Саясий бейне

Адахан Мадумаров президент болобу?
Адахан Мадумаров 1995-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп шайлангандан 2005-жылы бийлик алмашканга чейин кары-жаш дебей жалпы кыргыз элинин сүймөнчүгү болуп келген. 24-март төңкөрүшүнөн кийин Курманбек Бакиевдин командасында вице-премьер-министр, мамлекеттик катчы, парламент спикери, Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп, айтор, мамлекеттик бийликтин жогорку эшалонунда жооптуу кызматтардын биринен-бирине секирип жүрөт. Азыркы бийликтин калк ичиндеги кадыры кетти. А бирок, А.Мадумаров мурдагы сүймөнчүктүгүнөн биротоло ажырап кала элек. Карапайым калк ичинде аны жакшы көргөндөр, ал тургай, "президенттикке ушул жарайт" дегендер дале жетишерлик.
Адахан мырза чындап эле президенттикке татыктуу лидердин бириби? Бул суроого так, туура жооп табуу үчүн анын "саясий тарыхына" үңүлүп көрөлүчү.
Ал кездеги жөнөкөй, жаш, кембагал теле-журналист А.Мадумаров 1995-жылкы парламенттик шайлоодо "буудай кууруган тилинин", чукугандай сөз тапкан чечендигинин аркасында депутат болуп шайланган. Ошол шайлоодо милициянын бир генералы баш болгон капчыгы калың "чоң" адамдар Куршабдан А.Мадумаров менен ат салышкан. Эл менен жолугушканда алардын баары: "Мен өзүңөрдүн кулунуңармын. Мени шайлагыла" деп кайрылат имиш. Ошондо жаш Адахан: "Булар дале кулун болуп жүрсө, чоңоюп ат болуп, элге кызмат кылгыча качан? А мен ат болуп калгам. Жүк артсаңар көтөрөм, кызматыңарды кылам" деген экен. Ошол сөзү менен эле шайлоочулардын көпчүлүгүн өзүнө тартып алыптыр... Мына ушундай чечендик шыгы менен ал парламент трибунасына келгенде тез эле элге алынып, сүймөнчүк болуп кеткен. Ошол таланттын аркасында 2000-жылы да оңой эле депутат болгон. А бирок, 2005-жылкы парламенттик шайлоодо Оштогу "күркүлдөрдүн" бири Мамат Орозбаев менен таймашканда ал үчүн чындап "проблема" жаралган. Адахан мырза эл менен жолугушууда өзүнүн бай атаандаштарын кыйытып: "Мына силерге көөмүш саан уйларды жетелеп келдим. Каалагандай саап иче бергиле" дегендей кеп айткан экен, атаандаштары да бош келбей: "10 жылдан бери кысыр калып, сүт бербеген уйдун кереги не?" деп "мат" кылган имиш... Кыскасы, ошол шайлоодо А.Мадумаров Мамат Орозбаев менен "ит жыгылыш" болуп, соттошуп-оттошуп жүргөнү белгилүү. Сыягы, "революциячыл" жаңы бийликтин колдоосуна таянып, депутаттык мандатка жетти көрүнөт.
Адахан Мадумаровдун жогорудагыдай тапан, "эл семирсе, анан семирем" дегендей эл үчүн "өпкө-боорун чапкан" сөздөрү көпчүлүктүн эсинде. А бирок, ошол сөздөрүн иш менен бекемдеп, эл, мамлекет үчүн бир өрнөктүү иш жасагандыгы эч кимдин эсинде жок. Болбосо, жаңы бийлик келгени ага жетишерлик мүмкүнчүлүктөр берилди. Тилекке каршы, ал мамкатчылыктан кетип, "Ак жолдун" тизмесинин биринчи катарында парламенттик шайлоого катышып жатканда: "Мен, эң негизгиси, улуттук идеологияны түзүп койдум" дегени сыяктуу "оозу менен орок оргондон" өйдө көтөрүлө албай келатат.
