presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Бириккен Элдик Кыймылдын
25- апрелде Бириккен Элдик Кыймыл Алмаз Атамбаевдин киндик кан тамган жери Арашан айылында үчүнчү улуттук "Ынтымак" курултайын өткөрүштү. Бул курултай жогорку деңгээлде өттү деп айтууга негиз бар. Ачык асман, таза аба, асман тиреген тоолордун астында өткөн курултайды чагылдырабыз деп келишкен, (чындыктан "чыңырып, өлүп берчүүдөй" болуп корккон )"УТРКнын" журналистери баштаган жергиликтүү жана чет элдик журналисттердин мурунку курултайларга салыштырмалуу бир топ көп болгондугу эмнени каңкуулайт? Демек, бул кезектеги курултайдын мааниси кыргыз элине гана эмес, башка элдерге да маанилүү дегенди түшүндүрөт, десек туура болчудай. Өзгөчө бул курултайдын биздин элге болгон зор маанилүүлүгүн мындан билиңиз. Курултайда сөз сүйлөп, ажолукка ат салышып жаткан Алмаз мырзага бата берүүгө Кыргыз Республикасынын Баатырлары баш болгон, маданият тармагынын жоон топ өкүлдөрү келишти. БЭКтин лидерлери бул жолу эл алдына өздөрү биринчи чыгып сүйлөбөстөн, Сүйүнбай аксакал баштаган аксакалдарга сөз беришти.
Курултайды элдин сүйгөн ырчысы, "Туңгуч" театрынын мүдүрү, Асылбек Өзүбеков элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан шаңдуу ырларынан бир, эки "шиңгил" ырдап ачып берди. Биз ошол курултайдын башында сөз сүйлөшкөн маданиятыбыздын жүзү болушкан инсандарыбыздын сөздөрүнөн ( кыскача) окурмандарга тартуулайбыз.

Сүйүнбай Эралиев,
Кыргыз Республикасынын Баатыры:
"Алмаз, кыргыз элин сүйөт"
- Кымбаттуу кыргыз калкым! Бүгүн биз ушундай куттуу күнү, кыргыздын дагы бир эң сонун жерине ушунча көп эл чогулуп алып, улуттук курултай өткөзүп жатканыбыздын өзү жакшы. Бул жерге ажолукка Алмаз Атамбаевди шайлайлы деп жыйналып жатабыз. Кудай ушул тилегибизге жеткирсин! Бул ишти ылайым ылаа кылсын. Мен ушул иш- чарага өзүм абдан кубанып турам. Атамбаевди кыргыз жазуучулары эң жакшы көрөт. Ал өзү да жазуучу. Бизде "литературный фонд"-деген бар. Жазуучуларды чарбалык жактан тейлей турган жай. Алмаз ошол фондду 20 жылдан бери жетектеп келет. Ушул жерде жакшынакай булактын түбүндө биздин "Арашан"- деген үйүбүз бар. Ошол эс алуу үйүнө Алмаз жаз, күз жүздөгөн жазуучуларга бекер жолдомо берет. Ушундай татаал шартта жашап жатканда, бул иш ар кимдин эле колунан келе бербеген иш. Анткени, Алмаз кыргыз элин сүйөт. Эл дегенде жанын берген, ичкен ашын жерге койгон, элге карамдуу, жүрөгү ак адам. Ошондуктан аны баарыбыз сыйлап, баарыбыз урматтайбыз. Алмазды дүйнө эли да жакшы билип калды. Себеби, ал өкмөт башчысы болуп иштеген инсан. Эми Алмаз мырза президент болуп шайланса, кыргыз элинин "атасы" болуп калат да. Мен Алмазга Манас атабыздын атагын, эрдигин, кайраткердигин каалайм! Бакай атабыздын акылмандыгын, элди сүйгөн мээрмандыгын каалайм! Ушул улуу бабаларыбыздын арбак-касиети колдосун! Алдыда келаткан президенттик шайлоодо башына бак конуп калсын деген тилекти айтам. Ушул тилектерибиз ишке ашсын, Омиин!

