ТҮЗ ЖҮРҮП, АЧЫК АЙТКАНДАР -
АЙМАКТЫН ЭЛИ
БЭКтин 3-курултайында Бакиевдик бийликтин кетирип жаткан каталарын аймактардагы эл - журт өздөрү айтып беришти. Бийликтин жыйынына окшоп, пикир айтуучулар алдын ала даярдалган жок, ошол жерден аймактардын өкүлдөрү өздөрү макулдашып сөз берип жатышты.

Баткен областынын делегаттарынын атынан экс-депутат Т. БАЛТАБАЕВ элге "Шайлоого -Бакиевдерсиз" деген ураанды дагы бир жолу жар салды. "Бакиев тууганыбыз, бирок чындык андан да артык" деп эскертип ал элди биригүүгө, берген добуштарды сактап калууга чакырды. "Ата Мекендин" Баткен областы боюнча жетекчиси А.ИМАРОВ 27-марттагы жалпы республикалык акция Баткенде бийликтин эбегейсиз бут тосууларынан өтпөй калгандыгы үчүн элден кечирим сурады. Кийинки сөзүндө ал Бишкектен миң чакырым алыста турган Баткенден келген делегаттар бул жакка бийликтегилерге окшоп Ала Тоо аянтында "Андижан бийин" бийлөөгө, жашыруун аялынын үйүнө жатып чыгып, саунага түшүүгө, манты жеп, пиво ичүүгө келбегендигин, алар Бакиевдин бийлигин кулатууга аттанып жаткан БЭКтин талабын бир добуштан колдоо үчүн келишкендигин жалындуу сөздөр менен айтты. И.Исаковдон "Жаңы Кыргызстан" партиясынан кетүүсүн суранып, шайлоодо Атамбаев жеңсе, эл Текебаев, Исаков жеңди деп түшүнөөрүн эскертти.

Жалал-абаддыктардан эң алды сөз алган Т.ТУРГУНАЛИЕВ "Бакиевдерди шайлоодо оодарып түшүүгө даярбызбы?" деген ураан таштады эле кылкылдаган эл "Даярбыз"-деп өзөн жаңыртып жооп кылышты. Элге Токтогулдан келген Жолчу АСАНБАЕВдин курч сөздөрү жакты. Ал "Атамбаев убагында Куловду, Чүйдүн экс-губернатору Кулмырзаевди, КТР мүдүрү Эшимкановду колдоп жүргөн, бирок алар аны аягында сатып кетти" деп айтты. БЭК кабыл алган чечимди ал "туранчаак чүкөңдү сака кыл, тыңыраак иниңди ака кыл" деген макал менен байланышта карап, БЭКке далысын салып жаткан оппозиционерлерди да сындап өттү.

Ош областы жана Ош шаарынан келген делегаттарды экс-депутат Сооронбай Жээнбеков башкарып, сахна толгон эл арасында Б.Бешимов, А.Эркебаев, И.Исаков, А.Жээнбеков, А.Артыков, Д.Чотонов өңдүү БЭКтин активисттери жүрүштү. Элге айрыкча Ош техникалык университетинин кафедра башчысы Абдымалик САТЫБАЛДИЕВдин сөзү таасир калтырды. Эки бутунун оорукчан экендигине карабастан ал атайы 3-курултайга жол арытып келип, азыркы бийликти кеч болуп кала электе алмаштыруу керектигин айтты."Эл добушту берери турган иш, бирок негизги көңүл ошол добуштарды коргоп калууда турат"-деди ал.

Нарын областынын делегаттары да Курултайга уюшкандыкта келишти. "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери А.Жекшенкуловдун абакта камалып жатышына байланышкан саясий плакаттар көпчүлүктүн назарында турду. Кочкордон келген Кемел БАЙТЕРЕКОВ "Каркыраны кармата берип, пансионаттарды саткан төбөлдөрдү Ак үйдүн кайсы кычыгынан болсо да сууруп чыгабыз, өмүр бою соолбогон Нарын дарыясынын суусун соолткондордун өздөрүн соолтобуз" деп элдин духун бир топ көкөлөтүп койду. "Катардагы киши эмес, депутаттарды уурдап, ошол эле депутаттарды ит аткансып атып, журналисттерди бычактап, уруп-токмоктогон канкорлорду кармай албаган бийликтин элге эмне кереги бар" деди карыя. Нарындык жаш төкмө акындын ырлары болсо жалаң эле Нарын эмес, бүтүндөй Кыргызстан элинин көйгөйүн көзгө сайгандай айткандыгы үчүн улам-улам кол чабуулар менен коштолуп жатты.

Таластан барган делегаттарды белгилүү акын, Байдылда атындагы эл аралык сыйлыктын ээси Тургунбек БЕКБОЛОТОВ баштап чыкты.
Намыс барбы? Кана көрөйүн,
Намысы жок элбиз дебейин.
"Мен - кыргызмын" дейин мактанып,
Намыс үчүн өлүп берейин, -деп өз ыры менен баштап, кеп кезегин жазуучу Э.Отунчиевге берди. "Арашан айылы Бишкектин үстүндө турат, демек президенттик шайлоодо да эл үстүндө, Бишкек астында болсун" деген орундуу салыштыруусуна эл кол чаап жиберди. А.Атамбаев менен ал Москвадагы М.Горький атындагы адабият курсунда таанышкандыгын, анын жан дүйнөсү назик экенин белгиледи. "Ата Мекен" партиясынын областтагы лидери К.Курманалиева БЭКтин чечимине ылайык бирдиктүү талапкер А.Атамбаевдин жеңишин камсыз кылуу үчүн бардык кыргызстандыктарды биригүүгө чакырды. Эл ырчысы С.Момбековдун саясий ыры адаттагыдай эле бийликтин ашмалтай иштерин айгинелеп жатты.

Кезек Ысык-Көл областынан келген делегаттарга берилди. Алардын өкүлү С.УРМАНАЕВ өз сөзүн "мындан туура бир жыл мурда Каркыраны казактарга берүүгө каршы Түптө башталган нааразылык акциясына баргандарды жумуртка менен урдуртуу бийликтин шермендечилиги" деп баа берди. Көлдүн экинчи бир өкүлү, экс-депутат Э.АЛЫМБЕКОВ ошол шермендечиликтен кийин кыргыз элинде башталган мындай адепсиз жорук үчүн жүрөгү ооруп жүрүп каза болгон депутат Д.Садырбаевдин арбагынан, элден кечирим сурады. Балыкчы шаарынан, Ак-Суу районунан сүйлөгөн өкүлдөр Кыргызстанда жаңы президент эмес, жаңы системаны шайлоо керек экендигин айтышты.

Элдик 3-курултай Чүй жергесинде өтүп жаткандыктан бул областтан эки карыя чыгып калың журттан алдыдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишели деген бата тиледи.
Ушундан кийин эл алдына ЖКтин учурдагы жана мурдагы депутаттары, март революциясынын жер-жерлердеги активисттери чакырылып, алар кезектешип сөз алып жатышты.
Машакбай РАХМАНКУЛОВ