presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



III Курултайынан репортаж
Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" партиясынын лидери:
- 2005-жылы чоң үмүт менен көтөрүлүштү жетектеген адамдар "Бакиев эл алдында берген убадасын аткарбагандыктан, биздин үмүт акталбай, тилегибизге жетпей калдык. Ошондуктан, бул бийликти алмаштыруучу мезгил келди"- деп чечкиндүүлүк менен бир добуштан өз пикирлерин айтканы келип олтурушат. Мунун өзү Бакиевдин бүгүнкү бийлиги легитимдүүлүккө эл ишенимине ээ эместигин көргөзөт. Анткени, аны бийликке алып келген адамдар, туура эмес болгондугун, Бакиевдин алдап кеткендигин эл алдына бир нече жылдан бери айтып келе жатат.
Урматтуу мекендештер, биз Бакиевдин бийлигин алмаштырып, жаңы бийликти алып келсек дейбиз. Биз бул пикирибизди чечкиндүү айтып, убадабызды аткарганга күчүбүз жетет. Бакиевди башка кишиге алмаштыралы деп сунуштаганыбыз жок. Биз "адам эмес, заман тандаңыз"- деген лозунг менен шайлоого аттанып жатабыз. Бул чоң шайлоо эмес, бул элдик көтөрүлүш, элдик күрөш. Анткени, биздин өлкөдө таза шайлоо өтөөрүнө эч ким ишенбей калды. Шайлоо комитетинин төрайымы Клара Кабилова Кыргызстандын аймагынан качып кетти. Ал: "Мени Бакиевдин баласы өлтүрөм деди. Анткени, Жогорку Кеңештик, Бишкек шаардык Кеңештик шайлоону да алар өздөрү каалагандай өткөрүп жатат. Шайлоолор Бакиевдин үй-бүлөлүк бизнес долбоору болуп калды"- деп айтып, Кыргызстанды таштап качты.
Биз шайлоону адилет өткөрүш үчүн көтөрүлүп чыгып, шайлоону бурмалоого аракет кылган милицияга, сотуна, прокуроруна жана башка мамлекеттик чиновниктерге каршы тура алгандай болушубуз керек. Ошентсек гана Кыргызстандын келечегин камсыз кыла алабыз. Биз Алмаз Атамбаевдин талапкерлигин бирдиктүү талапкер деп тандап алдык. Анткени, бириксек гана жеңишке жетишебиз. Экинчи, талапкер катары ревкомдун сунушу менен экс-коргоо министри генерал Исмаил Исаковду алып чыктык.
Алмаз Атамбаевди чоң тобокел менен аттандырып жатабыз. Анткени, бул күрөш оор күрөш. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, партиялаштар биздин тандообузду, чечимибизди жер-жерлерге, аймактарга айта барсаңыздар. Биз бир адамдай биригип, чечкиндүү күрөшкө чыксак гана жеңишке жетишебиз.
Мен сиздерге күч-кубат каалаймын. Себеби, биздин ишенгенибиз эл. Эгерде эл колдобосо, биз өз максатыбызга жетпейбиз. Ошондуктан, сиздерге Кудай кубат берсин. Жеңиш биз менен болот!

