presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көп көйгөйдүн бири…

Эркингүл Иманкожоева, "Карек" бейөкмөт уюмунун жетекчиси:
"Өкмөт, жыгып берген жолборстун терисин сыйрый албай койду"
Учурда бийликке нааразы болгон адамдар, ар кандай уюмдар күн санап көбөйүүдө. Бийлик туш тараптан нааразычылык көбөйүп жатканын сезип, түшүнүп турса да, билмексен, кайдыгер болуп, карапайым элди, эл ичинде эл үчүн колубуздан келген пайдабызды кылабыз деп жүгүрүп жүргөн уюмдарды калың кайгыга батырганды "иттей" сүйөт. Редакциябызга Барскоондон келген "Карек" уюмунун төрайымы Эркингүл айымдын "кайгысына" ортоктош болуп, кулак төшөдүк.

- Редакциябызга кандай максатта келдиңиз. Элибиздин эмне көйгөйүн көтөрүп чыгайын деп турасыз?
- Биздин уюм 2002-жылы Барскоон айылында түзүлгөн. Учурда ар кайсы айылдарда уюмдун 50дөн мүчөлөрү иш алпарышат. Биз экология жана адам укуктары боюнча иштер менен алектенебиз. Экология боюнча биз көп эле иштерди бүткөрдүк. Ал эми адам укугу боюнча 1998-жылы Барскоондогу кырсыктан жабыркаган адамдардын огородунун компенсациясын алып бердик. Бирок, бул компенсация төлөтүү биздин биринчи максатыбыз эмес эле, биринчи максатыбыз бул Кыргызстандын алтын байлыгын башка чет элдик уюмдарга ашкере талатпай, тең укукта пайдалануу. Биз ушул маселени талап кылып, пикетке чыгып, тиешелүү жерлердин бардыгына кайрылганбыз. Тилекке каршы, ушу күнгө чейин биздин талаптарга эч кандай көңүл буруу болгон жок. Көп эл, биз жөнүндө (цианидден жабыркаган беш айыл) булардын максаты эптеп эле акча өндүрүү деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Биз өз байлыгыбыздын үзүрүн көрбөй, чет элдик компаниялар салыгын гана төлөп коюп, ташып кетип жаткандыктарына каршылык көрсөтүп чыкканбыз. Кум-Төр алтын кени боюнча биздин өкмөт канадалыктар 1994-жылы түзүлгөн келишимде, уттуруп койгон. Ал компания он жыл бою салык төлөөдөн бошотулган. Казылып алынган алтын бизге тең бөлүнбөй, түшкөн пайдасы жок, чыгашалуу компания деп эсептелип, ушул күнгө чейин, канча пайда болот, ачык айтылбай келет. 2004- жылы, он жыл мурун түзүлгөн келишим мөөнөтү бүтүп, ал компания биз тарапка өтмөк. Бирок, түшүнүксүз себептер менен Акаев, Танаевдер ал келишимди бузушуп, кайра башка компанияга сатып жиберишкен. Мына ошол кезде, азыркы өзүн көрсөтүп, кыйын болуп жүргөн "Кыргызалтындын" президенти Жакыпов Алмаз биз менен кошо пикетке чыгып, "булардын колун кайрыш керек, эч кимге отчет бербей калышты, силер ырас эле пикетке чыктыңар"-деп сындаган. Азыр ал киши Канадалык компаниянын жетекчилер кеңешинин мүчөсү болуп эсептелет. Ошол убакта биз митингге чыгып, талаптарды коюп, канадалыктарды жүдөтүп, биздин талаптарды аткаруу үчүн аларды жакшы эле жарга такаганбыз. Бирок, өкмөт биздин бул кадамыбызды колдобой койду. Мындайча айтканда, биз өкмөттүн алдына "жолборсту жыгып", басып берип жатсак да, өкмөт анын "терисин сыйрыганга" жарабай койду.
- Ал сиз айткан "жолборс" өкмөттүн "досу" болсо, өкмөт анын "терисин" кантип сыйрымак эле?
- Кептин баары ушунда болуп жатпайбы. Чет элдик компаниянын биздин аймакта жүргүзгөн иштерин көзөмөлгө алган өкмөттүк атайын коммисия түзүлүп, кылдат карабаган үчүн, алар бизге окшогон кичирээк бейөкмөт уюмдарды көздөрүнө илбей жатышат. Өкмөт бул маселени дайыма эле жабык эшик артында талкуулап келет. Эми жакында да, бул маселе жабык эшик артында каралганы жатат. Биз маселени жабык эшик артында эмес, ачык өткөзүүсүн, ал жыйынга жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрүн да катыштыруусун талап кылат элек.
- Өкмөткө дагы кандай талаптарды коюп жатасыздар?
- Экинчи талабыбыз, казылып жаткан кендин айынан айлана-чөйрөгө тийгизип жаткан экологиялык терс таасирлерин көтөрүп чыкканбыз. Чыгып жаткан кенди экологиялык экспертизадан өткөзөлү деген талап болчу. Бул талабыбызга дагы көңүл бөлүшпөй, өз билгендерин жасашууда. Экологияга тийгизген зыяны күндөн-күнгө күчөп баратат. Алар өздөрү жалган маалымат таратышып, "анча-мынча эле, анын жарасы жеңил"- деп кутулуп келатышат. Чындыгында андай эмес. Биз бул маселени тиешелүү деңгээлде чечкенге аракеттерибизди кылып келатабыз. Бирок, биздин күчүбүз ал маселени толук чечүүгө жетпей жатат. Биз, өкмөт канадалык компания менен мурда түзүлгөн бардык келишимдерди жокко чыгарып, ал жерде чыгып жаткан кенди теңме-тең (биздин мамлекет менен) бөлүшүүсүн талап кылабыз. Бизден башка алтын чыккан мамлекеттерде, ушундай эле компаниялар түшкөн пайданын 70-80 пайызын бөлүп беришет. Бизде болсо баары тескерисинче болуп жатат.