Сооронбай Жусуев,
Кыргыз Республикасынын Баатыры:
"Кудай биздин тилегибизди кабыл кылсын"
- Мен да, Сүйүнбай Эралиев айткан тилектерге кошулам. Алмаз менен биз көп жылдан бери жакшы таанышпыз. Алмаз жаш кезинде кыргыз жазуучуларын чыгармаларын орус тилине, орус жазуучуларынын чыгырмаларын кыргыз тилине абдан чебер которуп жүргөн убакта, аны биринчи таап келип, Жазуучулар союзуна мүчө кылган ушу Сүйүнбай Эралиев болгон. Мындайча айтканда, Алмазды, Эралиевдин кадры деп айтсак болот. Биздин тилектеш, калемдеш инибиз Алмаздын президенттике эң негизги талапкер болуп сунушталып жатканына биз абдан кубанычтабыз. Алмаз кыргыз элине көп жакшылыктарды кылган инсан. Жогоруда Эралиев белгилеп кеткен жакшылыктары, кыргыз эли үчүн дагы аз болушу мүмкүн. Бул жигиттин элге жасай турган эң чоң жакшылыктары алдыда жатат деп ойлойм. Эми кайрадан президент болом деп, Курманбек Бакиев дагы талапкер болуп жатат. Шайлоого биринчиден эл тараза. Элден өткөн даанышман жок. Кимиси элге жакын болсо, ошол адам президент болуп шайланат. Баардык ат салышып жаткан талапкерлердин ичинен ылайым эле Алмаз инибиз биринчи болсун! Кудай биздин тилегибизди кабыл кылсын.

Бексултан Жакиев,
Кыргыз эл жазуучусу:
"Биз элдик инсады шайлашыбыз керек"
- Азыр, ач көз эл башкаруучулардын бийликке келгенинен улам, "балык башынан сасыйт" дегендей, дээри мыкты, пейли кенен, ыймандуу элибиз дагы ошолорду ээрчип олтуруп пейлин, ыйманын жоготуп бүттү. Азыр дүйнөкордук жолго түштүк. Бизде идеология жок дейт. Жок эмес, бар. Азыркы идеологиябыз: "акча, ал, жут, тоно"- деген идеология. Адилеттү киши бийлик башына келсе, кыргыз эли бул жаман адатынан арылып, кайрадан оңолуп кетет эле. Дүйнөкорлугун унутат. Дүйнөкорлук өтө жаман оору. Дүйнөкорлук болгон жерде, эл өтө өзүмчүл болот. Ал эми өзүмчүл элде биримдик болбойт. Биримдиги жок эл, акыры жүрүп жоголот. Биз ушул коркунучка барбаш үчүн, шайлоодо эл- жер үчүн канын -жанын аябаган, элдик инсанды шайлашыбыз керек. Кыргыз деген улуу эл экенин аныктай турган азаматтын президент болуп шайланышын күтүп жатабыз. Ошондойлордун бири, бул- Алмаз Атамбаев. Алмаздын "башын канжыгага байлап" чоң шайлоого аттанып жатканын кыргыз эли колдош керек.

Жоомарт Кыдыралиев,
Кыргыз эл сүрөтчүсү:
"Алмаз мырза, алмаздай курч болсун"
- Агайын-туугандар, баарын коюп Манасты айт дегендей, биз эч качан Кудайды, арбактарды унутпашыбыз керек. Биздин Курултай Кудайга да жагып турат. Күн да жаркырап, сонун тийип, баарыбыздын көңүлүбүздү көтөрүп турат. Азыр курултайды толугу менен КТР тартып жатат. Бирок, бул курултайды КТР көрсөтпөйт. Муну тарыхка сактап гана коет. Мен ушу пайгамбар жашына келген куракта, адамдык жолдон тайгым келбейт. Чындыкты айтышыбыз керек. Алмаздын Алмаз аты, атына заты жарашып, ылайым Көкө- Теңир колдосун! Алмаз мырза, алмаздай курч болсун! Кыргыздын үмүтүн актасын!

