбесе өлтүр" деген эле сөз. Порохова айым да "если вас предадут" деген сөздү кошуп "Но если же они вас предадут, то, где бы вы их нашли, хватайте их и предавайте смерти" деп эле которгон. Исламдын жогорку окуу жайын бүтүргөн, көп чыгармаларын араб тилинде жазган окумуштуу да, акын да Омар Хаямдын:
"Шарап душман,

бузулат деп динибиз"
Тажатышат. Динге каршы кимибиз?
Жүзүм канын кантип кана ичпейсиң
"Душман канын ич" деп атса динибиз - деген рубаиси деле Курандын ошол аятына мисал да. Арабдар Африканын түндүгүн, Испанияны, Персияны, Афганистанды, Пакистанды, Мавереннахрды кылыч менен канга бөлөп, элин мусулман кылгандыгы, Кыргызстанды басып келгенде жергиликтүү эл кылычтын кандай экенин аталарына таанытканда Алласына жалынып качаарга жер таппай алакташканын тарых тандырбайт.
Абдылдаевдин макаласын окугандан кийин ал менин эле макаламды эмес, Куранды деле жакшылап окубаса керек, же аны түшүнгөнгө акылы жетпейби деген ой аргасыздан келет экен. Болбосо мен келтирген "Ат Табаган", "Ат Тауба" сүрөөлөрүндө "Уулуң тим эле азгырык, атаң, балаң, аялың, үй-жайың демек Ата-Мекениң Аллахтан, пайгамбардан жакын болсо-анда Аллахтын каарын күткүлө"-дегени, Куранда "адамдар кудайдын кулу"-деген аяттар жайнап турса "Атанын баласы болбой Аллахтын кулу бол"-деген идеология экени кадыресе жарандарга деле түшүнүктүү болуп турбайбы. Аны Абдылдаев түшүнбөсө айла жок да.
Абдылдаев асман, жер тууралуу билимдүүсүнөт, "жерди кармап туруш үчүн тоолорду жараткан" деген Курандын сөзүн актоого жанталашып ойду-тоону ургулатат да, Куранда "Жер жалпак, асман катуу деген сөз жок"- деп жазат. "Он сотварил небеса без опоры . . . . и бросил над землю прочно стояние . . . . .", ". . . . . и построил над вами семь твердей" деген сөздөр асмандын катуулугун, жердин жалпак экенин айтып турганын башында мээси бар кишилерге айдан ачык көрүнүп турбайбы. Порохова которгон, Ахмадийлер чыгарган Курандарда деле "семь твердых небес" деп эле турат. Тоголок жерге жети катар асманды кантип көтөрө алмак эле.
Абдылдаев "Кыргыз руху" гезитинде жазган макаласында пайгамбар жети асманды кыдырып аралап өтүп, жетинчи асмандагы "Аль Мамур" мечитинде сыйынгандыгын жазган эле. Эгерде асман катуу болбосо асманга көтөрүлгөн шатынын үстү жагын эмнеге такап койду экен да, "Аль Мамур" мечити, авианосецтен кем эмес Аллахтын тактысын эмне көтөрүп турат болду экен? Айнаганын билип, жутканын билбей калат деген ушул.
Абдылдаев 7 асман деп атмосфера катмарларын санайт да, дагы түркөйлүгүн көрсөтөт. Анын жазганы боюнча катмарлар: 1. Тропосфера, 2. Стратосфера, 3. Озоносфера, 4. Мезосфера, 5.Термосфера, 6.Ионосфера, 7.Экзосфера.
Ал эми чынында 5 эле атмосфералык катмар бар. 1-Тропосфера, 2-стратосфера, 3-мезосфера, 4-термосфера, 5-экзосфера. Озонсфера өзүнчө катмар эмес, а Стратосферанын 20-километринен Мезосферанын 70-километрине чейинки озондуу аралык. Ионосфера да өзүнчө катмар эмес, Термосферанын эле экинчи аталышы. Тропосферанын үстүңкү чеги Термосферанын 300-километринен кийин . Мухамед пайгамбар асманга көтөрүлгөндө ошончо ысыкка кантип күйүп кетпеди экен да, тим эле нөшөрлөп жааган радиациядан кантип аман калды экен?
Ошондой эле Күн, Ай, Жылдыздар асман катуу болгондон кийин биринчи эле асмандын алдында да. Тропосфера биздин алкакта 8 километрден кийин, ал эми тропикте 18-километрден кийин бүтөт, демек бул эле жерде дегендик.
"Тепкич менен чыккан эмес" дешээри да мүмкүн. Омардын мечитинин ичиндеги шаты коюлган борчукту кайда алпарабыз.
Ырас, Мухамед пайгамбар Айды жерге түшүргөнү тууралуу маалымат азыркы исламдык маалыматтарда жок, аны АбдылдаевXVIII, XIX кылымдардагы апокрифтик авторлордон тапса болот.
(Уландысы бар)