presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Куурай жылы" деп жарыяланса...
Мезгилдин талабын бийлик укпайт. Алардын кулагы бүтүп, көздөрүн май баскан. Элдин көңүлүн өйүгөн көптөгөн маселелер бар. Жакында эле жазгы талаа жумушу башталса да, а калктын басымдуу бөлүгү жерди иштеткенге али даяр эмес.
Россиядан, Казакстандан которулуп келүүчү акчанын көлөмү азайды. Малдын базарда баасы түштү, ошого карабастан сатып алуучулардын саны азайды.
Быйыл суу жааты кандай болот? Эгин-тегинди суугарганга да, энергетикалык кризистен чыгууга да суу керек. Бечара кыргыз эли ак кар, көк муздуу мөңгүлөрдүн, көк кашка аккан суулардын курчоосунда туруп, сууга жетпейт. Акырында президент К.Бакиев 2008-жылды "тезек жылы" деп жарыялаган эле. Ушундан улам, элибизге кудайдын да боору ооруду көрүнөт. Кыш жумшак болуп, өлбөгөн кулга жаз да келди.
Илгери союздун учурунда, андан кийин экс-президент А.Акаевдин учурунда ар бир жылдын өз аты бар эле. Кыргызстанда быйыл талаада тезек калган жок. Алдын ала камылга көрсөк кантет? Сунуш кылаар элем. Эми мамлекет башчыбыз К.Бакиев быйылкы 2009-жылды "куурайлардын жылы" деп жарыяласа боло турган.
Үнүбүз кудайга эрте жетип, келерки кыш да быйылкыдан жылуу болуп калгысы бардыр. Эл жапырт куурай чогултканга өтсө, эгемендүүлүккө ээ болгондон бери тазаланбаган "каналдар да камышынан" тазаланып калаар беле? Кандай дейсиңер, туугандар!..
Сыйдалиева Дүйшөгүл,
Бакай-ата району,
Ынтымак айылы




Шоона эшпеген шоу
"Күйгөн катын кошокчу" дегендей, менин күйгөндөн кошокчу болуп турган чагым. Менин күйгөндөгү кошогум азыркы шоу-бизнес деген түрү суук гибрид-кентавр жөнүндө болмокчу. Сталинчилер тоскон "темир көшөгө" ачылгандан бери батышы менен чыгыштан, түндүк менен түштүктөн жакшы-жаманы, оңу-тескериси аралашып көп өзгөрүштөр өлкөбүздү селдей каптады. Ушул селдин жакшысын жаманынан ажырата таанып, ылгап алыш өзүбүздөн.
Сөздү лагмандын камырындай созуп отурбай, ток этээрине келейин. Азыркы шоу-бизнес дегенге илээшип, оокат кылып, атүгүл байып алгандардын 60 пайызы ийненин көзүндөй идиреги жок немелер. Идиреги жок дегеним, таланты жок дегеним. Карап турсаң өңдүү-түстүү, алдуу-күчтүү жигиттер менен кыздар. Ырдамыш болуп элдин көзүн боебой, базарга, курулушка, тигүү цехтерине барып иштешсе болмок. Же бир жерге кирип окушсун. Кыскасы турмуштан өз орундарын эртелеп таап алышса дейм. Жакшылап тарбиялап, бакса, мал боло тургандары деле бар. Идиректүүлөрүнүн көрсөткөн өнөрү али чийки. Аларды ийлеп, бышырыш керек.
Ошол өздөрүн "жылдыз" атап алган идиреги жоктор, жугумсуз ыр ышактарын "хит" дедиртип, "кызыл килем" басып, тайраңдабай, сыналгынын экранын ээлеп ээликпей, жөн оокаттарын кылышпайбы. "Хит" деп элди толкутуп, ооздон түшпөй калган ырды айтат. Кыргызстандын элин мындай коелу,тилдеш, дилдеш кошуналардын арасында кичине таанылып туруп, анан "кызыл килемди" басып, "жылдыз" аттанышпайбы! Атайдын, Бектемирдин, Рысбайдын, Асанкалыйдын ырларын "хит" десе жарашат. Ал маркумдар көрдөн туруп келип, сыналгыда концерт уюштургандардын тамагын майлай алышпайт, ошондуктан аларды экрандан көрө албай калдык окшойт.
Азырынча тирүү жүргөн Аксуубай, Калыбек, Түгөлбайлардын ырлары деле көп берилбейт. Себеби, таланттуу адамдар тамак майлоо сыяктуу арам жосундан алыс жүрүшөт. "Жылдыз" деген атакка "Европага барып, баш байге", "алтын медаль" алып келишкен Болот, Асек дегендер арзыйт. А жанагы "шоу-бизнес" деген "кой терисин" жамынып алгандар сахна менен экранды базар кылып алгандардын жосуну искусство эмес, жөн эле искусствонун суррогаты. Булардын ыр-сөрөйүнүн сөзүн, обонун өздөрү жазып, ырдаган да өздөрү болгону акылга сыйбас жорук. Ыр, музыка жазууга, ырдоого ар-бирине бөлөк-бөлөк өмүрлөрүн садага чапкандар болгондугун булар билишпейт окшойт. Айласыз Стефан Цвейгдин Миркосу эске келет. "Шахмат новелаасында" ал Цезарь, Наполеондорду билбеген келесоо өзүн оңой эле улуу адаммын деп ойлоп алаарын жазган эмеспи. Шаляпиндин, Миңжылкиевдердин өнөрүн билбеген немелер өздөрүн "жылдыз" сезип алгандай кеп да. Улуу акындар менен композиторлор, обончуларды айтпай эле коеюн. Булардын кийинки муундун көркөм табитин айныткан бузукучулугун токтотпосо болбойт. Кудайым дегендерге мамлекеттик комиссия сертификат берилиш керек. Ал комиссияга "ит жеминдей бирдемеге" азгырылчу арамчыл чиновниктер эмес, Б.Алагушев, А.Атабаев, К.Тагаев, Ж.Мамажанов, Т.Казаков, О.Султанов, Э.Мойдунов,
Г.Мамашева сыяктуулар мүчө болушу керек. Бул тууралуу мыйзам чыгарылып, уюштуруу жагы маданият министри С.Раевге жүктөлүшү керек.