Майрамкан Абылкасымова,
Кыргыз эл акыны:
"Алмазды мен бала кезинен бери билем"
- Биз жыйырма жылга жакын эркиндикке келдик деп, өз билгенибизди кылып, бөлүнүп-жарылып да көрдүк. Бул адатыбызды артка калтырбасак болбойт. Эми чынданып биримдикке келбесек, анда бизге мындан да кыйын болуп калат. Башка элдер көз салып турат, "булар дагы начарласа, басып алалы"-дешип. Ушуну ойлонушубуз керек. Бул улуттук идеология болуп эсептелет. Улуттук идеологиябызды тактап, аны көтөрүп чыгышыбыз зарыл иш.
Алмазды мен бала кезинен бери билем. Адамкерчиликтүү, иштин көзүн таба билген инсан. Мен эми акын болгондон кийин төрт сап ыр окуп кетейин:
Душманыма таштай катуу турамын
Күнөө кылбайм, чөгөлөбөйм эч кимге.
Сен барыңан мен ушундай Ата- Журт,
Сен жок күнгө тирүү бойдон жеткирбе!
Элибиз илгертен жоокер, баатыр эл болгон. Чачылбайлы,чабылбайлы, ойлонолу туугандар. Ынтымагыбызды күчөтөлү. Шайлоодо жаңылбай татыктуу инсанды шайлап алалы.

Гүлсайра Момунова,
Кыргыз эл акыны:
"Бул бийликтин тамыры бош"
- Мен да, бул курултайга калыстык сөзүмдү айтканы келдим. Бийликте олтургандар элин бага албаса, элин тентитип жиберсе, андай бийликтин тамыры бош болот. Алмазды эң негизи талапкер катары президенттике сүрөп жатканыбыз жаңылыштык болбойт деп ойлойм. Алмаз элдин турмушун оңдоп кетүүгө милдет алып жатканы, ага берилген чоң жоопкерчилик. Мындан бир канча жыл мурун Ч. Айтматов Жазуучулар союзунун төрөгалыгынан кетип жатканда, ордуна Алмазды сунуштаган. Биз ал улуу инсандын сунушуна бир ооздон макул болгонбуз. Анткени Алмаздын ишти жогорку деңгээлде алып кете тургандыгына баарыбыздын көзүбүз жетчү. Бирок, Алмаз ал "бийликтен" баш тартып: "мен андан көрө, бизнес менен алектенип, элиме жардам берип, силерди колумдан келишимче багайын"- деп сөз берген. Ал сөзү талаада калган жок. Алмаз убадасын так аткарган, жоопкерчиликтүү жигит. Жүрөгүндө калыстыгы бар азамат. Алмаздын кыргыз элинин жүгүн көтөрүп кетээрине мен толук ишенем.

Булардан башка дагы бир топ кыргыз элине таанымал инсандарга сөз кезеги тийбей, тирибунадан кайрадан "топурап" түшүштү. Себеби, бул "кыскартуу" алдыда, жети дубандан келишкен делегаттар, БЭКтин лидерлери жана башка дагы эл алдына чыгып сүйлөйбүз дегендер өтө көп болгондугна байланыштуу болду. Калган маданият кызматкерлери сөз сүйлөшпөй, "арманда" калышкандай эле болду окшойт. Чындыкты айтуубуз керек. Кыргыз элинин сыймыгы болушкан бул инсандарыбыз курултайдын көркүнө көрк кошуп берди. Курултайга үчүнчү бир эл баатырыбыз Төлөгөн Касымбеков дагы барган. Бирок, ал аксакалыбыз ден соолугуна байланыштуу, эл алдына чыга албай, боз үйдө олтурду. Дагы бир айта турган нерсе, Алмаз мырзанын маданият кызматкерлерине да (өзгөчө жазуучуларга) ачык далили көрүнүп калды.
Айбек Шамшыкеев









??.??