Ага карабастан, Адахан мырза да "Кыргызстандын президенти болсом" деген кыял, саясий амбиция жок эмес. 2005-жылкы президенттик шайлоонун алдында "эски досу" Данияр Үсөнов экөө Бакиев-Кулов "тандемине" каршы "Мадумаров - президент, Үсөнов - премьер-министр "тандемин" түзүп, президенттик шайлоого катышабыз деп пресс-конференция бергени көпчүлүктүн эсинде болсо керек. А кийин, президент Бакиев Германияда дарыланып жаткан кезде "күбүң-шыбың" кыла коюп, Жогорку Кеңештин төрагалыгынан да "президенттик амбициясынан" улам ыргыган деп жүрүшөт. Чамасы, эми Данияр досу экөө ат башындай амбициясын Курманбек Бакиев бийликтен кеткенче ноктолой турууга аргасыз болушат окшойт.
Ак үйдө азыр бийлик, байлык бөлүштүрүүдө таасир талашкан үч-төрт өзүнчө топ бар имиш. Анын бир тобу Мадумаров, Үсөнов ж.б. лардын тобу экен. Маркум Медет Садыркуловдун президенттик администрация жетекчиси кызматынан кетишин ушул топтун жеңиши менен түшүндүргөндөр да болгон.
А.Мадумаровдун бой көтөрмө, керсейме мүнөзү аны жакындан билгендерге мурда эле белгилүү болчу. Бийликке аралашкандан бери дагы бир сапаты айгине болду. Көрсө ал кошомат айтып, көшөкөрлөнгөндү деле жакшы билет экен. Университеттен алган адистиги тарыхчы делгени менен, тарыхты терең билери сүйлөгөн-эткенинен эле арсар болуп турат. Ток этерин айтканда, интеллекти чектелүү.
Саясатчы деген кайсы бир саясий идеологияны тутунуп, ошону ишке ашыруу үчүн күрөшкөн адам болушу керек. А Адахан мырзаны кайсы бир саясий көз караш, идеологиялык принциптерди карманат деп айтыш кыйын.
Кокус ал келечекте "президент болом" деп олтурулуп чыгып калса, сөзгө чечендиги менен карапайым калктын кайсы бир бөлүгүн өзүнө имериши мүмкүн. Анткени, карапайым калк саясатчынын салмагын, деңгээлин терең иликтеп, так таразалай албай, ошон үчүн курулай сөзгө ишенип, ээрчип кеткен учурлар көп эмеспи. Бирок, саясий лидерлерди тегерегине топтоп, элитадан колдоо табары күмөндүү. Ал тургай, "кан досу" Данияр Үсөнов да колдойбу, ким билет?..
Мирлан Токтошев




 "Оптимисттик трагедия"

Э.Ибраимова партиясын "ак жолтой" кылабы?
Оппозициялык маанайдагы бир топ кыргыз тилдүү гезиттер, ж.б. ЖМК өзгөчө маани берип, жарыя кылганына караганда, "Ак жол" партиясынын төрагасынын орун басары Элмира Ибраимованын президент Курманбек Бакиевге, "Ак жол" партиясынын мүчөлөрүнө расмий кайрылуусу өткөн аптадагы өзгөчө маанилүү саясий окуялардын бири болду көрүнөт.
"Ак жолдун" тизмеси менен депутат болуп, Жогорку Кеңеште ошол партиянын фракциясын жетектеген, андан соң, вице-премьер-министрлик кызматты аркалап, президенттик администрация жетекчилигинен Медет Садыркулов аргасыз отставкага кеткенден кийин ал кызматын өз эрки менен тапшырган Э.Ибраимова чындыгында эле эрдикке тете иш жасаптыр. Бирок...