Орозалы Абдыкадыров,
Кара-Балта шаары




Окугандан кийинки ой
Урматтуу "Ачык саясат"
гезитинин редакция жамааты!
Сиздердин чыгарып жаткан гезитиңерди үзбөй окуп турамын. Бир эле багытта болбос үчүн айрым бир гезит беттерине үңүлүп, бир нерсени билип калайын десем эле - Ойрону чыккан темаларга туш болуп, аргасыздан жабууга туура келет. Cөзүм куру болбос үчүн жаштардын сүйүктүү газетасы деген "Супер Инфодогу" №15 бетинде "секс" темалар көп. Мейли мен окубай эле койдум, бирок биздин уул-кыздарыбыз андан кандай тарбия алышууда. Илгерки жарык көргөн "каттаманын" ини-сиңдисине окшоп кетет. Анан кантип жаштарды жакшы жолго сала алабыз. Куйрук-белин ийреңдеткен жылаңач сүрөттөрдү кыркып алып мектеп дептерлерине чаптап алышкан окуучулар бар. Моралдык жактан чектен чыгып бара жаткан жокпузбу? Мен ушуга таң калбай эле, өз түшүнүгүмдө газета чыгаруучулар "өтүмдүү" болсун үчүн жасалып жаткан иши го деп ойлоймун. Немистердин бир акылманы айткан экен: "адамды бир гана "критика" оңдойт" деп. Азыркы кезде "критикалап" же сынга алган атайын беттер жок. Сынчыларга эмес карапайым калайыкка терс таасир берген басылмаларга тыюу барбы? Эркин сөз же эркин тема деп эле келечектеги жаштарыбызга "реклама" аркылуу бузукулукту кабарлап жаткан жокпузбу? Мына ушулар жүрөктү өйүйт. Жакында эле КТРдин "Кайдасың" деген программасында 26 миң сойку бар деп теледен берди. Жумасына бирден кыздарыбызды сойкулукка көндүрүшсө, он жылда канча болот? "Элүү жылда эл жаңы" деген кептин төркүнү келип калдыбы деп корком.
Эмне үчүн Жогорку Кеңеште отурган депутаттар бул тарапка мыйзам чыгарып, тартипке чакырбайт же өздөрү "крышовать" этеби? Же башынан сасыган балык сымал азыркы бийликтин тыюуга күчү жетпейби.
Качкынбай ЖАМАНКУЛОВ,
Талас облусу




