presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз Республикасынын Президенти Бакиев Курманбек Салиевичке
Кыргыз Республикасынын Генералдык Прокурору Элмурза Сатыбалдиевге
Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министри
Конгантиев Молдомуса Ташполотовичке

Кайрылуу
Урматтуу Курманбек Салиевич!
Мен сизге Кыргыз Республикасынын конституциясынын жараны катары газета бетинен кайрылууга аргасыз болуп отурам. Ушул кайрылуумду окуп мага Кыргыз мамлекетинин жараны катары менин башыма түшкөн кайгыга жардам кылат го деген үмүтүм зор. 2008-жылдын 12-декабры менин үйүмө орду толгус жоготууну алып келди. Каргашалуу ошол күнү болжол менен кечки саат 20лар чамасында менин өмүрлүк жолдошум Абдрахманов Дөөлөсбек Переписович Бишкек шаарындагы Карл Маркс менен Дружба көчөсүнүн кесилишинде жумушунан үйгө кайтып келе жатканда жолдон автомашина уруп кетип, кырсык болгон жерде каза болгон.
Мен жолдошумдун каза болгонун эртеси 13-декабрда саат 18дер чамасында уктум. Окуяны анык жаза албай жаткан себебим, жолдошумду сүзүп өлтүргөн айдоочу сөөктү өлүкканага өзү алып барып экспертиза кылып ачтырып болгон документтерди даярдап андан кийин гана иштеген жумушу аркылуу мага угузган. Баарынан кызыгы жолдошумду сүзүп өлтүргөн автоунаа Россия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигине тийиштүү экен. Мен аны жолдошумду акыркы сапарга узатуу үчүн аны туулуп өскөн Жети-Өгүз районуна алып барганда гана уктум. Мен сөөк менен чогуу бара алган жокмун. Себеби, өлтүргөн адам мени менен байланышпастан эле өзү жүктөп жөнөгөн. Мен 2-3 саат кечигип сөөктүн артынан бардым. Жакын адамыңдан айрылуудан өткөн азап жок экен. Ботодой боздоп Дөөлөсбекти эстеген сайын сай сөөгүм сыздап бир ишенип, бир ишенбей, кара салынып отуруп калдым. Кантип ишенем өлөөрүнөн 2-3 саат мурун эле жумуш телефонунан чалып, "Отчет жазып бүтүп калдым. Негедир телефонум иштебей калып жатат, менин чөнтөк телефонума чалып көрсөң, текшерип алайын" дегенинен, чалып байланышып көрдүм. Негедир жакшы угулбай жатты. Көрсө, бул экөөбүздүн акыркы сүйлөшүүбүз экен. Ошол күнү жолдошум кечиккен сайын тынчсызданып чала баштадым. Чөнтөк телефону өчүрүлгөн. Бир чети бузулуп жатпады беле деп өзүмдү алаксыттым. Түн ортосунда тааныштардыкына телефон чала баштадым, дайыны чыкпады. Көрсө чөнтөк телефону сүзүп өлтүргөндө эле ыргып кетип сыныптыр. Өлтүргөн адамдын ушул күнгө чейин жүзүн көрө элекмин. Россия элчилиги жолдошумдун бир туугандары менен сүйлөшүп ишти бүтүрүп койгонун уктум. Аларга акча берип коюшканбы, билбейм. Алар да өлтүргөн адамга жан тарткансып калышыптыр. Алтынга да теңебес бир уядан чыккан бир туугандардын өмүрүн акчага баалашса, анда адамдык сапат деле жоголуп бара жаткан окшойбу?
Бир туугандарынын айтымында 50 км саатына ылдамдык менен бара жатып эле сүзүп анан Дөөлөс өлүп калган имиш. Ушундай ылдамдык менен сүзгөн адамдын жүлүнү үзүлүп, жерде мүрт өлүп жатса. Мен мейли ишенейин, техниканы түшүнгөн силер ишенесиңерби?
Урматтуу Молдомуса Ташполотович адам өлүп жатса ушул кезге чейин эмне үчүн кылмыш иши козголбойт? Же ич ара эле бүтүрүп койсо болобу? Болгондо да башка мамлекеттин автоунаасы Кыргызстандын жаранын өлтүрүп жатса же милиция кызматкерлери ич ара сүйлөшүп, сизге маалымат жеткен жокпу? Бул керек болсо эл аралык маанидеги иш да. Ганси авиа базасындагы жоокер Кыргызстандын орус улутундагы атуулун атып өлтүргөндө не деген ызы-чуу болду эле. Же ал орус улутундагы адам деп коркушту беле? Биз үйлөнгөнүбүзгө 10 жылдын жүзү болгон. Ошондон бери сен мен дешпей Бишкек шаарында Ахунбаев көчөсүндө батирде турчубуз. Дөөлөсбек курулуш тармагында прораб болуп иштеп, мен бир мекеменин полун жууп оокат кылып келчүбүз. Мен эми кандай кылышым керек? Же батирге акча төлөй албай көчөдө калышым керекпи? Жолдошумдун бир туугандары мени эч аралаштырбай, аялы жок, бойдок жашачу деп, ишти бүтүрүп, "эч дообуз жок, өзү урунуп өлдү"- деп кагаз берип ишти жабышыптыр. Сыягы элчиликтен акча алышкан окшойт. Ишти караган шаардык МАИнин тергөөчүсү Айбек Жапаровдун айтымында жолдошумдун ата-энеси жана бир туугандары кыргызча сүйлөшүп ишти жаптырышыптыр.
Урматтуу Президент, Урматтуу баш Прокурор, Урматтуу Министр! Үй-бүлө бул мамалекеттин фундаменти. Мамлекет ичиндеги кичинекей мамлекет болуп эсептелет. Мен бүгүн түгөйүмөн ажырап жан дүйнөм кансырап турган чагым. Мына ошол себептен Сиздерге кайрылып отурам. Мен аялзаты, ушул тапта душманыма да өзүмдүн азыркы абалымды каалабай турган чагым. Мен сиздерден акыйкатчылыкты күтөм! Жардам берүүңүздөрдү суранам!
Жамгырчиева Мээрим
Бишкек шаары.

