Куугунтук саясый репрессияга айланды
Кыргызстанда үйбүлөлүк, авторитардык бийлик тоталитардык диктатурага ыктап баратканын, куугунтук саясый репрессияга айланганын кылмышкерчиликке, коррупцияга, адилетсиздикке жана чексиз мыйзамсыздыкка ачык каршы чыккан элдин чечкиндүү алдыңкы катмарынын бириккен саясий оппозициянын көптөгөн өкүлдөрүн тынымсыз куугунтуктаганы адам эркиндиктеринин жана укуктарынын атамекендик жана эларалык эң жөнөкөй жоболорун кадам сайын одоно бузганы; жалган жалаа жаап, бийлик өз күнөөсүн күнөөсүз адамдарга атайын жабыштырып, мыйзамсыз кармап, камап, соттап, түрмөгө салганы; калктын арыз-муңун, талаптарын териштирбей, шылуундардын, шүмшүктөрдүн, кылмышкерлердин акчасына сатылып, аларга тиешелүү чара колдонуп, жазалагандын ордуна улуттар аралык кагышууга, башаламандыкка жол бергени бакиевдер өлкөнү ийгиликтүү башкаралбай, сормо сазга батырып, туңгуюкка камап, зордук-зомбулукту кеңири колдонуп, үзүрлүү иштегенге жөндөмсүз экенин күндөн күнгө даана көрсөтүп, ар бир аракети менен далилдеп атат.

Саясый куугунтукка каршы комитет Бириккен элдик кыймылдын башчылары, алардын балдары, туугандары, журналисттер, укук коргоочулар; экологдор, жарандык коомдун демилгечи өкүлдөрү, бийликке каяша айткан жөнөкөй жарандар массалык түрдө бакиевчилдердин саясый репрессиясына дуушар болуп атканын баса белгилеп, саясый себептер менен камалгандардын, соттолгондордун түрмөгө отургузулгандардын, чет өлкөлөргө качып, саясий баш калкалоого мажбур болгондордун атын атап, камалгандарды абийир туткуну деп жарыялаган эле.
Комитет 29-апрелдеги жыйынында төмөнкү аныктамаларды жана чечимдерди кабыл алды:
1. Саясый куугунтук бакиевчилер тарабынан массалык көрүнүшкө айландырылганына байланыштуу мындан ары САЯСыЙ РЕПРЕССИЯ деп аталсын.
2. Москва районунун Петровка айылында болгон шумдуктуу кылмышты жаап-жашырып, күнөөлүүлөрдү өз убагында жазалабай, улуттар аралык кагышууга, массалык башаламандыкка жол берген бийлик өзүнүн кечирилгис күнөөсүн эл өкүлдөрүнө, бириккен оппозицияга, анын башчыларын оодара салууга далалат кылып, күнөөсүз 90го жакын адамдарды кармап, камап, соттоп элдин кыжырын ого бетер күчөттү.
3. Төмөнкү жарандар АБИЙИР ТУТКУНУ деп жарыялансын:
Эркин Булекбаев - Жашылдар партиясынын башчысы, БЭКтин Саясый бюро мүчөсү, "Казак" улуттук жамааттын төрагасы, 27-апрелде УККнын түрмөсүндө камалган 29-апрелде 1-Май райондук сот негизсиз дагы 2 ай камалсын деген мыйзамсыз чечим чыгарган.
Сапар Аргынбаев - БЭКтин Улуттук Кеңеш мүчөсү, райондук депутат. 26-апрелде камалган, 28-апрелде сот негизсиз дагы 2 ай камалсын деген мыйзамсыз чечим чыгарган. Азыр УККнын түрмөсүндө.
Турат Мадылбеков - БЭКтин Улуттук Кеңеш мүчөсү, УККнын түрмөсүндө мыйзамсыз 3 күн камалган.
Уран Рыскулов - БЭКтин Улуттук Кеңеш мүчөсү, УККнын түрмөсүнө мыйзамсыз 3 күн камалган.
Норузбек Талканбаев - Жарандык демилгечи, УККнын түрмөсүнө мыйзамсыз 3 күн камалган.
4. 2002-жылдын 17-18-19-март күндөрү Акаев, Бакиевдин буйрук-токтому менен күнөөсүз атылган аксылыктардын ыйык арбагын эскерип, аза күтүү - реквием өткөргөнү үчүн 18-мартта кармалып, административдик иш демиш болуп саясый себеп менен соттолгондор:
Төлөйкан Исмаилова - Жарандык коом коррупцияга каршы уюмдун төрайымы, укук коргоочу.
Анвар Артыков - БЭКтин, Ревкыймылдык Улуттук Кеңеш мүчөсү.
Топчубек Тургуналиев - Саясый куугунтукка каршы комитеттин төрагасы, БЭКтин Саясий Бюро мүчөсү
5. Белгилүү адвокаттар Фатима Иманалиева , Ашыркул уулу Токторбек Комитеттин мүчөлүгүнө кабыл алынсын.