"Ак жолдун" "жолбашчыларынын" бири Э.Ибраимова кайрылуусун "... кризис чулгап алган 2007-жылдын күзүндө мен өзүмдүн башка ондогон партиялаштарым сыяктуу эле Конституцияга, өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө колдоо көрсөтө турган коомдук кыймылды түзүүгө катышуу тууралуу чечим кабыл алгам. Кийин ушул кыймыл "Ак жол" саясий партиясына өсүп чыкты" деп баштап, "... бийликке жетүүгө эмес, өлкөнү өнүктүрүүгө бекем бел байлап киришкен бир нече саясий партиялар жана саясий топтор жаңы саясий негизди, жаңы саясий партияны түзүшүп, аны бийлик партиясы дебестен, элдик партия аташкан" деп "Ак жолдун" түзүлүш максатын түшүндүрөт. "Элдик" партиянын "апакай" максатта туулганын ал: "... биз бийлик айкын демократияны, коррупциялык системаны жок кылууну, адеп-ахлактык жана руханий жактан жогорулоону, кадрларды тазалоону жана жаңылоону камсыз кылууга тийиш деп ойлогонбуз. Биздин бардыгыбыз 2005-жылдын мартында алынган сабактан улам, бийлик оңолот деп ишенгенбиз" деп андан ары "бекемдейт".
"Бирок, андай болбой калды" деген бүтүмгө келген "ак жолчу" Э.Ибраимова партиянын "лидери", өлкөнүн президенти К.Бакиевге жана жалпы партиялаштарына "элдин берген суроолоруна жооп берүү өтүнүчү менен кайрылып жатамын" деп, бүгүнкү коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жагдайга байланыштуу 6 суроону алдыга жаят. Биринчи катарда албетте: "... эмне үчүн өз өлкөбүздө өзүбүздүн жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кыла албай жатабыз, эмне үчүн көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер жана саясатчылар табышмактуу жагдайларда курман болуп, парламент депутаттары дайынсыз жок болуп жатышат?" деген суроо коюлуптур. Башка суроолорун айтпаганда да: "мамлекеттик органдар Ак үйдөн башкарылбай калды, өлкөнүн улуттук таламдары үй-бүлөлүк бизнестин таламдары менен алмаштырылды деген суроолорго бийлик эмне деп жооп берет?" деген акыркы суроосу эле эмне деген коңгуроо? Эрдикке тете иш дегенибиз ошондон.
Кыргыз тарыхындагы өмүрү өрнөк делген мамлекеттик ишмерлердин бири Султан Ибраимовдун кызынын бул кайрылуусу мүмкүн бийликти "безге сайып", кыжаалат кылып жаткандыр. А бирок, кайрылууда көтөрүлгөн маселелерди туура түшүнүп, айыбын моюнга алып, оңдоого аракет кылаарына азыр апенди эле ишенбесе...
Тескерисинче, кайрылуу "өздөн чыккан жат жаман" катары кабылданат. Демек, Э.Ибраимованын койгон суроолоруна президент жооп берип отурмак беле?!
Эгерде Элмира айымды чындап эле "элдин суроолору" санаага салып жаткан болсо, конституциялык укугубуздан пайдаланып, биз эле жооп берип койсок кантет?
Ар кандай иштин натыйжасына баа берүү үчүн анын башталыш, башатына кайрылууга туура келет. Өзүнүн "Ак жол" партиясына киргендигин Э.Ибраимова "Конституцияга, өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө колдоо көрсөтө турган коомдук кыймылды түзүү" менен түшүндүрүп жатпайбы. А чындыгында Э.Ибраимованын "партиялашы" М,Садыркуловдун "ашкан уюштуруучулугу" менен 2007-жылдын күзүндө демократиялык өң-түспөлү бар мурдагы Конституция жокко чыгып, үй-бүлөлүк бийликке жол ачкан жаңы Конституция кабыл алынбады беле?! Азыркы бийлик ошол Конституциянын нускоосу менен жеке үй-бүлөлүк үстөмдүгүн чыңдады. Ошол үй-бүлөлүк бийликтин бекемделиши жана Ак үйдүн 7-кабатындагы айрым "мамлекеттик ишмерлердин" мамлекеттик эмес кызыкчылыгы үчүн "Ак жол" деген партия түптөлдү. Муну Э.Ибраимова туйбай калган болсо да, өлкөдөгү эркин ой жүгүрткөн, активдүү адамдардын баары убагында эле айтып чыгышкан. Анан түштөн кийин кайдагы "Конституцияга, өнүгүшкө колдоону" кеп кылып жатабыз?
