presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Күйбөгөн жерим күл болуп…

"Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса"
Бийлик, 27- марттагы жалпы нааразычылык акциялардын өтүшүнө карата, 26- март күнү шашылыш түрдө Ала- Тоо аянтын реконструкциялоо үчүн жаап таштаганын баарыбыз жакшы билебиз. Мына ошол элдин көзгө басар сыймыгы болгон Ала- Тоо аянты бир кезде миллиондогон каражаттарга курулганы белгилүү. Анан азыркы бийлик ашып жаткан "акчасын каякка коротоорун билбей", (андай деле аянычтуу абалга жете элек) аянтты бузуп, кайрадан миллондогон каражат сарптап, ушу кезде реконструкциялап жаткан кербези.
"Ала - Тоо аянтында реконструкциялоо иштери кандай жүрүп жатат, элди кызыктырган кооз көрүнүштөрү болсо, сүрөткө тартып, макала жазайын"- деген ойдо, 22- апрель күнү аянтка баргам. Бирок, андай элди кызыктыра турган деле "кооз" көрүнүштөрүн чынында байкай алган жокмун. Жерге кыдырата төшөлгөн кымбат баалуу кызыл таштардын бирин калтырбай, оодарып, көбүн ташып кетишиптир. Аянттын (Киев көчөсү жагындагы) ортосундагы (артисттер чыгып ырдачу, ажобуз чыгып сүйлөчү) сахнанын бет маңдайына жаңы фонтан (эки четтеги эки фонтандын дал ортосуна) курулап жаткан экен. Болгону ушул. Ал эми жерге кандай таш төшөйт, али белгисиз. Ал жерге барсаңыз, ансыз деле тар аянтыбызды тарытып (кыязы, эл азыраак батсын дегени го) жатканын байкайсыз.
Туура, борборубузда фонтандар анча деле көп эмес. Бирок, ошол аз сандагы фонтандарыбыз деле кыйратып, иштебегенден кийин, жаңысынын пайдасы канча деген суроо туулат. Билбейм, балким бул бийлик, "бул фонтан бизден элге эстелик болсун" деген максатта куруп жаткандыр. Айтор, элибизде "казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса"-деген калетсиз сөз бар эмеспи. Кайран бийлик аянттын ортосунан "бир кулак" чыгарып коёлу дешсе керек.

Журналисттер, Ак үйдү сүрөткө тартпагыла, ал "секретный обьект"
Макаланын экинчи бөлүгүнө ушундай тема коюп, коомчулукка, айрыкча журналисттерге "кайрылып" жатканымдын бир себеби бар. Жогоруда сөз кылган Ала-Тоо аянтынын оңдоо-түздөө иштерин көрүп бүтүп, жогору басып, Ак-үйдүн жанына жеткенде, "акылдуулар олтурган аппак сарайды" бир сүрөткө тарта кетейин деп, жол жээгинде туруп, "чаркылдатып" сүрөткө тартып жатып, бир кызык окуяга туш болдум. Жаныма бир эскирээк кызыл өңдөгү, 55-15 КМ номерлүү "Тоүота" автоунаасы келип токтоп калганын байкаганым менен, ага көңүл деле бурган эмесмин. Ак-үйдүн чокусундагы, "леп" эткен желге желбиреп жаткан желек менен гербди өзүнчө "мээлеп" сүрөткө тартууга камынып турсам, артымдагы кызыл автоунаадан чыга келишкен эки жигиттин бири, үн - сөзсүз эле колуман кармап, фотоапаратымды талашып калса боло, түшүнбөй калып, "сен кимсиң, эмне болду"- десем. "Биз ак үйдүн охранасынанбыз, сен эмнеге ак-үйдү уруксатсыз сүрөткө тартып жатасың, жооп берип каласың"- деп адыраңдап киришти. "Силер ак үйдүн кароолчусу болсоңор мен "Ачык саясат" гезитинин журналистимин"- деп күбөлүгүмдү көрсөтүп, өздөрүнүн күбөлүгүн көрсөтүүсүн талап кылсам, дароо көрсөтүүдөн баш тартышып, күбөлүгүмдү "теше тиктешип", "биз