6. Саясый репрессиянын далил-маалыматтарын тактоо, иликтөө иштери Комитеттин Жооптуу катчысы Т. Абдылдаевге тапшырылсын.
7. 6-май күнү саясый репрессияга каршы ийри отуруп түз сүйлөшүү (тегерек стол) уюштуруу А.Сасыкбаевага , Т.Тургуналиевге жүктөлсүн.
Топчубек Тургуналиев,
Комитеттин Төрагасы




"К.Бакиевдин президенттик экинчи мөөнөткө калышын каалайсыңарбы?"
Бул суроо менен мен, Топчубек Тургуналиев, Ревкыймылдын Таластагы Улуттук жыйынында (18.11.2008-ж.); Аксы; Каражыгачтагы чогулушта (11-декабрь 2008-ж.); БЭКтин демилгеси менен быйылкы 27-мартта өткөн митингдерде, анын ичинде мен өзүм катышкан Токмок, Бишкектеги жыйындарында; 10 миңдей адам катышкан Арашандагы Элдик Курултайда, жана ошондой эле "Ачык саясат" гезити аркылуу да жалпы жамы журтка кайрылган элем.
Суроого жооптун жыйынтыгы:
а) Таласта 2,5 миң; Аксыда 3 миң; Орусдраматеатрда өткөн Курултайда 1,5 миң; Токмокто 600; Бишкекте 7 миң; Арашанда 10 миң, жалпысынан - 25 миңдей адамга өзүм суроо салганда: "ЖОК!" деп кескин жооп беришти.
б) "Ачык саясаттын" ошол саны 12 миң нуска менен чыккан. Бири калбай сатылган, таркаган. Окуган адам "жок" деген жообун дагы бир адамга айтканда да 25 миң чамасындагы топ "ЖОК!" деп өз көңүлүндө айткан болуу керек.
в) Эгер Бакиев президенттик шайлоого катышкан күндө да, ал 5-10 гана пайыз добуш алышы ыктымал, ал эми бурмалоо, шайлоону канабайрам кылып, боткосун чыгаруу жолу менен 60-70 пайыз кагаз жүзүндө жасап, "жеңдим" деп жарыялатып коюшу да толук мүмкүн. Бул жагынан акаевдердин, бакиевдердин тажрыйбасы чоң - деп мен эчен жолу жыйындарда, гезит беттеринде, радиодон айттым.
Мындай пикирде 100 миңдегендер бар экенине ишенем!
г) Өлкөдө 2 миллион 800 миңден ашык шайлоочу бар. Алардын жок дегенде 90 пайызы Бакиевдин экинчи мөөнөткө барышына "ЖОК!" -деп жооп беришет.
Кыргыздын Ногой, Шыгай, Манас бабалары көздүн карегиндей ыйык сактап келген, канын, жанын аябай коргоп, кийинки муундарга атамурас кылып узаткан бейиштей асыл жерлерин - Үзөңгү-Куушту, Каркыраны башкаларга кармата берген;
Аксыда күлгүн жаш эр-азаматтарды күнөөсүз аттырган; коррупциянын, уурулуктун деңгээлин жарым жыл мурда 186 өлкөнүн арасында 30чу, азыркы күндө 4чү орунга чыгарган, дагы аз убакытта 1чи орунга жеткире турган; кубаты эки өлкөгө жете турган ГЭСтери туруп, элди караңгыга каптатып, "тезек тергиле!" деп - бизди бүт дүйнөгө шерменде кылган; саясий куугунтукту, акылга сыйбаган кылмышкердикти кеңири тараткан, элди кедей, жакыр, Кыргызстанды туңгуюкка такаган Бакиевди, бакиевчилерди калайык калктын 90-95 пайызы "жоголсун!" деп нааразычылыгын ачык айтып, андан ары жек көрүп, ал түгүл тескери бата берип аткан элибиз "бакиевдер бийликтен шайлоого чейин кетсин!" деген талабын коюп, булар оодарылгандан кийин мамлекеттик жаңы, адилеттүү, эл үчүн башын сайып, жанын канжыгага байлап кызмат кыла турган бийликти, бийлик башына ыйманы таза, иш билги, Атамекенин чексиз сүйгөн мекенчил атуулдар келсе деп эңсеген элибиз кайратында, руху бийик.
д) Мен собол салган соң, телефон чалып, кат жазып ой-максатын даана билдирген, гезитке кат жиберген 92 адам болду. Андан 89 адам "ЖОК, ЖОГОЛСУН!" деди, 3 гана окурман "иштей берсин" деп айтты.
Демек, жалпы жамаатты аралап баамдаган тыянак менен 92 окурмандын пикири дал келип атат. Элдин 90-95 пайызы "бакиевдер бийликтен токтоосуз кетсин!" деген талабын коюда.
Элди иренжиткен үйбүлөлүк, ыплас бийликти кетирүүнүн бирден бир негизги шарты -"бириккиле!" деп калктын оппозициялык күчтөргө койгон талабы аткарылды, өткөн жылдын 24-декабрында Бириккен оппозиция, БЭК түзүлдү. БЭКтин негизги максаттары:
1. Бакиевдерди бийликтен оодаруу;
2. Бийлик башына мыкты топту алып келүү;
3. Мамлекеттик жаңы системаны - өлкөнү өсүү жолуна, улуттун кең келечегин камсыз кыла турган жолду куруу.