Жогорудагы бизге келген Мээрим Жамгырчиеванын кайрылуусунун негизинде айрым бир бизге керектүү маалыматтарды билүү үчүн Кыргызстандагы Россия Элчилигине кат жөнөттүк. Бул маселе боюнча тереңирээк журналисттик иликтөө жүргүзүп, Россия Элчилигине жөнөткөн каттын жообун алган соң, коомчулукка маалымдайбыз. Жана ошондой эле маркум Дөөлөсбек Абдрахманов иштеген фирманын директору Айдарбек Сагынбековичке жолугуп, окуя тууралуу анын да оюн угуп, ишти караган шаардык МАИнин тергөөчүсү Айбек Жапаров менен байланышып, тергөө иши эмне себептен кыскартылып, жабылуу аяк жабылуу бойдон калганын иликтеп, гезитибиздин келерки санына билдиребиз.

Назгүл МАМЫТОВА




  Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат

Чек айылындагы чегара чатагы
Бүгүнкү кыргыз бийлигинин өз мамлекетине, өз элине болгон кайдыгер, шалаакы мамилесинин айынан 22 кылымдык карт тарыхка ээ кыргыз эли бүгүнкү күндө өз мамлекттүүлүгүн жоготуп алуу коркунучунда турат.
Себеп дегенде, акыркы жылдары алакандай Кыргызстандын алтындан кымбат асыл жерлери билгенин кылган бийликтин жардамы менен башка өлкөлөрдүн пайдасына кертилгени аз келгенсип, коңшуларыбыз "кой оозунан чөп албаган кыргыздардын колунан эмне келмек эле" дегенчилик кылып, кыргыз жерлерин каратып туруп басып алган учурлар бир эмес, бир нече жолу катталып отурат.
Коңшуларыбыздын кыргыз жерлерине болгон дагы бир "окуппациялык" иш-аракети 19-апрель күнү Жалал-Абад областына караштуу кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Чек айылында болуп өткөн.
Бул күнү таң эрте Өзбекстандын Пахта-Абад райакиминин орун басары, райондун коопсуздук кызматынын начальниги, өзбек чек ара кызматынын жетекчилери баш болгон автомат жана дубинкалар менен куралданган өзбекстандык жоокерлер жана милиция кызматкерлери Кыргызстандын аймагындагы бул айылды түп көтөрө кыдырып, "Бүгүндөн баштап, бул аймак Өзбекстандын карамагына кирет, ошондуктан силер өзбек мыйзамдары менен жашоого милдеттүүсүңөр"-деп, кыргызстандык жарандарды опузолоого алышкан. Ал гана эмес, ар бир үйгө каалагандай кирип барып, "бир үйдө бир кап ун, бир кап картошкадан башка ашыкча тамак-аш азыктарын сактоого болбой тургандыгын" түшүндүргөн өзбек мыйзамдарын "окутуп" кетишкен.
Баарынан кызыгы, "өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип" өктөмдүүлүгү өзгөчө күчөп бара жаткан өзбек туугандарыбыздын мындай кылыктарына ошол аймактагы чек ара заставасынын начальниги менен Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы Абдырахман Осмоновдор чоочун адамдардай алыстан көз салып, болуп жаткан окуяга эч кандай чара колдонушкан эмес.
Кыргызстанда туруп, коңшубуз Өзбек бийлигинен запкы жеген Чек айылынын тургундары кыргыз бийлиги тарабынан жасалып жаткан "токолдун баласындай" мамилеге нааразы болушуп, президентке
кайрылышкан.
Эске сала кетсек, дал ушундай эле көрүнүш Баткен областына караштуу Тажикстан мамлекети менен чектеш аймактарда да орун алып, тажикстандык жарандардын кыргыз айылдарына мыйзамсыз отурукташып жаткандыгы жөнүндө "Ачык саясат" өткөн сандарында жазган эле.
Бирок, мансабына көзү тунарган кыргыз бийлиги бул боюнча эмнегедир өз ойлорун алигиге чейин ачык айталбай келишет. Же аларды мамлекеттин бүтүндүүлүгүнө карганда сасыган саясат көбүрөөк кызыктырабы?
"Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" демекчи, бүгүн өзбек менен тажиктер кыргыз айылдарына каалагандай кирип барып, кыргыз жарандарын каалагандай коркутуп-үркүтүп жатса, эртең аларың андан да ичкери кирип, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө, суверендүүлүгүнө доо кетирбейт деп ким кепил боло алат?
Эрнис БАЛБАКОВ









??.??