"Ак жол" адеп түптөлгөндө эле Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигине кызмат кылган атка минерлер, ошол үй-бүлөлүк бийликтин куралы болгон "Адилет", "Менин өлкөм", "Алга, Кыргызстан" сыяктуу саясий партиялар өзөгүн түзбөдү беле? Бул убагында бешиктеги балага деле белгилүү болгон маалымат. Анан кайдагы "өлкөнү өнүктүрүүгө бекем бел байлап киришкен бир нече саясий партиялар жана саясий топтор" жөнүндө сөз болуп атат?!
Убагында көпчүлүк "Ак жолдун" түзүлүшүн акаевдик "Алга, Кыргызстан" партиясынын атын өзгөртүп, жаңы тон жамынышы катары эле кабыл алган. Ошол "Алга, Кыргызстан" өлкөнү аңга түртүп, ошонун айынан 2005-жылдагы март төңкөрүшү болбоду беле?! А эми Э.Ибраимова 2005-жылдын мартынан алынган кайсы сабакты айтып жатат?
Элмира Ибраимованын кайрылуусуна карап, бу саясатчы "билип туруп билмексен" болуп турабы, же чындап эле ушундай баео адамбы деген собол туулат. "Партлидер" өз кайрылуусун: "... мен "Ак жол" партиясынын ар бир мүчөсүнүн турмуштук позициясына жана ар-намысына таянамын. Чечим кабыл алууда "Ак жол" партиясынын ар бир мүчөсү өз абийирине жараша иш кылат, ал эми партиянын өзү өлкөнүн таламдарын жетекчиликке алат деп ойлойм" деп оголе оптимисттик маанайда тамамдаганы да ага айгак болуп турбайбы? А кайдагы позиция, кайдагы ар-намыс, абийир? Партия мүчөлөрүнүн ичиндеги андай ар-намыс, абийир кечээ эле "Бакиевдин бир туугандарын Кыргызстан бага албайт"-деп кыйкырып жүргөн Кабай Карабековдон табылып жүрбөсүн? Мүмкүн, андай ар-намыс өзүнүн "ажыт атасы" М.Садыркуловдун табышмактуу өлүмүнө байланыштуу "эмне болду?"- деп сураганга жарабай, президенттин экинчи мөөнөтүнүн камын көрүп жүргөн Зайнидин Курмановдун колунда го? Эгерде партиялаштарынын катарында чын эле ар-намыстуулар бар болсо, кыйын кезеңде аял башы менен Э.Ибраимованы жалгыз таштабай, анын кайрылуусуна жок дегенде бир-эки эркеги кол коюшуп коет эле да, туурабы?
"Атка мингенде эле ээрге кыйшык отурган" деп коет кыргыз. "Ак жол" партиясы дагы адеп "ээрге отурганда" эле "кыйшык" отурган. "Курманбек Бакиев бийликтен кеткен күнү жок болот" деп, ал тургай коомчулук бул партиянын келечек тагдырын деле аныктап койгон.
Айрымдар азыр Э.Ибраимованын кадамын партиянын ичиңдеги ыдыроо, биримдик, ынтымактын кетишинин белгиси катары баалап жатышат. "Мурдуң болсо, чимкиресиңби?" дегендей, биримдик мурдатан бар болсо анан ыдырайбы, же?.. Кадыресе партия кандайдыр бир жалпы идеологиянын тегерегинде биримдикке келип, ошол идеологиялык принциптердин негизинде кармалып турат. А "Ак жолду" ошондой кадыресе партия катары кароого болобу өзү? "Ит каба электе эле өңү сары" эмес беле...
Бакы Кадырбердиев