Ачык саясат" -деген эмне экенин кайдан билебиз, давай, көп "калчылдабай" тарткан сүрөттөрүңдү өчүр, өчүрбөсөң, "бүктөп" туруп, машинага тыгып, РОВДга алып кетебиз да, калган ишти ошол жерден териштиребиз"- деп күпүлдөштү. "Ачык саясатты" силер билбесеңер, эл билет. Ак-үйдү буга чейин журналисттер уруксаты жок эле, сүрөткө тартып келишкен, же эмне ак-үйдү сүрөткө тартуу үчүн уруксат сурагыдай, ал секретный обьект болуп кетти беле, силердин ким экениңерди мен да билбей турам, күбөлүгүңөрдү көрсөткүлө"- деп кайра- кайра талап кылып, туруп алсам, бирөөсү кыйылып жатып, чөнтөктө жүрүп "эзилип" калган күбөлүгүн алып чыгып көрсөттү. Күбөлүктө: эч кандай "ак үйдүн охранасы"- деген жазуу жок экен. Капитан, ( фамилясын жаңылып, унтуп калбасам) Бекбоев Талант. Оперуполномоченный- деген жазууларды гана окудум. Мен "капитан мырза менен эрегишип, РОВДга сүйрөлүп барып жүрөмбү, ал жакка баргандан кийин алда кандай окуя болуп кетет"- деген ой менен, анын көзүнчө тарткан сүрөттөрүмдү өчүрдүм. Аларга " силердин көзүңөрчө өчүрүп коё берем, бирок, силер кеткенден кийин, кайра эле каалашынча тарта берем, силердин журналисттердин укугун минтип чектегенге укугуңар жок. Же силер күн бою ак үйдүн алдынан сүрөткө түшүп жатышкан, бардык элдерди да, бул жерге жолотпой коруп иштейсиңерби?"- десем, алар "биз өз ишибизди аткарып жатабыз"- дешип, автоунаага (баса, автоунаа ичинде чыкыя кийинген, галстукчан бир адам олтурганын байкадым) түшүп көздөн кайым болушту. Деги Ак-үйдүн коопсуздугун Президенттин охранасы карайбы, же оперуполномоченныйлар карайбы? Менимче, бир жылда бюджеттен 110 млн. сом бөлүнгөн Президенттин коопсуздук кызматы караса керек.
Кызык. Ушундай окуя, буга чейин кайсы журналисттердин башынан өттү болду экен? "Күйбөгөн жериңди күл кылган" мындай көрүнүшкө Ак-үйдүн билермандары эмне дейт болду экен? Же, "карга карганын көзүн чукубайт"- деп өз кишилеринин таламын талашып чыгышабы. Айтор, эмнеси болсо да, менин айтарым, Ак-үйүңөрдү сүрөткө тарттырбай коргосоңор, анда такыр эле көздөн далдоо кылып, жалпы аянтын чатырлап (чүмкөп) жаап алгыла. Ошондо, эл дагы, журналисттер дагы Ак- үйүңөрдү сүрөткө тарта алышпай калат. Болбосо, жанагындай "ак үй охранасы" канча кайтарган менен, тартам деген киши (тааныш салып, пара берип да болсо) каалашынча тарта берери турган иш. Азыр, ал ак сарайдын ичинде мамлекетибиздин тагдыры "чечилип" жаткандан кийин, биз журналисттер анын ичинде болуп жаткан окуялар жөнүндө байма- бай жазып, аны байма- бай сүрөткө тартууга милдеттүбүз. Элдин да бизге койгон талабы ушул. Бирок, кесиптештер эмнеси болсо да, абайлап жүрүп, сүрөткө тарта турган жерлерди гана тартпасак "бовой" калды окшойт. Чындык деп чыркырап жүргөнүң, чындыктын эмне экенин билгиси келишпеген бийликтин жанагындай "кароолчуларынын" каарында калып, бөөдө жерден " бүктөлүп" калбайлы. Же, коркпой ишеничтүү жүрөлү десек, баарыбыз бийликтин этегине намаз окуган "дүжүр" журналистерге айланышыбыз керек? Анда чындыкты тереңден билгиси келишкен элдин көрөөр күнү кандай болуп калат? Биз биринчи кезекте чындык үчүн күрөшүбүз зарыл.