  Баш кесмек бар, тил кесмек жок…

Тилге тийишсең "оңбойсуң",
Тил билбесең президент болбойсуң
(Башталышы өткөн санда)
"Үчүнчүсү, талапкерге 10 мүнөткө чейин убакыт берилет, өзүнүн шайлоо астындагы багытын, максатын эл алдында сүйлөп жаткандай, комиссиянын мүчөлөрүнүн алдында сүйлөп берет. Ушул үч тапшырма бир жарым сааттын ичинде аткарылып бүткөндөн кийин ар бир талапкерге комиссиянын мүчөсү "билет" же "билбейт" деген гана жоопту берет.
Башка эч кандай баа коюлбайт. Тогуз кишинин бешөөсү билет деген чечим кабыл алса, демек ал андан аркы талапкерлигин улантып, андан ары ат салыша алат. Өттү деп эсептелет. Эгер тогуздун бешөөсү билбейт десе, ал талапкерликтен алынып салынат"
Кыскасы тил сынагы ушундай тартипте өтүүсү зарыл. Мындай болбосо, же мындан артык боло турган болсо "бовой" калат экен.
"Эне тилди билбеген элин сүйүп жарытпайт, эне тилди сүйбөгөн эси жогун аныктайт" -деп айтылган элибизде эң сонун сөз бар. Ушул улуу сөздүн кадырына ар кимибиз жетүүгө милдеттүүбүз. Өзгөчө бийликте олтургандар. А, биздин бийликтин билермандары бул сөздү кадырлайбы? Жок! Кадырламак турсун, кайра андай сөздөрдүн кадырын кетиришип, колдон келишинче басып жатпайбы. Маселен, президент болгон адам эне тилди "суудай" билсин, кыргызча тили "буудай куруусун"- деп бийлик өзү мыйзам кабыл алган менен, иш жүзүнө келгенде баары тескери болуп жатат. Тил сынагын ойлоп таап, тил сынагынан өзү биринчи өткөн, "тилди укмуш билет"- деген Аскар Акаев эне тилибизге эмне жакшылык кылды? Чынында, эч кандай жакшылык кылган жок. Тескерисинче, жакшылыктын жолун тороп, өнүкпөй, "өлүп" бараткан тилибизди басынтып, "өлгөндүн үстүнө көмгөн" кылып койду. Биздин тилибизди Акаев заманында эле, БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) жоголуп бараткан тилдердин катарына кошуп койгону жалпыга маалым. Элдин күткөнү ушул беле? Бул "кайгылуу" кабар биринчи кезекте эл башында турган ажобузду тынчсыздандырууга алып келиши керек эле. Тилекке каршы, ал "кайгы" ажобуздан мурун карапайым калктын тынчын алды. Ажобуз андай "майда маселелерге" башын ооруткусу келбегени оркоюп көрүнүп турат. Мамлекеттик тил комиссиябыз болсо, тилди көтөрүү боюнча, эч кандай чара көргөн жок. Айтор, анын аты эле бар, заты таптакыр жок. Курманбек Бакиев дагы президент болоордо тил сынагынан өтүп, (балким) "беш" деген баа алса керек. Чынында ажобуздун ал "беш" алганы элге беш тыйынча да кадыр алып келген жок. Аскар агасына окшоп, эне тилге жакшылык кылбаса, кантип, кайсы бетибиз менен кадыр алып келди деп айтмак элек. Ушундан улам бизге тил сынагынын кереги бар беле?-деген суроо туулат. Бул маселени элдик талкууга алып чыксак боло тургандай. Ошондо, аныгы билинет эле. Менин оюмча көпчүлүк, бул пайдасы тийбеген тил сынагын жоюу маселесин колдоого алышмак…