Роза Отунбаева,
Жогорку Кеңештин депутаты:
- Урматтуу калайык калк, 2005-жылдын мартында шайлоонун 1-турунан кийин "Ата- Журт"- деген кыймыл чыгып, анын ичинде Д.Садырбаев, Ө.Текебаев, Б.Шерниязов, А.Мадумаров, И.Масалиев, А.Артыков жана башкалар болуп революцияга чыктык. Ошентип, 24-мартта Аскар Акаевди кетирип, анын ордуна Бакиевди манты жеп олтурган жеринен Азимбек алып келип олтургузуп койду. Аттиң ай, миң-миң деген элдин духун, алардын эңсегенин уурдатып, революциянын жемиштерин тепсеттик. Башкача айтканда, биз революцияны уттурдук. Мамлекетти Акаевдин клону башкарып калды. Коррупция жоюлмак тургай жүз эсе гүлдөп кетти.
Бүгүн биз Кыргызстандагы демократияны жөнгө салалы, жаңы заман, жаңы системаны алып келели деп чогулдук. Кеп Атамбаевде эмес, кеп жаңы заманда болуп жатат.
Атамбаев келсе бир гана мөөнөткө келип, көп нерсени өзгөртсүн. Ошондуктан баарыбыз Алмаз Атамбаевди колдоп, ишеним көрсөттүк.
Жаңы президент Кыргызстанды жаңы заманга, сабаттуулукка, дүйнөлүк цивилизацияга алып бара тургандай адам болуш керек. Алмазды ошондой адам деп, азыр эле жазуучулар тастыктап кетти.
Арашандан алыс эмес жерде Чыкем жатат. Анын биздин арабыздан кеткенине 1 жыл болуп калды. Ал кишиге эстелик тургузуу жөнүндө бийликтин ою да, аракети да жок болууда. Бишкектин көчөлөрүнө Чыкемдин аты коюлбады. Анткени, Азыркы бийлик Айтматовду ойлобойт. Маданиятты түшүнбөйт. Ошол эле учурда Бакиев өзүнө самолетторду сатып алууда. Жалаң Кыргызстандын ичине уча турган самолетту 16 миллион долларга алды.

Азимбек Бекназаров, Бириккен Элдик
Кыймылдын штаб жетекчиси:
- Биз бир адамды тандап, сиздерге сунуштап "президент кылып бер"- деп талап кылып жаткан жокпуз. Биз өзүбүздүн келечегибизди тандап жатабыз. 2005-жылдын 24-мартындагыдай катачылык кетирбейли, ошондогу кетирген жаңылыштыгыбызды оңдойлу деп жатабыз.
БЭК ошол максаттарга жетиш үчүн кандай иш-чараларды кылат.
Биз азыркы бийликке өтүнүчтөрүбүздүн барын цивилизациялуу түрдө айттык. Алар бизди уккусу да келбейт экен. Анын ордуна шайлоону мөөнөтүнөн мурда эртелетип, бийлигин дагы бир жолу узартып алганга аракет кылып жатат.
Ошондуктан, биздин алдыбызда бир гана жол болду. Булар менен колубуздан келишинче күрөшүп, азыркы бийликти алып түшүү үчүн элибиз менен бирге аянттарга чыгуу. Же болбосо, революциянын 2- этабына ылайык биротоло элдик бийлик орнотуу механизмин ишке ашыруу. Бириккен Элдик Кыймыл "бийлик 27-мартта койгон талаптарыбызды аткарбаса, 20-апрелден баштап акцияларбызды баштайбыз"- дегенбиз. Бул ошол акциялардын башталышы. Ушундай акцияларды, жакын арада ар бир облустарда өткөрөбүз.

Ирина Карамушкина,
Жогорку Кеңештин депутаты:
- Мен баардыгыңыздарды III элдик курултай майрамы менен куттуктап кетмекчимин. Кандай гана жакшы сөздөр айтылып жатат. Бүгүн Алмазбек Атамбаевди президенттикке сүрөп, ушул жерге чогулган элге ыраазычылык билдирем. Алмаз Шаршенович татыктуу талапкер, ал кыргыз элин жаркын жашоого алып келет деп ишенем. Эл ушинтип колдоп турса, биз сөзсүз жеңишке жетебиз!