Баш кесмек бар, тил кесмек жок…
Тилге тийишсең "оңбойсуң",

Тил билбесең президент болбойсуң
Биздин 16 жылдык тарыхы бар Баш мыйзамыбыз боюнча Кыргызстандын президенттигине талапкер болгон бардык инсандар мамлекеттик тилден сынак тапшырат. Президенттике талапкерлердин мамлекеттик тилди билер-билбесин аныктай турган мыйзам КР шайлоо кодексинин 61-беренесинде толук жазылган. Бул мыйзамды, туңгуч президентибиз Аскар Акаев 2000-жылы президенттик шайлоого жакын убакыт калганда, өтө "кыраакылык" менен ойлоп тапкан. Мыйзамдын эң башкы максаты кыргыз тилин талапка ылайык билбеген талапкерлерди "талаада" калтыруу болгон. Ошол кезде Акаев бул мыйзамды презденттике ат салышып жаткан реалдуу талапкерлердин бири Феликс Куловго "капкан" катары пайдаланган. Эне-тилде эжелеп сүйлөмөк турсун, эне тилинде эки сүйлөм жаза албаган Феликс мырза капыстан капталдан коюлган "капкан" мыйзамга оңой-олтоң эле түшүп берген. Ошентип, бул мыйзам Акаевге "чоң кызмат" өтөп берип, жарыктык а кишинин "сүйүктүү" мыйзамы болуп калган. Аталган мыйзам жөнүндө бир аз ой жүгүртүп көрсөк, эне тилдин эртеңи көрүнбөй "туман" болуп турган кезде, бул мыйзам, "капкан" эмес, капкандан жаман болуп кетсе да керектей сезилет. Бирок, өкүнүчтүүсү бийликтин "мен кыйын"- дешкен билермандары ал мыйзамды эне тилди көтөрүү максатта эмес, башкача "баш аламан" максатта колдонуп жаткандан кийин пайдасы канчалык болот эле? 2005-жылы төңкөрүштөн кийин Курманбек Бакиев оппозициянын ичинен эң (акылдуу эмес) акчалуу адам болгондугуна байланыштуу, "башына бак конуп" шашылыш түрдө убактылуу өкмөт башчысы, анан мамлекет башчысы болуп чыга келген. Ал кезде бул мыйзам Курманбек мырзанын эне тилди талапка ылайык билсе да, билбесе да президент болуусуна тоскоолдук жарата албайт болчу. Себеби, биринчиден аз убакыт болсо да бүт бийлик анын колуна "топтолуп" калган. Экинчиден, көпчүлүк "А" тамгасынан кийин, "Б" тамгасы президент болоорун айттырбай сезип калган эле. Кайгыга баткан карапайым эл, "А" тамгасындай "акылсыз" болбойт деп, "Б" тамгасынан терең ишеним да артышкан. Ушундай себептерден улам, Курманбек мырзага ал мыйзам "мыйыгынан" жылмайып берген. Кыскасы, Курманбек мырза, 2005- жылы тил сынагынан кандай деңгээлде өткөнү элдин эсинде анча сакталып калган жок. Эгер (комиссияны далдыратып, эсил кайран Дооронбек Садырбаевдей ) бийик деңгээлде өткөн болсо, ушу кезге чейин элдин эсинде жакшы эле сакталып калмак. Курманбек мырза кыргыз болуп, кыргыз айылынан чыккан карапайым " кара бала" болгону менен кыргыз тилин өтө жакшы билет деп айтуудан алысмын. Себеби, ажобуз жаштайынан Орусия жергесинде билим алып, орустан дос күтүп, орус улутунун кызына