Президенттике талапкер болгондорду тизип алып, тил сынагынан өткөрмөй (же өлтүрмөй) ыкмасы жалгыз биздин өлкөдө эле бар экенин эске алалы. Ушу себептүү биздин өлкөнүн "өлбө жаным, өлбө"-деген абалын жакшы билбеген өлкөлөр: " Кыргыз бийлигинин бул ыкмасы, эне тилине басым жасаган артыкчылыгы"- деп баалашы мүмкүн. Чынында, иш жүзүнө келгенде, ал башка өлкөлөрдүн бул ою, биздин эл үчүн орундалбаган кыял. Өлкө башчыбыз ушундай улуу кыялдар менен "кыйышпас дос" бойдон кала берүүдө. Ташбоо мырза, ошол эле "Азаттыкка" берген интервьюсунда: "Кыргызстандын президенттигине талапкер болгон адам Кыргызстандын тарыхын, маданиятын, үрп-адатын жана географиясын да жакшы билиш керек"- деген оюн кошумчалады. Бул жөнүндө да суроо туулат. Азыркы ажобуз, Ташбоо мырза айткан талаптарды жакшы билеби? Муну эл өзү таразалап, калыс баасын берсин. Ушуларды айткандан (талап коюп аткандар) мурда, "президент боло турган адам, эң ириде жети атасынан бери кыргыз болуш керек. Түпкү теги, түпкү каны кыргыз болсо, анан кыргызга кыргыздай күйөт"- деген талаптарды коюшпайбы. Чынында кыргыз гана, кыргыздын тарыхына, үрп - адатына, маданиятына, географиясына күйбөсө, ким күймөк эле? Кыргыздын географиясына күйгөн адам, кыргыз жерлерин башка элдерге кармата койбойт эле да. Кыргыздын тарыхына күйгөн адам, Манас бабабыздын духу катылган "Каркырага" окшогон, тарыхый жерлерди, эч качан "чанбайт" эле го? Акаевдин энеси казак болгондугун элибиз жакшы билет. Ошондуктан Аскар мырзанын каны казактардыкына аралашып кеткен. Анын таза кандуу кыргыз болбогондугунун далили ушундан улам билинип турбайбы. А, кишинин кыргызга канчалык деңгээлде "күйүп" иштегенин элибиз эң жакшы билет. Кыскасы, мамлекетибиздин башына биринчи кезекте, улуттук саясат жүргүзгөн, улут үчүн жанын аябаган, нукура кыргыз адам керек. Биз ошондой адамды эл башына алып келе алсак гана, утушка жетишебиз. Биздин эл чачылуу, чабылуу коркунучуна кептелип турганда, эл башына келген адам накта улутчул болуусу зарыл. Биз улутчул болуу жолу менен гана өлкөбүздү толук бойдон сактап кала алабыз. Бир гана ушул улутчул болуу ниетинде, (ар-намыс, ынтымак-ырашкердик, тил маселеси, келечек кызыкчылыгы, санжыра-тарых, салттуу маданият, алдыга умтулуу) баардыгы камтылган. Биз ушул улутчул болуу ниетибизди жандандырып, улутка болгон улуу сезимдерибизди ойготпосок, эртең кеч болуп калат.
БЭКтин ичинен презденттике негизги талапкер болуп чыккан Алмаз Атамбаевди тил сынагынан сынып калат деп эч ким ойлобойт. Атайы сындыруу гана болушу толук мүмкүн. Бирок, бийликтин бул ыплас максаты ишке ашпайт деген терең ишенимди айта туралы.

Бетти даярдаган
Айбек Шамшыкеев










??.??