Исмаил Исаков, "Жаңы Кыргызстан"
партиясынын башкы катчысы:
- Урматтуу Курултайдын катышуучулары, 2005-жылы ушул күнү мобу турган азаматтар жана сиздер менен Кыргызстанда үй-бүлөлүк бийлик болбойт. Кыргызстандын байлыгы кыргыз элине кызмат кылат. Ар бир Кыргызстандын жараны Кыргызстанда иштеп, ушул жерден бакыт-таалай таап, өз мекенинин баркын көтөрөт деген ойдо элек. Бирок, 4 жыл өттү. Андай болбой калды.
Биз өткөн катачылыгыбызды эске алып, бир күчкө биригип жаңы концепцияны алып чыгып жатабыз. Кеп Исаковдо, Алмаз Атамбаевде эмес. Кеп жаңы системаны колдойбузбу, ошондо. Ошол жаңы система үй-бүлөлүк кызматка жол бербейт, кылмышкерликти токтотот, мыйзамдуулукту орнотот, өлкөдө тартип болот. Кыргызстандын байлыгы кыргыз элине кызмат кылат деп үмүттөнүп жатабыз.
Эгерде келечегибиз кең болуп, жакшы заманда жашайлы десек, бул бийликти жоготуп жаңы системаны алып келебиз.
Келечек үчүн, калыстык үчүн, жаш муундар үчүн, Кыргызстандын бакыт-таалайы үчүн тикеден - тике туруп бериңиздер деп сиздерден суранамын!

Алмаз Атамбаев, БЭКтин президенттикке
таптап жаткан талапкери:
- Урматтуу агайын туугандар, апалар-аталар, эжелер-карындаштар, байкелер-инилер. Бата беребиз деп келгениңиздерге чоң ырахмат. Мына, биздин айылды көрүп турасыздар. Кандай сонун айыл. Бирок, Кыргызстандын бардык жери ушундай. Анан ушундай керемет жердин эли кор болуп турса, абдан өкүнүчтүү.
Жанатан бери таза шайлоо жөнүндө көп сөздөр болду. Анан, ойлойт экенсиң. Шайлоолордо элдин добушун уурдагандар, асмандан түштүбү, айдан келдиби же башка мамлекеттен келдиби деп. Алар деле биздин арабыздан чыккан, өзүбүздүн эле элдин уул-кыздары. Ошол адамдарга шайлоонун алдында эскертким келет. Капчык уурдамай, батинке уурдамай күнөө болсо, элдин добушун, келечегин уурдамай андан да оор күнөө. Ал адамдар тиги дүйнөдө да жооп берет. Бул дүйнөдө да жоопко тартабыз.
Мен жөнүндө ар кандай сөздөр, ушактар жүрдү. Бирок, алардын бардыгы ордуна келип жатат. Ошол эле досторум кайрадан мага ишеним көрсөтүп "алдыбызга туруп бер"- деп мени алдыга сүрөшүүдө. Албетте, мен үчүн бул абдан чоң жоопкерчилик. Кудайдан башка эч нерседен коркпойм. Бирок, ушул жоопкерчиликтен коркуп турам. Батаңарды берип, Кудай буйруп, Кудай колдосо ишенимиңерди актап берем.
Кыргыздын жакшы ыр саптары бар:
"Жоо келгенде чыкпаган, баатырлардан не пайда?
Калыс сөзүн айтпаган, карылардан не пайда?
Кең дүйнөнү көрбөгөн, көздүүлөрдөн не пайда?
Эли үчүн күйбөгөн, эр жигиттен не пайда?"
- деген.
Биз эл-журтубузду сүйөбүз. Элибиз үчүн керек болсо жаныбызды бергенге даярбыз!
Дагы бир жолу айтайын, Бакиевдин ордуна Атамбаев же Исаков келүү биздин башкы максат эмес. Биз Кыргызстанды мындан ары эч качан артка кетпегидей жолго салалы деп жатабыз.
Мен президент болсом, президенттин ыйгарым укуктарын кескин түрдө кыскартамын. Президент хан болбойт. Ал эли үчүн жөнөкөй кызматкер болуп, эл дегенде жанын бериш керек.
Ушул эл алдында турганда ант бергим келет. Көк асман алдында, мөңгүлүү тоолордун алдында, элимдин алдында, Кудайдын алдында эл үчүн иштеп берем. Эч качан элимди алдабайм, эч качан элимди сатпайм. Жашасын элим, Кыргызстаным! Убада берем!
Гүлниза МОЛДОКУЛОВА








??.??