БЭКтин негизги максаттары элдин тарыхый мүдөөсүнө дал келет.
Президенттик шайлоодо эл негизинен экиге бөлүнөт - басымдуу көпчүлүгү бакиевдерге каршы, эл тараптагы талапкерлерге добуш берет; аз гана бөлүгү бийлик тарабында болот.
Шайлоону эл, байкоочулар көзөмөлдөп ала турган, элдин добушун уурдатпай сактап кала турган мыйзам жок. Ак үйдүн курчоосундагылар акжолчу-каражолчулардын колу менен мыйзамды буйлап, бурмалаганга ылайыкталып калган.
Шайлоону бурмалоо боюнча да бийликтеги шумпай, шылуун, шүмшүктөр Кыргызстанды эбак дүйнөдөгү алдыңкы орунга чыгарган.
Ошондуктан, эл, Бириккен оппозиция бакиевдерди шайлоого жеткирбей бийликтен жоготуу керек дейт.
"... Бийлик бутактарын баскынчылык жол менен үйбүлөлүк, кландашкан башкаруу системасы, криминалдашкан, коррупциялык жана саясий куугунтук менен башкарган бийликке мен, үйбүлөм, туугандарымдын атынан "ЖОК!" дейм... Элдин кызыкчылыгын ойлобогон мындай бийликке бир минута убакыт жок" деп жазат Жумакадыр Кутуев.
"Бул бийликтин айынан кор болгон, азап-тозогун тартып аткан элдин, өзгөчө жетим-жесирлердин, кары-картаңдардын, өз өлкөсүндө жери, үйү, жумушу жок, башка мамлекеттерде тентип жүргөн кыргыздардын убалы урсун" деп каргышын айтат белгилүү демократ аксакал Курал Усубалиев Таластан.
Кубанычбек Черикбаев: "Менин зайыбым - Дамира түш көрүптүр. Түшүндө Ак үй бүктөлүп, кыйшайып калыптыр. Курманбек Бакиев жылаңбаш дубалдын бир бурчунда бүрүшүп жалгыз отурат" дейт... Эсимде, 2005-жылдын февралында мага Жамиля атту эже телефондон "Топчуке, Акаевди жакында алып түшөсүңөр. Түшүмдө бир топ адам турабыз. Акаев үч-төрт жандоочулары менен атчан келип бизди ат менен жөөлөй баштаганда арабыздан беш-алты эр-азамат чыгып Акаевди аттан оодарып салды, анын башы чаңга кирип кетти!" - деген эле. Ал эженин түшү 2005-жылдын 4-24-мартында келди, Акаев чыккынчы болуп жоголду. Эми Дамира айымдын түшүндө көргөнү келет - Бакиев, анын шакирттери бүрүшүп дубал түбүндө калат!
Кыргыз эзелтен "түштө аян берет Теңир" деп ишенип келет. "Манаста" да түштө аян бергендер турмушка ашкан... Буйруса, азыр да ашат!
"Бакиев экинчи мөөнөткө калса элди ого бетер эңшерет!" деген ойду Ж.Зарылбеков, Т,Алымбеков, Т,Сагымбаева, Г.Абакирова, Г,Асанбекова жана ондогон адамдар айтты.
"Каршымын. Аябай кор болдук" - А.Алиева, С.Чыкеев, Н.Жусупбекова ж.б.
"Бакиевди шайлоого жакын жолотпоо керек!" деп Ө.Субажаев жалпы жамааттын пикирин жалпылайт. Мага телефон аркылуу айткан, кат жибергендердин көбү бул жерде аталбай калды, алардан кечирим сурайм.
"Үйбүлөлүк бийлик, тоталитардык диктатурага, саясий куугунтук репрессияга айланып барат" деген саясый куугунтукка каршы комитеттин корутундусун колдогондор да көп. Кыргызда кандай кыздын бетин кандай кыз тырмайт дечи эле. Анын сыңарындай, Петровкадагы айбандыкты өздөрү жаап-жашырып коюп, анан эл нааразы болуп чыкса "оппозиция күнөөлүү, Булекбаевдер уюштурду" деп айкырыкты салып 87 адамды кармап, камап, экөөнө кылмыш ишти жаба салып, соттоп, 2 айга камады.
Мына, бакиевдик бийлик жүзү, көп жүздүүлүгү! Президент "жергиликтүү бийлик күнөөлүү" дейт. Анын министри, каражолчулары күнөөнү оппозицияга жабуу аракетин кылат.
Мындай бийликтин шиши эбак толгон. Аны оодаруу мезгили келди!
Мекендештер, пикириңерди "Ачык саясатка" жазгыла.

Топчубек Тургуналиев - БЭКтин Саясий бюро мүчөсү, Саясый куугунтукка каршы комитеттин төрагасы.
Тел: (0772) 53-94-04,
(0543) 10-74-15