сүйүүсүн арнап, Ата - Энесин да орустан келиндүү кылып, орусча ойлонуп, айтор , кыргызча жашаоого караганда, "орусча" жашаганды алдаганча терең өздөштүрүп алган инсан. Ушунун негизиндеби же башка себептери барбы? Айтор, ажо "акабыз", кыска сөз сүйлөсө да, орус - кыргыз тилдерин арлаштырып, эки тилдин болушунча "боткосун" чыгарып, сүйлөгөндү, өлө сүйөт. Угуп олтуруп, кыргыз тилин даңктап же орус тилин даңктап сүйлөп жатканын түшүнбөй каласың. Айтмакчы, орус тили ажобуз сүйлөбөсө деле, даңкы далайга тарап жаткан кези. Ал эми "чочуп" кеткенде гана кыргызча сүйлөп калышкан, (өзгөчө) чоңдор тарабыбыздан, өгөй мамилеге кабылган кайран эне тилибиздин ахыбалы бүгүн чындыгында эле өтө оор. Улуттун тилин биринчи кезекте улуттун улугу көтөрбөсө, ким көтөрөт? Калкыбыздын 10 пайызын түзгөн орус улутуна карап, (бир чети Акаевдин, орус прездентине карата кошоматы, жагынуусу) орус тилине расмий тил статуусун берип койгонубуз, кимге пайда? Албетте, орус элине. Кыргыздарга кыпындай да пайдасы жок. Биз мунун азабын келечекте дагы далай тартабыз…
Быйыл үчүнчү жолу мамлекеттик тил коммисиясы президенттикке талапкер болгон инсандарды тил сынагынан өткөргөнү жатат. Талапкерлердин мамлекеттик тилди билер-билбесин аныктай турган комиссия түзүлдү, курамы 9 кишиден турат. Бул тогуз адам Ташбоо мырзанын айтымында, Кыргызстандын ар бир чөлкөмүнөн чыккан тилчилер экен. Ал комиссиянын курамын жакында БШК бир добуштан бекитип берди. Учурда бул иш боюнча "кызуу" даярдык жүрүп жатат. Ал эми тил сынагы 2005-жылдан айырмасы жок имиш. Талапкерлердин мамлекеттик тилди билер-билбесин аныкташ үчүн бир саат отуз мүнөт убакыт берилет. Ошол убакыттын ичинде талапкерлер үч тапшырманы аткарып бүтүүгө милдеттүү. Сынактын кандай багытта, кандай тартипте өтөөрү тууралуу мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Ташбоо Жумагулов "Азаттык" үн алгысына берген маегинде буларга токтолду: "Биринчиси, талапкерлерге үч таза барак таратылат. Биринде БШКнын мөөрү басылат. Ал үч баракка талпкер шайлоо алдындагы өзүнүн багытын, ой-максатын, ишин, эгер президент болуп калса биздин Кыргызстандын экономикасын, маданиятын кантип гүлдөтө турганын кыскача жазат. Ал жазып бүткөндөн кийин бүт баардыгыбыз текшерип чыгып, ката тапса, ар ким өзүнүн катасын оңдойт. Анан ар ким өзүнүн баасын коет. Экинчи тапшырма үч баракка басылган кыргыздын залкар жазуучуларынын романдарынан көркөм текст болот. Үстөлдүн үстүнөн он чакты текстин ичинен тандап алып окуп берет. Эл алдында ал таза, ачык окуй алабы, тыныш белгилерине токтогонду билеби, интонациясы кандай ушуну аныктайбыз.
(Уландысы бар)
Бетти даярдаган
Айбек ШАМШЫКЕЕВ











??.??