Көздөн учкан көйгөйлөр
"Балдарыма баш-көз болуп бул күндө,
Не бир сонун ойлор келет бир күндө.
Байлыгыңа, баардыгыңа алмашкыс,
Жан жыргалым жылынарым жан дүйнө!" - деп мугалимдиктен эртелеп кеткеним менен, элимдин эртеңкисин ойлоп ойго батам. Издегеним чындык, акыйкат. А акыйкат ала куш болуп, ободо көкөлөп, чындык чыркырап жерде тебеленет.
Ардактуу ардагермин дегендей мени эч ким деле ардактаган эмес, улам жашың өр таянган сайын тээ алыста калган балалыгыңды эңсейт экенсиң.
Анда 1953-жылдар, Базар-Коргондун "Колот" башталгыч мектебине биринчи класска барган күнүм бүгүнкүдөй эсимде. Агайым баарыбызды доскага тизип алып: "Алма берип колунан, кучактатып мойнунан.
Улуу Сталин атабыз, эркин өсүп жатабыз" - деген ырды "а" деген ариптен мурда үйрөткөн. Кечинде үйгө мактанып ырдап барсам, апам болсо: "Ооба, Сталин атаңар, ансыз жашоо кыйын" - деп ошол жылы жазгы кара баткакта, марттын үчүбү, төртүбү ал кишинин "азасын" эл жабыла жоктошоконун унутпайм. Чын эле согуштагы эмгегин баалаганданбы, улуу муундар Сталинге чаң жолотчу эмес. Көрсө анда мен деле бала экенмин, эмичи, эми Сталинге оюм бөлөкчө. Ошондогу мектеп босогосун аттагандан баштап бизди сугарган идеология, күнү бүгүн гүлдөп келет. Элибиздин чыгаан жазуучусу Айтматовдун "Фудзиямадагы кадыр түн" драмасын тасмага тартууда, Аламүдүндүн Беш-Күңгөй тоосуна Сталиндин бюстун жасап, соңунда анын жардырылышын өз көзүм менен көрдүм. Көрсө өз атасы ичинде болгон ошол кездеги чыгандардын 37 жылдын курмандыгынан улам тоталитардык системанын жүзүн ачып, оюнда быркырата бүрктүрүп салбады беле. Көсөмдүн ар бир чыгармасында чындык чыркырап күйүп, эртеңине үмүттүү жана берет. Ошондуктан дүйнө эли бүтүндөй Айтматовду баалайт. Аны акыйкатты беттегени өмүрүнүн соңунда да Алмаз Атамбаев айткандай, Ата-Бейитти мурастаганынан көрүнүп турбайбы.
Деги эле бийликтегилер Айтматовду окуганбы? Же окуса да өз кызыкчылыктарына карап түшүнгүсү келбейби? Азыркы бийликтин айтканы башка, кылганы мына. Айтматов жазып кеткен кайыш тончон Сегизбаев, Таңсыкбаевдери азыркы калың тончондорго айланды. Айтматов жылын белгилеп, барктаганыбыз ушулбу? Издеп кыйналып жаткан идеологиябыз - Саманчынын жолундай жарык,таза өнүккөн жолго түшсө кана?
Өзгөчө Акаевдин тушунда коррупция тамырлап алып, азыр гүлдөп жатат. Уялбай эле Аскарды Манасчы, айымын "жылдыз" кылдык эле , жылдыздай сызып качышты. Муну "Ачык саясаттын" күйөрманы, азыркынын Асанкайгысы Насыр Турдугулов куп кана жазыптыр, ыр болсоң кое кал. Ошондогу "Урматтуу Аскар Акаевич, сиздин Манасыңыз укмуш жазылыптыр" - деп даярдаган кошоматчылар, бүгүнкүлөрүн деле ошентип жатышат. Эгер Айтматовду барктаганыбыз чын болсо, бул ыкмадан тез арада кайтышыбыз, арылтыбыз керек. Топчуке айткандай эле куугунтук, кыргын, өлүм. Деги генийдин мурастаган кыяматына айланбаса дейм.
Не дейли, кыргызда: "Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт" - деген экен, бата алдында, бычак мизинде турган койду. Кой - кой, биз адамбыз, адамдык аруулугубузду эч качан кое бербейбиз. Бүгүнкү күндө жумурай журт оппозиция, оппозициянын көрүнүктүү уулдарынан мыйзамсыз куугунтуктоодон колуңарды тарткыла. Көптүн көзү көрөгөч, укук коргоочулардын ар бир өрөөндөрдө кандай укук коргоп жаткандарын көрүп жатабыз, далилибиз да даяр. Мына Кара-Балта прокуратурасында күндө нааразылык. Жолдош укук коргоочулар ушундай "былыгыңарды" эптегиле, соттор адилет соттосун ага биз макулбуз, адилетсиз куугунтуктарга, жол шыпырган кошоматчы, шылуундарга эл жол бербейт. Нааразычылык күндөн-күнгө күчөй берет. "Эл дейт, эл толкуса сел!" - дейт. Оппозициянын артында эли турат, алар баарына даяр!
М.Абдырахманов, ардагер мугалим









??.??